четверг, 13 марта 2014 г.

Жаңы долбоор | Ajyke.kg

М ен бир канча жылдан бери пайгамбарыбыз с.а.в.дын өмүр баянын изилдеген олуттуу даректүү тасманын үстүндө иштеп жатам. Кудай насип кылса быйыл бүтүп калаар. Ага катарлаш эле ушуга чейин чогулган материалдардын негизинде ар кандай деңгээлдеги лекцияларды да уюштурсам деген оюм бар. Бирок бул лекцияларды кантип, кайсы убактарда, каерлерде, кимдерге канча убакытка ж.б. көптөгөн суроолорго силерден сурап алгым келди. Эгер мүмкүнчүлүгүңүздөр болсо, Аллах ыраазылыгы үчүн ушул өтүнүчтү көпчүлүккө жайышып жана өз пикирлериңиздерди да билдирип коюңуздарды суранам. Ушул долбоорго көмөктөшкөндөргө Аллахым көмөктөшсүн деп дуба кылабыз!   Жаңы долбоор | Ajyke.kg

четверг, 6 марта 2014 г.

Аманат, сыр аманаты, кур убада | Ajyke.kg

Сырга бек адам аманатка да бек болот. Аманат деп ишеним менен бирөөгө тапшырылган жоопкерчилик. Мисалы, мугалимге сапаттуу сабак берүүнө мамлекет маяна төлөп аманат кылса, окуучуга жакшы билим алуу аманат. Себеби ата- энеси ага ишенип мектепке жөнөтөт. Дүкөнчүгө  соодадагы тактык, ал эми айдоочуга жол коопсуздугу  аманат. Анткени, соодагер кардар алып жаткан малдын сапатына кепилдик берсе, айдоочу унаасын туура айдап, жүргүнчүлөрдүн саламаттыгына жоопкер. Аллах  Кураанда : «Оо, ыймандуулар! Келишимиңерди сактагыла»-дейт.  Демек, келишимин сактабоо аманатка кыянат.
Бирөө сөз айтып ал тетири караары  менен, анын   сөзү уккан адам үчүн - сыр, аманат. Бирөөнүн сырын ашкерелөө, сыр ээсин нааразы кылып, аны таарынтуу күнөө. Пайгамбарыбыз  с.а.в.: «Эки жүздүүнүн үч белгиси бар, сүйлөсө калп айтат,  бирөө сыр кылса аны сатат жана келишиминде турбай аны бузат»-дегени  бир хадисте айтылат.
Адамдын тили убада бергенге уста бирок аткарганга келгенде моюн жар бербейт. Ошондуктан убада берээрден мурда анын аткарылуусун ойлоо зарыл. Бирок, убада берип аны аткарууга чолосу жетпей калгандардын жөнү башка. Мисалы, бирөө менен болжошкон жерге барууга кээде ар түрдүү себептер менен мүмкүнчүлүк болбой калат. Мындай учурда болжошкон адамга өзгөргөн жагдай тууралуу алдын ала билдирүү керек, же жолугушуу убактысын өзгөртүү зарыл. Ал эми жолугушкан соң кечирим сурап коюуу адептүүлүккө жатат. Жакшысы мындай кырдаалдан качкан жана  убада бергенде «Кудай кааласа»,- деп жүргөн оң.
Кур убада деп аткарбасын билип туруп берилген убаданы айтат. Азыр андайларды эл «кидала» деп да жүрүшөт. Алар көбүнесе элдин ишенимине кирип, алардын малы-мүлкүнө жеңил жетүү үчүн ар кейипти кие беришет. Бул жорук - кылмыш. Көп убада берип аткарып көнбөгөн адам  анткорго жакын болот. Аманат, сыр аманаты, кур убада | Ajyke.kg

среда, 5 марта 2014 г.

Маскара | Ajyke.kg

Маскара деп кимдир бирөөнүн кемчиликтерин ашкере кылуу менен аны элге шерменде кылууну айтат. Аллах Кураанда: «Ыймандуулар! Эч ким маскаралабасын...бири бирине жаман сөздөрдү айтпасын… бири бирин ылакаптары менен чакырбасын…»-дейт. Албетте маскаралоо адамды ызалантат. 
                Маскаралоонун түрлөрү:
Бирөөнүн  физиологиялык кемчилигин ашкерелөө. Мисалы, төкөрдүгүн, сокурдугун же дүлөйлүгүн ашкерелеп: «Алдагы төкөрдү карагыла, сен дүлөйсүң, тиги сокур болуп көрбөй жатат ж.б.»-деп күлүү жана башкаларды күлдүрүү. Адамдардагы физиологиялык кемчиликтер ансыз деле бактысыздык жана анын үстүнөн күлүү жеткен адепсиздик.     Пайгамбар с.а.в.:«Бирөөнүн бактысыздыгына ачык күлгөнгө да Аллах бактысыздык бериши мүмкүн»-дейт. Кыргызда «күлгөнгө күлө жетесиң» деген сөз бар.
Бирөөнүн  психикалык же акыл эс кемчилигин келекелеп күлүү же соо адамдарды да аларга теңөө. Мисалы, «Алдагы келесоо экен, тиги жинди болуп калыптыр, сен акмаксың, көк мээ ж.б.» деген сөздөрдү колдонуу да сөзсүз бирөөнүн беделин түшүрөт.
Бирөөнүн  өтмүшүндөгү каталарына күлүү. Ага  жагымсыз болгон фактыларды жарыялоо аны адамды ызалантып, кыжырын келтирет.
Бирөө  аманат кылган  сырын  кыянаттык менен ашкерелөө, анын сыры үстүндө келеке кылып күлүү жана башкаларды күлдүрүү. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «…бирөөнүн кемчилигин жашыргандын кемчиликтерин Аллах кыяматта жашырып койот…»- деген.

                Маскаралоонун ыкмалары:
Сөз менен. Мисалы, мазак сөздөр, пародиялар, анекдоттор ж.б.;
Сөз ишараты менен. Мисалы, намек менен белгилеп, башкаларды анын үстүнөн күлдүрүү;
Ыр менен. Мисалы, азил, тамсил, шарада ж.б.;
Сүрөт менен. Мисалы, карикатура ж.б.
Дене ишараты менен, Мисалы, бирөөнүн кемчилигин тууроо.
Жогорудагы ыкмалар менен мазактоо адамды таарынтат. Аллах Кураанда: «Ишеничи бар аял, эркекти жөн жерден таарынткандар, калптын жана анык күнөөнүн жүгүн көтөрүп жүрүшөт»-дейт. («Элдер», 58)
Маскаралоо  текеберчиликтен  жана башкалардан өзүн өйдө сезүүдөн башталат. Өзгөчө маскара бирөөнү жек көргөндө же тоотпосо байкалат. Аллах Кураанда: «…жер жүзүндө кекирейип жүрбө…»-дейт. Пайгамбар с.а.в.: «Жүрөгүндө бир чаңчалык текебердиги бар - бейишке кирбейт» жана «…текебердик адамдарды жек көрүү»- деген.
Ошондой эле маскаралоого кошулуп кетүү  жана маскаралоону токтотпоо да күнөө.Маскара | Ajyke.kg

вторник, 4 марта 2014 г.

Тартыш | Ajyke.kg

Айтыш менен талаштын арты – тартыш. Тартыш деп кандайдыр мүлккө же укукка жетишүү үчүн көгөрүүнү айтат.  Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Аллахтын мунасага келбегендерден жаман көргөнү жок» - дейт. « Мага ал нерсени кереги деле жок, болгону мен тигини жеңгим гана келди»-деп, кээ бирөөлөрдүн мактанганын угасың. Мындайлардын  талашкандары арзыбаган нерсе, ал эми максаты  тартышкан  тарапты жеңүү. Муну бизде “принципке туруп алды” дешет. Албетте,  бул тартыштарда  калп, жалган аралашкан, көңүл ооруткан сөздөр айтылса, адилетсиздик чечим чыгарылса,  тартышкандар күнөөгө батат.
Билимсиздиктен чындыкка акылы  жетпесе да зулумдун тарабын талаша бергендер да жолугат. Коюлган маселени чечүүгө билими, духу жетпесе четте эле турган оң. Кээ бирөөлөр «тууганым, балам эле» - деп «кол ийрисине тартып», митайымдыкка сала  беришет. Бирөөнүн таламын талашуудан мурда адилеттүүлүк ким тарабында экенин билип, анан аралашуу зарыл.
 Эгер мусулманга тартыш өтө зарыл болуп калса - атаандаш тараптын көңүлүн оорутпай,  сөзүн  далилдеп, ашыкча сөздөн качканы дурус. Адам денесин каптап турган жек көрүүнү  жумшак сөз менен гана жууй алат. Маектешиңдин көңүлүн оорутпаган канча сөз болсо да ага Аллахтын  кыжыры келбейт.
 Тартыш | Ajyke.kg

понедельник, 3 марта 2014 г.

Талаш | Ajyke.kg

Талаш деп кимдир бирөөнүн айткан сөзүнүн мазмуну, максаты же формасындагы кемчиликтерине көрсөтүүнү  айтат. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Адамдар туура жолдорунан талаша берип адашышат»- деген. Кээде  адамдар убактысын көпчүлүгүн талашка кетиришет. Алардын талашынан жагдай деле өзгөрбөйт. Болгону алаксып туура жолдон алыстап кетүүлөрү мүмкүн. Билал ибн Саад: «Өзүнүн талашка жөндөмдүүлүгү менен  мактанган адамды акыретте уттурду дей бер»-деген экен. Себеби көп талашкан адам сөзсүз адашууга кириптер болот.   Айтылган  сөздү жокко чыгаруу же ага каяша айтуудан качуу -талаштан баш тартуу. Ибн Абу Ляйля: «Мен досум менен талашпайм. Анткени, мен анын сөзүн жокко чыгарып, же жок эле дегенде кыжырдандып коюшум мүмкүн» -  дейт.
Билим жөнүндө сөз  болгондо унчукпай уккан жакшы. Билбеген гана нерсени суроо адептен. Суроо берип жаткан адам суроосу менен сүйлөп жаткандын беделин түшүрүп же аны басмырлоодон этият болуусу зарыл. Талашта атаандашынан ашам деп жалган айткан туура эмес. Өзгөчө сүйлөп жаткандын кээ бир чектелген  жөндөмдүүлүгүн белгилеп,  өзүңдүн артыкчылыгыңды мактануу текеберчиликтен жана анын аягы сөзсүз таарыныч менен бүтөт.
Демек талаштын баары күнөө менен бүтүшү мүмкүн. Мухаммад с.а.в.: «Калп сүйлөгөнүн, чындыкты айтса да талаша бергенин токтотмойунча момундун ишеничи толук болбойт» - дейт. Бирок, Аллах, пайгамбарлар, дин, мусулмандар тууралуу адилетсиз сөз айтылса, алардын аброюн коргоо үчүн жооп кайтаруу ар бир мусулманга милдет. Талаш | Ajyke.kg

воскресенье, 2 марта 2014 г.

Талаш | Ajyke.kg

Талаш деп кимдир бирөөнүн айткан сөзүнүн мазмуну, максаты же формасындагы кемчиликтерине көрсөтүүнү  айтат. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Адамдар туура жолдорунан талаша берип адашышат»- деген.Талаш | Ajyke.kg