вторник, 28 января 2014 г.

20.Кураан, сүннөт, тарыхты оку, бил | Ajyke.kg

Мусулман Кураанды, сүннөттү жана тарыхын билүү өтө зарыл. Бирок, ага ар нерсени чындык деп башын айланта берүү да мүмкүн. Ошондуктан сөзсүз бир устаз же жол көрсөтүүчүсү менен билим алганы дурус. Бүгүн мусулмандар өз динин билүүсү керек. 20.Кураан, сүннөт, тарыхты оку, бил | Ajyke.kg

понедельник, 27 января 2014 г.

19.Келечек насилиңе кам кор | Ajyke.kg

Адамдын келечек насили анын гүлү. Ал андан ырахаттанып гана калбай, акырети үчүн да пайдалануусу зарыл. Бирок насил тууралу кам көрбөсө, аны тарбиялабаса, тетирисинче адамдын акырети кыйрайт. Келечек муун тууралу кеп куралы. Бөлүшүп коюңуздар. 19.Келечек насилиңе кам кор | Ajyke.kg

воскресенье, 26 января 2014 г.

18.Диниңе садакаттуу бол | Ajyke.kg

Ислам дини мусулмандан саддыктыкты талап кылат. Саддык динине толугу менен  берилген жана дини үчүн эч нерсени аябаган адам. Ушулар Аллах алдында мертебелүүлөр. Садакат тууралу кеп куралы. Бөлүшүп коюнуздар. 18.Диниңе садакаттуу бол | Ajyke.kg

пятница, 24 января 2014 г.

17.Билимге умтул | Ajyke.kg

Билим-нур жанна жарыктык. Ага умтулуу менен жашоосун жарытат жана ийгиликке жетет. Анткени билимдин акыры Аллахка барып такалат. Демек, адам Аллахын билүү  менен гана маданиятка жетишет. 17.Билимге умтул | Ajyke.kg

четверг, 23 января 2014 г.

16.Адепти өздөштүр | Ajyke.kg

Адамдын көркү адебинен билинет. Адеп адамга тарбия менен берилет. Адепсиз коомун да, элин да уят кылат. Чыныгы адеп дин менен калыптанат. Видео сабакты бөлүшүп коюнуздар. 16.Адепти өздөштүр | Ajyke.kg

среда, 22 января 2014 г.

15.Коомуңа ушар бол | Ajyke.kg

Ар бир мусулмандын коому бар жана ал коому үчүн Аллах алдында жоопкер. Бул жоопкерчиликти татыктуу көтөрүү мусулмандын даражасын жогорулатат жана кайдыгерлиги менен ал төмөндөйт. Бүгүн коомубуз тууралу кеп куралы. Видеону бөлүшүп коюңуздар.  15.Коомуңа ушар бол | Ajyke.kg

вторник, 21 января 2014 г.

14.Ибадатыңды тургуз | Ajyke.kg

Чындыгында адам Жаратуучусуна ибадатын тургузуу менен кулдук кылат жана ошону менен башкалардан айырмаланат. Ибадат адамдын толук жашоосун камтуусу зарыл. Антпесе аын чыныгы сыпаттары ачылбайт. Видеону бөлүшүп коюңуздар.14.Ибадатыңды тургуз | Ajyke.kg

понедельник, 20 января 2014 г.

13.Жакшылыкка умтул, жамандыктан кач | Ajyke.kg

Жакшылык менен жамандык дайым жанаша жүрөт.Кээде аларды ажыратуу да кыйын. Аныүчүн динди билүү зарыл. Анан мусулман жамандан жакшыга качуусу, башкаларды да жамандан алыстатуусу керек. Бүгүн ушул тууралу кеп куралы. Сооп үчүн видеону бөлүшүп коюңуздар.13.Жакшылыкка умтул, жамандыктан кач | Ajyke.kg

воскресенье, 19 января 2014 г.

12.Диниңди жай | Ajyke.kg



Дин адамга берилген жеңилдик жана анын негизги жашоо эрежесине айлануусу зарыл. Антпесе, аны жашоосу оорлошуп, түйшүк бактысыздыкка апкелет. Анүчүн дайым жайуу зарыл. Бүгүн динди жайуу тууралу кеп кылалы. Видеону бөлүшүп коюңуздар 12.Диниңди жай | Ajyke.kg

суббота, 18 января 2014 г.

11.Ата-энеңди сыйла | Ajyke.kg

Менимче, ата-энени Аллах келечек муун үчүн атайын бир муун эрте жиберсе керек жана ата-эне канткенде да келечек насили үчүн адам көтөрө алгыс түйшүк менен жашайт. Бүгүн алар тууралу кеп куралы. Видеону бөлүшүп коюңуздар. 11.Ата-энеңди сыйла | Ajyke.kg

пятница, 17 января 2014 г.

10.Аллахты, пайгамбарды,динди сүй | Ajyke.kg

Дин адамга берилген жашоо эрежеси. Аны адам сүймөйүнчө толук кандуу кабыл кылбайт жана аны менен жашабайт. Аны сүйүү үчүн пайгамбарыбыз с.а.в.ды сүйүү зарыл. Кантип? Кеп куралы. 10.Аллахты, пайгамбарды,динди сүй | Ajyke.kg

четверг, 16 января 2014 г.

9.Ден-соолугуңду чыңда | Ajyke.kg

Эн биринчи ден соолук, андан кийин ак жоолук демекчи, адам ден соолугу менен кубаттуу. Аны да оз абалында кармап туруу чон иш. Бугун ден соолук тууралу кеп кылабыз. Видеону болушуп коюнуздар. 9.Ден-соолугуңду чыңда | Ajyke.kg

среда, 15 января 2014 г.

8.Байлыгыңа бекем бол | Ajyke.kg

Бүгүн биздин байлыкты ким гана уурдаган жок. Биз Аллах берген байлыгыбызга шалаакылык кылууга укугубуз жок. Мусулман байлыгына бекем болуусу зарыл. Видеону бөлүшүп коюңуздар. 8.Байлыгыңа бекем бол | Ajyke.kg

вторник, 14 января 2014 г.

7.Абийириңди сакта | Ajyke.kg

Абийир адамдын даражасы. Аны менен ал көтөрүлөт же төмөндөйт. Абийирди адам жаштайынан тургузуп, сакташы керек. Ансыз адамдын кылган иши, сүйлөгөн сөзү да орунсуз. Бүгүн абийир тууралу кеп куралы. Видеону бөлүшүп койуңуздар. 7.Абийириңди сакта | Ajyke.kg

понедельник, 13 января 2014 г.

6.Акылыңды сакта | Ajyke.kg

Адамды айбанаттан акылы айырмалайт. Болгондо да адам реалдуулукка баа бере алган макулук. Бирок, адам дайым эле акылын туура иштете бербейт. Акылын сактоо чоң түйшүк. Видеону көрүңүздөр жана башкаларга бөлүшүп коюңуздар. 6.Акылыңды сакта | Ajyke.kg

воскресенье, 12 января 2014 г.

5.Арамдан кач | Ajyke.kg

Арам Аллахтын тыйуу салганы жана адамга зыян. Аны турмушунан чыгарбаган нуройт жана акыры утулат. Арамдан качуу адамга женилдик апкелет. Видеону болушуп коюнуздар 5.Арамдан кач | Ajyke.kg

суббота, 11 января 2014 г.

4.Адалга умтул | Ajyke.kg

Адамды жараткан Аллах анын жашоосун адал жана арам деген чектер менен тартипеди. Ким бул чекке баш ийсе ал утту. Баш ийбегени утулду. Бирок, кеп ушул чекти качан колдонуп баштоодо. Бүгүн адалга умтулуу зарыл. Видеону бөлүшүп коюңуздар. 4.Адалга умтул | Ajyke.kg

пятница, 10 января 2014 г.

3.Убакытты сарамжалдуу колдон | Ajyke.kg

Убакыт адамзатына берилген баасыз жакшылык жана өмүр өлчөмү. Тилекке каршы аны баары эле баалай да, өлчөй да бербейт тура. Убакытты баалоо, туура пайдалануу  жаш чактан башталат. Андыктан бүгүн убакыт тууралу кеп куралы. Видеону бөлүшүп коюңуздар.  3.Убакытты сарамжалдуу колдон | Ajyke.kg

четверг, 9 января 2014 г.

2.Тообо кыл | Ajyke.kg

Тообо ибадаттын төрөсү. Аллах пендесин күнөөсү үчүн эмес, тообо кылбаганы үчүн жазалайт. Тообо бейиш жолу. Бул видеону башкаларга да бөлүшүп койуңуздар 2.Тообо кыл | Ajyke.kg

среда, 8 января 2014 г.

1. Калыс бол | Ajyke.kg

Ассалому алейкум, туугандар! Ушинтип дагы бир жыл  жаңы гана башталды. Биз да сиздерге  "Жаштарга насыйкат" аттуу долбоорду сиздерге сунуш кылууга кириштик. Менимче кызыктуу жана пайдалуу болсо керек. Бүгүн жаштарга калыстык туурасында насыйкат кылабыз. 1. Калыс бол | Ajyke.kg