воскресенье, 29 декабря 2013 г.

Нике кереметтери: 17-лекция. Ажырашуу | Ajyke.kg

Ажырашууга Аллах уруксат бергени менен эң жаман иштердин бири. Анткени жоготуу адамга ар дайым оор. Бирок кээде ажырашуу жакшылык да апкелет. демек ажырашканды да билүү керек. Видеону көрүп, бөлүшүп коюңуздар. Нике кереметтери: 17-лекция. Ажырашуу | Ajyke.kg

суббота, 28 декабря 2013 г.

Нике кереметтери: 16-лекция. Кызгануу | Ajyke.kg

Көп үй-бүлөөлөр кызганычтан, тагыраагы анын жогунан же туура коюлбаганынан урайт. А чынында кызганыч жубайларды бири-бирине байлоочу жана бүлөөлүктү кармап туруучу каражат. Анын үстүнө кызганыч болбосо коом бузулуп, урпак булганат.  Нике кереметтери: 16-лекция. Кызгануу | Ajyke.kg

пятница, 27 декабря 2013 г.

Нике кереметтери: 15-лекция - Аборт | Ajyke.kg

Бойдон алдыруу адам баласынын эң зор күнөөсү болсо керек. Мына жашоо деп турган перзентти жатында өлтүрүү менен ал эне да, ага себепкер ата да бул дүйнөдө эмнени утат? Аборт көбүнчө бей нике байланыштардан башталат. Кантип мындан кутулабыз? Видеону бөлүшүп койуңуздар. Нике кереметтери: 15-лекция - Аборт | Ajyke.kg

Нике кереметтери: 14-лекция. Бойго бүтүрбөө | Ajyke.kg

Тилекке каршы бүгүн ансыз да баласыздык өкүмсүрүп жатса, кээ бирлердин атайын бала бүтүргүсү келбегени жанды кейитет. Бала келечек жана бакыттын жыты. Бойго болдурбоо тууралу кеп куралы. Видеону көрүп, бөлүшүп коюңуздар. Нике кереметтери: 14-лекция. Бойго бүтүрбөө | Ajyke.kg

четверг, 26 декабря 2013 г.

вторник, 24 декабря 2013 г.

Нике кереметтери: 12-лекция. Бала эмизүү | Ajyke.kg

Сүт эмген бала жыттанган илебиңди сагындым",- деп акын бекеринен жазбаса керек. Ар бир эне сүтү менен ыйык жана аны актоо ар бир перзентке милдет. Эне сүтүн перзентине берүү менен эне жана Жараткан алдындагы даражасы бийик. Видеону көрүп, бөлүшүп коюңуздар. Нике кереметтери: 12-лекция. Бала эмизүү | Ajyke.kg

понедельник, 23 декабря 2013 г.

Нике кереметтери: 11-лекция. Кош бойлуулук | Ajyke.kg

Кош бойлуу аялдан өткөн сулуулук болбосо керек. Бул ар бир адам көксөгөн бактылуулук. Тилекке каршы акыркы учурда жаштар перзенттен баш тартса, кээ бирлери төрөй албай жүрүшөт. Бүгүн кош бойлуулук тууралу кеп куралы. Бөлүшүп коюңюуздар.Нике кереметтери: 11-лекция. Кош бойлуулук | Ajyke.kg

ТАКМАЗАГА – ТАК ЖООП! | Ajyke.kg

ТАКМАЗАГА – ТАК ЖООП! | Ajyke.kg

ТАКМАЗАГА – ТАК ЖООП! | Ajyke.kg

ТАКМАЗАГА – ТАК ЖООП! | Ajyke.kg
Адал индустриясы тууралу чындык айтылган алгачкы макала
http://maalymat.kg/news/myktybek-arstanbek-tamaktyn-adaldygyn

Нике кереметтери: 10-лекция. Укук жана милдет | Ajyke.kg

Жубайлар ортосундагы укук жана милдет маселеси так чечилбесе жаңжал чыга берип, акыры үй бүлөө бузулуп тынат. Ошондуктан бул маселеге дин  өтөолуттуу карайт. Бүгүн ушул тууралу кеп куралы. Видеону бөлүшүп коюңуздар.  Нике кереметтери: 10-лекция. Укук жана милдет | Ajyke.kg

суббота, 21 декабря 2013 г.

Нике кереметтери: 9-лекция. Сүйүү | Ajyke.kg

Сүйүү дегеле кызык тема. Көбү өмүрү муну түшүнбөөөй өтүп да кетет же өзүн өлиүргөнүканча. Кептин кезеги сүйүүдө. Бөлүшүп коюңуздар. ке кереметтери: 9-лекция. Сүйүү | Ajyke.kg

пятница, 20 декабря 2013 г.

Нике кереметтери: 8-лекция. Той | Ajyke.kg

Тойго не жетсин. Бирок тойдун мааниси эмнеде жана аны кантип өткөрүү керек? Муну карап чыгуу керек. Бүгүн той тууралу кеп куралы. Видеону бөлүшүп коюңуздар.Нике кереметтери: 8-лекция. Той | Ajyke.kg

четверг, 19 декабря 2013 г.

Нике кереметтери: 7-лекция. Махр | Ajyke.kg

Кыргызда тогуздап калың берчү. Келиндин баркы калыңдын калыңдыгананда болгон. Калың деген кайдан келген жана эмне болгон нерсе? Карап көрөлү.  Нике кереметтери: 7-лекция. Махр | Ajyke.kg

вторник, 17 декабря 2013 г.

Нике кереметтери: 5-лекция. Кудалашуу | Ajyke.kg

Кудалашканга не жетсин. Куданы кудай кошот дешет. Ата салты болгон кудалашуу менен бүлөө куруу маданиятын карап көрөлү. Видеону көрүп, бөлүшүп коюңуздар. Нике кереметтери: 5-лекция. Кудалашуу | Ajyke.kg

понедельник, 16 декабря 2013 г.

Нике кереметтери: 4-лекция. Ала качуу | Ajyke.kg

Ала качуу бүгүн деле деле орчундуу бойдон калан. Бул маселенин тамыры каерден башталаарын изилдөө жана ага адекваттуу чечим берилүүсү зарыл. Азыр ала качуу тууралу кеп козойлу. Видеону бөлүшүп коюңуздар. Нике кереметтери: 4-лекция. Ала качуу | Ajyke.kg

воскресенье, 15 декабря 2013 г.

Нике кереметтери: 3-лекция. Эр тандоо | Ajyke.kg

Чындыгында эр тандоо оңой маселе эмес. Буга кыздын алы дайым эле жете бербейт. Ошондуктан ата эне  чечүүсү керек бул көйгөйдү. Кантип? Видеону көрүп,бөлүшүп коюңуздар. Нике кереметтери: 3-лекция. Эр тандоо | Ajyke.kg

пятница, 13 декабря 2013 г.

Нике кереметтери: 2-лекция. Жар тандоо | Ajyke.kg

Үй-бүлөдөгү маселелердин тамыры тойго, балким андан да ары -жар тандоого барып такалат. Анткени, ар бир адам өмүрлүк жолдошун туура тандаса гана жашоодогу сыноолор оңой чечилет. А кантип тандоо керек? Кайсы критерийлер бар? Алар тууралу кеп кылабыз. Видеону көрүп, бөлүшүп коюңуздар. Нике кереметтери: 2-лекция. Жар тандоо | Ajyke.kg

Нике кереметтери: 2-лекция. Жар тандоо | Ajyke.kg

Үй-бүлөдөгү маселелердин тамыры тойго, балким андан да ары -жар тандоого барып такалат. Анткени, ар бир адам өмүрлүк жолдошун туура тандаса гана жашоодогу сыноолор оңой чечилет. А кантип тандоо керек? Кайсы критерийлер бар? Алар тууралу кеп кылабыз. Видеону көрүп, бөлүшүп коюңуздар. Нике кереметтери: 2-лекция. Жар тандоо | Ajyke.kg

четверг, 12 декабря 2013 г.

Нике кереметтери: 1-лекция. Никенин максаты | Ajyke.kg

Бүгүн жаңы рубрикага баш багалы, тагыраагы нике туурасында кеп козгойлу. Дегеле Никенин максаты эмнеде? Эмнеге адамдар ник кыйышат? башкаларга да бөлүшүп коюңюздар. Нике кереметтери: 1-лекция. Никенин максаты | Ajyke.kg

вторник, 10 декабря 2013 г.

Түшүнүктөр-30 "Мусулман деген ким?" | Ajyke.kg

Мусулманчылык Аллахтан эч бир акысыз, баа жеткис белекке ыйгарылган берилген бактылуулук. Бирок адам заты дайым эле аны аңдап, барктай бербейт окшойт.  Ансыз да аз өмүрдү ар нерсеге ысырап кылган аз келгенсип, ислам менен күрөшкөндөрү канча. Бүгүн мусулман тууралу кеп куралы. Видеону башкаларга да бөлүшүп коюңуздар.Түшүнүктөр-30 "Мусулман деген ким?" | Ajyke.kg

понедельник, 9 декабря 2013 г.

Түшүнүктөр-29 "Жашоо принциптери" | Ajyke.kg

Адамдын жашоосу сөзсүз принциптерден турат жана ал принциптерин түшүнүктөрүнө таяп тургузат. Туура эмес принциптерге негизделген жашоо адамды нүрөтүп салат жана ал кандай бай, мансаптуу же бийлигине карабай, жүрөгү кадыржамдык таппайт. Бүгүн принциптер тууралу кеп кылалы. Видеону бөлүшүп коюңуздар. Түшүнүктөр-29 "Жашоо принциптери" | Ajyke.kg

Түшүнүктөр-28 "Жашоо макаты" | Ajyke.kg

Ар бир адам жашоосунда бир максатты аркалайт. Бирок дайым эле анын татыктуулугун биле бербейт. Чыныгы максат кандай болуусу керек? Ушу тууралу кеп куралы, видеону сооп учун таратууга жардам бериниздер. Түшүнүктөр-28 "Жашоо макаты" | Ajyke.kg

среда, 3 июля 2013 г.

Кыргызсыңбы же мусулмансыңбы?

 Бисмилляхир  Рохманир  Рохийм!



Менден бир журналист сөрөй ушинтип сураганда, ээгим түшүп кала жаздаган. Байкасам ал  дин менен улутту чаташтырып алыптыр. Балким  мага оңой көрүнгөнү менен кээ бирлерге бул али чечилбеген маселедир деп  калдым. Анын үстүнө жетимиш жылдык материалисттик дүйнө тааным эчендеген акылды караңгылык зынданында чириткени али бүтө элек. А чынында мусулманчылык улутпу, расабы, кастабы? Адам  кайсыл учурдан баштап мусулман болот, же ага мусулманчылык туулгандан эле таандыкпы?
Албетте, генетикалык тартиптерге ылайык өзбөктөн -өзбөк, кыргыздан -кыргыз, негрден -түсү кара төрөлүүсү мүмкүн. Анткени,  улут –  эч ким жокко чыгара албаган  өзгөчөлүк. Кыргыздын  паспортуна орус деген тамга басылса, ал орус болуп калбайт. Өмүр  бою кытайда жашаган кыргызга кытай тилин, каада-салтын, жүрүм-турумун сиңирип салса болот, бирок ал кыргыз бойдон калат. Себеби  кыргыз деген улуттук код анын канында.
Ал эми     дин  каны аркылуу өтөбү? Кыргыз, өзбөк, казак тажик мусулман, орус кытай, беларус каапыр болуп төрөлөбү? Аллах Кураанда: «Алар ыйман келтиргендер, кайыпка ишенгендер, намаз окуп, Биз ырыскы кылгандардан бөлүшкөндөр...»-дейт. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Ыйман – Аллахка, Анын китептерине, периштелерине, акыретке, жакшылык жана жамандык Аллахтан гана боло турган тагдырга ишенүү»-дейт.
Ал эми белгилүү   ислам окумуштуусу Саид Абу Алаа Маудуди кайсыдыр  кутбасында:  «Албетте жок жана жок!  Ал  пайгамбардын урпагы  болсо да ислам дини менен жашабаса аны мусулман деп айтууга болбойт. Анткени, мусулман болуу үчүн сөзсүз исламдын талаптарын аткаруу зарыл.  Мусулманчылык улут сымал кан аркылуу берилчү сапат эмес. Аны адам өзү гана жүрөгү менен кабылдайт.  Ага  баш ийгенин амалдары  менен тастыктайт жана мусулман болуп калыптанат» - дейт. Демек, мусулман башкалардан  ыйманы менен айырмаланат жана жашоо образы менен өзгөчөлөнөт. Тилекке каршы кайсыдыр державалардын саясий долбоорлорунан нан жегендер динге улутту каршы коюшмай болушту. Менимче бул дыйканга кетменди каршы когондой кеп. Аллах адам затын жараттып, улуттарга Өзү бөлдү, демек ар бир улуттун өзгөчөлүгү, менталитети бар. Бирок ал улуттун жашоо образы  Жаратуучусунун динине ылайык же андан башка калыптанат. Ушундан улам улут же диндар же караңгы болуп бөлүнөт жана ал дин менен гана өнүгүп, мертебеси жогорулайт деген тыянак келип чыгат.
Андан башка жолдун баары ар улутту акырында кемсинүүгө же кыйроого апкелээрин тарых нечен ирет далидеген.


четверг, 27 июня 2013 г.

МЕНИН СӨЗДӨРҮМ

Бисмилляхир Рохманир Рохийм!

Ыйман тууралу

«Ыйман келтиргендер жана жакшылыктарды жасагандар – бейиш тургундары, алар анда түбөлүк калышат»

 [Кураан, 2-сүрөө, «Бакара», 82]


·         Аллах зыян кылганды кечирген, жамандык  каалаганга жакшылык каалаган  жана үзүлгөн тууганчылыкты улаган  мусулмандын  даражасын көтөрөт.
·         Аллахты сүйгөн Анын жараткандарын да сүйөт.
·         Аллахты тапкан эмнени жоготту? Аллахты жоготкон эмнени тапты?
·         Бейиштин ачкысы –таухид, жеңиштин ачкычы-сабыр, намаздын ачкычы- даарат, молчулуктун ачкычы- чынчылдык, берекенин ачкычы – шүгүр, жооптун ачкычы-дуба, билимдин ачкычы- кунт коюу жана туура суроо берүү.
·         Тилиңди Аллахты зикр кылуудан токтомоюнча, периштелер бейиште сенин сарайыңды куруудан токтобойт.
·         Кедейликтин сулуулугу –сабырдуулук, байлыктын сулуулугу – шүгүрчүлүк.
·         Исламдан жогору сыймык жок, такыбалыктан жогору жакшылык жок, тообадан жогору коргонуч жок, ийгиликтен кооз кийим жок.
·         Күмөндөн акыйкат жоголбойт.
·         Эгер сенин эсиң бекем болуп, эстегениң арман болсо-демек сен эң бактысыз адамсың.

Билим тууралу

«Аллах силерден ыймандууларды жана билим берилгендерди ар кандай даражаларга көтөрөт»

[Кураан, 58-сүрөө, «Кайым айтышуу», 11]

·         Колуңдан келсе окумуштуу бол, келбесе –окуучу бол. Ал да келбесе –экөөн тең жакшы көр. Ал да болбосо-аларды жаман көрбө.
·         Аз билгендин баасы да аз.
·         Биринчи билим –унчукпоо, экинчиси –кунт, үчүнчүсү –жаттоо, төртүнчүсү- аткаруу жана бешинчиси-жайылтуу.
·         Билбегениңди сүйлөбө, билгениң тууралуу кепке калбайсың.
·         Адам билсе гана сулуу, бирок ал билгенин аткарбаса-эч качан билбейт.
·         Даанышман өзүнөн көптү билгенден үйрөнгөндөй эле, азды билгенден деле үйрөнө алат.
·         Билим –дарыя. Даанышмандык-деңиз. Окумуштуулар –деңиз жээгин жоортушат.  Даанышмандар  ал деңизге чүмкүп ойношот. Ал эми билгендер – куткаруучу кеме менен сүзүшөт.
·         Азды билип, билгени менен элди агарткысы келген, көптү билип, билимин кызгангандан артыгыраак.
·         Окумуштуу болуп төрөлбөйт жана билимди албай койуу-акмактык.
·         Акыл-белек, билим-эмгек сиңирүү.
·         Жакшылыктын ондон тогузу- унчукпоодо жана бирөө келесоолор менен талашпоодо.
·         Таланттар бойго жетип төрөлбөйт.
·         Душманыңдан үйрөнгүн.


Адеп тууралу

«... акыйкатта сен улуу адеп ээсисиң»

[Кураан, 68-сүрөө, «Калем сап», 4]


·         Адептүүлүк –кедейликтин кооздугу, шүгүрчүлүк –сыноонун кооздугу, жупунулук –сүйүүнүн кооздугу, чечендик –сөздүн кооздугу, такыбалык- ибадаттын кооздугу, жөнөкөйлүк –илимдүүлүктүн кооздугу
·         Көрө албастык – көрө албастын жүрөгүн өрттөп күл кылат
·         Адилеттүүлүк –эзилгендин бейиши, эзгендин тозогу
·         Эң чоң кемчилик- бирөөнүн кемчилигине кызыгуу
·         Жокту издебе -барды жоготосуң
·         Чындыктын бир, калптын миң жүзү бар
·         Адепсиздин баркы жок
·         Сырыңды шамалга айткан болсоң, анын теректерге жеткенине таарынба
·         Адамдын асылдыгы- тилинин бекемдигинде
·         Бирөөнү тыйып, өзү тыйылбаганга наалат
·         Каталык уят эмес, катаны тан албоо уят
·         Колу ачыктын кемчилиги - ысырапкорлук, билимдин кемчилиги-текеберлик, ойдун кемчилиги- кумар
·         Өзүн күчтүү көрсөтүү текебердик эмес. Текебердик алсызга адилетсиздик кылуу
·         Ким эки жүзү менен жашаса- ал жүзү жок өлөт
·         Ким ачуусун баса алса гана - алдуу
·         Алтын намысты кордогон жалтырак темир
·         Тамашадан кач, ал күнөөгө түртүп, жек көрүндү кылат
·         Тамаша урматтан четтетчү келесоолук
·         Коркок этиятмын дейт. Сараң үнөмчүлмүн дейт
·         Эң сонун жакшылык-балээге кабылганга жардам берүү
·         Сенин имаратың башкалардан бийик болуусу үчүн: сен кошуна имараттардын баарын бузасың же алардан бийик кылып саласың



Тагдыр тууралу

«Ыймандуу эркек менен ыймандуу аялдын пайгамбар чечкенден башкага ыйтыяры жок»

[Кураан, 33-сүрөө, «Көпчүлүк», 36]

·         Ар бир көз жаштан соң жылмайуу бар. Ар жылмайуудан соң көз жаш келет. Жашоодо да ушундай.
·         Шамал кемеге жакпаган жактан согот
·         Кабатырлык бейкапар тараптан келет
·         Башкаларга кантсең, сага ошентишет
·         Жамандыкты таштасаң, ал да сени таштайт
·         Адам ыраазылыгы –кол жеткис
·         Жакшылыкты жоготмоюнча баасын билбейсиң
·         Эң жакшы иш –жакшылыкты таратуу, эң жаман иш жамандыкты тоспоо. Ал жамандыктан да жаман
·         Кеме тарапка сүзгөндөр бар жана аны күтүп отура бергендер да бар


Кедейлик, байлык жана азга шүгүрчүлүк тууралу

«Эй, ыйман келтиргендер! Адилеттүүлүктө бекем тургула...кедей же бай болгонуна карабай -  Аллах экөөнө тең жакын»

[Кураан, 4-сүрөө, «Аялдар», 135]


·         Эң кедейлер- байлыгынан башка эч нерсеси жоктор
·         Адамдын баасы-жеткенинде
·         Эң сонун байлык- каниеттүүлүк, ал эми жакшы байлык- пайда апкелген мүлк
·         Акча адамды татыктуу кыла албайт, бирок татыктуу адам акча кыла алат. Эгер кааласа
·         Адам эч качан жашоого, байлыкка жана берекеге тойбойт
·         Баарын  каалаган - баарын жоготот
·         Байлык жакшы кызматчы, жаман кожоюн
·         Үмүтсүздөн өткөн кедей жок
·         Жакшы байлык  адал менен, жаман байлык күнөө менен табылат
·         Сараң –мураскорлорунун кароолчусу


Эстүүлүк тууралу

«...кепке келип жакшыны ээрчигендер. Алар – Аллах жетелегендер жана алар акыл ээлери»

[Кураан, 39-сүрөө, «Тайпалар», 18]


·         Кылым баасын аныктай алган гана акылдуу
·         Акылдуунун тили жүрөгүнүн артында болсо, келсоонун жүрөгү акылынын артында болот
·         Сени жерге ыргыткан атка караганда, көтөрүп жүргөн эшек жакшы
·         Билбесең – сура, адашсаң – кайт, өкүнсөң – жасаба
·         Ачуу – акыл отун өчүргөн шамал
·         Досуңа эч ким жокто насыйкат кылсаң –оңдогонуң, эл көзүнчө айтсаң - кордогонуң
·         Сураганга бергениң – сулуулугуң, бирок анын кажетин билип, суратпай бергениң андан да сулуулугуң
·         Мактасаң уялып, тилдесең унчукпагандар- адамдардын асылы
·         Акыл толгон сайын, сөз азая берет
·         Сөздүн төрөсү – кыскасы жана нускасы
·         Улуулук-унчукпоо
·         Адамдын сөзү- акылынын өзү
·         Акылсыз достон акылдуу душман абзел
·         Тарбия көбөйгөн сайын баасы жогорулай берет
·         Бир ташка эки жолу чалынуу уят
·         Өзүң менен сүйлөшкөнү акыл, өзгө менен сүйлөшкөнү жүрөк жетиштүү
·         Куралдуу акмакка ишенбе

Сонун сөздөр тууралу

«Жана Менин пенделериме жакшыны гана сүйлөөсүн айт; чындыгында шайтан араларына бүлгүн салат, чындыгында шайтан адамга – анык душман!»

[Кураан, 17-сүрөө, «Түнкү саякат», 53]


·         Жумшак сөз ачууну кайтарат».
·         Насыйкат кыска сөз менен жакшы. Анткени узун сөз унутулат».
·         Жакшылыкты онго бөлсө, анын тогузу унчукпоо, бирөө акмактардын чогулушунан кетип калуу
·         Адамдын жакшылыгы –сакталган тили менен аныкталат
·         Асыл сөздөр далилге муктаж эмес
·         Сөздүн ширеси - маанисинде
·         Жакшы сөз жүрөккө  тилди тилбей жакшы из калтырат
·         Акылдууга билгенин сүйлөй берүү жарашпайт. Бирок сүйлөп жатканын билүү зарыл
·         Эң жакшы белек- суранычтан мурда  берилгени


Достук тууралу

«Достор ал күнү бири-бирине душман, кудайдан корккондордон башкасы»

[Кураан, 43-сүрөө, «Кооздуктар», 67]


·         Кемтиксиз дос издеген – жалгыз өтөт
·         Ар бир гүл соолуйт, ар тамчы агып бүтөт. Достук калат
·         Досу жок, согушка куралсыз чыккан жоокердей
·         Дос үчүн курмандык кылуу кыйын эмес. Бирок курмандыкка ылайык дос табуу кыйын
·         Душмандын соккону денени гана жараласа, достун урганы жүрөктү канжалатат
·         Сага бирөөнүн сырын ачканга  ишенбе, ал сеникин да бирөөгө ачат
·         Сени бирөө сатса – анын катасы. Бирок, ал сени эки жолу сатса бул сенин катаң
·         Достордун эң начары сага керек учурда далысын салганы
·         Жек көргөн жүрөктөн сүйүү издеген - эшек


Үмүт тууралу

«...Аллахтын сооротуусунда үмүтсүз болбоңуздар. Чындыгында Аллахтын сооротуусунда ыймансыздар гана үмүтсүз болушат»

[Кураан, 12-сүрөө, «Юсуф», 87]

 
·         Үмүт болсо баары болот
·         Үмүтсүз адам –суусуз өсүмдүк сымал
·         Илимсиз умтулуу –нурсуз жарыктай
·         Үмүтсүз жашоо болбогондой эле жашоосуз үмүт болбойт
·         Келечек өтмүш менен билинет
·         Үмүтсүз жашоо караңгы, билимсиз үмүт сокур, аракетсиз пайда жок, Аллахка сүйүүсүз ар бир аракет жоготуу
·         Экөө терезени  карап турат: бирине жылдыздар, экинчисине ылай көрүнөт
·         Кулаган уят эмес, турбай коюу уят
·         Дарыялар тамчыдан башталат


Ийгилик тууралу

«Ооба, Аллахтын партиясы -бактылуулар»

[Кураан, 58-сүрөө, «Кайым айтышуу», 22]

·         Максатка умтулуу гана жеткирет
·         Өзүнө ишенүү –ийгиликке чыйыр
·         Ийгилик колду чөнтөккө салып көтөрүлчү шаты эмес
·         Ийгиликтин мөмөсү – бакыт
·         Жол менен баскан – жетет
·         Максатка түз жол тез жеткирет
·         Жашоодогу таштарга чалына бербей, аларды чогултуп ийгилик пайдубалын куюу керек
·         Ийгилик –жакшылык менен келет
·         Оор жол – туура жол
·         Ийликке жетүү үчүн көктүктү - дос, тажрыйбаны –кеңешчи, этияттыкты – ага, үмүттү –кароолчу кылып алуу керек
·         Ийгилик кокусунан болбойт
·         Ийгиликке караганда аны каалоо кымбатка турат
·         Ийгиликтин сөздүгүндө: эгер, бирок деген сөздөр жок экен
·         Адамды ыраазы кылуу –ийгиликтен тайуу
·         Ийгилик –даярдык менен учурдун жолугуушусу
·         Ар бир  ийгиликке качандыр мүмкүн эмес деген мөөр басылган


Жылмаюу тууралу

Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Бирадарыңа жылмайганың – садагаң» -деген.

[Тирмизий]

·         Жылмайбаган жүз –дараксыз бактай
·         Жылмайуу жүрөктүн эң күчтүүдарысы
·         Жүздөгү жылмайуу –жүрөккө кубаныч
·         Жылмайуу арзан, бирок мөмөсү кымбат
·         Жүрөккө эң жакын жолдун аты –жылмайуу
·         Жылмайуу – которууга муктаж болбогон жалгыз тил
·         Жылмайуусуз адам - жыпарсыз гүл
·         Көп күлгөн көп урматтан калат


Жан тууралу

«...ар бир жан жана аны орноткон, жана ага бузукулук менен коркунучту салган менен!  Аны тазалаган киреше алды, аны булгаган –чыгашага кабылды»

[Кураан, 91-сүрөө, «Күн», 7-10]

·         Эркиндигин убактылуу коопсуздукка алмашкан, эркиндигин да коопсуздугун да жоготот
·         Атагын соодага койгон дайым чыгашада
·         Сүйүүсүз жан күйгөн дарактай
·         Ар бир жандын баасы өнүгүүсү менен өлчөнөт
·         Бул жашоодо бактысыз жан Акыретте да бактысыз
·         Жаныңды аныкта. Ал ким менен?
·         Жандын баары бирдей. Анда эмнеге бири башкасына суктанат?


Ден-соолук тууралу

«...жана раббысына: «Мага балээ келди,а сен  ырайымдуулардын Ырайымдуусусуң»-деп кайрылган Аййубту...»

[Кураан, 21-сүрөө, «Пайгамбарлар», 83]


·         Дарылоого кеткен миң сомдон алдын алууга сарпталган бир сом артык
·         Адам жашоо, ден-соолук жана жыргалга тойбойт


Бакыт тууралу

«Бакытка жеткендер – бейиште түбөлүккө калгандар...»

[Кураан, 11-сүрөө, «Худ», 1087]


·         Бактылуу болом десең: жүрөгүңдү жек көрүүдөн, акылыңды кабатырлыктан тазала, көптү берип, азды күткөн жупуну жашоону танда жана аны сүйүү менен ырайымга толтур, башкаларга кам көр
·         Коомдун бактысы үй-бүлөөнүн бактысынан турат. Үй-бүлөөнүн бактысы анын ээсинин бактысынан көз каранды
·         Сараңдык менен бакыт чогуу отурбайт. Кантип таанышып калды дейм да
·         Бакыттын баасын эл билет
·         Жашоо гүлдөгөн бак же тикендүү талаа
·         Адамдар ортосунда махабат кооздуктун төрөсү




Мен билдим...

·         Кечээки  кеткенин, эртеңки али жоктугун жана азыркы гана канимет экенин мен эми билдим
·         Жасаганың менен эмес, жасай ала турганың менен бааланарың мен эми билдим
·         Сырыңды  билген досуң душманга айланган учур эң коркунучтуу экенин мен эми билдим
·         Кылганына күйгөнгө караганда, кыла элегине күйпөлөктөгөн оордугун мен эми билдим
·         Күтүлбөгөн арзыбас белек, күттүргөн баалу белектен артыгын мен эми билдим
·         Аракет кылбаган адашпасын жана адашпаган үйрөнбөсүн мен эми билдим
·         Жакшылык шүгүрдөн башталаарын мен эми билдим
·         Жеңилүү жеңишти үйрөтөөрүн мен эми билдим


·         Мугалимдер көп, устаздар аз болоорун мен эми билдим
·         Эң кооз сезим бүт дүнүйө каршы турса да туура кадам таштоодо экенин мен эми билдим
·         Адамдын эң күчтүү куралы анын сабыры жана убактысы экенин мен эми билдим
·         Каерде турганың эмес, каякка бараарың маанилүү экенин мен эми билдим
·         Ката жолдогу күлүк атка мингенден көрө, туура жолдогу кашаң эшекке миңген абзелдигин мен эми билдим
·         Насыйкатты көбү эле угаарын, бирок азы эле пайдаланаарын мен эми билдим
·         Адам асмандагы жылдызды самаганы туура, бирок буту жерделигин мен эми билдим