КУРААН. Кыргызча редакциясы



                                                                                 
          
                                                                              1

                                                                       «Фатиха»


1. Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын  ысымы менен!

2. Бүт мактоолор -Ааламдардын Раббысы – Аллахка  болсун!

3. Ал – Ырайымдуу, Мээримдүү.

4. Эсеп  Күнүнүн падышасы.

5. «Жалгыз Сага сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз!

6. Бизди туура жолго баштагын!

7. Өзүң нээмат бергендердин жолуна баштагын. Каарыңа калгандардын жана адашкандардын жолуна эмес».


              
    
                                                                            2

                                                                         «Бакара»


Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын  ысымы менен!

1.  Алиф, Лам, Мим.

2. Бул китеп эч күмөнсүз, Kудайдан корккондор үчүн Туура Жол.

3. Алар кайыпка ишенишет, намазды толук аткарышат жана Биз берген ырыскыдан  сарпташат.

4. Дагы алар, сага жана сенден мурда түшүрүлгөн китептерге  жана Акыретке анык ишенишет.

5. Алар Раббысынан келген Туура Жол үстүн­дө жана алар гана ийгиликке жетүүчүлөр.

6. Акыйкатта, каапырларга баары бир – эскерт-эскертпе - ишенишпейт.

7. Аллах алардын жүрөктөрүн, кулактарын  мөөрлөгөн, көздөрүн парда тоскон жана Акыретте аларга улуу азап бар.

8. Адамдардын кээ бирөөлөрү: «Аллахка жана Акыретке ишендик» - дешет. Бирок, ишенишкен эмес.

9. Аллахты жана момундарды алдамакчы болушат, бирок өздөрүн гана алдап жаткандарын сезишпейт.

10. Алардын жүрөктөрүндө оору бар. Аллах ал оорууларын ого бетер көбөйттү жана калп айткандары  үчүн аларга азаптуу жаза бар.

11. Эгер аларга: «Жер бетинде бузукулук кылбагыла» - деилсе, «Биз – оңдоочуларбыз» -  дешет.

12.  Чындыгында, алар  анык бузукулар. Бирок,   өздөрү аны сезишпейт.

13. Дагы аларга: «Башкалардай  ыйман келтиргиле» - дейилсе, «Ушул кемакылдар сыяктуу ыйман келтиребизби?!» дешет. Билгиле! Өздөрү анык акмактар! Бирок, аны билишпейт.

14.  Алар момундарга жолукканда: «Биз да ыйман келтирдик» - дешет. Бирок, шайтандары менен калганда: «Биз силер мененбиз, болгону мусулмандарды шылдыңдап жатабыз» - дешет.

15. Аллах алардын өздөрүн шерменде кылат жана көздөрү жетпей темселеген   каапырлыгын узартат.

16. Алар  Туура Жолдун ордуна адашууну сатып алгандар. Бул «соодалары» пайда бербеди жана туура жолго түшүшпөдү.

17. Алардын мисалы - от жагып,  айлана эми гана жарыганда, Аллах оттун  нурун алып, көз көрбөгөн караңгыда калгандар сыяктуу.

18. Түз жолго кайтпаган - дүлөй, дудук жана сокурлар!

19. Же алар – караңгыда  асмандан  күркүрөп жааган   нөшөрдө - чагылгандан   коркуп, манжарын кулактарына тыккандарга  окшойт.  Аллах каапырларды ороп алуучу.

20. Чагылган көздөрүн көр кыла жаздайт. Жарык тийгенде  бир аз  жүрүп алышат да караңгы түшсө -  токтоп калышат. Эгер Аллах кааласа кулактарын жана көздөрүн такыр жок кылып коймок. Аллах баарына Кудуреттүү.

21. Эй, адамдар! Силерди жана силерден мурдагыларды  жараткан Раббыңарга ибадат кылгыла, балким кудайдан коркуучу  болоорсуңар.

22.  Ал силерге жерди төшөк, асманды чатыр кылды жана  асмандан жамгыр жаадырып, силерге ырыскы үчүн көп мөмөлөрдү чыгарды. Эми, билип туруп Аллахка башкаларды теңебегиле!

23. Эгер силер, Биз пендебизге түшүргөн Кураандан күмөн санасаңар - дал ошондой  бир гана сүрө келтиргилечи?! Дагы,  чынчыл болсоңор - Аллахтан башка  күбөңөрдү да чакыргыла!

24.  Эгер андай сүрө жарата албасаңар – а силер эч качан жарата албайсыңар – отуну адамдар жана таштар болгон  капырлар үчүн даярдалган Тозоктон корккула!

25.  Жакшылыктарды жасаган момундарга - астынан дарыялар аккан Бейиш бактарын сүйүнчүлө! Алар Бейиштеги мөмөлөрдөн ооз тийсе: «Биз буга  окшогонду  мурда жегенбиз»-  дешет. Болгону  аларга  берилген мөмөлөрдүн  көрүнүшү жана даамы гана окшош. Аларга ал жерде таза жубайлар бар жана алар Бейиште түбөлүк калышат.

26-27. Аллах  бир чиркейди же андан да майдараак жаныбарды мисал кылуудан  тартынбайт. Ыймандуулар ал мисалдын Раббысынын чындыгы экенин билишет. Ал эми, каапырлар: «Аллах бул мисал менен эмне айткысы келди?» - дешет. Аллахтын мындай  мисалдары көп адамдарды адаштырса, көбүн туура жолго баштайт.  Аллах менен түзгөн келишимдерин бузуп,  Аллах улануусун буюрган байланыштарды үзүп, жерде бузукулук кылгандарды гана Аллах адаштырат.

28. Силер кантип Аллахка ишенбейсиңер? Ал силердин  жансыз денеңерди тирилткен. Кийин силерди өлтүрүп, андан соң кайра тирилтет. Анан  Ага кайтасыңар.

29. Ал – жердегинин  баарын силерге жаратып, анан асманга карады  жана аны жети кабат кылып жаратты. Ал баарын Билүүчү.

30. Раббың периштелерге: «Мен жер үчүн орун басар жараткым келет» - дегенде, периштелер: «Сен ал жерде бузукулук кылуучуларды,  кан төгүүчүлөрдү жаратасыңбы?  Биз эле  Сени даңазалап, аруулайлы» - дешти. Аллах: «Мен силер билбегенди билемин»  - деди.

31. Жана Аллах Адамга бүт аттарды үйрөткөн соң, аларды периштелерге көрсөтүп, «Эгер чынчыл болсоңор, ушулардын аттарын  Мага атап бергилечи» - деди.

32. Периштелер - « Сен - Аруусуң жана Тазасың! Бизде илим жок.  Болгону, Өзүң үйрөткөндү гана билебиз. Сен Билүүчүсүң, Даанышмансың» - дешти.

33. Аллах: «Эй, Адам, периштелерге атап бер»  - деди.  Адам периштелерге атап берген соң,  Аллах - «Силерге - «Мен жер жана асмандардагы кайыпты, силер ашкере кылганды да, ичиңерге жашырганды да билемин» - дебедим беле!» - деди.

34. Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла» - дегенде,  дароо сажда кылышты, бир гана Иблис моюн толгоп,  баш тартты жана  каапырлардан болду.

35. Биз: “Эй, Адам, сен жубайың  экөөң Бейиште жашагыла, андагы каалаган жериңердеги  мөмөлөрүнөн жегиле, бирок, бул даракка жолобогула - кылмышкер болуп каласыңар” - деп эскерттик.

36.  Шайтан экөөнү азгырып,  мекендеринен  чыгарды. Кийин Биз: "Бири бириңерге душман бойдон жерге түшкүлө жана андан   убактылуу пайдалангыла" –дедик.

37. Андан соң Адам  Раббысынан сөздөрдү укту  жана Аллах анын тообасын кабыл кылды. Акыйкатта, Аллах тообаларды кабыл кылуучу жана Мээримдүү.

38. "Баарыңар Бейиштен түшкүлө. Эми, силерге Менден Туура Жол келгенде, Менин жетекчилигиме ээрчигендерге коркунуч жана кайгы жок.

39. Ал эми, Биздин аяттарыбызды жалган деп, ишенбегендер - Тозок ээлери  жана анда түбөлүк калышат!” – дедик.

40. Эй, Исрайил урпактары! Силерге берген нээматымды эстегиле жана Мага берген убадаңарды аткаргыла, Мен да берген убадамды аткарам. Менден гана корккула

41. жана силердегини тастыктоочу Мен түшүргөнгө ишенгиле. Силер баш болуп   каапырлардан болбогула,  Менин аяттарымды арзыбаган баага сатпагыла жана жалгыз Менден гана корккула!

42. Чындыкты жалганга оробогула! Билип туруп чындыкты жашырбагыла.

43. Намазды толук аткаргыла, зекет бергиле жана руку кылгандар менен чогуу руку кылгыла.

44. Адамдарды ыйманга буюруп, өзүңөрдү унутуп каласыңарбы? Cилер Китеп  окуйсуңар го! Акылыңар кирбейби?

45 - 46. Сабыр жана намаздан жардам  издегиле. Акыйкатта, намаз  - Раббысына жолугаарына жана Ага гана кайтаарына ишенген моюн сунуучулардан башкасына -  оор.

47. Эй, Исрайил урпактары! Силерге берген нээматымды жана силерди баарынан абзел кылганымды эстегиле

48. жана адамдар бири-бирине жардам бере албаган, бир да күнөөкөрдөн жарыйма  алынбаган, Аллахтын уруксатысыз эч кандай шапаат пайда бербеген жана баары жардамсыз калчу Кыяматтан  корккула!

49. Эй, Исрайил урпактары!  Силерди  эзип,  уулдарыңарды кырып, аялдарыңарды тирүү калтырган Фираундан Биз куткарганыбызды эстегиле. Бул  Раббыңардын чоң сыноосу эле.

50. Деңизди  бөлүп, силерди куткарганыбызды жана Фираун аскерлерин чөктүргөнүбүздү  көргөнсүңөр.

51.  Биз Муса менен кырк күнгө убадалаштык. Ал кетээри менен силер билип туруп музоого сыйынып – күнөө кылдыңар.

52.  Ушундан соң: «Шүгүр кылаар» - деп Биз силерди кечирдик.

53.  «Туура жолго түшөөр» -  деп Биз Мусага Китепти жана жакшылык менен жамандыкты  ажыратуучу Фурканды бердик.

54.  Ошондо Муса коомуна: "Эли журт! Силер музоого сыйынып – күнөө кылдыңар! Эми Жаратуучуңарга тообо кылгыла, араңардагы ыймандуулар каапырларды өлтүрсүн! Бул  силер үчүн абзелирээк» - деди.  Анан Аллах тообаңарды кабыл кылды.  Ал - тообаларды кабыл кылуучу, Мээримдүү!

55. Бир кезде силер: "Эй, Муса, биз Аллахты анык көрмөйүнчө -  ишенбейбиз" –дедиңер. Ошондо,  чагылган силерди каратып туруп урду.

56.  Кийин: «Шүгүр кылаар» -  деп Биз силерди кайра тирилттик.

57. Биз үстүңөргө булутту көлөкөлөтүп: «Биз ырыскылап  берген таза оокаттардан жегиле» – деп, асмандан "манн" жана бөдөнө эттерин түшүрдүк! Алар Бизге эмес, өздөрүнө гана зулум кылышты.

58. Биз- "Бул шаарга – “Кечирим”- деп, дарбазадан сажда менен  киргиле жана  аны мекендеп, каалаган жериңерде кеңири жеп-ичкиле, Биз силердин катаңарды кечирип, жакшылыгыңарга кошумча сыйлыктар беребиз"- дедик.

59. Заалымдар буюурулган сөздү башкага алмаштырган  соң Биз аларга бузукулугу үчүн асмандан жаза түшүрдүк.

60.  Муса коому үчүн суу сураганда - Биз ага: "Таягың менен ташты ур"- дедик. Таштан  он эки булак атып, баары өз сууларын табышты. Биз "Аллах берген ырыскылардан жеп-ичкиле жана жер бетинде бузукулук менен кыйратуучулук кылбагыла!"- дедик.

61.  Ошондо силер: "Эй, Муса! Биз Раббыңдын оокаттарына алымсынбай жатабыз, Раббыңдан бизге жер өндүргөн - бадыраң, сарымсак, буурчак, пияздардан чыгарып берүүсүн сура" – дедиңер. Анда Муса: "Силер "манн" жана бөдөнөнүн  ордуна даражасы төмөн жемиштерди сурап жатасыңарбы? Шаарга түшкүлө  сураган жемишиңер толтура!” – деди. Алар  кор жана кедей болушту. Алар  Аллахтын аяттарына ишенбей пайгамбарларды кыянаттык менен өлтүрүшкөнү үчүн Аллахтын каарына калышты.  Анткени, алар Аллахтын өкүмүнө каршылык кылып, чектен чыгышты!

62. Акыйкатта, ыймандуулар, жөөттөр, христиандар жана бутка сыйынбагандардын арасынан - жалгыз Аллахка жана Акыретке ишенип, жакшылык жасагандарга, Раббысынын алдында  сыйлыктар даяр жана  аларга коркунуч, кайгы жок.

63. Биз үстүңөргө Тур тоосун көтөрүп: “Силерге берилгенди бекем кармагыла, андагыны эсиңерге туткула –балким,  такыба болоорсуңар” - деп,  убадаңарды алган элек.

64. Андан кийин силер убадаңардан кайттыңар. Силерге  Аллахтын пазилети жана ырайымы болбогондо - зыян тарткандардан болмоксуңар.

65. Араңардан  ишемби боюнча чектен чыккандарды тааныйсыңар. Биз аларга “жийиркеничтүү  маймылдарга айлангыла!”  - дедик.

66. Муну аларга жана кийинки муундарга үлгү жана такыбалар үчүн насаат кылдык.

67. Муса коомуна: “Аллах силерди бир уй союуга буюрду” - дегенде алар: “Бизди шылдың кылып жатасыңбы?” - дешти. Анда Муса: “Кудайдын кудурети менен  наадандардан болуп калуудан сактанамын”- деди.

68. Анда алар: “Раббыңдан бизге ал уйдун жашын, сапатын сурап бер” - дешти. Муса: “ Раббым - ал кары да, жаш да эмес, орточо уй. Эми, улам такый бербей буйрукту  аткаргыла деп жатат ”- деди.

69. Алар: “Раббыңдан анын түсүн сурап бер”- дешти. Муса: “Раббымдын  айтышынча, ал көргөндүн көзүн кубанткан сапсары түстө  болсун деп жатат”- деди.
70. Анда алар кайра: “Раббыңдан сура - анын сапатын тактап түшүндүрсүн! Чындыгында, биз күмөндө  калдык. Ушуга жооп  алсаң, балким  Аллах насип кылып, туура чечим табаарбыз” - дешти.

71.  Анда Муса: “Аллах - ал  уй жер айдап, эгин сугарганга үйрөтүлгөн эмес, эч бир айыбы да, терисинде өзүнүн өңүнөн башка түс жок болсун деп жатат”- деди. Алар: “Мына эми чындыкты айттың” - дешти жана такып отуруп, буйрукту аткара албай кала жаздашты.

72. Силер бирөөнү өлтүрүп, бул маселе боюнча талашып жаттыңар, Аллах, жашырганыңарды ачыкка чыгаруучу.

73. Анан Биз: “Уйдун бир бөлүгү менен сөөктү ургула, ал тирилет” - дедик. Аллах өлүктөрдү  мына ушинтип тирилтип, акылыңарды иштетүүңөр үчүн белгилерин көрсөтөт.

74. Ушундан кийин  жүрөгүңөр таш сымал, балким андан бетер  катты!  Акыйкатта,  кээ бир таштардан булактар атат, кээ бирлери  жарылып, андан  суулар агат, кээ бирлери Аллахтан коркконунан турган жеринен кулайт. Аллах силер жасаган иштерден кабарсыз эмес!

75. Эй, момундар! Силер китеп ээлеринин  - угуп, билип, түшүнүп туруп, Аллахтын Сөзүн  өзгөрткөн бир тобу - ыйман келтирет деген үмүттөсүңөрбү?

76. Алар  момундарга жолукканда: “Биз ыйман келтирдик” - дешет. Өздөрүнчө  калганда: “ Аллах бизге ачканды - мусулмандар өзүбүзгө каршы далил келтирүү  үчүн айтып жатасыңарбы? Акылыңарды иштетпейсиңерби?!” -  деп бири-бирин жемелешет.

77. Ичиндеги сырларын да, ашкерелерин да Аллах билээрин билишпейби?

78. Алардын арасында китебин  билбеген сабатсыздары да бар. Алардын билгендери   да куру арзуулар гана.

79. Өз колдору менен жазган китептерин арзыбаган баага сатуу үчүн: “Бул Аллахтан түшкөн  китеп” дегендерге тозок болсун. Колдору менен  бурмалагандары үчүн  тозок болсун! Сатып алгандары үчүн тозок болсун!

80. Китеп ээлери: “Бизге от тийбейт, болсо да саналуу гана күндөргө” - дешет. “ Силер Аллахтын убадасын алдыңар беле?! Аллах Өз убадасын бузбайт же, өзүңөр билбегенди Аллахка оодарып жатасыңарбы?» - дегин.

81. Акыйкатта, сатып  алган жамандыгына курчалгандар – от тургундары жана анда түбөлүк калышат!

82. Ал эми, Аллахка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга ишенип, жакшылыктарды  кылгандар - Бейиш ээлери жана анда түбөлүк болушат.

83. Биз Исрайил урпактарынан: “Аллахтан башкага сыйынбайсыңар, ата-энеңерге, туугандарыңарга, жетимдерге, бечараларга кайрымдуу болосуңар, адамдарга жакшы сүйлөп, намазды толук аткарасыңар жана зекет төлөйсүңөр” - деп убада алганбыз. Кийин - кээ бирөөңөрдөн башкасы– ирээнжип жүз үйрүдүңөр.

84. Биз силер менен: “Каныңарды төкпөйсүңөр жана бири-бириңерди  журтуңардан куубайсыңар” - деп келишкенде, силер муну  моюнуңарга алып, күбөлүк бергенсиңер.

85. Кийин, силер бири-бириңерди өлтүрүп, кээ бирөөлөрдү үйлөрүнөн кууп, күнөө жана адилетсиздикте  шериктеш болуп келдиңер. Эгер туткундалса  кунун төлөп бошотуп да аласыңар. Аларды сүргүндөөгө тыйуу салынган эле го?! Эмне, силер Тоораттын бир бөлүгүнө ишенип, калганын четке кагасыңарбы? Андайларга - бул жашоодо  - шерменделик жана Кыяматта катуу азапталышат. Аллах силердин ишиңерден кабарсыз эмес.

86. Дал ошолор гана Акырет ордуна дүйнө сатып алгандар! Алардын азабы жеңилдетилбейт жана аларга жардам  берилбейт!

87.  Биз Мусага Тооратты бердик жана анын артынан пайгамбарларды жибердик. Биз Марям уулу Ыйсага да анык можизаларыбыздан берип, аны Ыйык Рух менен колдодук. Ар дайым пайгамбар напсиңерге жакпаган динди алып келсе, силер текеберленип, алардын кээ бирлерин жалганчыга чыгарып, айрымдарын өлтүрө бересиңерби?!

88. Жөөттөр: “Жүрөктөрүбүз кулпуланган” - дешет. Андай эмес, Аллах аларды каапырлыктары үчүн наалаттаган. Алардын ыйманы ушунчалык аз.

89. Аларга  өздөрүндөгүнүн чындыгын  Аллахтан тастыктоочу түшкөндө –илгери алар ишенбегендер үстүндө жеңиш тилешээр эле - анан, өздөрүнө тааныш нерсе түшкөндө - ага каапыр болушту! Каапырларга Аллахтын наалаты болсун!

90. Аллах пазилетин Өзү каалаган пендесине  түшүргөнүнө  ичи тарып, Аллах  түшүргөнгө каапыр болгону – начар баага сатылганы! Алар  Аллахтын удаа-удаа каарына калышты. Каапырларга кемсинтүүчү азап бар.

91. Аларга: “Аллах түшүргөнгө ишенгиле” – деилсе: “ Биз  өзүбүзгө түшкөнгө ишенебиз” - деп жооп беришет, алардагынын чындыгын тастыктоочу кийинки түшүрүлгөн акыйкат болсо да четке кагышат. Аларга: “Эгер ыймандуу болсоңор  эмне үчүн пайгамбарларды өлтүрчүсүңөр?

92. Жана силерге Муса анык далилдер көрсөтсө да, эмне үчүн анын жогунда өзүңөргө зулум кылып, музоого сыйындыңар!”- деп сурачы.

93. Биз үстүңөргө Тур тоосун көтөрүп: “Биз бергенди бекем кармагыла жана  уккула” - деп, ант алдык, алар: “Уктук бирок моюн сунбайбыз” - дешкен жана ишенбегендери үчүн жүрөктөрүнө музоого сыйынуу кирип калган! Аларга: “Силер дегеле ыймандуу  болсоңор деле -  ал «ыйманыңардын» буюрганы  кандай жийиркеничтүү!” –дегин.

94. “Эгер Аллахтын Акыреттеги Бейиши силер айткандай жалгыз силер үчүн гана болсо, анда өзүңөргө өлүм тилегилечи, эгер чынчыл болсоңор”- дечи.

95. Алар колдору менен жасаган күнөөлөрү үчүн өздөрүнө өлүмдү ыраа көрүшпөйт. Аллах заалымдарды Билүүчү!

96.  Сен алардын мушриктерден бетер бул жашоого суктугун көрөсүң. Ар бири  миң жыл жашагысы келет. Бирок, узун өмүр да аны азаптан алыстата албайт. Аллах алардын жасаганын көрүүчү!

97. “Ким Жебрейилге душман?” – деп сура. Ал  Аллахтын уруксаты менен мурдагылардын чындыгын тастыктоо үчүн, ыймандууларга туура жетекчилик жана сүйүнчү кабар кылып сенин жүрөгүңө Кураанды алып түшкөн.

98. Ким Аллах, Анын периштелери, пайгамбарлары, Жебирейил жана Мекаил менен  душман болсо  - Аллах, акыйкатта -  каапырларга, душман!

99. Биз сага анык белгилерди түшүрдүк. Буларга  бузукулар гана ишенишпейт.
100. Алар дайым Аллахка убада беришкен сайын - бир бөлүгү аны четке чыгара береби? Анын үстүнө, алардын көбү ыймансыз.

101.  Алардагынын чындыгын тастыктоочу Аллахтын элчиси келгенде, китеп берилгендердин кээ бирлери  акыйкатты билмексен болуп, Аллахтын  китебин аркаларына ташташты.

102. Жана Сулаймандын  доорунда шайтандар үйрөткөн сыйкырга ээрчишти. Сулайман каапыр жана сыйкырчы болгон эмес, тетирисинче адамдарга сыйкырды үйрөткөн шайтандар каапыр эле жана Вавилондо Хаарут менен Марут аттуу  эки периштеге берилген сыйкырга ээрчишти.
Ал экөө: “Акыйкатта, биз сыноо үчүн келдик, сыйкыр үйрөнүп, каапыр болуп калбагыла” - деп эскертмейинче үйрөтүшчү эмес. Алар  эрди-катынды ажыратууну үйрөнүштү. Бирок,  Аллахтын уруксатысыз, эч кимге зыян бере алышпады. Алар  пайдасыз, зыян апкелүүгө үйрөнүштү. Алар – муну үйрөнгөнгө Акыретте үлүш жоктугун билишкен. Жандарына сатып алгандары – кандай жийиркеничтүү! Алар муну билишсе кана!

103.  Алар ыйманга келип, такыба болушса - Аллахтан сыйланып, өздөрүнө эле жакшы болмок! Алар  муну билишкенде кана!

104. Эй, ыймандуулар! Пайгамбарга кайрылганда “бизди сакта” дебегиле, “бизге кара” дегиле жана Аллах менен пайгамбарын уккула. Каапырларга жан ооруткан азаптар камдалган.

105. Ыймансыз китеп ээлери жана мушриктер силерге Раббыңардан жакшылык түшүүсүн каалашпайт. Аллах Өз ырайымы менен  каалаганын белгилейт. Аллах улуу пазилет ээси!

106. Эгер Биз Кураандын бир аятын  жойсок же аны унуттурсак - ордуна жакшыраагын же ага барабарын  келтиребиз. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү экенин билбейсиңби?

107. Асмандар жана жер өкүмдарлыгы Аллахга таандык экенин жана силерге Аллахтан башка камкор да  жардамчы да жоктугун билбейсиңби?!

108. Балким, силер   пайгамбарыңардан, мурда жөөттөр  Мусадан такмазаланып сурагандай  сурагыңар келээр жана ким ыйманды каапырлыкка алмаштырса, туура жолдон адашканы.

109. Китеп ээлеринин көпчүлүгү - акыйкат билинип, силер аны кабыл алганыңардан кийин деле - ичи таарып, силерди  ыймандан кайтарууну каалашат. Бирок, силер Аллахтын өкүмү келгиче аларды кечирип, айкөл болгула. Акыйкатта, Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.

110. Намазды толук аткаргыла, зекет бергиле. Өзүңөр үчүн кандай жакшылык кылбагыла - Аллахтан сыйлыгын  табасыңар. Акыйкатта, Аллах аракетиңерди Көрүүчү.

111. Алар: “Бейишке жөөттөр же христиандардан башкасы кирбейт” - дешет. Бул алардын куру кыялдары гана. Сен: “Эгер айтканыңар чын болсо  сөзүңөрдү  далилдегиле”- де.

112. Андай эмес! Ким Аллахга жүзүн буруп, жакшылык кылса гана - Раббысынан сыйлыктары даяр. Алар коопсуз жана кайгысыз.

113. Жөөттөр: “Христиандар адашкан” - дешет. Христиандар болсо: “Жөөттөр адашкан” - дешет. Алардын баары китеп окушат, бирок, сөздөрү сабатсыздардыкына окшойт. Аллах Кыяматта гана алар  талашкан маселелердин өкүмүн чыгарат.

114.  Мечиттерде Аллахты эстөөгө тыйуу салып, аларды талкалоого алпурушкандардан өткөн заалым  барбы?! Алар мечиттерге коркуу менен  гана киришсе болмок. Аларга бул дүйнөдө шерменделик, Акыретте улуу азап камдалган.

115.  Чыгыш да, Батыш да Аллахка таандык. Кай тарапка жүз бурсаңар, Аллахтын (буюрган жана  ыраазы болгон тарабы) жүзү ошол жак. Акыйкатта, Аллах Кенен жана Билүүчү.

116.  Алар: “Аллахтын баласы бар” - дешет. Аллах - Таза. Арийне, жер жана асмандардагынын  баары Ага таандык жана Ага гана  моюн сунат.

117.  Ал - асмандар жана жердин Жаратуучусу. Ал: “бол!” - десе, ал иш дароо болот.

118.  Наадандар: “Эмнеге Аллах бизге сүйлөбөйт же аян - белгилер бизге деле түшсө болмок” - дешет. Алардан мурдагылар да  ушудай эле. Баарынын жүрөктөрү окшош. Биз далилдерди анык ишенгендерге баяндадык.

119.  Биз сени акыйкат менен жакшылыкты сүйүнчүлөөчү  жана эскертип кабарлоочу кылып жибердик. Сен Тозок ээлери үчүн жоопкер эмессиң.

120. Жөөттөр менен христиандар диндерине ээрчимейинче сага  ыраазы болушпайт. Сен аларга: “Аллахтын жолу  гана Туура жол!”- дегин. Эгер сен  Раббың берген илимден кийин деле алардын каалоолору менен болсоң - сага Аллах Камкордук  кылбайт,  жардам да бербейт.

121. Биз китеп бергендер жана  аны татыктуу окугандары – ага ыйман келтиргендер. Ага ишенбегендери – утулгандар.

122.  Эй, Исрайил урпактары! Силерге берген нээматымды жана силерди ааламдардан абзел кылганымды эстегиле.

123. Жана адамдар бири-бирине жардам бере албаган, бир да күнөөкөрдүн жарыймасы  алынбаган, Аллахтын уруксатысыз эч кандай шапаат пайда бербеген жана баары жардамсыз калчу Кыяматтан  корккула!

124.  Раббысы Ибрахимди  сынаганын жана ал өкүмдү толук аткарганын, анан Аллах ага: “Мен сени адамзатка  диний жолбашчы кыламын” - дегенде, Ибрахим: “Менин урпактарымданчы ?» - деп сураганын  жана Аллах: “Менин убадамдын заалымдарга тийешеси жок” – дегенин эстегин.

125. Жана Биз Каабаны адамдар умтулуп баруучу тынчтык жайы кылып, “Ибрахимдин ордун намаз жайы кылгыла” жана Ибрахим менен Ысмайылга: “Менин Үйүмдү тооп кылуучулар, эьтикафка отуруучулар, рукуу жана сажда кылуучулар үчүн тазалагыла” - деп буюрганыбызды эстегин.

126.  Ибрахимдин Раббысына - “Яа, Раббым! Бул жерди тынч шаар кылып, тургундарынан Аллахка жана Акырет күнүнө ишенгендерди түркүн мөмө-жемиштер менен ырыскыландыра көр!”- деп дуба кылганда, Аллах: “Каапырлар да бир аз пайдаланат, анан аларды Тозокто азап тартууга мажбурлайм” –дегенин эстегин. Ал кандай жаман акыбет!

127. Ибрахим Ысмайыл экөө Каабанын пайдубалын көтөрүп жатып: “Оо, Раббыбыз! Биздин бул ишибизди кабыл кыл! Акыйкатта, Сен - Угуучу, Билүүчүсүң!

128. Яа, Раббыбыз! Бизди өзүңө моюн сунуучулардан кыл! Биздин урпактарыбыздан өзүңө моюн сунуучу үммөт чыгар жана бизге ажылык ибадаттарын үйрөт, биздин тообаларыбызды кабыл кыл! Акыйкатта, Сен - тооба кабыл кылуучу, Мээримдүүсүң!

129. Яа, Раббыбыз! Урпактарыбызга Сенин аяттарыңды окуп берүүчү, Китеп жана Даанышмандыкты үйрөтүүчү жана аларды тазартуучу өздөрүнөн бир пайгамбар жибер! Акыйкатта, Өзүң Жеңүүчү жана Дааныш­мансың!” – дегендерин эстегин.

130.  Ибрахимдин Дининен наадандар гана баш тартат. Биз Ибрахимди бул дүйнөдө жолбашчы кылып тандадык жана ал Акыретте да жогорку даражалуулардан.

131.  “Раббысы ага Өзүмө гана моюн сун!”- дегенде, ал  ыкласы,  сүйүүсү менен- “Ааламдардын Раббысына моюн сундум” - дегенин эстегин.

132.  Ибрахим өзүнүн балдарына ушул гана динди осуят кылып калтырган. Яькуб да балдарына: “Эй, уулдарым, Аллах силерге ушул динди тандады жана силер бул дүйнөдөн жалгыз Аллахка гана моюн сунуп өткүлө” - деп осуят кылды.

133.  Силер, Яькубдун өлүмүндө болдуңар беле? Ал уулдарына: “Менден кийин эмнеге сыйынасыңар?” - деп сураганда, алар: “Сенин жана аталарың Исхак, Ысмайыл, Ибрахимдердин кудайы – жалгыз Аллахка сыйынабыз жана биз Ага моюн сунуучубуз”  - дешкен.

134. Ал үммөттөр  өтүп кетти. Алар өз иштерине жоопкер, силер өз ишиңерге жооп бересиңер. Силер алар үчүн сурак бербейсиңер.

135. Алар: “Жөөт же христиан болсоңор гана туура жол табасыңар”- дешет. Сен аларга: “Андай эмес! Ибрахимдин туура динине гана ээрчийбиз жана Ибрахим мушриктерден болгон эмес!”- дегин.

136. Эй, момундар: “Биз Аллахка, Бизге түшүрүлгөнгө жана Ибрахимге, Ысмайылга, Исхакка, Яькубга жана алардын урпактарына түшүрүлгөнгө жана Мусага, Ыйсага жана калган пайгамбарларга Раббысынан берилгендерге ыйман келтирдик. Биз пайгамбарлардын эч бирин ажыратпайбыз жана биз Аллахка моюн сунуучуларбыз” – дегиле!

137. Эгер жөөттөр менен христиандар силердей ыйман келтиришсе гана туура жол табышат. Эгер  жүз бурушса, анда алар душман. Алардан сени Аллахтын Өзү сактайт. Ал  – Угуучу, Билүүчү.

138. Аллахтын дини менен бойонгула. Ким Аллахтан жакшыраак бойой алат жана: “Биз ага гана ибадат кылуучубуз” –дегиле!

139. “Биз менен Аллах жөнүндө талашасыңарбы? Ал биздин да Раббыбыз, силердин да Раббыңар. Бизге өз иштерибиз, силерге өз иштериңер жана биз иштерибизди Анын Өзүнө гана ыклас менен аткарабыз.

140. Же силер: “Ибрахим, Ысмайыл, Исхак, Яькуб жана алардан кийинки муундар  жөөт же христиан болгон - дейсиңерби? Силер билесиңерби же Аллах билеби? Аллахтан келген күбөлүктү жашыргандардан өткөн адилетсиз болобу? Аллах силердин бузукулугуңардан кабарсыз эмес!» - дегин.

141. Алар өткөн коомдор. Алар жасаганына жараша алышат. Силер өз жасаганыңарга жараша аласыңар. Силер алар жасаган иштерге жооп бербейсиңер.

Экинчи бөлүм

142. Кээ бир кемакылдар: “Мусулмандар мурда жүздөнгөн кыбылаларын эмнеге өзгөрттү экен?”- деп сурашат. “Чыгыш да, Батыш да Аллахга таандык, Ал каалаган пендесин Туура Жолго баштайт» - дегин.

143.  Биз силерди адамзатка  күбөлүк берүү үчүн жана пайгамбарды силерге күбө болуусу үчүн орто үммөт кылдык. Сен  мурда жүздөнгөн кыбыланы Биз пайгамбарга ээрчигендерди артына кайткандардан ажыратуу үчүн өзгөрттүк. Бул - Аллах туура багыт берген адамдардан башкасына оор иш. Аллах силердин ыйманыңарды текке кетирбейт. Аллах адамдарга өтө Ырайымдуу жана Мээримдүү.

144.  Биз кээде жүзүңдүн «асманда кезгенин» көрөбүз жана сени өзүң ыраазы болгон кыбылага бурабыз. Эми сен жүзүңдү Масжид ульХарамга бур! Силер  да  кайерде болбогула намазда жүзүңөрдү ал тарапка бургула! Ал эми, китеп элдери деле кыбыланын Кааба тарапка бурулганы Раббысынан келген чындык экенин айкын билишет. Аллах силер кылган иштерден кабарсыз эмес!

145.  Сен Китеп берилгендерге бүт далилдерди келтирсең деле сенин кыбылаңа бурулбайт. Сен да алардын кыбыласына ээрчибейсиң. Алар өз ара да  бири-биринин кыбыласына ээрчишпейт. Сен  өзүңө берилген илимден соң алардын кызыкчылыгына ээрчисең - сөзсүз заалымдардан болосуң.

146. Китеп ээлери Мухаммадды өз баласындай таанышат бирок,  көпчүлүгү чындыкты билип туруп, жашырышат.

147. Акыйкат – Раббыңдан! Сен  шектенбегин!

148.  Ар кимдин жүздөнөөр кыбыласы бар. Жакшылыкта бири-бириңерден озгонго умтулгула! Кайда  болбогула Аллах баарыңарды Кыяматта чогултуп алат. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү.

149.  Кай тараптан чыкпа – жүзүңдү “АльХарам” мечитине бур! Ал – Раббың берген Чындык! Эмне жасабагыла Аллах  андан  кабарсыз эмес.

150. Кай тараптан чыкпа - жүзүңдү “АльХарам” мечитине бур! Адамдар -заалымдардан  башкасы – силерден  күмөн санап калбоосу үчүн каерде болбосун жүзүңөрдү  ал тарапка бургула!  Алардан  коркпогула, Мен нээматымды акырына жеткирүүм үчүн Менден гана корккула! Балким Туура Жолго түшөөрсүңөр.

151. Ошондой эле, Мен араңардан бир пайгамбар жибердим. Ал силерге Биздин аяттарыбызды окуйт, силерди  тазартат, Кураанды жана даанышмандыкты үйрөтүп, билбегениңерден  таалим берет.

152. Мени эстегиле, Мен да силерди унутпайм жана  Мага шүгүр кылгыла,  каапыр болбогула.
153. Эй, момундар! Сабыр  жана намаздан жардам алгыла! Акыйкатта, Аллах, сабырдуулар менен.

154. Силер Аллахтын жолунда курман болгондорду “өлүктөр” дебегиле! Алар тирүү! Бирок, силер аны сезбейсиңер.

155-156.  Биз силерди коркунуч, ачарчылык, малы-мүлк, дененин жана мөмө-жемиштердин каатчылыгы менен сөзсүз сынайбыз. Аллахтан келген кырсыкка: “Акыйкатта, Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтабыз” – деген сабырдууларга Бейишти сүйүнчүлө.

157. Алар Раббысынын алкоосуна, ырайымына татыктуулар  жана алар гана туура жолдо.

158. Сафаа менен Марва Аллахтын ажылык белгилеринен. Ажылык  же умра өтөгөндөр ал экөөсүн  айлангандары жакшы. Ыктыяры менен жакшылык кылгандарга,  акыйкатта - Аллах шүгүр кылуучу жана Билүүчү.

159-160. Акыйкатта, Биз түшүргөн  анык белгилерди  жана туура жетекчиликти  китепте элге баяндаган соң - тооба кылып оңолгондор жана акыйкатты жарыялагандардан башка - жашыргандарды  Аллах  жана бүт наалат айтуучулар наалатташат себеби,  Мен тообаларды кабыл алуучумун, Мээримдүүмүн.

161. Акыйкатта, каапырлыкта,  тообасыз өлгөндөргө Аллахтын, периштелердин жана адамзаттын наалаты болсун!

162. Алар наалатта түбөлүк калышат. Азабы жеңилдетилбейт жана аларга мөөнөт берилбейт.

163.  Силердин кудайыңар   - жалгыз Аллах. Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтан башка  сыйынууга татыктуу зат жок!

164. Акыйкатта, асмандардын жана жердин жаралуусунда, түн менен күндүн алмашуусунда, деңиз үстүндө адамдардын пайдасы үчүн сүзгөн кемелерде, Аллах асмандан түшүрүп, ар түрдүү жаныбарларды тараткан өлүк жерди кайра тирилткен сууда  жана алмашып  соккон шамалда жана асман менен жер ортосуна моюн сундурулулган  булуттарда акылдуулар үчүн белгилер бар.

165.   Эл арасында Аллахка  башкаларды теңдеп, аларды Аллахтай сүйгөндөр бар.
Ыймандуулар Аллахты көбүрөөк сүйүшөт. Ал заалымдар Кыямат  азабын көрүшсө,  кудуреттин баары Аллахка гана таандыгын билишсе Ага шерик кошушпайт эле.  Аллах - оор азаптар ээси!

166.  Кыяматта ширкке баштагандар ээрчигендерди чанып кеткенде бүт азапты көрүшөт, араларындагы байланыштары үзүлөт.

167. Ээрчигендер: “Бизге дагы бир мүмкүнчүлүк берилгенде, биз да аларды чанмакпыз” – дешет. Ошентип, Аллах аларды да кайгыга батыруу үчүн иштерин көрсөтөт.  Алар оттон эч чыгышпайт.

168.  Эй, адамдар! Жер бетиндегилердин адал, тазаларын жегиле жана шайтанды ээрчибегиле. Ал силерге анык душман!

169.  Чындыгында, шайтан силерди жамандыктарга, бузукулуктарга жана Аллах жөнүндө силер билбегенди сүйлөөгө буюрат.

170. Бутпарастарга: “Аллахтын өкүмдөрүнө ээрчигиле” - дейилсе, алар: “Жок, биз ата-бабаларыбыздын үрп-адаттарына ээрчийбиз” - дешет. Эгер ата-бабалары акыл калчабаган жана Туура Жолдон адашкандар болсочу?!

171.  Каапырлар бадачынын үнүн кыйкырыктан ажырата албаган малга окшош. Алар дүлөй, дудук жана сокур! Демек, акылдарын иштетишпейт.

172.  Эй, ыйман келтиргендер! Эгер Аллахтын Өзүнө гана ибадат кылсаңар - Биз ырыскы кылып берген таза оокаттардан жегиле жана Аллахка шүгүр кылгыла.

173.  Аллах силер үчү канга, доңуздун этине, Аллахтан башкага атап союлган этке тыйуу салды. Ал эми, өмүр сактоо үчүн гана  жегенге мажбур болуп, чектен ашпаганга  күнөө жок. Аллах  Кечиримдүү, Мээримдүү.

174. Китептеги Аллах түшүргөн чындыкты жашырган жана аны арзыбаган баага саткандар курсактарына от толтурушат. Аллах Кыяматта аларга сүйлөбөйт жана аларды тазартпайт. Аларга кыйноочу азаптар даярдалган.

175.  Алар адашууну туура жол, азапты кечирим ордуна сатып алгандар. Алар Тозок отуна мынча чыдамкай?!

176.  Себеби, Аллах бул  китепти акыйкатта түшүргөн. Ал жөнүндө  талашкандар- чындыктан алыс.

177. Жакшылык  - жүзүңөрдү Чыгыш же Батышка буруу эмес,  Аллахга, Акыретке, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга ишенүү, туугандарга, жетимдерге, жакырларга, мусапырларга, муктаж болуп сурагандарга, кулдуктан бошотууга  жакшы көргөн мүлкүнөн берүү, намазды толук аткаруу, зекет төлөө, убадасына бек туруу жана кембагалдык, сыркоо жана согуш маалында сабырдуу болуу – жакшылык. Мына ушинткендер  чынчыл жана ушулар гана такыбалар!

178.  Эй, момундар! Силерге өлтүрүлгөндөр үчүн өч алуу милдет кылынды: азатка -азат, кулга - кул, аялга - аял өлтүрүлөт. Ал эми, кылмышкерди маркумдун  тугандары  кечирсе - ага адеп менен моюн сунуу жана ага татыктуу кун төлөө милдет. Бул – силерге Раббыңардын жеңилдиги жана ырайымы. Ким эми чектен чыкса, ага жан кыйноочу азап бар.

179.  Эй, акылдуулар! Силер үчүн өч алууда жашоо бар. Кана эми, такыба болсоңор!

180. Силерден бирөөңөргө өлүм  жакындаса - малы-дүйнөсүн ата-энесине жана туугандарына керээз кылып, жакшы мурас калтыруусу милдет кылынды. Бул такыбаа кишилерге катуу милдет!

181.  Ким мурасты уккан соң - алмаштырып койсо - күнөөсү алмаштыргандардын мойнунда! Аллах – Угуучу, Билүүчү.

182.  Ал эми, кимдир бирөө мурасын адилетсиз же арамга калтырып жатса аны оңдоп койгонго  күнөө жок. Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү.

183. Эй, ыйман келтиргендер! Силерден мурдагылар  милдеттендирилгендей эле, такыбаа болууңар үчүн силерге да орозо кармоо парз кылынды.

184. Милдеттүү орозо эсептелген күндөрдө гана кармалат. Оорулуу  же сапардагылар, башка күндөрү кармап берет. Орозодо ооруганы же карылыгы себептүү чыдай албагандарга - күн эсебине бир жакырды тойгузуу – жарыйма. Ким ашыгыраак адамды тойгузса, өзүнө жакшы. Бирок, орозо кармоо жарыйма төлөөдөн жакшы, эгер билсеңер.

185. Рамазан айында Туура Жол, айырмалоочу жана туура башкаруунун  анык далили -  Кураан түшүрүлдү жана силердин кимиңер жаңы айды көрсө – орозо кармасын! Ооругандар айыкканда, мусапырлар сапардан кайтканда кармашат. Аллах силерге - оорун эмес - жеңилин каалайт. Аллах силерди туура жолго салганы үчүн орозону толук  кармоо милдет кылынды, балким Аллахка шүгүр кылаарсыңар.

186.  Эгер сенден Мен жөнүндө сурашса айткын - Мен аларга жакынмын. Мага дуба кылышса -дубасына жооп беремин. Алар да Мага  жооп кайтарып ыйман келтиришсин, балким  Туура Жолго түшүшөөр!

187.  Орозо  түндөрүндө аялыңарга кошулуу адал кылынды. Алар силер үчүн, силер алар үчүн жабуусуңар. Аллах силердин өзүңөргө кыянат кылганыңарды билди жана тообаңарды кабыл алып, кечирди. Мына эми, аялыңар менен орозо түндөрүндө кошула бергиле жана Аллах силерге жазган перзентти ниет кылгыла жана таңдагы ак жип кара жиптен ажыраганга чейин тамактана бергиле. Саарлыктан  кийин орозону толук уланткыла жана мечиттерде эьтикафта отурганда аялыңарга жакындабагыла. Булар Аллахтын тыюу салган чектери. Аларды бузууга жакындабагыла! Адамдар   такыба болуусу үчүн Аллах Өз аяттарын ушундай  баяндайт.

188.  Бири-бириңердин мүлкүңөрдү кыянат менен жебегиле жана адамдардын мал-дүйнөсүн күнөө жолдор менен ээлөө үчүн өкүмдарларга арам экенин билип туруп пара бербегиле.

189.  Сенден жаңы туулган ай жөнүндө сурашат. Айт: “Ал адамдарга убакытты жана ажылыкты белгилөө үчүн. Үйүңөргө арт жагынан кирүүңөр адептен эмес, адеп  –Аллахтан коркуу.  Үйүңөргө эшиктеринен киргиле жана Аллахтан корккула! Ошондо гана Бейишке жетсеңер ажеп эмес!

190. Аллах жолунда силерге согуш ачкандарга каршы согушкула жана чектен чыкпагыла.  Аллах чектен чыккандарды сүйбөйт.

191. Аларды тапкан жериңерде өлтүргүлө, силерди сүрүп чыгарган жерден аларды да сүрүп чыгаргыла. Бузукулук  адам өлтүрүүдөн да жаман. Алар “Масжид ульХарамдын” алдында силер менен кармашмайынча согушпагыла, согушту алар баштаса гана - өлтүргүлө, каапырлардын жазасы – ушундай.

192. Эгер согушту токтотуп,  каапырлыктарынан кайтып, мусулман болушса - Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.

193.  Бузукулук  жоюлуп, Аллахтын дини жогору болмоюнча согуша бергиле. Эгер токтошсо, заалымдарынан башкаларына тийбегиле.

194.  Тыйуу  салынган айга – тыйуу салынган ай. Тыйуу салынганды жасагандары  үчүн  өч алуу бар! Силерге  душмандык кылгандарга, дал өзүндөй душмандык кылгыла! Аллахтан корккула жана билгиле, Аллах такыбалар менен.

195.  Аллах жолунда мал-жаныңарды сарптагыла. Бирок, өзүңөрдү  кыйроого таштабагыла. Кайрымдуулук кылгыла. Аллах кайрымдууларды сүйөт.

196.  Ажылыкты жана Умраны, Аллах үчүн толук аткаргыла. Эгер Меккеге жете албасаңар - кудуретиңер жеткен курмандыкты  жибергиле. Курмандыгыңар дарегине жетмейинче чачыңарды албагыла. Ал эми, кимдир бирөөңөр оорудан же башындагы бир зыяндан улам чачын мурда алдырууга мажбур болсо - ордуна үч күн орозо кармап же алты жакырга нафака же бир кой союу менен жарыйма төлөсүн. Эгер  Меккеге аман жетип, ажылыкка чейин умрасын да аткаргандар -  кудурети жеткен курмандыгын сой­сун. Ал курмандыкка чолосу жетпегендер - ажылыкта үч күн, үйүнө кайткан соң жети күн орозо кармасын! Баары толук он күн болот. Бул өкүм Масжид ульХарамга алыстан келгендер үчүн. Аллахтан корккула жана билгиле, Аллах – азабы катуу Зат!

197.  Ажылык – белгилүү гана айларда.  Ажылыкка  ниеттенип,  ихрамга оронгон -  андан  чыкмайынча жубайына  жолобосун, бардык күнөөлөрдөн тыйылып, жаңжалдан алыс болсун. Аллах ар бир жакшылыгыңарды билип турат жана да жолго азык камдап алгыла. Эң жакшы жол-азыгы – такыбалык. Эй, акыл жүгүртүүчүлөр, Менден корккула!

198. Ажылык мезгилинде адал кесип, соода менен Раббыңардан ырыскы табууда күнөө жок. Ал эми, Арафат тоосунан түшсөңөр, Муздалифа өрөөнүнө токтоп, Аллахты эстегиле, Аллах силерди адашканыңардан кийин, Туура Жолго салганы үчүн, силер Аны эстегиле.

199.  Андан соң Муздалифадан Каабаны көздөй, элден бөлүнбөй чогуу түшкүлө жана Аллахтан кечирим сурагыла. Акыйкатта, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.

200.  Ибадаттарыңарды аткарып бүткөн соң Аллахты улуулап, ата-бабаңарды эстегендей же андан да катуураак эстегиле. Адамдардан кээ бирөөлөрү Акыретти унутуп: “Яа, Раббы! Бизге ушул дүйнөдө бер” - дешет. Андайларга Акыреттен насип жок!

201. Ал эми кээ бирөөлөр: “Яа, Раббы! Бизге ушул дүйнөдө да, Акыретте да жакшылык бер  жана бизди Тозок азабынан сакта!” - дешет.

202.  Акыретте  дал ошолор үчүн жасаган жакшылыктарынан үлүш бар. Аллах өтө тез эсептешет!

203.   Аллахты Мина өрөөнүндө да эстегиле. Ал жерде 3 күн турулат. Эки  күндө кетүүгө шашылганга –күнөө жок. 3-күнгө кечиктиргенге да – күнөө жок. Бул өкүмдөр кудайдан корккондор үчүн. Аллахтан корккула жана билгиле - баарыңар Кыяматта эсеп берүү үчүн Аллахтын алдында чогултуласыңар.

204. Эл арасында сени бул дүйнөгө кызыктырып койгондору болот. Ал мусулмандыгына Аллахты күбө кылып, ант ичет. Чынында, ал элдешкис душман!

205.  Ал сенден кетээри менен жер бетин бузукулуктарга толтуруу, эгиндерди, насилдерди курутуу аракетин баштайт. Аллах - бузукулукту сүйбөйт.

206.  Эгер ага: “Аллахтан корк” - деп айтылса - текеберлиги күнөөгө түртөт. Ага Тозок жетиштүү! Ал не деген жаман орун!!!

207. Адамдардын арасында өз жанын Аллах жолунда саткандары  да бар. Аллах өз пенделерине кайрымдуу.

208.  Эй, ыйман келтиргендер! Исламга толук киргиле! Шайтанды  ээрчибегиле! Ал силерге анык душман!

209. Силерге анык далилдер келгенден кийин деле, жолдон тая берсеңер, билгиле: Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.

210. Андайлардын Кыяматта Аллах периштелер менен булуттардын көлөкөсүндө келип, өкүм чыгаруусунан башка күтөөрү жок. Анан баары бүтөт жана бардык иштер Аллахка кайтарылат.

211.  Исрайил урпактарынан сурачы,  Биз аларга акыйкатты далилдеген анык аян-белгилерден канчасын бердик экен? Өзүнө келген Аллахтын нээматын кайсы акылсыз адам алмаштырат? Акыйкатта, Аллах  - азабы катуу Зат!

212.  Каапырларга ушул жашоосу кооз көрсөтүлдү. Алар ыймандууларды  мыскылдашат. Такыбалар Кыяматта алардан жогору болушат. Аллах каалаган пенделерине эсепсиз ырыскы берет.

213.  Адамдар илгери бир үммөт эле. Анан Аллах алардын ортосундагы талаштарды чечүү үчүн сүйүнчүлөөчү жана эскертүүчү пайгамбарларды жиберип, аларга китеп түшүрдү. Бирок, чындык келген соң пикири келишпегендер – ичи тардыктан бири-бирине адилетсиздик кылган китеп ээлери эле. Аллах эрки менен ыймандууларды –каапырлар пикирлери келишпеген акыйкатка жолдоду. Аллах Өзү каалагандарды туура жолго баштайт.

214. Же силерге чейинки  коомдорго берилген сыноолордон өтпөй туруп, Бейишке киребиз деп ойлодуңарбы? Аларга жакырлык, ар түрдүү ооруулар коркунучтар жеткенде жадагалса, пайгамбардын өзү, анын жанындагы  ыймандуулар да: “Аллахтын жардамы качан келээр экен!”  - деп зарлап жиберишкен. Уккула, Аллахтын жардамы жакын!

215.  Сенден садага тууралуу сурашат. Айткын: “Садагаңар ата-энеңер, жакын тууганыңар, жетимдер, мискиндер, бечаралар жана мусапырлар үчүн болсун. Кандай  жакшылык жана садага кылбагыла - Аллах Билүүчү”.

216.  Жакпаса да силерге согуш парз кылынды. Анткени, силер жактырбаган -чынында, силер үчүн жакшылык. Ошондой эле силер жактырганыңар - жамандык  болушу мүмкүн. Анткени, силер билбейсиңер, Аллах билет.

217.  Сенден тыйуу салынган айларда согушуу жөнүндө сурашат. Айткын: “Бул айларда согушуу оор күнөө. Бирок, башкаларды Аллах жолунан адаштыруу, Аллахка каапыр болуу, мусулмандарды “Масжид ульХарамдан” тосуу жана ал жердин тургундарын айдап чыгуу - Аллах алдында тыйуу салынган айларда согушуудан чоңураак күнөө. Аллах Жолунан азгыруу - адам өлтүрүүдөн чоңураак күнөө! Алар силерди диниңерден кайтармайынча согушун уланта беришет. Эми, ким дининен кайтып, каапыр бойдон өлсө, дүйнө-Акыреттеги жакшы амалдары күйөт жана алар Тозокто түбөлүк калышат.

218. Ал эми, ыйман келтирген, дин жолунда журт которгон жана Аллах жолунда жихад кылгандар - Аллахтын ырайымынан үмүткөр болушат. Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү.

219.  Сенден арак жана кумар тууралуу сурашат. Айткын: “Ал экөө - чоң күнөө жана пайдасы да бар. Бирок, күнөөсү пайдасынан чоңураак. «Сенден “Эмнени садага кылсак болот?” - деп сурашат. “Өзүңөрдөн артканын”  деп жооп бер. Аллах силерге аяттарын ушинтип баяндайт. Кана эми, пикир кылсаңар!

220.  Кана эле, дүйнө жана Акырет жөнүндө ой жүгүртсөңөр. Сенден жетимдер жөнүндө сурашат. Айткын: “ Жетимдердин абалын оңдоо – жакшы. Эгер жетимдердин мүлкүнө аралашсаңар – алар силердин өз бурадарыңар. Аллах ар кимдин бузуку же оңдоочу экенин билет. Эгер Аллах кааласа, силерди оор абалга калтырмак. Аллах – Кудуреттүү, Даанышман!

221. Силер мушрик аялдарга - алар ыйман келтирмейинче үйлөнбөгүлө. Анткени, ыймандуу күң – силердин купулуңарга толгон  азат, сулуу жана бай мушрик аялдан -артык! Ошондой эле, кыздарыңарды мушриктерге – алар ыйманга келмейинче – никелеп бербегиле.  Анткени, кул болсо да ыймандуу эркек силерге жаккан мушриктен, артык! Себеби, алар Тозокко жетелешет. Аллах - Өз каалоосу менен Бейишке жана кечирим берүүгө чакырат жана аяттарын адамдарга ушинтип баяндайт. Кана эле, алар Аллахты эстешсе!

222.   Сенден айыз жөнүндө сурашат. Айткын: “Ал оорулуу абал. Ал учурда аялдарга кошулбагыла жана тазаланышмайынча жакындабагыла, тазаланышкан соң гана аларга Аллах буюрган тараптан келгиле. Аллах тооба кылуучуларды жана тазалангандарды сүйөт.

223.  Аялдарыңар - силердин эгин талааңар. Өзүңөрдүн талааңарга каалаган тарабыңардан келгиле жана өзүңөр үчүн жакшы ниет койгула. Аллахтан корккула жана билгиле, силер Ага Кыяматта жолугасыңар жана момундарга Бейишти сүйүнчүлө!

227. Талак бергендер төрт ай өткөн соң кааласа, ажырашсын. Аллах – Угуучу, Билүүчү.

228. Талагы берилген аялдар үч айыздын тазалануу мөөнөтү өткөнгө чейин өздөрүн байкашат. Эгер алар Аллахка жана Акырет күнүнө ишенишсе, Аллах жатындарында жаратып койгон түйүлдүктү жашырганы туура эмес жана эрлери жашагысы келсе үч айыз аралыгында аялдарын өз никесине кайтарууга акылуу. Ошондой эле, аялдардын милдетине жараша жакшылыкка болгон укуктары да бар. Эркектердин даражасы аялдардан өйдөрөөк.  Аллах – Кудуреттүү,  Даанышман.

229. Талак эки ирет гана берилет. Андан соң аялы менен татыктуу жашоо керек же жакшылыкча койо берүү зарыл. Аялдарга берилген махрдан  алып калуу  адал эмес. Жубайлар Аллахтын чектөөлөрүн бузуудан  корксо гана махрдын белгилүү өлчөмүн алып калууга болот. Ошондой эле алар Аллахтын чегин бузуудан корксо, аялы азаттыгын сатып алса - күнөө эмес. Ушулар Аллахтын чеги,  аларды бузбагыла! Аллахтын чегин бузгандар - заалымдар!

230. Эгер эр аялына үчүнчү ирет талак берсе, кийин, андан башка эрге тийип чыкмайынча ага үйлөнүү адал эмес. Ал  аял кийинки эринен да талак алса гана, кайрадан мурдагы эрине  кайтуусунда күнөө жок, эгер Аллахтын чегин бузбоого көздөрү жетсе. Ушулар Аллахтын чеги. Аларды Аллах түшүнгөндөргө баян кылат.

231.  Эй, аялдарына талак бергендер! Аялдарыңардын талак мөөнөтү бүткөн соң аларды жакшылыкча алып калгыла же койо бергиле. Чектен  ашып, аларды кыйнап кармабагыла. Ким ушинтсе, шексиз өзүнө зулум кылат! Аллахтын аяттарын тамашалабагыла,  Аллахтын нээматын жана Кураан менен Сүннөттү эстегиле. Аны менен Ал силерге насаат айтат. Аллахтан корккула жана билгиле - Аллах  баарын Билүүчү.

232. Аялдарыңар менен ажырашсаңар - талак мөөнөтүн  толук сакташсын.  Эй, ажырашкан аялдын төркүндөрү - Эгер жубайлар каалашса, аларды күйөөлөрү менен кайра никелешип алуусуна тоскоол болбогула! Аллахка жана Акыретке ишенгендер бул өкүмдөн насаат алышат.  Ушул силер үчүн тазараак. Силерге пайда -зыянды Аллах билет, силер билбейсиңер.

233.  Жана бөбөктөрүн толук эмизүүнү каалаган энелер эки жыл толук эмизишсин. Энелерди  татыктуу камсыздоо  атанын мойнунда. Алы  жетпегенге мажбурлук жок. Эне да, ата да перзенти үчүн зыян тартпасын. Мураскордун мойнунда да ушундай эле милдеттер бар. Эгер жубайлар өз ара кеңешип баланы эмчектен чыгарышса –күнөө эмес жана силер өз бөбөгүңөргө акысын төлөп башка эмизүүчү жалдасаңар болот. Силер Аллахтан корккула жана Аллах силердин бардык ишиңерди Көрүүчү, билип койгула!

234. Жесирлер  өз алдынча төрт ай, он күн мөөнөт күтүшөт. Ал  мөөнөттөрү өткөн соң, турмушун жаңыртса күнөө эмес. Аллах силердин ишиңерден Кабардар.

235. Мөөнөтүн күтүп отурган жесирге ишаарат менен нике сунуштоо же жуучулукту сыр сактоо күнөө эмес. Аллах аларды унутпооңорду билет. Бирок, алар менен жашыруун убадалашпагыла! Жакшы  сөздөрдү айткыла жана мөөнөтү бүтмөйүнчө никеге умтулбагыла! Билип  койгула: Аллах ичиңердегини да айкынды да билет. Демек, Андан сак жүргүлө, Аллахтын – Кечиримдүү жана Жумшактыгын билгиле.

236.  Никеңерге алган аялдарга жакындаша электе же махрды белгилебей туруп талак берсеңер – күнөө эмес жана никени бузганыңардын эсесине байлар мүмкүнчүлүгүнө карап, кедейлер колунан келишинче – пайда менен узаткыла. Бул – жакшылык кылуучуларга милдет.

237.  Эгер аларга  жакындабай туруп, бирок, махрды белгилеп койгон соң талак берсеңер - белгиленген махрдын жарымын төлөп бергиле. Аялдар   же алардын өкүлдөрү ал төлөмдөн  кечүүсү - такыбага жакыныраак. Араңардагы кичипейилдикти унутпагыла. Акыйкатта, Аллах, силердин кылып жатканыңарды Көрүүчү.

238. Намаздарга, айрыкча аср намазына бекем болгула жана намазда Аллахка толук моюн сунган абалда тургула.

239. Эгер кооптонсоңор - жүргөн же минген абалыңарда намаз окуй бергиле. Коопсуз болооруңар замат - Аллах үйрөткөндөй намаз окугула.

240.  Өлүм төшөгүндө жаткандар жесир жубайын   бир жылга чейин үйдөн куулбоосун, зарыл тиричилик каражаттарын  колдоно алуусун туугандарына керээз кылсын. Жесир  жыл айланбай өз каалоосу менен ал короодон  чыгып кетсе жана турмушун жаңыртса  силер үчүн күнөө эмес. Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.

241. Талагы берилген аялдарды керектүү деңгээлде каржылоо такыбаларга милдет!

242. Ошентип, Аллах силерге Өзүнүн аяттарын, акыл иштетүүңөр үчүн баян кылат.

243. Өлүмдөн коркуп журттарынан безген миңдеген адамдардын окуясын укпадың беле? Аллах аларга: "Өлгүлө!" -  деди. Алар өлүштү. Анан, аларды кайра тирилтти. Акыйкатта, Аллах адамдарга Берешен. Бирок,  көпчүлүгү  шүгүр кылышпайт.

244.  Аллах жолунда согушкула жана билгиле, Аллах – Угуучу, Билүүчү!

245. Аллахка татыктуу карыз бере алчу адам барбы? Аллах ага көп сыйлык кошуп кайтарат.  Ырыскыларды Кеңейтүүчү  да, Тарытуучу да Аллах! Анын Өзүнө гана кайтып барасыңар.

246. Мусадан кийинки, Исрайил ак сөөктөрүнүн кабарын билбедиңби? Алар   пайгамбарына: "Бизге падыша дайындап бер, Аллах жолунда согушалы" - дешти, ал: "Эгер силерге согуш парз кылынса баш тартпайсыңарбы?" - деп сурады. Алар: " Биз журтубуздан жана бүлөөлөрүбүздөн айдалып жатсак - кантип   согушпай койолу?! "- дешти. Ал эми, согуш парз кылынганда, бир азын эске албаганда баары согушуудан баш тартты жана Аллах заалымдарды Билүүчү.

247. Аларга пайгамбары: "Аллах силерге Таалутту падыша кылып дайындады" -дегенде: "Ал кедей, бизге кантип падышалык кылсын?! Ага караганда падышалыкка өзүбүз татыктууракпыз" - дешти. Анда пайгамбар: "Аны силерге Аллах тандады жана анын илимде да денесинде да кубаты өзгөчө. Аллах  падышалыкты Өзү каалаганга берет жана Аллахтын жоомарттыгы Кенен, Билүүчү"- деди.

248.  Пайгамбары аларга: "Душман колундагы сандыгыңардын кайтарылуусу - анын падышалыгынын белгиси. Анда Раббыңар тарабынан бейпилдик жана Муса менен Харундун үйбүлөсүнөн калган  табериктер бар. Аны периштелер көтөрүп келишет. Эгер чындап момун болсоңор ушул окуяда силер үчүн аян-белгилер бар" -  деди.

249.  Таалут аскерлер менен чыкканда: "Аллах силерди суусаган мезгилиңерде бир дарыя менен сынайт. Андан  ичкен – менден эмес, себеби ал – сабырсыз, ал эми ичпеген гана  мени менен барат. Бирок, бир ууртамга уруксат” –деди. Анан дарыяга жеткенде көбү суу ичип алышты. Таалут менен бирге ыймандуулар дарыядан өттү эле, көпчүлүк коркоктор: "Бүгүн Жаалут аскерлери менен согушууга алыбыз жетпейт" - дешти. Ал эми, Аллах менен жолугууга ишенгендер: "Нечендеген көп сандуу аскерлерди Аллахтын каалоосу менен аз сандуу аскерлер жеңип чыккан. Аллах сабырдуулар менен!"  - дешти.

250. Жана Жаалут аскерлери менен беттешкенде: "Яа, Раббы! Үстүбүздөн  чыдамкайлык жаадыр, кадамыбызды бекемде жана каапыр үстүнөн жеңиш бер!" - деп дуба кылып согушка киришти.

251. Кийин Аллахтын каалоосу менен алар жеңди жана Дауд  Жаалутту өлтүрдү. Аллах Даудга падышалык менен пайгамбарлык берип, Өзү каалаган илимдерди үйрөттү. Эгер Аллах адамдардын арасындагы Жаалут сыяктуу каапырларды, Таалут сыяктуу момундар менен жоготуп турбаса, жер бети бузулуп кетмек. Аллах ааламдарга Жоомарт.

252. Булар – Аллахтын далилдери. Аларды сага акыйкат менен айтып берүүдөбүз жана сен, акыйкатта, пайгамбарлардын бирисиң.

Үчүнчү бөлүм

253. Биз пайгамбарлардын кээ бирлерин башкаларынан абзел кылдык. Алардын кээ бирөөлөрү менен Аллах сүйлөштү, ал эми кээ бирөөлөрүнүн даражасын жогорулатты. Биз Марям уулу Исага анык далилдер берип, аны Ыйык Рух менен кубаттадык. Эгер Аллах кааласа, андан кийинки муундар анык далилдер келген соң өз ара согушпайт эле. Бирок, пикирлери келишпеди: бирөөлөрү ыйман келтирди, кээ бирлери каапыр болду. Эгер Аллах кааласа бири-бирине касташпайт эле. Аллах каалаганын жасайт.

254. Эй, ыйман келтиргендер!  Алды-саттысы, жоро-жолдошчулугу жана шапаат-ортомчулугу жок Күн – келе электе Биз силерге ырыскы кылып бергенден Аллах жолуна сарптагыла жана каапырлар гана заалымдар.

255. Аллах- андан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Өзү гана бар. Ал – түбөлүк Тирүү, баарын башкарып Туруучу. Аны үргүлөө да, уйку да албайт. Асмандардагы жана жердегинин баары Аныкы! Анын алдында, Анын уруксатысыз эч ким шапаат кыла албайт. Ал алардын келечегин да  өтмүшүн да билет. Алар   Анын илиминен Ал Өзү ыраа көргөнчөлүк гана билет. Анын Курсийси асмандар менен Жерден да кенен жана аларды сактоодон Ал чарчабайт жана Ал – эң Жогору, эң Улуу!

256. Динде мажбурлоо жок. Туура Жол адашуудан ажыраган. Таагутка баш ийбей, Аллахка ыйман келтирген - бекем түркүктү кармаптыр!  Аллах – Угуучу, Билүүчү.

257. Аллах – ыймандуулардын жетекчиси. Аларды караңгылыктан нурга чыгарат.
Каапырлардын башчысы – Таагут. Ал аларды нурдан караңгылыкка чыгарат. Алар  Тозоктун түбөлүк ээлери.

258. Аллах падышалык берген Ибрахим менен, анын Раббысы тууралуу  талашкан текебердин кабарын билдиң беле? Ибрахим ага: " Өмүр жана өлүмдү менин гана Раббым берет " - десе, ал: "Мен да өмүр, өлүм бере алам"- деди. Анда Ибрахим: "Аллах Күндү чыгыштан чыгарат, сен  кудай болсоң аны батыштан чыгарчы”- дегенде каапыр жооп бере албай кеңгиреп калды. Аллах заалымдарды Туура Жолго баштабайт!

259.  Же пайдубалына чейин кыйраган айылдан өткөн кишинин окуясын укпадың беле? Ал киши: кырылган кыштактан өтүп баратып: "Аллах ушуну кырылган соң кантип кайра тирилтет?"- деди. Аллах анын өзүн жүз жылга өлтүрдү да, кайра тирилтип: "Канча убак жаттың?" – деп сурады. "Бир же жарым күн " -деп жооп берди. Аллах: "Жок, жүз жыл жаттың,  оокатыңды кара – бузулган эмес. Ал эми эшегиңдин чирип кеткен сөөктөрүнө кара. Биз адамдарга аян  белги кылуу үчүн сени ушинттик. Сөөктөргө  кара - Биз аларды кантип чогултуп, кийин аларга эт каптайбыз.” – деп түшүндүрдү. Анан баары анын көз алдында болуп өткөндө:   "Мен  эми  Аллахтын  баарына Кудуреттүүгүн билемин!" - деди.

260. Эстегин, Ибрахим: "Яа, Раббым! Мага өлүктү кантип тирилтээриңди көрсөт" - дегенде, Аллах: "Ишенбей жатасыңбы?" - деп сурады. Ибрахим: "Жок, болгону жүрөгүм кадыржам болсун"- деди. Аллах: "Төрт кушту карма да, аларды союп, ар биринен ар тоого чачып сал. Анан аларды чакыр – сага учуп келишет»- деди. Билип  кой, Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.

261.  Мал-дүйнөсүн Аллах жолунда сарптагандардын мисалы - жети машактуу  дан сыяктуу. Ар бир машактын жүздөн даны болот. Аллах каалаган пендесине ушул сыяктуу көбөйтүп берет. Аллахтын пейили, илими Кенен жана Ал  Билүүчү.

262.  Мал-дүйнөсүн Аллах жолунда садага кылып, артынан колко кылбагандарга Раббысынан көптөгөн сыйлыктар бар, аларга эч коркунуч жок жана кайгыга да батышпайт.

263. Ширин сөз жана  кечирим  - заар сөздүү садагадан жакшы. Аллах – Беймуктаж жана пейили Жумшак.

264.  Эй, ыйман келтиргендер! Аллахка жана Акырет күнүнө ишенбеген жана малы дүйнөсүн, мактанып  садага кылгандарга  окшоп берген  садагаңарды колко,  заар сөз менен жокко чыгарып албагыла!  Анын мисалы үстүн чаң баскан таш сыяктуу - ага жамгыр жааса жууп, жылаңачтап койот. Алар ушуга окшоп жасаган иштеринен куржалак калышат. Аллах каапыр коомдорду туура жолго баштабайт.

265.  Малы-дүйнөлөрүн Аллахтын ыраазылыгына жана бекем  ишенимдери менен садага кылгандардын мисалы - бийик, тегиз жердеги бак сыяктуу. Ага нөшөрлүү жамгыр жааса, түшүмүн эки эсе көп берет. Эгер ага нөшөрлүү жамгыр жетпесе, себелеп жааганы деле  пайда берет жана Аллах силер жасаган бардык ишиңерди Көрүүчү.

266. Араңардан бирөөнүн , астынан дарыялар аккан, ичинде ар түрдүү мөмөлөрү, жүзүм, курма багы болуп, өзү картайып, балдары  да алсыз, муктаж мезгилинде, багына оттуу бороон тийип, өрт каптоосун ал каалайт беле?! Аллах силер пикир кылууңар үчүн аяттарын ушинтип баяндайт.

267.  Эй, ыйман келтиргендер! Өзүңөр иштеп тапканыңардан жана жерден өндүргөн түшүмүңөрдөн садага бергиле жана алардын начарларын бербегиле. Аны өзүңөр да албайт элеңер. Алсаңар да көзүңөрдү жумуп жактырбай алмаксыңар жана билгиле - Аллах Беймуктаж жана мактоого Татыктуу.

268. Шайтан силерди кедейлик менен коркутат жана бузукулуктарга буюрат. Аллах, силерге Өзүнүн кечиримин, пазилетин убада кылат. Аллахтын ырайымы Кенен, Билүүчү.

269. Аллах каалаган пендесине даанышмандык берет. Кимге даанышмандык  берилсе - ага көп жакшылыктар берилиптир. Муну акылдуулар гана баамдайт.

270. Силер кандай садага бербегиле - Аллах жолунда кандай убада ниет кылбагыла – Аллах билип турат. Адилетсиздерге  Аллах тарабынан жардам жок.

271. Ашкере кылынган садагалар–жакшы. Эгер кембагалдарга жашыруун берсеңер –силерге бул да жакшы. Бул садагалар  силердин күнөөңөрдү жууйт жана Аллах силер кылып жаткан ишиңерден кабардар.

272.  Аларды туура жолго жетектөө сенин мойнуңда эмес, себеби Аллах Өзү каалаган пендесин Туура Жолдо жетелейт. Мүлкүңөрдөн  сарптаганыңар  – өзүңөргө пайда. Анткени, Аллахтын Жамалын көрүү үчүн садага кыласыңар жана кандай мүлк сарптабагыла –сыйлыгы толук кайтат жана адилетсиздик болбойт.

273. Аллах жолунда жүрүп, тириликтен кыйналган, сапарга муктаж, бирок байкабагандарда  - бирөөдөн сурабагандыктан - бай көрүнгөн кедейлерге садага бергиле. Аларды  көрүнүшүнөн эле тааныйсыңар - алар тилемчилик кылышпайт. Кандай гана садага кылсаңар да, Аллах Билүүчү!

274. Түнү-күнү малы дүйнөсүн жашыруун жана ашкере садага кылгандар үчүн Раббысынын алдында көбөйтүлгөн сооптору бар.  Аларга коркунуч жок, капа болушпайт.

275. Сүткорлор Кыяматта акылдан азган адам сыяктуу тирилтирилет. Бул алардын: "Соода деле сүткорлук  сымал " - дегени үчүн! Аллах сооданы адал, сүткорлукту арам кылган. Ал эми, кимге Раббысы тарабынан насаат келгенде токтотсо – өткөндөгүсү өзүнө адал жана келечеги Аллахка тапшырылат жана ким сүткорлукка кайтса – ошолор гана тозокулар жана анда түбөлүк калышат!

276.   Аллах сүткорлуктун пайдасын курутат жана садагаларды пайдалуу кылат. Аллах күнөөкөрдү, каапырды сүйбөйт.

277.   Ыйман келтирип, жакшылык жасаган, намазды аткарган жана зекет бергендер үчүн Раббысынын алдында сооптору даяр жана аларга коркунуч болбойт, кайгыга да батышпайт.

278.  Эй, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула жана эгер момун болсоңор, мурда алып жүргөн сүткорлук пайдаңардын калганын кечкиле.

279. Эгер андай кылбасаңар, Аллах жана анын элчиси силерге каршы жарыялган согушту билип койгула жана эгер тооба кылсаңар пайыз кошулбаган мүлкүңөр өзүңөргө. Ошондо бирөөгө да зулум кылбайсыңар, силерге да зулум кылынбайт.

280. Эгер карыз алуучу начар жашаса, байыганга чейин күткүлө. Эгер карызыңарды садага кылып жиберсеңер  өзүңөргө жакшы, эгер билсеңер.

281. Аллахка кайтарыла турган күнүңөрдөн корккула! Кийин ар бир жан ээси өзүнүн ишине жараша толук натыйжасын алат жана аларга зулум кылынбайт.

282. Эй, ыйман келтиргендер! Белгилүү мөөнөткө карыз алсаңар, ал мамилени жазгыла. Ортоңордогу жазуучу адилет жазсын. Ал Аллах үйрөткөндөй жазсын. Сөзсүз жазсын жана карыз алуучу айтып жаздыртсын. Ал Раббысынан корксун жана карызын кемитпесин. Эгер карыз алган кемакыл, алсыз же айтып жаздыра албаган дудук болсо, анын ишенимдүү өкүлү адилеттик менен айтып турсун жана күбөлүккө эки эркекти -  эркек табылбай калса, бир эркек жана эки аялды - күбөлүккө тарткыла, анткени, аялдардын бири адашса, экинчиси эскертип турат. Күбөлүккө чакырылгандар  баш тартышпасын! Карызы, аз же көп болгонуна карабай мөөнөтүнө чейин жаздырып коюудан эрикпегиле. Ушунуңар Аллахтын алдында адилеттүүрөөк, далилге да жарамдуу жана шектенүүдөн алыс кылат. Ал эми, айлантып жаткан накталай соодаңарды жазбай эле койсоңор  күнөө эмес. Соодаңарда  унутуп калуудан коркуп же аныктык үчүн  күбөлөрдү тарткыла жана жазуучу да, күбөлөр да зыян тартышпасын. Эгер буга тетири жасасаңар  бул силердин бузукулугуңардын белгиси. Аллахтан корккула! Аллах силерге ушинтип таалим берет. Аллах ар бир нерсени Билүүчү.

283.  Эгер сапарда жазуучу таппасаңар карыздын наркына тең  күрөө алсаңар болот. Эгер  өз ара ишенсеңер, аманат алуучу өз мөөнөтүндө аткарсын жана Раббысы – Аллахтан корксун! Күбөлүктү жашырбагыла! Ким жашырса – анын жүрөгү күнөөлүү. Аллах силердин ишиңерди Билүүчү.

284. Асмандардагы жана жердегинин  баары Аллахка таандык. Силер  ичиңерге катсаңар да,  ашкере кылсаңар  да -  Аллах силерди ошону менен эсеп-китеп кылат жана Өзү каалаган адамын кечирип, каалаганын азапка салат. Аллах ар бир нерсеге Кудуреттүү.

285. Пайгамбар жана момундар Раббысы тарабынан түшүрүлгөнгө ыйман келтиришти. Алардын баары Аллахка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына ишеништи жана "Биз Аллахтын пайгамбарларынын арасынан эч кимисин алакчылабайбыз. Яа, биздин Раббыбыз, биз өкүмүңдү уктук жана моюн сундук! Бизди кечир жана сага гана кайтабыз" - дешти.

286.  Аллах эч бир жанды алы жетпегенге буюрбайт, ар кимдин пайдасы да зыяны да өз ишинен. Яа, Раббыбыз, эгер унутсак же ката кетирсек бизди жазалаба?! Яа, Раббыбыз, мойнубузга, бизден мурдагыларга жүктөгөндөй оор ишти жүктөбө! Яа, Раббыбыз, бизге  кудуретибиз жетпегенди жүктөбө! Биздин күнөөлөрүбүздү өчүр жана кечир, бизге ырайым кыл! Өзүң биздин Кожоюнубузсуң! Каапыр коомдорго каршы бизге жардам бер!

                                       
                                                                                  3

                                                                           «Аали Имран»


Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен!

1.  Алиф, Лам, Мим.

2. Аллах… Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал  түбөлүк Тирүү жана жашоону түбөлүк Коштоочу.

3-4. Ал сага, сенден мурда түшкөндөрдү тастыктаган Китепти акыйкат менен түшүрдү. Ал ага чейин адамдарга жетекчилик кылган  Тоорат менен Инжилди түшүргөн. Эми, чындык менен жалганды ажыратуучуну түшүрдү. Акыйкатта, Аллахтын аяттарына ишенбегендер  үчүн оор азаптар даярдалган. Анткени,  Аллах Кудуреттүү, өч Алуучу!

5.  Акыйкатта, Аллахтан жерде да, асмандарда  да эч нерсе жашырына албайт.

6. Ал - силерге энеңердин жатынында Өзү каалаган кейип берүүчү. Кудуреттүү, Даанышман. Андан башка  сыйынууга татыктуу эч кудай жок, жалгыз Анын Өзү гана бар.

7. Ал сага ичинде Китептин энеси болгон  анык жана каймана аяттары бар Китеп түшүргөн Зат. Жүрөгүндө  илдети  барлар коогалаң салуу үчүн өз каалоолоруна ылайыктап маңызын Аллахтан башка эч ким чечмелей албаган каймана аяттарды ээрчишет. Ал эми  илими негиздүүлөр: "Биз Кураанга ыйман келтиргенбиз. Ал Раббыбыздан келген акыйкат",- дешет. Бирок, акылдуулар гана  мындан эскертме табышат.

8. Яа, Раббы! Бизди туура жолго салганыңдан кийин жүрөктөрүбүздү адаштырба жана бизге Өз рахматыңды белек кыл! Анткени, Сен арбын белек Берүүчүсүң!

9. Яа, биздин Раббыбыз! Сен адамдарды, шек-күмөнсүз Кыяматта  чогултасың. Акыйкатта, Аллах убадасын бузбайт!

10. Каапырларды    Аллахтын азабынан малы дүйнөсү да, бала-бакыралары да куткара албайт. Алар  Тозоктун отундары!

11. Фираун эли жана алардан мурдагы каапырлар да ушундай эле. Алар  Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты, Аллах аларды күнөөлөрү үчүн азапка салды. Аллах – жазалоодо Каардуу.
12.  Каапырларга: "Силер жакында жеңилесиңер жана Жаханнамга чогултуласыңар. Ал өтө жийиркеничтүү орун!"-  деп айткын.

13. Силерге  согуш майданындагы  беттешкен эки тарап белги.  Бир тарап Аллах жолунда согушкандар, экинчиси каапырлар эле. Аллах жолундагылар душмандардын эки эсе көптүгүн  анык көрдү. Аллах каалаган пенделерине Өз жардамын берет. Акыйкатта, мында көрө алгандар үчүн үлгү  бар.

14. Адамдарга аялдары, балдары, чогулткан кинтар алтын-күмүштөрү, тулпар аттары, малдары жана эгин талааларынан алынчу жыргалга болгон махабат көркөмдөлдү. Булар өтөөр дүйнө жыргалдары. Кайтууга эң сонун жай  Аллахтын гана алдында.

15-16. "Силерге мындан да абзелирээк тууралуу  айтып  берейинби? Такыбалар үчүн Раббысынын алдында, астынан дарыялар аккан жана анда түбөлүк жашай турган Бейиштер, таза жубайлар жана Аллахтын ыраазылыгы бар.”- дегин. Аллах "Яа, Раббыбыз! Акыйкатта, биз ыйман келтирдик. Биздин  күнөөлөрүбүздү кечир, Оттун азабынан сакта!" -деп дуба кылуучу пенделерин Көрүүчү.

17. Алар сабырдуу, чынчыл, моюн сунуучу, садака берүүчү жана таң-заарда Аллахтан кечирим сурагандар.

18. Аллах, периштелер жана илимдүүлөр - Андан башка сыйынууга татыктуу зат жок жана Аллах адилеттүүлүктү кармап Туруучу - деп күбөлүк беришти. Андай Кудуреттүү, Даанышмандан башка сыйынууга татыктуу кудай  жок!

19. Албетте, Аллах кабыл кыла турган дин Ислам. Китеп берилгендерге илим келгенден кийин гана көралбастыктан жана өзара адилетсиздиктен  пикирлери келишпеди. Аллахтын аяттарына ишенбегендер Аллахтын  тез эсептешээрин билип алсын.

20.   Эгер алар сени менен талашса: "Мен, мени  ээрчигендер менен жүзүмдү Аллахка моюн сундурдум" деп айткын жана китеп берилгендер менен сабатсыздардан: "Силер да моюн сундуңарбы?" деп сурагын.  Эгер Исламга киришсе  Туура Жолду ээрчишет. Эгер жүз бурушса, сага   чындыкты жеткирүү гана тапшырылган. Аллах пенделерин Көрүүчү.

21. Аллахтын аяттарына ишенбей, пайгамбарларды жана адилеттүүлүккө  буюруп жүргөндөрдү эч укуксуз өлтүргөндөргө оор азаптарды «сүйүнчүлө».

22. Алар, бул дүйнөдө, Акыретте да жакшылыктары күйүп кеткендер жана алардын жардамчылары да жок!

23. Аллахтан келген Китептен үлүш берилгендер ортолорундагы талашты чечүү үчүн Кураанга чакырылганда бир бөлүгү жүз үйүргөнүн көрдүңбү?

24. Себеби алар: "Биз Отко саналуу гана күндөргө түшөбүз" -деп айтышат. Аларды  диндериндеги өздөрү ойлоп  чыгарган сөздөрү адаштырып койду.

25. Ар бир жан жасаган иштеринин натыйжасын адилеттүү, толук алчу күмөнсүз Күнү чогултулганда алар эмне кылышат?!

26-27. "Оо, Аллахым! Бардык мүлктүн Падышасысың! Сен мүлктү каалаган пендеңе бересиң жана каалаган пендеңден мүлктү аласың жана кимди кааласаң мертебелүү кылып, кимди кааласаң кордойсуң. Жакшылыктын баары - Сенин колуңда. Сен бардык нерсеге Кудуреттүүсүң. Сен түндү күнгө, күндү түнгө киргизесиң. Сен тирүүдөн өлүк, өлүктөн тирүүнү чыгарасың жана Өзүң каалаганга эсепсиз ырыскы бересиң!"- дегин.

28. Момундар - ыймандуулардын ордуна каапырларды жардамчы жана дос деп эсептебесин! Каапырлардан коркунуч жок кезде  ушинткендердин  Аллах менен эч кандай мамилеси жок! Аллах силерди Өзүнөн этият болууну эскертет жана Аллахка кайтуу бар.

29. "Эгер көкүрөгүңөрдөгүнү жашырсаңар да, жарыяласаңар да Аллах билип  турат. Ал асмандар менен жердегини билет. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү"- дегин.

30. Ар  бир жан өзү жасаган жакшы-жаман иштерин көрөөр Күнү, ал кылмышы менен өзүнүн арасы өтө алыс болуусун каалайт. Аллах силерди Өзүнөн этият болууну эскертет. Аллах  пенделерге  Мээримдүү.

31.  Айт: "Эгер Аллахты сүйсөңөр  - мени ээрчигиле. Ошондо гана Аллах силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет. Аллах  Кечиримдүү, Мээримдүү."

32.  Айт: "Аллахка жана пайгамбарга моюн сунгула! Эгер жүз бурушса, Аллах каапырларды сүйбөйт!

33. Акыйкатта, Аллах Адамды, Нухту, Ибрахимдин үй-бүлөсүн жана Имрандын урпактарын бүт ааламдардын үстүнө пайгамбарлыкка тандап алды.

34. Алардын кээ бирөөлөрү башкаларынын урпактарынан эле. Аллах Угуучу, Билүүчү.

35. Имрандын аялы: "Яа, Раббым! Мен ичимдеги баланы жалгыз Сага арноого сөз бердим. Менден кабыл кыл! Өзүң Угуучу,  Билүүчүсүң!"- дегенин эстегин.

36. Ал көз жарган соң “Яа, Раббым! Мен кыз төрөдүм” деди, - Аллахка ким төрөлгөнү маалым эле, эркек менен ургаачы тең эмес - Мен аны Марям деп атадым, аны  жана анын урпактарын куулган,  ташбараңга алынган шайтандан сактооңду тилейм”-деди.

37. Раббысы Марьямды жакшы кабыл алып, татыктуу өстүрдү жана аны Закарияга тапшырды. Закария анын ибадатканасына кирген сайын дасторконунда  ырыскы турганын көрөт. Ал: “Оо, Марям, булар кайдан?” деп сурады. Ал: “ Албетте, Аллахтан. Аллах каалаганына эсепсиз ырыскы берет” -деп жооп берди.

38. Ошондо, Закария Раббысына дуба кылып: “Яа, Раббым! Мага да Өзүңдөн сонун урпак бере көр! Сен дубаны Угуучусуң!” -деди.

39. Анан бир күнү ал ибадатканада намаз окуп жатканда периштелер: «Эй, Закария! Аллах сени Яхья аттуу перзент кабары менен сүйүнтөт. Ал Аллахтын Сөзүн тастыктоочу, улукзаада, токтоо жана мертебелүү пайгамбарлардан болот!” -деп кайрылышты.

40. Закария: “Яа, Раббым! Өзүм  картайып, аялым да туубас болсо- мен кантип балалуу болмок элем?!” –деди. Аллах: “Ушундай. Аллах каалаган ишин аткарат» -деди.

41. Закария: “Яа, Раббым! Кадыржамдык үчүн белги  бере көр!”- деп суранды. Аллах: “Сен  үч күн адамдарга ишаарат менен гана сүйлөп каласың. Эми, Раббыңды эртели-кеч көп зикир кыл жана Аны даңктап, макта!” -деди

42. Мына  периштелер: “Яа, Марям! Аллах сени тандап, тазалады жана ааламдагы бүт аялдардан абзел кылды.

43. Яа, Марям! Раббыңа моюн сунуп, ибадат кыл жана ийилгендер менен чогуу ийил”-  дешти.

44. Булар - Биз сага кабарлап жаткан кайып окуялардан. Алар  Марямды ким камкордугуна алаарын  чечүү үчүн  чучукулакка калемдерин ыргытканда сен жок элең.

45-46.  Бир кезде периштелер: “Яа, Марям! Аллах сени, Иса Масих ибн Марям аттуу Өзүнүн Сөзү тууралуу кабарды сүйүнчүлөйт.  Ал бул дүйнө жана Акыретте  урматтуу жана Аллахка жакындардан.  Ал адамдарга бешиктеги кезинде жана чоңойгондо сүйлөйт жана салыхтардан болот» - деп сүйүнчүлөштү.

47. Марям: “Яа, Раббым! Мага эч бир эркек тийбей туруп, кантип уулдуу болом?!”- деп таң калды.  Аллах: “Ушундай. Аллах Өзү каалагандай жаратат. Ал бир ишти өкүм кылса, ага “бол!”- дейт жана ал иш аткарылат”- деди.

48. Жана Аллах ага Китепти, даанышмандыкты, Тооратты жана Инжилди үйрөтөт,

49-50-51. Исрайил урпактарына  пайгамбар кылат. Ыйса аларга: “Мен силерге Раббыңардан белгилер алып келдим: силерге ылайдан куштун сөлөкөтүн жасап, ага үйлөсөм, Аллахтын эрки менен тирүү кушка айланат, Аллахтын уруксаты менен сокурларды, макоолорду айыктырам, өлүктөрдү тирилтем жана  мен силерге жеп жатканыңар, үйүңөрдө сактап жатканыңар тууралуу айтып берем. Акыйкатта, ушунда силер үчүн белгилер бар, эгер ишенсеңер. Мен силерге менден мурдагы Тооратты тастыктоо үчүн жана Тооратта тыйуу кылынган кээ бир нерселерге уруксат берүү үчүн жиберилдим жана Раббыңардан аят далилдерди алып келдим. Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула. Акыйкатта, Аллах менин да Раббым, силердин да Раббыңар. Анын Өзүнө гана ибадат кылгыла! Анткени, Туура жол  ушундай!” – деди.

52-53.  Ыйса алардын каапырлыгын сезип калганда шакирттерине: “Аллах жолунда ким мага жардамчы болот?” -деди эле, шакирттери: “Биз Аллахтын жардамчылары болобуз? Аллахка ыйман келтирдик жана күбө бол – мусулманбыз, яа, Раббы! Биз Сен түшүргөнгө ыйман келтирдик жана пайгамбарга ээрчидик. Эми бизди күбөлөрдүн катарына жаз!”- дешти.

54. Алар айлакерлик кылышты эле, Аллах да амалкерлик кылды. Аллах амалкерлердин эң мыктысы.

55. Мына  Аллах:“Эй, Иса, мен сени Өзүмө алам, Өзүмө көтөрөмүн жана сени каапырлардын дооматтарынан таза кармайм жана сага ээрчигендерди  Кыяматка чейин каапырлардан жогору кылам. Кийин Мага кайтасыңар, анан Мен силердин талашыңар  боюнча өкүм чыгарамын.

56. Каапырларды Мен бул жашоодо да, Акыретте да катуу азаптаймын жана алардын жардамчылары жок.

57. Ыйман келтирип, жакшылык кылгандардын соопторун Аллах толук берет жана Аллах заалымдарды сүйбөйт.

58. Бул даанышман эскертмелерден   жана  Аллахтын аяттарынан айтып бергендерибизден.

59.  Акыйкатта, Аллахтын алдында Иса  Адам  сыяктуу. Аллах аны топурактан жаратып: “бол!”- дегенде, дароо жаралды.

60. Акыйкат  Раббыңдан. Ошондуктан сен  шектенгендерден болбо.

61.  Сага  илимден берилгенден кийин деле бул маселеде сени менен талашканга: “Келгиле, биздин балдарыбызды жана силердин  балдарыңарды, биздин аялдарыбызды жана силердин аялдарыңарды, өзүбүздү жана өзүңөрдү чакырып: “Жалганчыларга Аллахтын наалаты болсун!”,- деп каргайлы!”- дегин.

62. Акыйкатта, бул-чыныгы баян. Чындыгында бир Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана акыйкатта, Аллах Кудуреттүү, Даанышман.

63. Эгер  жүз үйрүшсө, Аллахка  бузукулук таратуучулар белгилүү.

64. “Эй, китеп ээлери! Аллахтан башкага кулдук кылбайлы, Ага шерик кошпойбуз жана Аллахтын катарында бири-бирибизди кожоюн деп эсептебейбиз – деген, силерге да бизге да жалпы бир сөзгө келели - деп айткын.  Эгер жүз бурушса: “Күбө болгула, биз – мусулманбыз”-дегиле.

65. Эй, китеп ээлери! Эмне үчүн Ибрахим жөнүндө талашасыңар?! Тоорат менен Инжил андан кийин түшкөн го! Акылыңарды иштетпейсиңерби?!

66. Силер билгенинерди   талашчусуңар. Эми эмне үчүн билбегениңер тууралуу талашып калдыңар?! Аллах гана билет, силер билбейсиңер.

67. Ибрахим жөөт да, христиан да болгон эмес.  Бирок, ал - ханиф жана муслим  болгон жана ал мушриктерден эмес эле.

68. Акыйкатта, Ибрахимге эң жакындар – ага ээрчигендер, бул пайгамбар жана ыйман келтиргендер. Аллах  ыймандуулардын Коргоочусу.

69. Китеп ээлеринин бир тайпасы силерди адаштырууну  каалашат. Бирок, өздөрүн азгырып жатканын билбей калышат.

70. Эй, китеп ээлери, эмне үчүн силер Аллахтын белгилерин четке кагасыңар, а өзүңөр күбөлүк бересиңер?!

71.  Эй, китеп ээлери, эмне үчүн акыйкатты жалганга оройсуңар  жана билип туруп акыйкатты жашырасыңар?!

72-73-74. Китеп ээлеринен бир тайпасы: “Момундарга түшүрүлгөн Кураанга күндүн башында ишенгиле да кеч киргенде ыйманыңардан кайткыла. Ошондо, алар силерди ээрчип, жолунан кайтса ажеп эмес,  момундар  сырыңарды билип,  Раббыңардын алдында силерден  далил талап кылбоолору үчүн - силердин диниңерге ээрчигендерге  гана ишенгиле” - дешет. Сен  аларга: «Чындыгында туурасы - Аллахтын жетекчилиги, акыйкатта ырахмат Аллахтын колунда. Аны Өзү каалаганга берет. Аллах баарын Камтуучу, Билүүчү! Ал Өз ыракматы үчүн  каалаганын тандайт жана Аллах  чоң пазилет Ээси!”-дегин.

75.  Китеп ээлеринин арасында көп байлыкты аманатка тапшырсаң да кыянат кылбай кайтаргандары бар. Ошондой эле, бир динар берсең - “Сабатсыздарды алдоо күнөө эмес”- деп, дооламайынча кайтарбагандары да бар. Алар  билип туруп Аллахка жалаа жабышат.

76. Жок, андай эмес! Ким убадасын аткарса жана Аллахтан корксо гана такыба. Аллах такыбааларды сүйөт.

77. Ал эми, Аллахка берген убадаларын жана анттарын арзыбаган баага сатып жибергендер үчүн Акыретте насип жок. Кыяматта Аллах аларга сүйлөбөйт, карабайт жана тазартпайт. Аларга оор азаптар бар.

78. Тоорат деп ойлооңор  үчүн    ага  тиешесиз кылып, аны тилдери менен бурмалап:  “Бул  Аллахтан”- деген тайпасы бар.    Чынында, ал Аллахтан эмес. Алар билип туруп Аллах тууралуу жалган айтышат.

79-80. Аллах Китеп, өкүмдарлык жана пайгамбарлык берген адам: “Аллахка эмес, мага кулдук кылгыла»,- дебейт. Тетирисинче ал: “Силер китепти изилдеп, ага үйрөтө алганыңар үчүн устаздык ылгыла”,- дейт жана ал силерди, периштелер менен пайгамбарларды кудай кылгыла деп буйурбайт. Мусулман болгонуңардан кийин каапырлыкка буюрмак беле?!

81. Аллах пайгамбарлардан: “Мен силерди Китептен жана даанышмандыктан насип кылам. Андан соң, силердегини тастыктоочу Пайгамбар келет. Силер  ага сөзсүз ыйман келтирип, жардам бересиңер»- деп убада алды жана: “Макул болдуңарбы, Менин келишимимди алдыңарбы?” деди. Алар: “Макул болдук”, – дешти. Анда Аллах: “Күбө болгула, Мен да силер менен күбөмүн”,-  деди.

82. Ушундан соң жүз үйүргөндөр -бузукулар.

83. Асмандар жана жердегинин баары өз эрки менен же мажбур Ага моюн сунган кезде Алар Аллахтын дининен башка динди издешеби?! Алар Аллахка кайтарылат.

84. “Биз Аллахка, бизге түшүрүлгөнгө жана  Ибрахимге, Ысмайылга, Исхакка, Якубга жана алардан тараган муундарга жана Муса, Иса жана башка пайгамбарларга Раббысы тарабынан берилгендерге ыйман келтирдик. Биз аларды бири биринен өзгөчөлөбөйбүз жана биз Аллахка моюн сунабыз”,-дегин.

85. Исламдан башка динди тандагандын ибадаттары кабыл алынбайт жана ал Акыретте зыян тартуучулардан болот.

86. Ыйман  келтирип, пайгамбардын чындыгына күбөлүк  берген  соң,  айкын далилдерден кийин каапыр болгондорду  Аллах кантип туура жолго баштасын?! Аллах заалымдарды туура жолго баштабайт.

87. Алардын жазасы- Аллахтын, периштелердин жана адамзаттын наалаты!

88-89. Андан соң тообо кылып, кылгандарын оңдогондордон башкасы анда түбөлүк калышат. Алардын азабы жеңилдетилбейт жана кечиктирилбейт. Аллах Ырайымдуу, Кечиримдүү.

90. Акыйкатта, ыйманга келген соң каапыр болуп, аны күчөткөндөрдүн тообасы кабыл болбойт. Алар- адашкандар!

91. Акыйкатта, каапырлар жана каапыр бойдон өлгөндөр күнөөлөрүнөн кутулуу үчүн  жердей  алтын берсе да эч кабыл кылынбайт. Алар үчүн оор азаптар камдалган жана аларга жардамчы жок!

92.  Өзүңөр сүйгөн нерселерден сарптамайынча жакшылыкка жетпейсиңер жана сарптаганыңарды Аллах Билүүчү.

Төртүнчү бөлүм

93.  Исрайил өзү баш тарткан тамактардан башкасы  Тоорат түшкөнгө чейин Исрайил урпактарына адал эле. “Тооратты апкелгиле жана окугулачы эгер чынчыл болсоңор”,-  деп айткын.

94. Ушундан кийин деле Аллахка жала жапкандар-  заалымдар!

95. Айткын: “Аллах акыйкатты айтты. Ханиф Ибрахимдин улутунан болгула. Ал мушрик эмес эле.

96.  Акыйкатта, адамдар үчүн курулган алгачкы Үй - Баккадагы   Кааба.  Ал ааламдар үчүн жалгоо жана жетекчилик.

97.  Анда  анык белгилер - Ибрахимдын орду бар. Ага  кирген коопсуз. Кудурети  жеткендер Үйгө ажылык кылууга  Аллах алданда  милдетүү. Каапырларга – Аллах ааламдардан Беймуктаж.

98. “Эй, китеп ээлери! Эмне үчүн, Аллах силердин кылганыңарды  байкап турса да, Анын аяттарына ишенбейсиңер?!” –дегин.

99. “Эй, китеп ээлери! Эмне үчүн ыймандууларды Аллах жолун бурмалап, андан адаштырасыңар?! Анын чындыгына өзүңөр күбө элеңер го?! Аллах силердин ишиңерден кабарсыз эмес!” – дегин.

100. Эй, ыймандуулар! Эгер китеп ээлеринен кээ бирлерин ээрчисеңер, алар ыйман келтиргениңерден  кийин деле  силерди каапырлыкка кайтарып койот.

101. Силерге Аллахтын аяттары окулуп, араңарда Анын элчиси турса да, кантип каапыр болуп, ишенбейсиңер? Аллахты бекем кармаган гана туура жолго коюлат.

102. Эй, ыймандуулар! Аллахтан корккула жана мусулман болуп көз жумгула.

103. Бардыгыңар Аллахтын арканын бекем кармагыла жана тарабагыла! Аллахтын силерге берген нээматын унутпагыла,  душман элеңер, жүрөгүңөрдү бириктирди,  Анын нээматы менен бир тууган  болдуңар. Тозок жээгинде элеңер, куткарылдыңар. Аллах Өзүнүн аяттарын ушинтип баяндайт. Балким туура жолго түшөөрсүңөр.

104. Араңарда жакшылыкка чакырган, ага буюрган жана жамандыктан кайтарган бир тайпа болсун. Ошолор гана ийгиликке жетүүчүлөр.

105-106. Анык баяндар келген соң бири-бирине касташып, бөлүнүп кеткендерден болбогула. Бирөөлөрдүн  жүздөрү агарып, кээ бирөөлөрүнүкү карайчу Күнү алар  үчүн улуу азаптар даярдалган. Жүзү  карайгандарга: “Ыйман келтирген соң каапыр болдуңарбы? Эми, ишенбегениңер үчүн  азаптангыла” - деп айтылат.

107. Жүзү агаргандар Аллахтын ырайымында болушат. Алар анда түбөлүккө калышат.

108. Бул  Аллахтын акыйкат менен сага окуп берген аяттары. Аллах ааламдарга зулумдукту каалабайт.

109. Асмандардагы жана жердегилердин баары Аллахтын мүлкү жана бардык иштер Аллахка кайтарылат.

110. Силер адамзат үчүн чыгарылган жакшы үммөт болдуңар. Аларды жакшылыкка буюруп, жамандан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер. Китеп  ээлери ыйман келтиришкенде өздөрүнө жакшы болмок. Алардын арасында ыйман келтиргендери бар. Бирок, көпчүлүгү бузукулар.

111. Алар силерге тажатуудан башка зыян жеткире албайт. Эгер силер менен согушса, артын  карап качышат. Анан аларга жардам берилбейт.

112.  Алар каерде болбосун Аллахтын жана адамдардын карамагына өтмөйүнчө кемсинтиле берилет.  Алар, пайгамбарларды өлтүргөндөрү жана чектен чыккандары үчүн Аллахтын каарына калып, кедейлик келгендер.

113.  Алардын баары бирдей эмес. Китеп ээлеринин арасында түнү менен сажда кылып, Аллахтын аяттарын окуп туура жүргөндөрү да бар.

114. Аллахка, Акыр күнгө ыйман келтиришет, жакшылыкка буюруп, жамандыкка тыйуу салышат жана жакшы иштерди жасоого шашылышат. Ошолор саалыхтардан.

115. Алар кандай жакшы иштерди аткарбасын кабыл болбой койбойт. Аллах такыбаларды Билүүчү.

116. Каапырларды Аллахтын азабынан малы-дүйнөлөрү да, бала-бакыралары да куткара албайт. Алар  Тозок ээлери. Анда түбөлүк калышат.

117. Алардын жумшаган мүлкү- өздөрүнө зулум кылган  коомдун эгиндерин  жок кылган оттуу шамалга окшойт. Аларга Аллах зулумдук кылган жок. Алар  өздөрүнө өздөрү зулумдук кылышты.

118. Эй, ыймандуулар! Өзүңөрдөн башканы дос тутпагыла! Алар силерге зыян жеткирүү мүмкүндүгүн койо бербейт жана силердин кыйналганыңарга кубанышат. Алар силерди жек көрүүсү тилинде. Бирок, жүрөктөрүнө жашырганы чоңураак. Эгер акылыңарды иштетсеңер, Биз силерге белгилерди  баяндадык.

119. Силер аларды сүйөсүңөр, алар силерди жек көрөт. Силер бүт Китептерге ишенесиңер. Алар  силерге  жолукканда: “Ыйман келтирдик” дешет, ал эми өздөрү калганда ичи күйгөнүнөн манжаларын тиштешет. “Ичиңер күйгөнүнөн өлүп кеткиле! Аллах көөдөндөгүнү Билүүчү”,- дегин.

120.  Силердин ийгилигиңерге алар ызаланат. Жамандыгыңарга кубанышат. Силер  такыба болуп, сабыр кылсаңар, алардын айлакерлиги силерге зыян бербейт. Анткени, Аллах алардын иштерин Камтуучу.

121. Бир кезде, сен үй-бүлөңдөн эрте чыгып, момундарды согуш орундарына жайгаштырдың. Аллах  Угуучу, Билүүчү.

122. Ошондо, силерден эки тайпа үмүтсүз болушту. Чынында, алардын жетекчиси Аллахтын Өзү эле жана момундар Аллахка гана өздөрүн тапшырышсын!

123. Аллах силерди Бадрда начар камыңарга карабай жеңишке жеткирген. Аллахтан корккула. Балким шүгүр кылуучу болоорсуңар.

124.  Ошондо, сен момундарга: “Раббыңардын, асмандан үч миң периште түшүрүп колдоосу жетишсизби?»,- дедиң.

125. Албетте, эгер такыба болуп, сабыр кылсаңар, каапырлар силергеназыр кол салса да Раббыңар беш миң белгиленген периштелер менен силерге жардамдашат.

126-127. Аллах жүрөгүңөрдү кадыржам кылуу үчүн муну сүйүнчүлөдү. Анткени, жардам Кудуреттүү, Даанышман Аллахтан гана келет жана   каапырлардын катарын бөлүп  же  үмүтсүздүк менен кайтчудай талкалоо үчүн ушинтти.

128.  Мунун сага тиешеси жок. Анткени, Аллах алардын тообаларын кааласа кабыл кылат, кааласа заалым болгондору үчүн азаптайт.

129. Асмандардагы жана жердегинин  баары Аллахка таандык. Ал каалаганын кечирип, каалаганын азаптайт. Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.

130- 131.  Эй, момундар! Сүткорлуктан көп эселеп жебегиле жана Аллахтан корккула –балким ийгиликке жетээрсиңер жана каапырлар үчүн даярдалган Оттон корккула!

132. Аллахка жана пайгамбарга моюн сунгула- балким силерге ырайым кылынаар.

133 -134. Раббыңардын кечиримине жана жокчулукта да, барчылыкта да садака кылган,  ачууларын кармап,  адамдарга кечиримдүү болгон такыбаалар үчүн даярдалган, кеңдиги асмандар менен жердей болгон Бейишке умтулгула. Акыйкатта, Аллах жакшылык кылгандарды сүйөт.

135-136. Жийиркеничтүү иш, же өздөрүнө зулум кылып алса, дароо Аллахты эстеп, күнөөлөрүн кечирилүүсүн сурагандарга -  күнөөлөрдү  Аллахтан башка ким кечирмек эле-  жана күнөөлөрүндө көгөрүп албагандарга Раббысынан кечирим жана түбөлүк калуучу, астынан дарыялар аккан  Бейиш бактары берилет! Жакшы амал кылуучулардын сообу кандай сонун!

137. Силерден мурда да мындай сыноолор болгон. Жер кыдырып, Аллахтын динин  жокко  чыгаргандардын акыбетин көргүлөчү.

138. Бул адамдарга түшүндүрмө жана туура жол жана такыбаалар үчүн эскертүү  жана насыйкат.

139. Эгер чындыгында ыймандуу болсоңор жогорулаганыңарда алсырабагыла жана кайгырбагыла!

140-141. Эгер силер жаракат алсаңар, мурдагылар да жарадар болушкан. Биз күндөрдү  момундарды билүү жана шейиттерди тандап алуу үчүн, Аллах ыймандууларды  тазалап, каапырларды кыйратуу үчүн кезеги менен алмаштырып турабыз. Аллах заалымдарды сүйбөйт.

142. Же, силер, Аллах жолунда согушкандарды жана сабырдууларды ажыратмайынча Бейишке киребиз дедиңерби?

143. Силер шейит болууну, өлүмгө жолукканга чейин үмүт кылдыңар эле! Эми, аны өз көзүңөр менен көрдүңөр!

144.  Мухаммад болгону пайгамбар. Ага чейин да пайгамбарлар болгон. Ал  өлсө, же өлтүрүлсө эле артка кайтасыңарбы? Ким артына кайтса, Аллахка эч бир зыян жеткире албайт! Аллах  шүгүр кылуучуларды гана сыйлайт.

145. Эч бир жан Аллахтын уруксаты менен  жазылган жана белгиленген ажалы келмейинче өлбөйт. Дүйнө  сообун каалаганга да  Акырет сообун каалаганга да үлүштөрүн беребиз жана Биз шүгүр кылуучуларды сыйлайбыз.

146. Көптөгөн кудайчыл cахаабалары жанында согушкан, нечендеген пайгамбарлар өткөн. Алар Аллах жолундагы машакаттар үчүн маанайы түшүп, алсырашкан эмес, моюн сунушкан. Аллах сабырдууларды сүйөт.

147. Алар: “Яа, Раббыбыз! Биздин күнөөлөрүбүздү, ысыраптарыбызды кечир жана кадамдарыбызды бекем кыл! Каапырларга каршы бизге жардам бер”,- деген дубадан башканы айтышкан эмес.

148. Анан Аллах аларга дүйнө жана  Акыреттин  эң жакшы сообун берди. Аллах жакшылык кылгандарды сүйөт.

149.  Эй, момундар! Каапырларга моюн сунсаңар, силерди артка кайтарат. Анан утулуп кайтасыңар.

150.  Жок, Аллах гана силердин Камкоруңар жана Ал жардамчылардын эң Сонуну.

151. Биз Аллахтан түшкөн далилсиз Ага шерик кылгандары үчүн, каапырлардын жүрөгүнүн үшүн алабыз. Алардын жайлары  От! Заалымдардын жайлары кандай жаман!!!

152. Силер Аллахтын уруксаты менен каапырларды талкалап жатканыңарда, маанайыңар түшкөнгө чейин, пайгамбардын буйругу боюнча талаша элегиңерде жана Ал силер сүйгөн нерсени көрсөтүп, пайгамбардын буйругун  аткарбай койгонуңарга чейин, Ал убадасын аткарган эле. Араңарда бул дүйнөнү  каалагандар жана акрытеттеги соопторду каалагандар бар. Андан соң сыноо үчүн Ал силерди качууга мажбур кылды жана Ал силерди кечирди. Аллах – ыймандууларга пазилеттүү!

153. Мына  акыркыңарда калып, пайгамбар  силерди чакырып жатса да силер бири-бириңерге карабай качтыңар. Кийин Аллах, колуңардан чыгарып жибергениңерге  ызаланбооңор  үчүн кайгы үстүнө кайгы берди. Аллах силердин аткарып жаткан ишиңерден Кабардар.

154. Ошол кайгыдан соң, Аллах силердин кээ бирөөңөргө көз ирмем уйку берди. Кээ бирөөлөр наадандык менен: “Менин бул ишке  кандай тиешем бар эле”- деп, Аллах тууралуу адилетсиз күмөн саноо менен түңүлүп отурушту. “Иштин баары Аллахтын колунда”-деп айт. Алар сырларын көкүрөгүнө  катып: “Эгер биздин иш болгондо, бөөдө  өлбөйт элек” дешет. Айт: “Эгер үйүндө  болсо да пешенесине өлүм жазылган болсо, өлө турган жерине келет. Аллах силердин жүрөгүңөрдөгүнү сынамакка жана аны тазаламакка ушинтти. Аллах  – жүрөктөгү cырларды Билүүчү”.

155. Эки тарап беттешкен учурда артына качкандарыңарды, кээ бир күнөөлөрү себептүү, шайтан гана азгырды. Аллах алардын күнөөсүн кечирди. Аллах Кечиримдүү, Жумшак.

156.  Эй, ыйман келтиргендер! Алыс сапарга же казатка чыккан туугандарын: “Жаныбызда жүрсө өлбөйт жана өлтүрүлбөйт эле”,- деген каапырларга окшобогула. Анткени, Аллах алардын сөздөрүн жүрөктөрүн ээлөөчү  кайгыга себепчи  кылып койбосун. Чынында, Аллах өлтүрөт жана тирилтет. Аллах силер жасап жатканыңады Көрүүчү.

157. Эгер силер Аллахтын жолунда өлтүрүлсөңөр же өлсөңөр.., Аллахтан алынган кечирим жана ырайым алар жыйнаган дүйнөдөн артык.

158. Эгер өлсөңөр же өлтүрүлсөңөр, сөзсүз Аллахтын алдына чогултуласыңар.

159.  Раббыңдын ырайымы себептүү сен аларга жумшактык кылдың. Эгер орой, ташбоор болсоң, алар сенден кетишмек. Аларды кечир жана алар үчүн кечирим сура жана  алар менен кеңеш. Ал эми чечим алган соң Аллахка тобокел кыл. Анткени, Аллах тобокел кылгандарды сүйөт.

160. Эгер Аллах колдосо силерди эч ким жеңе албайт. Эгер колдоосуз калтырса, Аллахтан башка  ким силерди колдой алат?! Момундар Аллахка гана тобокел кылышсын!

161. Пайгамбарга олжону адилетсиз бөлүү жарашпайт жана олжону адилетсиз бөлүп алган Кыяматта бөлүп алганын  көтөрүп келет. Соң  ар бир жан адилет менен өз иштеринин маянасын толук алат.

162.  Аллахтын ыраазылыгын көздөгөн менен бараар жери Тозок болгон, Аллахтын каарына калган барабарбы?! Бул кандай оор акыбет!

163. Алардын  Аллах алдындагы  даражалары ар башка. Аллах алардын жасаганын Көрүүчү.

164.  Мурда анык адашкандарына  карабай, өздөрүнөн, Аллахтын аяттарын окуп берүүчү, аларды күнөөлөрдөн тазалоочу жана Китепке үйрөтүүчү пайгамбарды жиберүү менен Аллах момундарга ырайымдуулук кылды.

165. Аларга эки эсе көп кырсык жеткизген соң, өзүңөргө кырсык келгенде:  “Бул бактысыздык кайдан?”-  деп таң калдыңар. Айткын: “Бул  өзүңөрдөн”. Акыйкатта, Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.

166-167. Эки тарап тирешкенде силерге жеткен нерселер араңардагы момундарды сыноо жана  эки жүздүүлөрдү билүү үчүн Аллахтын гана уруксаты менен болду. Аларга “ Аллах жолунда согушкула же жок дегенде коргонгула”,- деилгенде, алар: “Эгер согуш болоору анык болсо, силерге кошулмакпыз”,- дешкен. Алар ошондо ыймандан көрө каапырлыкка жакыныраак эле. Жүрөктөрүндө  жокту  айтышты. Аллах алардын жашырганын билет.

168. Өздөрүнүн согушка катышкан бурадарлары жөнүндө: “Эгер биздин тилибизге кирип, согушка катышпаганда - өлтүрүлбөйт эле”,- дешет.  Үйүндө  олтургандарга: “Эгер чынчыл болсоңор, өзүңөрдөн өлүмдү кайтаргылачы?!”- дегин.

169-170.  Аллах жолунда каза болгондорду өлүктөр дебегин! Алар – тирүү!  Алар Аллахтын пазилетинен алган сыйлыктарына, артында калган, бурадарларына келечекте коркунуч жана кайгы болбосуна   кубанып, Раббысынын алдында   ырыскылар менен сыйланышууда.

171-172. Алар жараттарына карабай Аллахка жана пайгамбарына жооп бергендер - Аллахтын нээматына, пазилетине жана  Аллахтын ыймандуулардын сообун жоготпосуна кубанышат. Алардын  жакшылык кылгандары жана такыбалары үчүн улуу сыйлыктар камдалган.

173. Аларга бирөөлөр: “Силерге каршы зор күч чогулган, алардан корккула!”,- дегенде, алардын ыйманы күчөдү жана: “Бизге Аллах жетишет жана Ал эң жакшы Колдоочу”,- дешти.

174. Анан, Аллахтын нээматы, пазилеттери менен кайтышты. Аларга  жамандык тийбеди жана Аллахтын ыразылыгына ээрчишти. Аллах  улуу пазилет Ээси.

175. Албетте, силерди достору менен коркуткан  шайтан. Алардан коркпогула, эгер момун болсоңор, Менден гана корккула!

176. Каапырлыкка шашкандарга капа болбо. Алар Аллахка эч зыян кыла алышпайт. Аллах аларды Акыреттеги  үлүштөрүнөн куру калуусун каалайт, аларга улуу азаптар камдалган.

177.  Акыйкатта, ыймандын ордуна каапырлыкты сатып алгандар Аллахка эч зыян бере алышпайт. Аларга азаптуу кыйынчылыктар даярдалган.

178. Биз күнөөлөрүн көбөйтүүсү үчүн гана мөөнөттөрүн узартып койгонубузду каапырлар жакшылык деп ойлошпосун! Аларга кемсинтүүчү азаптар бар!

179. Аллах ыпластан тазаны ажыратмайынча момундарды азыркы абалда калтырбайт жана Аллах силерге  кайыпты ачпайт. Бирок, Аллах пайгамбарларынан каалаганын тандап алат. Аллахка жана пайгамбарларына ыйман келтиргиле. Эгер ыйман келтирип, такыба болсоңор улуу сыйлыктарды аласыңар.

180. Аллахтын  пазилетинен алгандар сараңдыктарын жакшылык деп ойлобосун. Тетирисинче бул аларга жамандык. Кыяматта кызгангандары алардын мойнуна оролот. Асмандар менен жердин мурасы Аллахка таандык. Аллах силердин ишиңерден кабардар.

181. “Аллах  кедей, биз байбыз”,-  дегендердин сөздөрүн Аллах укту. Биз алар айткан сөздөрдү жана пайгамбарларды кыянаттык менен өлтүргөндөрүн жазып койобуз жана «Күйдүрүүчү Оттун азап даамын таткыла”,- дейбиз.

182. Бул азап өз колуңар менен жасаган ишиңер үчүн. Аллах пенделерине заалымдык кылбайт.

183. Алар: «Өздөрү апкелген курмандыктарын асмандан түшкөн от күйдүрмөйүнчө бир да пайгамбарга ишенбөөбүз тууралуу  Аллах бизден  убада алган»- дешет. Сен аларга: “Менден мурдагы пайгамбарлар силерге далилдери жана силер айтканыңарды алып келгенде да  эмне үчүн аларды өлтүрдүңөр, эгер чынчыл болсоңор?!”,- деп айткын.

184. Алар сени жалганчыга чыгарышса, сага чейинки анык далилдери, Китептери, нурлуу жазуулары менен  келген пайгамбарларды да жалганчыга чыгарышкан.

185. Ар бир жан өлүм даамын татуучу. Албетте, силер Кыямат Күнү гана өзүңөрдүн маянаңарды түгөл аласыңар. Ким  Тозоктон кутулуп, Бейишке киргизилсе – ийгиликке чындап жетет, ал эми дүйнө жашоосу - азгыруучу жыргал гана.

186. Эгер сабырдуу жана такыбаа болсоңор, малыңар жана жаныңар менен сыналасыңар жана силерден мурда китеп берилгендерден жана мушриктерден сөзсүз көп жагымсыз сөздөрдү угасыңар. Албетте, мында чечкиндүүлүк керек.

187. Мына  Аллах китеп берилген коомдордон: «Аны сөзсүз элге түшүндүрөсүңөр жана аны жашырбайсыңар»,- деп убада алган эле. Кийин алар анттарын артка ташташты жана аны  арзыбаган баага сатышты. Чындык ордуна сатып алгандары кандай жийиркеничтүү.

188. Жасаган кыянаттарына кубанып, али жасай элек иштерин мактанганды  сүйгөндөрдү- азаптан оолак болот деп ойлобо! Аларга азаптуу кыйынчылыктар  бар!

189.  Асмандар жана жер үстүндөгү бийлик  Аллахка таандык. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү.

190-191-192-193-194. Акыйкатта, асмандар менен жердин жаралуусунда жана түн менен күндүн алмашуусунда - турган, отурган жана жамбаштап жаткан абалында -Аллахты, асмандардын жана жердин жаралуусун эстеп: “Яа, Раббы! Сен буларды жөн эле жаратканың жок. Сен  Тазасың! Бизди Тозок азабынан сактай көр. Яа, Раббыбыз! Сен кимди Тозокко киргизсең – аны шерменде кылганың. Заалымдарга жардамчылар болбойт. Яа, Раббыбыз! Биз бир чакыруучунун “Раббыңарга ыйман келтиргиле!” деп, чакырганын уктук жана дароо ыйман келтирдик. Яа, Раббыбыз! Күнөөлөрүбүздү кечир жана каталарыбызды өчүр! Бизди жакшы кишилердин катарында өлтүр! Эй, Жараткан! Бизге пайгамбарларыңа убада кылганыңды бер! Акыйкатта, Сен убадаңы бузбайсың!»,- дешет. Мында  пикир кылган акылдуулар үчүн  белгилер бар.

195. Алардын Раббысы: “Акыйкатта, Мен эркек же аялбы - эч амалын текке кетирбейм. Бирөөңөр бирөөңөрдөн чыккансыңар. Менин жолумда журттарынан көчкөн, үйлөрүнөн куулган, кыйналган, согушкан жана өлтүрүлгөндөрдүн күнөөлөрүн сөзсүз кечиремин жана дарыялар агып турган Бейиш бактарына киргиземин. Аллахтын сыйлыктары эң жакшы, анткени, Аллахтын сыйлыктары эң сонун”-дейт.

196. Каапырлардын эркиндиктери сени кызыктырбай эле койсун.

197. Булардын баары бир аз гана жыргалдар. Кийин алардын орду Тозок! Ал кандай жийиркеничтүү жай!!!

198. Раббысынан корккондор үчүн Аллах тарабынан астынан дарыялар агып турган Бейиш бактары бар. Алар анда түбөлүк калышат. Аллахтын сыйы ушундай  жана жакшы  адамдар үчүн Аллахтын алдындагылары  жакшы.

199. Акыйкатта, китеп ээлеринин арасында Аллахка ишенген, Кураанга да, өздөрүнө түшүрүлгөнгө да ыйман келтирген, Аллахтан корккон, Аллахтын  аяттарын арзыбаган баага сатып жибербеген адамдар бар. Аларды Раббысынын сыйлыктары күтөт. Аллах тез Эсептешүүчү.

200. Эй, ыйман келтиргендер! Сабырдуу болгула, сабырдуулукту камдагыла жана чек арада кызмат кылгыла жана Аллахтан корккула! Балким, ийгиликке жетесиңер!

                           
                                                                                 4

                                                                        «Ниса»


Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын  ысымы менен!

1. Эй, адамдар! Силерди  бир жандан, андан жубайын жаратып, алардан көп аял-эркектерди тараткан Раббыңардан корккула!  Ысымы  менен бири-бириңерден сурай турган Аллахтан корккула жана тууганыңардан алыстап кетүүдөн абайлагыла. Албетте, Аллах силерди Байкоочу.

2. Жетимдерге өз малдарын бергиле. Ыпласты тазага алмаштырбагыла жана алардын малын өз малыңарга кошуп жебегиле. Анткени, бул  чоң күнөө!

3. Эгер, жетимдерге адилетсиздик кылуудан корксоңор, өзүңөргө жаккан башка аялдардан экөөнө, үчөөнө жана төртөөнө үйлөнгүлө. Эгер аларга адилетсиздик кылуудан корксоңор, анда бирөө менен же күңүңөр менен чектелгиле.  Ушул зулумдуктан качууга оңой.

4. Аялдарга махрын кең пейилдик менен бергиле. Эгер силерге махрынын бир бөлүгүн  өзү ыраазы болуп берсе - жей бергиле  аш болсун.

5. Аллах жашооңорго каражат кылып берген мүлкүңөрдү акылы толо электерге карматпагыла. Ал  мүлктөн жетимдерди жедиргиле, кийинткиле жана аларга мээримдүү сүйлөгүлө.

6. Жетимдерди балагатка чейин сынап тургула. Алардын  акылы жетилсе малдарын тапшыргыла жана алар бойго жеткиче тез арада, ысырап менен жеп койбогула! Байлар жетимдердин малын сактап бергени үчүн кызмат акы жештен өзүн тыйсын. Ал эми, кедейлер ал акыны жетимдердин ыраазылыгы менен жесин. Аларга мүлкүн кайтарууда күбөлөр  болсун. Аллахтын эсеби деле  жетиштүү.

7. Азбы же көппү ата-энеси жана жакындары калтырган мураста эркектердин  үлүшү бар. Ошондой эле, ата-энеси жана жакындары калтырган мурастан аялдарга да үлүш бар. Өкүм ушундай.

8. Эгер туугандар, жетимдер жана жакырлар мурас бөлүштүрүүгө катышып калса, аларга да мурастан бергиле жана жакшы сүйлөгүлө.

9. Көз жумса  артында алсыз перзенттерди калтыруудан кабатыр болушсун жана Аллахтан коркуп, туура сүйлөшсүн.

10. Жетимдердин малын кыянаттык менен жегендер - курсактарын От менен толтурушуптур жана Жалында күйүшөт.

11. Аллах перзенттериңер жөнүндө: эркекке - эки кыздын үлүшүнчө мурасты  осуят кылат. Эгер экиден көп же баары кыз болсо -  мурастын үчтөн экиси,  эгер жалгыз кыз болсо -  тең жарымы тиет. Эгер мурас калтыруучунун перзенти болсо - ата-энесинин ар бирине,  мурастын алтыдан бир бөлүгү тиет. Эгер ал перзентсиз болуп, ата-энеси гана мураскор болсо - апасына үчтөн бири тиет. Эгер анын бир туугандары болсо - апасына алтыдан бири тиет. Маркумдун керээзи аткарылып, карыздары төлөнгөн соң эсеп ушундай аткарылат.  Ата -энеңер же балдарыңардын кай бири силерге пайдалуураак экенин билбейсиңер. Аллахтын көрсөтмөсү ушундай. Акыйкатта, Аллах  Билүүчү, Даанышман.

12.  Эгер аялыңар перзентсиз  көз жумса, анын мүлкүнүн жарымы силердики. Эгер перзенттүү болсо – анын керээзи жана карыздары төлөнгөн соң аялыңар калтыргандын  төрттөн бири силерге тиешелүү. Эгер перзентсиз болсоңор силер калтыргандын –аларга төрттөн бири тиешелүү. Ал эми балалуу болсоңор, осуятыңар аткарылып, карызыңар төлөнгөн соң – аларга сегизден бири тиешелүү. Ал эми, мурас калтыруучу эркек же аял болсун – ата-энесиз, перзентсиз болсо – бир туугандарынын ар бирине алтыдан бир бөлүгү тиет. Эгер алардын саны бирден көп болсо - баары үчтөн бир бөлүгүнө тең укуктуу. Бул бөлүштүрүү мураскорго зулум кылынбай, осуяттары аткарылып,  карыздары төлөнгөн соң ишке ашат. Аллах – Билүүчү, Жумшак

13.  Аллахтын чектегени ушундай!  Аллахка жана Анын пайгамбарына моюн сунганды Ал астынан дарыялар агып турган Бейиш бактарына түбөлүккө киргизет. Бул  чоң жетишкендик!

14. Аллахты жана Анын пайгамбарын укпай,  Анын чектегендеринен чыкса – Ал түбөлүккө Отко ыргытылат.  Ага кемсинтүүчү азаптар даярдалган.

15. Аялдарыңардан ойноштук кылгандарына каршы – араңардан төрт күбө керек. Алардын далилдүү күбөлүктөрүнөн соң –  ажалы жетмейинче же  Аллах башка жол көрсөткөнгө чейин үйдө кармап тургула.

16.  Араңардан ойноштук кылгандарды - жазалагыла. Эгер тообо кылып, жакшылык жасашса –аларды калтыргыла, анткени, Аллах тообаларды кабыл алуучу, Мээримдүү.

17. Акыйкатта, билбей күнөө жасап,  анан дароо оңолгондордун тообосун кабыл алууну -  Аллах Өзүнө милдет кылды. Аллах Билүүчү, Даанышман.

18.  Ал эми, күнөө кыла  берип, өлүм келгенде гана “тооба кылдым!” - дегендердин тообасы бекер. Каапырлардын да  тообалары кабыл алынбайт. Андайларга Биз жан ооруткан азап даярдадык.

19. Эй, ыйман келтиргендер! Көз жумган жакыныңардын аялдарын мажбурлап кармап калууга уруксат жок. Аялдарыңардын – анык ойноштук кылбаган болсо - махрдын бир бөлүгүн алып кетүүсүнө тоскоол болбогула. Аялдарыңар менен – жагымсыз болсо да - татыктуу жашагыла. Силерге жагымсызда - Аллахтын көп жакшылыктары катылган.

20.  Эгер башкага үйлөнүүнү кааласаңар жана алардын бирине көп мүлк берген болсоңор да, ал махрдан эч нерсе алып калбагыла. Силер  аны доомат жана анык күнөө менен аласыңарбы?

21.  Алар менен жакындашып, убадалар берген соң махрды кайтарып алууга кантип батынасыңар?!

22. Атаңардын никесинде болгон аялдарга үйлөнбөгүлө! Ал эми, Исламдан мурдагы мындай учурлар кечирилет. Акыйкатта, бул жийиркеничтүү, жаманатты иш жана булганч жол!

23. Силерге – апаңарга, кыздарыңарга, бир тууган эже-карындаштарыңарга,  атаңардын эже-каарындаштарына, апаңардын эже-сиңдилерине, бир туугандарыңардын кыздарына, силер сүтүн эмген аялдарга, эмчектеш эже-карындаштарыңарга, кайненеңерге, апасы менен  жакындашкан  өгөй кыздарыңарга – ал эми талак берилген соң, жыныстык жакындык болбогон  аялыңардын кыздарына үйлөнсөңөр  күнөө жок - жана өз уулуңардын аялдарына, бир эле убакта бир тууган эже-сиңдиге үйлөнүүгө тыйуу салынды. Ал эми, Исламдан мурда жүз берген мындай окуяларга кечирим. Акыйкатта, Аллах - Кечиримдүү,  Мээримдүү.

Бешинчи бөлүм

24. Никелүү аялдарга -  кол астыңардагы  күң болбосо - үйлөнүү арам. Аллахтын китебин бекем кармагыла. Ушул айтылгандардан башка аялдарга -  малы дүйнөңөрдөн берип, бузукулуксуз таза жол менен үйлөнүү - адал. Алардан алган жыргалыңар үчүн  белгиленген махрын бергиле. Махр белгиленген соң өз ара келишимиңер - күнөө эмес. Акыйкатта, Аллах Билүүчү, Даанышман.

25. Жана ким азат, ыймандуу аялдарга үйлөнүүгө мүмкүнчүлүк таппаса - кол астындагы ыймандуу күң аялдарга үйлөнө берсин. Аллахка силердин ыйманыңар белгилүү. Баарыңар бири-бириңерден тарагансыңар, ошондуктан  күң аялдардан ыйбалуу, зынаа кылбаган жана жашыруун көңүлдөш тутпагандарына татыктуу махр төлөп,  камкорлорунун уруксаты менен үйлөнө бергиле. Никеден соң зынаа кылышса, аларга азат аялдарга берилген жазанын жарымы берилет. Бул бойдокчулукка чыдабагандар үчүн. Ал эми, сабыр кылсаңар өзүңөргө жакшы. Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.

26. Аллах силерге баяндап, силерди мурда өткөндөрдүн жолуна салып, тообаңарды кабыл алууну каалайт. Аллах – Билүүчү, Даанышман.

27. Аллах силердин тообаңарды кабыл алууну каалайт. Ал эми, азгырыктын артынан түшкөндөр - артка кайткыс адашууңарды каалашат.

28. Аллах силердин ооруңарды жеңилдетүүнү каалайт. Анткени, инсан алсыз жаратылган.

29. Эй, ыйман келтиргендер! Бири-бириңердин малы мүлкүңөрдү арам жолдор менен жебегиле. Өз ара ыраазы болгон соода менен жегиле. Бири-бириңерди  өлтүрбөгүлө. Акыйкатта, Аллах силерге Мээримдүү.

30. Ким ушуларды атайлап жана кыянаттык менен жасаса, аны Биз жакында Тозокко таштайбыз. Бул Аллахка жеңил.

31. Эгер тыюу салынган чоң күнөөлөрдөн сактансаңар Биз силердин күнөөңөрдү өчүрөбүз жана Улуу Орунга - Бейишке киргизебиз.

32. Аллах бириңерди бирөөңөрдөн абзел кылганын ичи тардык  менен арзуу кылбагыла. Эркектерге өз кесиптеринен насип бар. Аялдарга да өз кесиптеринен насип бар. Аллахтын пазилетин сурагыла. Акыйкатта, Аллах баарын Билүүчү.

33. Ар бир адамга Биз - ата-энеси  жана жакындарынан мураскор - жакындарын аныктадык. Убадаңар менен байлангандарга үлүштөрүн бергиле. Акыйкатта,  Аллах баарына Күбө.

34. Эркектер - аялдарга  башкаруучу,  анткени өз  мүлкүнөн каржылаганы үчүн Аллах бирөөсүн экинчисинен абзел кылды. Моюн  сунган жана күйөөсүнүн жогунда Аллахтын камкордугунда калып,  өзүн  сактагандар   - салых аялдар. Бейбаштыгынан  кабатыр кылган аялыңарга насаат айткыла. Насаат  пайда бербесе, төшөктө жалгыз калтыргыла, оңолбосо ургула. Эгер силерге баш ийип калса, аларга каршы башка жол издебегиле. Акыйкатта, Аллах эң Улуу, эң Жогору!
35. Эгер жубайлардын араздашуусунан кабатырлансаңар – эр тараптан  бир өкүл  жана аял тараптан да бир өкүл жибергиле. Эгер алар жарашууну каалашса, Аллах жубайлардын арасына ынтымак  берет. Албетте, Аллах Билүүчү, Кабардар.

36.  Жана Аллахка кулдук кылгыла жана Ага эч нерсени шерик кылбагыла. Ата-энеңерге, туугандарыңарга, жетимдерге, жакырларга, тууганчылыгы бар жана бөтөн кошуналарыңарга, жаныңардагы жолдошуңарга, мусапырларга жана кол астыңардагыларга жакшылык кылгыла. Аллах текебер, мактанчаактарды сүйбөйт.

37. Алар өздөрү да сараңдык кылышат, адамдарды да сараңдыкка буюрушат жана Аллахтын берген нээматтарын жашырат. Биз каапырларга кор кылуучу азапты даярдап койдук.

38. Аллах малы- дүйнөлөрүн мактануу үчүн садага кылган,  Аллахка, Акыретке ишенбегендерди сүйбөйт. Эгер алардын досу шайтан болсо -  ал  жаман дос!

39. Эгер Аллахка, Акырет күнүнө ишенип, Аллах берген ырыскыдан мактанбай садака кылса - аларга кайдан зыян жетмек  эле?! Аллах аларды Билүүчү.

40. Акыйкатта, Аллах эч кимге заррачалык да зулум кылбайт. Эгер пенденин жакшылыгы заррачалык болсо, аны  көбөйтөт жана Өзүнүн астынан чоң сыйлык берет.

41. Кыяматта Биз ар бир коомдон күбөлөрдү чыгарсак жана сени каапырларга каршы күбөгө тартсак эмне болот?!

42. Ал Күндө каапырлар жана Пайгамбарды укпагандар - жер менен жексен болууну самашат. Аллахка бир да маек  жашыруун эмес.

43. Эй, ыйман келтиргендер! Сөзүңөрдү өзүңөр түшүнөөрлүк соолукмайынча мас,  жунуб абалда  -жолоочулардан башкасы гусул кылмайынча - намазга жакындашпагыла. Эгер ооруу же мусапаыр болсоңор, ажатканадан чыгып же  аялдарга  жакындашсаңар - дааратка суу табылбаса - таяммум кылып жер менен бетиңерди жана колуңарды сылагыла. Албетте, Аллах Кечиримдүү  жана күнөөлөрдөн өтүүчү.

44. Адашууну сатып алып, силерди жолдон чыгарууну каалаган Китептен насип кылынгандарды  көргөн жоксуңбу?

45. Аллах силердин душманыңарды жакшыраак билет. Аллахтын Жетекчилиги  -жетишет. Аллахтын Жардамчылыгы -  жетишет.

46. Жөөттөрдүн кээ бирөөлөрү сөздөрдүн ордун алмаштырып - “Уктук жана кулак салбадык”,  “Угулбасты- ук”  жана “Бизге кам көр”-дешет. Алар тилдери менен бурмалап динди мазакташты. Эгер алар “Уктук жана моюн сундук”, “Бизди укчу?”, жана “Бизге карачы” дешкенде  өздөрүнө эле жакшы жана туура болмок. Бирок, Аллах аларды каапырлыгы үчүн каргаган. Кээ бирлерин эске албаганда - алар ыйман келтиришпейт.

47. Эй, китеп берилген адамдар! Бетиңерди өчүрүп, артка кайырып, алтынчы күндү бузгандарды каргаганыбыздай силерди да каргай элегибизде - силердегини тастыктоо үчүн келгенге ишенгиле! Аллахтын буйругу дароо аткарылуучу!

48. Акыйкатта, Аллах Өзүнө шерик кылынуусун кечирбейт. Пендесинин   башка  күнөөлөрүн кааласа кечирет. Аллахка ширк келтирген  - өтө чоң күнөө ойлоп тааптыр!

49. Мактанчаактарды көрдүңбү?! Андай эмес! Аллах, каалаган пендесин мактап, ага курма данегинин чел кабыгынчалык да зулум кылынбайт.

50. Алар Аллахка - анык күнөө үчүн жетишээрлик - кандай гана жалааларды жапканын карачы!

51. Китептин бөлүгү  берилгендердин “жибт” жана «тагутка» сыйынып,   каапырларга жагынуу үчүн: “Ошолор  момундарга  караганда туура жолдо” дешкенин карабайсыңбы?!

52. Алар - Аллах каргагандар. Аллахтын каргышына калганга   жардамчы таппайсың.

53. Же алар бийлик бөлүгүнө ээ бекен? Андай болгондо алар башкаларга  курма данегинин чуңкурун да  ыраа көрүшмөк эмес!

54.  Же алар Аллах рахматынан бергенге ичи тарыдыбы? Биз Ибрахимдин урпактарын Китеп, даанышмандык жана улуу бийлик менен сыйладык.

55. Китеп ээлеринин  арасында пайгамбарга ишенгендери да, андан жүз үйүргөндөрү  да бар. Тозоктогу жалын жетишээрлик.

56. Биздин аяттарыбызга ишенбегендерди Биз Отто куйкалайбыз. Алардын терилери азапты сезбей калганда,  азап даамын сездирүү үчүн башка териге алмаштырабыз. Албетте, Аллах Кудуреттүү жана Даанышман.

57. Ал эми, ыйман келтирип, жакшылык кылгандарды - астынан дарыялар агып турган Бейиш бактарына  түбөлүккө киргизебиз. Ал жерде алардын тазаланган жубайлары болот. Биз аларды коюуу көлөкөгө жайгаштырабыз.

58. Акыйкатта, Аллах эл арасында өкүмдар болсоңор, силерге берилген аманаттарды өз ээлерине кайтарууга  жана адилет өкүм чыгарууга буюрат. Акыйкатта,  Аллах   Угуучу, Көрүүчү.

59. Эй, ыйман келтиргендер! Аллахка, Пайгамбарга жана араңардагы таасирлүүлөргө моюн сунгула. Эгер  Аллахка жана Акыретке ишенсеңер –араңарда пайда болгон талаш маселени Аллахка жана Пайгамбарга кайтаргыла. Ушинткениңер силер үчүн жакшыраак  жана көркөмүрөөк.

60. Сага түшүрүлгөнгө жана андан мурдагыларга “ыйман келтирдик” дегендердин Таагутка ишенбөөсү буюурулса деле, андан өкүм суроону каалагандарын  карабайсыңбы?! Шайтан аларды терең адашуусун каалайт.

61. Аларга: “Аллах түшүргөнгө жана Пайгамбарга келгиле” - десе, эки жүздүүлөрдүн  сенден шашып жүз үйүрүшкөнүн көрөсүң.

62. Эми, аларга, колдору менен жасаган күнөөлөрү үчүн балээ жетсе,  сага келип: “Биз жакшылыкты жана жарашууну гана кааладык эле- дешип   Аллах  менен ант ичкенине кантесиң?!

63. Аллах алардын жүрөктөрүндөгүнү билет. Ошондуктан алардан жүзүңдү бур,  бирок,  насыйкатты ынаным менен  аларга бетме бет айт.

64. Биз Пайгамбарларды, Аллахтын уруксаты менен ага моюн сунулуусу үчүн жибердик. Эгер  алар өздөрүнө зулумдук кылган соң, сага келип, Аллахтан кечирим сурашса жана Пайгамбар да Аллахтын  аларды кечирүүсүн сурап кайрылса – Аллахты - тообаларды кабыл алуучу, Мээримдүү абалда табышат эле.

65. Жок, Раббыңа ант! Алар  ортолорундагы чиеленишкен маселелеринин баарында  сени өкүмдар кылмайынча, сенин өкүмүңө жаны менен ыраазы болмоюнча жана толук баш иймейинче – ыймандуу болушпайт.

66. Эгер Биз аларга: “Өзүңөрдү өлтүргүлө” же “Журтуңардан  чыккыла”  - десек – азы гана баш иймек. Эгер алар буйрукту  аткарышса - өздөрүнө жакшы болмок жана аларды бекемдемек.

67. Ошондо Биз аларга Өзүбүздүн улуу сыйлыгыбызды бермекпиз

68. жана аларды Туура Жол менен баштамакпыз.

69. Аллахка жана Пайгамбарга моюн сунгандар – Кудай жалгаган - пайгамбарлар, чынчылдар, шейиттер жана саалыхтар менен чогуу болот. Кандай сонун жолдоштор!

70. Бул  Аллахтын фазилети жана  Аллахтын ар нерсени  билээри жетиштүү.

71. Эй, ыйман келтиргендер! Сак болгула жана топ-топко бөлүнүп, же баарыңар чогуу  жоортуулга чыккыла!

72. Акыйкатта, силер жоготууга учурасаңар араңарда:  “Мени кудай сактап, силер менен эмес элем” - деп кетенчиктегендер да бар.

73.  Ал эми  Аллахтын пазилети менен  жеңсеңер  жат кишидей: “Мен да алар менен болгонумда чоң ийгиликке жетмекмин”- деп суктанат.

74. Аллах жолунда, бул дүйнөнүн ордуна Акыретти сатып алчулар  согушсун! Аллах жолунда согушканга, шеит болгонго да,   жеңип чыкканга да  Биз улуу сыйлыктар беребиз.

75. «Яа, Раббыбыз! Кылмышкерлердин шаарынан бизди куткар  жана Өзүңдөн камкор жана жардамчы бер!» - деп зарлашкан алсыздар, аялдар жана балдар үчүн эмнеге согушпайсыңар?

76. Ыймандуулар Аллах жолунда, каапырлар тагут  жолунда согушат. Ошондуктан силер  шайтандын достору менен  согушкула. Акыйкатта, шайтандын  айласы алсыз.

77. “Согуштан колуңарды тыйгыла, намаз окуп, зекет бергиле”-   деилгендерди көргөн жок белең? Анан аларга согуш парыз кылынса кээ бирөөлөрү мушриктерден  Аллахтан корккондой,  андан бетер  коркушуп: “Яа, Раббыбыз! Согушту неге  парз кылдың экен? Бираз  койо турсаң болмок!”-  дешти. Сен аларга: “Дүйнө жыргалы аз эле. Такыбаларга Акырет жакшы жана силерге курма   данегинин чел кабыгынча да зулумдук кылынбайт”- деп айткын.

78. Өлүм силерди кай жерде болбогула, жадагалса бийик мунарага чыгып алсаңар да таап алат.  Эгер аларга жакшылык берилсе - бул  Аллахтан - дешет. Ал эми жамандык жетсе - бул  сенден - дешет. Сен аларга: “Бардыгы Аллахтан”  - дегин. Буларга эмне болгон - айткан сөздү араң түшүнүп калышкан?

79. Сага берилген  жакшылык - Аллахтан. Жамандыгың – өзүңдөн. Биз сени адамдарга элчи кылып жибердик. Аллахтын Күбө болгону  жетишээрлик.

80. Пайгамбарга моюн сунган - Аллахка моюн сунуптур. Ким эгер моюн сунбаса - Биз сени аларга кароолчу кылып жиберген эмеспиз.

81. Алар - “Моюн сундук” - дешет. Ал эми сенден чыгаары менен, кээ бирөөлөрү түнү менен сен айтпаганды ойлонушат. Аллах алардын түнкү сүйлөшүүлөрүн жазып жатат. Алардан  жүз буруп, Аллахка гана таянгын! Аллахтын Камкорлугу жана Сактоочулугу - жетишээрлик.

82. Алар Кураан үстүндө  ойлонушпайбы? Эгер Кураан Аллахтан башкадан болгондо - андан көп карама-каршылыктарды табышмак.

83.  Алар тынчтык же коркунуч жөнүндө укса - аны дароо жайышат. Эгер шашпай оболу Пайгамбарга жана башчыларына жеткиришкенде – маселени изилдөөчүлөр да  укмак.  Силерге  Аллахтын пазилети жана ырайымы болбогондо - көпчүлүгүңөр шайтанды ээрчип кетмексиңер.

84. Аллахтын жолунда согушкун, анткени, сен өзүң үчүн гана жооп бересиң жана момундарды  шыктандыр. Балким  Аллах каапырлардын кубатын токтотоор. Аллахтын Кубаттуураак  жана жазалоодо Каардуу.

85.  Жакшы мүнөздүүгө  - ошондой  үлүш болот. Жаманга – үлүшү оор жүк болот. Аллах ар нерсени  Байкоочу.

86.  Силерге салам берилсе, андан да жакшыраак саламдашкыла же  өзүндөй кайтаргыла. Аллах баарын Эсептөөчү.

87. Аллах – Андан башка сыйынаарга зат жок! Ал сөзсүз силерди   болоору шексиз тирилүү Күнүнө чогултат. Аллахтан башка кимдин сөзү акыйкаттуураак?

88.  Эмнеге эки жүздүүлөр боюнча оюңар экиге бөлүндү? Аллах алардын  жасаган иштери үчүн артка таштады! Аллах адаштырганды - силер  Туура Жолго салабыз дейсиңерби? Аллах адаштырганга сен туура жол таба албайсың!

89. Алар өздөрүнө теңеп - силердин да каапырлыгыңарды эңсешет. Аларды Аллах жолунда хижрат кылмайынча дос тутпагыла. Эгер баш тартышса - аларды тапкан жериңерде кармап, өлтүргүлө. Аларды дос да жардамчы да кылбагыла.

90. Силер менен келишим түзгөн коомдорго кошулгандарды же  силерге жана өз коомуна каршы согушуудан жүрөгү безилдеп,  алдыңарга келгендерди өлтүрбөгүлө. Аллах кааласа алардын үстөмдүк кылуусуна мүмкүндүк бермек жана алар сөзсүз силер менен согушмак.  Эгер согушпай, силерден чегинип - тынчтыкты сунуштаса - Аллах аларга каршы чыгууңарга  жол бербейт.

91.  Силерден жана өз коомунан коопсуздугун каалагандарды жолуктурасыңар –алар коогалаңга туш боор менен –чумкуп киришет. Эгер тынчтык сунуштап, силерден чегинбесе жана колдорун тартпаса – аларды көргөн жериңерде кармагыла жана өлтүргүлө. Биз силерге – аларга каршы анык себеп бердик.

92.  Момунга  - атайлап момунду  өлтүрүү –адашып гана калбаса -жарашпайт. Момунду  билбей өлтүрүп алган – бир кул бошотууга жана  маркумдун бүлөөсү–өч албаса - кун төлөөгө милдеттүү. Эгер маркум силерге кас уруудан болсо – момун кул бошотуу керек. Маркум силер менен келишими бар элден болсо – анын бүлөөсүнө кун төлөнүп, бир момун кул бошотулуусу керек.  Буга алы жетпегендер –Аллахка тооба катары  - эки ай үзгүлтүксүз  орозо кармасын.  Аллах - Билүүчү, Даанышман.

93. Атайлап момунду өлтүргөндүн жазасы түбөлүк Тозок! Ага Аллах каарданат, аны  каргайт жана ага улуу азаптар даярдайт!

94. Эй, ыйман келтиргендер! Аллах жолуна аттансаңар – такташып алгыла. Силерге  салам бергенге - дүйнө жашоосунун арзыбаган жыргалына умтулуп - “Сен ыймансызсың!”- дебегиле. Аллахтын алдында мол олжолор бар. Мурда ушундай  элеңер, бирок,  Аллах силерге ырайым кылды, ошондуктан такташкыла. Акыйкатта,  Аллах силердин кылганыңардан Кабардар.

95-96. Оордук көрбөй,  үйүндө отургандар менен, Аллах жолунда малы жандары менен жихадка чыккандар  тең эмес. Аллах малы, жаны менен жихад кылуучулардын даражасын үйүндө отургандардан бир тепкичке жогору кылды. Бирок, Аллах ар бирине  эң жакшыны  убада кылды. Аллах жихадга чыккандарды үйдө отургандардан улуу сыйлыктар - Өзүнөн берилчү даражалар, кечирим жана ырайым аркылуу жогорулатты. Аллах - Кечиримдүү, Мээримдүү.

97. Жан берүү учурунда  өздөрүнө зулум кылгандардан  периштелер - “Кандай жашадыңар?” деп сураганда,  алар - “Биз айласыз болчубуз» - дешет. Анда периштелер-  “Аллахтын жери кең эмес беле?! Хижрат  кылсаңар болмок?!”-   дешет. Андай адамдардын бараар жери – тозок! Ал кандай жаман орун!

98. Буларга – туура чечим таап, айла кылалбаган - алсыз эркектер, аялдар жана балдардын тиешеси жок.

99. Буларды Аллах балким кечирээр. Аллах Кечиримдүү, Кичи пейил.

100. Аллах жолунда хижрат кылган - жер жүзүндө көптөгөн башпаанектерди жана молчулукту табат. Үйүнөн  Аллах жана Анын Пайгамбарына  жол тартып, сапарда көз жумса – аны сыйлоо Аллахка жүктөлөт. Аллах -  Кечиримдүү, Мээримдүү.

101. Жер кезсеңер, ыймансыздардын азгыруусунан кооптонсоңор -  намазыңардын  кээ бир бөлүгүн кыскартып окууңар күнөө эмес. Акыйкатта, каапырлар силердин  анык душманыңар.

102. Эгер сен алардын арасында болсоң жана намазына имамдык кылсаң - алардын бир тобу сени менен турсун жана куралдарын  алышсын. Сажда кылганыңарда  артыңарга өтүп коргоп турушсун. Андан соң,  намаз окуй элек башка топ келип, сени менен намаз окусун. Этияттыктан  куралдарын алып алышсын. Каапырлар  силердин  куралыңарга жана буюмдарыңарга  бейкапардыгыңардан пайдаланып,  бир эле жолу  кол салууну каалайт. Силер  жамгырдан же жаракаттан улам  куралыңарды жерге койсоңор күнөө эмес. Бирок, этият болгула. Чынында, Аллах каапырларга кемсинтүүчү азаптарды даярдап койгон.

103. Ал эми, намаз бүткөн соң, туруп, отуруп же жамбаштап алып - Аллахты зикир кылгыла. Коопсуз  болгонуңарда намазды толук окугула. Акыйкатта, намаз момундарга белгилүү убакытка  бекитилди.

104.  Душманыңардын артынан түшүүдө алсыздык кылбагыла. Силер  кыйналсаңар - алар да силердей кыйналышат. Силер  Аллахтан үмүтүңөр бар, алардын үмүтү жок. Аллах Билүүчү, Даанышман.

105. Биз сага китепти акыйкатта  адамдар арасында Аллах көрсөткөндөй өкүм кылууң үчүн түшүрдүк. Демек, чыккынчыларга болушпа!

106. Аллахтан кечирим сура.  Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.

107. Өздөрүн саткандарга болушпа, Аллах саткындарды жана күнөөкөрлөрдү сүйбөйт.

108. Алар адамдардан жашырышат. Бирок, Аллахтан жашыра алышпайт. Чынында, алардын  Аллахты нааразы кылган  түнкү сөздөрүндө  Аллах  алардын жанында эле. Аллах алардын иштерин Ороочу.

109. Мына силер бул дүйнөдө аларга болушасыңар, ал эми, Кыямат Күнү Аллах алдында аларга ким болуша алат?

110. Жана ким жамандык  же өзүнө зулумдук кылып, артынан Аллахтан кечирим сураса - Аллахты Кечиримдүү, Мээримдүү табат.

111. Ким бир күнөө  жасаса -  өзүнө. Аллах  Билүүчү, Даанышман.

112. Адашканын  же күнөөсүн бейкүнөөгө оодарган -  кур доомат жана анык күнөө оордугундай  жүгүн  көтөрдү.

113. Сага Аллахтын пазилети жана ырайымы болбогондо алардан  бир тайпа сени адаштырганы калган эле.  Бирок, алар өздөрү  гана адашты жана сага эч кандай зыян кыла алышпайт. Аллах  сага  Китеп жана даанышмандык түшүрүп, билбегениңди үйрөттү. Аллахтын сага рахматы улуу.

114. Садага берүүгө, жакшылык кылууга  же адамдарды жарашууга үндөбөгөн алардын көп жашыруун чогулуштары  жакшылык апкелбейт жана Аллахтын ыраазылыгы үчүн  адамга Биз улуу сыйлыктарды  беребиз.

115. Ал эми  Туура Жол анык болгон соң, Пайгамбарга каршылык кылып,  ыймансыздар жолуна  ээрчисе - аны бет алган тарабына  багыттайбыз жана аны Тозокко жеткиребиз. Ал кандай жаман жай!

116. Акыйкатта, Аллах Өзүнө шерик кошулуусун кечирбейт. Андан  башка күнөөлөрдү  Өзү каалаган пендеси үчүн кечирет. Аллахка ширк келтиргендер - терең адашкандар!

117. Алар Аллахтан башка, аял жынысындагыларга дуба кылышат жана козголоңчу шайтанга дуба кылышат.

118. Аллах шайтанды каргаганда ал: “Мен Сенин пенделериңден сөзсүз  насибимди аламын.

119. Мен аларды сөзсүз  адаштырам, куру үмүттөндүрөмүн жана аларга малдарынын кулактарын кестирип, Аллахтын жаратканын өзгөрттүрөм!” Шайтанды камкор кылып,   Аллахтын ордуна  жардамчы кылган - анык зыян тартуучу!

120. Шайтан убадаларды берип, куру үмүттөндүрөт. Шайтан аларга кур мактоодон башканы убадалабайт.

121. Алардын  жайы Тозок жана алар  куткаруучу жол таппайт.

122. Ал эми, ыйман келтирип, жакшы амалдардын жасагандарды  Биз астынан дарыялар агып туруучу Бейиштерге түбөлүккө киргизебиз. Бул – Аллахтын акыйкат убадасы. Кимдин  сөзү Аллахтын сөзүнөн чындыгыраак?

123. Тозоктон силер да, китеп ээлери да куру кыялдары менен эле кутула калбайт. Жамандык кылгандар ага жараша алышат жана  Аллахтан башка камкор да жардамчы да таппайт.

124. Жакшылыктардын кээ бирлерин жасаган ыймандуу эркектер же аялдар  курманын данегинин чуңкурунчалык да таарынтырылбай Бейишке киришет.

125. Жакшылыктары менен Аллахка жүзүн буруп, бир кудайга сыйынып, Ибрахимдин динине ээрчигендердин  дининен да кооз дин барбы? Аллах Ибрахимди Өзүнө сүйүктүү кылган.

126. Жердеги жана асмандардагынын бардыгы Аллахтын мүлкү. Аллах баарын Камтуучу.

127. Сенден аялдар жөнүндө чечим сурашат. Айткын: “ Аллах силерге аялдар жөнүндө жана үйлөнүү максатында акысын  силер бербей койгон жетим кыздар, алсыз  балдар жөнүндө Китепте  өкүм берет. Силер  жетимдерге  адилет болгула  жана  силердин  кылган жакшылыгыңарды Аллах  Билүүчү.

128. Эгер аял күйөөсүнүн жаман көрүүсүнөн же ирээнжүүсүнөн кооптонсо – экөөсүнүн тынчтык келишимин түзүүсү күнөө эмес. Сараңдык жаныңардын табияты бирок, такыба жана жакшычыл болсоңор -  Аллах бүт ишиңерден кабардар.

129. Өтө кааласаңар деле аялдарыңага тегиз адилеттүү боло  албайсыңар. Бирөөсүнө жөлөнүп алып, башкасын илинген абалда калтырбагыла. Бирок, абалды оңдоп, такыба болсоңор - Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.

130.  Эгер ажырашышса - Аллах алардын ар бирин Өзүнүн кеңдиги менен байытат. Аллахтын  пазилети Кенен, Даанышман.

131. Асмандардагы жана Жердегинин баары Аллахтын мүлкү. Биз силерге чейин  китеп берилгендерге да, силерге да Аллахтан коркууну буюрганбыз. Эгер каапыр болсоңор - асмандардагы жана Жердегинин  баары  Аллахтын мүлкү! Аллах Беймуктаж жана Макталган!

132.  Асмандардагы жана жердегинин баары  Аллахка таандык. Аллахтын Камсыздоочулугу жана Сактоочулугу  жетиштүү.

133. Эй, адамдар! Эгер Ал кааласа  силерди кетирип, ордуңарга башкаларды апкелүүгө кудуреттүү.

134. Бул дүйнө сыйлыгын каалаганга -  Аллахта бул дүйнөнүн да, акыреттин да сыйлыктары бар. Аллах Угуучу, Көрүүчү.

135. Эй, ыйман келтиргендер! Аллахтын алдында күбөлүк берип, өзүңөргө каршы же ата-энеңерге каршы же жакын туугандарыңарга каршы болсо да адилеттүүлүктү коргогула. Бай кедейине карабай, Аллах экөөнө тең бирдей жакын. Кызыкчылыгыңарга берилип, адилеттүүлүктөн четтебегиле. Бурулуп же четтесеңер -  Аллах силердин бүт ишиңерден Кабардар!

136.  Эй, ыйман келтиргендер! Аллахка, Анын Пайгамбарына, ага  түшүргөн Китепке жана андан мурда түшүргөн  китепке ыйман келтиргиле. Аллахка, Анын периштелерине, Китептерине, Пайгамбарларына жана Акыретке ишенбегендер – терең  адашкандар.

137. Акыйкатта, ыйман келтирген соң кайра каапыр болгондорду Аллах кечирбейт жана Туура Жолго баштабайт.

138-139.  Ыймандуулардын ордуна каапырларды дос туткан эки жүздүүлөргө азаптуу кыйноолор жөнүндө кабар  сүйүнчүлө. Кудуреттин баары Аллахка таандык болсо – алар каапырлар менен кудуреттүү болууну каалашабы?

140.   “Алар  Аллахтын  аяттарын четке кагып,  маскаралагандарын токтотуп, башка сөзгө өтмөйүнчө алар менен чогуу отурбагыла”- деп Аллах Китепте түшүргөн. Антпесе аларга  окшоп каласыңар. Акыйкатта, Аллах эки жүздүүлөрдүн баарын жана каапырларды  Тозокко чогултат.

141. Алар силерге балээ келүүсүн  күтүшөт. Эгер силерге Аллах жеңиш берсе: “Биз силер менен бирге эмес белек?” - дешет. Ал эми, каапырларга жеңиштен бир үлүш буюруп калса: “Биз силерге жардам берип, момундардан  коргободук  беле?” -  дешет. Аллах Кыяматта силердин араңарда Өзү өкүм чыгарат  жана Аллах силерге каршы  каапырлардын жолун ачпайт.

142. Акыйкатта, эки жүздүүлөр Аллахты алдоого умтулушат, бирок, Ал аларды  алдап жатат. Намазга  турушса -  каалоосуз, эл көрсүнгө гана турушуп, Аллахты аз эскеришет.

143.  Алар каапырлар менен момундардын арасында эки анжы болушат, бирок,  аларга  же буларга кошула алышпайт. Аллах адаштырганга - сен Туура Жол таба албайсың.

144. Эй, момундар! Ыймандуулардын ордуна  каапырларды жардамчы жана дос тутпагыла. Аллахтын алдында  өзүңөрдүн зыяныңарга далил болуусун  каалайсыңарбы?

145 -146. Акыйкатта, эки жүздүүлөр тообо кылып, өздөрүн оңдоп, Аллахты бекем кармап, Аллах алдында калыс болушса – ыймандуулар менен чогуу болушат. Антпесе, Оттун эң төмөнүндө болушат жана сен аларга эч бир жардамчы таба албайсың. Аллах момундарга улуу ыйлыктарды берет.

147. Ыйман келтирип, шүгүр кылсаңар Аллах силерди эмнеге  азаптамак? Аллах Ыраазы болуучу, Билүүчү.

Алтынчы бөлүм

148. Аллах зулум көргөндөн башканын заар сөзүн сүйбөйт. Аллах Угуучу, Билүүчү.

149.  Эгер жакшылык тапсаңар аны  жашырсаңар  же жамандыкты кечирсеңер - Аллах да Кечиримдүү, Кудуреттүү.

150-151. Акыйкатта, Аллахка жана Анын Пайгамбарларына ишенбегендер - Аллах менен Пайгамбарларынын арасын ажыратууну каалап: “Бирөөсүнө ишенип, башкасына ишенбейбиз” – дешип ортосундагы жолду тапкысы келгендер - чыныгы каапырлар жана Биз каапырларга кемсинтүүчү  азаптар даярдадык.

152. Ал эми Аллахка жана Анын Пайгамбарларына ыйман келтирген жана алардын арасын бөлбөгөндөрдү Ал жакында сыйлыктар менен сыйлайт. Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү.

153. Китеп ээлери сенден Китепти асмандан түшүрүп берүүңдү  суранышат.  Алар Мусадан: “Бизге Аллахты анык  көрсөт” – деп  андан да чоңураакты суранышкан. Ошондо аларды зулумдукдары үчүн чагылган урган. Андан соң анык далилдер келсе да алар музоого сыйынышты бирок,  Биз кечирдик жана Мусага анык далилдерди бердик.

154. Биз убадага ылайык  Тур тоосун үстүлөрүнө көтөрдүк жана аларга: “Бул дарбазадан баш ийип киргиле” – дедик жана “Алтынчы күндө чектен чыкпагыла” - деп алар менен бекем келиштик.

155-156-157.  Анан  келишимдерин бузганы, Аллахтын аяттарын четке какканы, Пайгамбарларды кыянаттык менен өлтүргөнү жана “Жүрөктөрүбүз кулпуланган” - дегени үчүн. Жок, тетирисинче, өздөрүнүн каапырлыгы үчүн Аллах жүрөктөрүн мөөрлөгөн, ошондуктан алардын  азынан  башкасы ыйман келтиришпейт жана да ишенишпей Марямга чоң жалаа жапкандары үчүн, жана Аллахтын элчиси Иса – Масих бин Марямды: “Биз өлтүрдүк” -   дегендери үчүн. Алар аны өлтүрүшкөн эмес, керишкен да эмес. Болгону аларга ошондой көрүндү. Бул  жөнүндө талашкандар күмөндө жана билишпейт, болгону божомолдошот. Чындыгында, алар анык аны  өлтүрүшкөн эмес.

158. Жок, аны Аллах Өзүнө көтөрдү, анткени,  Аллах Кудуреттүү, Даанышман.

159. Китеп ээлеринен ага өлүмүнөн мурда  ыйман келтирбеген эч ким калбайт жана Кыяматта ал аларга каршы күбөлүк берет.

160-161. Биз жөөттөргө  заалымдыктары жана көпчүлүктү Аллахтын жолунан адаштыргандары,  тыйуу салынганына карабай  алган сүткорлугу жана адамдардын мүлкүн мыйзамсыз жегендери үчүн  уруксат берилгендерге тыйуу салдык жана алардын каапырларына азаптуу кыйноолорду даярдадык.

162. Бирок, китеп ээлеринен терең илимдүүлөрүн,  сага түшүрүлгөнгө жана сенден мурда түшүрүлгөнгө ишенгендерин,  намаз окуп, зекет бергендерин  жана Аллахка, Акыркы Күнгө  ишенгендерин Биз улуу сыйлыктар менен сыйлайбыз!

163. Акыйкатта, Биз Нухка жана андан кийинки пайгамбарларга берген сыяктуу  сага да вахий бердик жана Биз Ибрахимге, Ысмайылга, Исхакка, Яькубга жана андан тараган урпактарга, Исага, Айюбга, Юнуска, Харунга жана Сулайманга вахий бергенбиз. Давудка болсо Забурду бергенбиз.

164.  Жиберилген пайгамбарлардын  кээ бирлери тууралуу сага мурда Биз айтканбыз жана кээ бир пайгамбарлар жөнүндө айтпадык жана Аллах Муса менен маектешти.

165. Адамдар Аллахка каршы далил кылбоосу  үчүн - сүйүнчүлөөчү  жана коркутуучу пайгамбарларды жибердик. Аллах Кудуреттүү, Даанышман.

166. Бирок, сага түшүргөнгө Аллах күбөлүк берет. Аны Аллах Өз илими менен түшүргөн. Периштелер  да күбөлүк беришет, бирок, Аллах жетиштүү Күбө!

167. Акыйкатта, каапырлар жана адамдарды Аллахтын жолунан азгыргандар - терең адашкандар.

168-169. Акыйкатта, ыйман келтирбегендерди   жана адилетсиздик кылгандарды  Аллах кечирбейт жана түбөлүк калуучу  тозоктон башкага баштабайт. Бул Аллахка жеңил.

170. Эй, адамдар!  Силерге  Раббиңерден акыйкаты менен пайгамбар   келди. Ыйман  келтиргиле – өзүңөргө эле жакшы. Ыйман келтирбесеңер - асмандардагы жана жердегинин баары Аллахтын мүлкү. Аллах  Билүүчү, Даанышман.

171. Эй, китеп ээлери! Диниңерде чектен чыкпагыла жана Аллах жөнүндө  чындыктан башканы сүйлөбөгүлө. Марямдын уулу Иса Масих – Аллахтын элчиси, Анын Марямга түшүргөн Сөзү  жана Өзүнөн  берилген Руху. Аллахка, Анын элчилерине ыйман келтиргиле жана: «Троица» - дебегиле. Токтоткула, анткени, өзүңөргө жакшы. Акыйкатта, Аллах – жалгыз кудай! Ал Аруу  жана балалуу болуудан алыс.  Асмандардагы жана жердегинин  баары  Анын мүлкү. Аллахтын карамагы жана Сактоочулугу  жетиштүү.

172. Масих да,  Аллахка жакын периштелер да Аллахка кулдук кылууну кемсинүү деп эсептешпейт. Ал эми  Ага кулдук кылууну кемсинүү деп бой көтөрсө –Ал алардын баарын  Өзүнө чогултат.

173. Ал эми ыйман келтирип, жакшылык кылгандарды Аллах сыйлап, Өзүнүн пазилетинен көбөйтүп да берет. Ал эми  Ага баш ийүүнү кемсинүү дегендердерди жана бой көтөрөгөндөрдү кыйын азаптарга  салат. Алар Аллахтан башка коргоочу да, жардамчы да таппай калышат.

174. Эй, адамдар! Силерге Раббыңардан далилдер келди жана Биз силерге анык Нур түшүрдүк.

175. Ал эми, Аллахка ыйман келтирип, Аны бекем кармагандарды  Аллах Өз пазилети жана Берешендиги менен Өзүнө карай Туура Жолдо жетелейт.

176. Сенден баласыздар тууралуу чечим сурашат. Айткын: “Өзүнөн кийин ата-энеси же балдары жокторго Аллах - эгер баласыз, бирок, карындаштуу эркек көз жумса – карындашына анын калтырганынын жарымы тиешелүү, эгер  карындашы да баласыз болсо ал толук мураскор. Эгер анын карындаштары экөө болсо – аларга анын калтырганынын үчтөн экөө таандык. Эгер анын бир туугандары кыз жана эркек болсо – анда эркекке эки аялдын өлчөмүндөгү мурас таандык – деп  өкүм кылат. Силер адашпооңор үчүн Аллах ушуну түшүндүрдү. Аллах баарын  Билүүчү.

                            
                                                                               31

                                                                     «Лукман»


Ырайымдуу, Мээримдүү Аллах ысымы менен!

1.  Алиф, Лам, Мим.

2.  Булар – даанышман Китеп аяттары.

3. Жакшылык кылгандар үчүн  - Ырайым жана Туура Жол!

4.  Алар намазды толук аткарышат, зекет беришет жана Акыретке анык ишенишет.

5. Мына ушулар Раббысынын туура жетекчилигинде  жана ушулар гана ийгиликке жетүүчүлөр!

6. Адамдардын арасынан кээ бирөөлөр билимсиздигинен Аллах Жолунан азгыруучу маанисиз сөздөрдү сатып алат жана Кураанды шылдыңдайт. Дал ошолорго кемсинтүүчү азап бар!

7. Ага Биздин аяттарыбыз окуп берилсе, дүлөй сымал, аны укпай текеберленип, тетири басып кетет. Ага жан ооруткан азаптын кабарын бер!

8. Чындыгында, ыйман келтирип, жакшылык кылгандарга –рахат бактары  бар.

9. Алар Аллах акыйкат убадасына ылайык анда түбөлүккө калышат. Ал – Кудуреттүү, Даанышман.

10. Аллах асмандарды, көрүп турганыңардай түркүксүз эле жаратып, силер менен чогуу чайпалбас үчүн жерге тоолорду орнотту жана аерге түркүн жаныбарларды жашатты. Биз асмандан суу түшүрүп, жер бетинде ар түрдүү пайдалуу өсүмдүктөрдү өстүрдүк.

11.Булар Аллах жараткандары. Кана, Аллахтан башкалар  жаратканын  көрсөткүлөчү?! Жок, албетте, кылмышкерлер анык адашууда.

12.  Жана Биз Лукманга даанышмандык бердик жана: «Аллахка шүгүр кыл. Шүгүр  кылган пайдасын көрөт. Ал эми, нээматка шүгүр кылбаганга, Аллах Беймуктаж, Мактоого ылайык”- дедик

13. Мына  Лукман баласына насаат кылып: «Эй, уулум, Аллахка шерик кошпогун!  Ширк - чоң зулум!- деди.

14. Биз инсанга ата-энесине жакшылык кылууну осуят кылдык. Энеси аны машакат үстүнө машакат менен курсагында көтөрдү. Төрөлгөн соң аны эки жыл эмизет. Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл! Мага гана кайтасыңар!

15. Эгер ата-энең Мага шерик кылууга  мажбурласа, аларга моюн сунба! Бирок, ал экөөнө татыктуу мамиле жаса! Мага тооба кылып, кайткандарды ээрчигин! Өлгөн соң Мага кайтасыңар. Анан Мен силерге эмне иш кылганыңарды билдиремин.

16. Эй, уулум! Чынында сенин амалың калемпирдин уругунчалык майда, чоң асканын ичине катылган, же асманда, же жердин түбүндө болсун - Аллах аны келтирет. Аллах баарын Билүүчү, баарынан Кабардар.

17.  Эй, уулум! Намазды дайым оку, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтар жана өзүңө жеткен машакатта сабырдуу бол! Чынында сабырдуулук – чечкиндүүлүк жана бекемдиктен.

18. Жана адамдардан бой көтөрүп, жүз бурба! Жана жер бетинде обочолонуп баспа! Аллах текебер, мактанчаактарды сүйбөйт!

19.  Кадамыңды өлчөп бас,  добушуңду көтөрбө! Добуштардын жагымсызы  эшектин айкырыгы.

20. Аллах силерге асмандардагы жана жердегилерди моюн сундуруп, силерди көрүнгөн -көрүнбөгөн нээматтарына бөлөп койгонун көрбөй жатасыңарбы?! Адамдардын арасында же илими, же Нурдуу Китеби, же Туура Жолу болбосо да Аллах жөнүндө талаша бергендер бар.

21. Эгер аларга: «Аллах түшүргөн Кураанга ээрчигиле!» деилсе, «Жок, биз ата-бабаларыбыздын жолуна гана ээрчийбиз» дешет. Шайтан  аларды жалын азабына чакырып жатса деле ошенте беришеби?!

22. Жана Аллахка жүзүн толук моюн сундургандар гана  Бекем тутканы кармаптыр! Иштердин акыбети Аллах бийлигинде!

23. Каапырлардын ишенбестиги сени капа кылбасын. Өзүбүзгө кайтышат. Анан Биз аларга кылмыштарынын кабарын беребиз. Аллах көкүрөктөгү  сырларды Билүүчү.

24. Биз аларды бул дүйнөдө бир аз пайдаланууга мүмкүнчүлүк беребиз, анан  Акыретте катуу азапка мажбурлайбыз.

25. Эгер сен алардан: «Асмандар менен жерди ким жараткан?» деп сурасаң, «Аллах» дешет. Сен «Аллахка мактоо болсун» дегин. Жок! Алардын көпчүлүгү билишпейт.

26. Асмандар жана Жердегинин баары Аллах мүлкү. Чынында, Аллах Бир Өзү гана Беймуктаж, мактоого татыктуу.

27. Эгер жер бетиндеги дарактар калемсап болуп, деңиз  суусу сыяга айланса да -бул деңиздин артындагы  дагы жети деңизди кошсо да  Аллах сөзү түгөнбөйт! Аллах Кудуреттүү, Даанышман!

28. Силердин жаралышыңар жана кайрадан тирилүүңөр бир эле жандын өлүп, кайра тилүүсүнө окшойт. Аллах Угуучу, Көрүүчү.

29. Аллах түндүн эсебинен күндү жана күндүн эсебинен түндү узартканын,  Күн менен Айды белгиленген мөөнөткө чейин моюн сундуруп койгонун көрбөй жатасыңбы? Аллах силердин  аракетиңерден  Кабардар.

30. Анткени, Аллах чыныгы Кудай. Ага шерик кылынгандардын баары - жалган кудайлар. Анткени,  Аллах эң Бийик, эң Улук.

31. Деңиздеги кеме Аллах белгилерин көрсөтүү үчүн жана Аллах рахматы менен сүзүп жүргөнүн көрбөйсүңбү?! Чынында мында ар бир сабыр жана шүгүр кылуучуга  белгилер бар!

32. Жана ал кемелерди толкундар көлөкөдөй басып калса   гана Аллахка дуба кылышып, ыймандарын жаңылашат. Ал эми, аларды Аллах балээден кутултуп, жээкке чыгараар замат, алардын көпчүлүгү Аллахтан алаксый башташат. Биздин аят-белгилерибизди кыянатчы, нашкүрлөр  гана четке кагышат.

33. Эй, адамдар! Раббыңардан корккула! Атасы  баласын, баласы атасын коргой албаган Күндөн корккула! Аллах убадасы - Акыйкат! Силерди дүйнө жашоосу кызыктырбасын! Силерди шайтан Аллах кечиримдүүлүгү менен азгырып койбосун!

34. Чындыгында, Кыяматтын  качан болоорун бир гана Аллах билет. Ал жамгыр жаадырат жана жатындагыны билет. Эч бир жан эртең эмне жасап калаарын  жана эч ким кай жерде көз жумаарын биле албайт. Чынында, Бир Аллах гана баарын Билүүчү, барынан Кабардар.

                                    
                                                                             36

                                                                   «Йа-син»


Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен!

1.  Йа, Син.

2.  Даанышман Кураанга ант:

3-4.  Сен чынында, Пайгамбарлардансың - Туура Жол үстүндөгү.

5-6.  Кураан - Ата-бабалары эскертилбегендиктен караңгылыкта калган коомдуу эскертүүң үчүн - Ырайымдуу, Кудуреттүүнүн түшүргөнү.

7. Алардын көпчүлүгү тууралуу Сөз ордунан чыкты. Эми алар ыйман келтиришпейт.

8. Биз алардын моюндарынан ээктерине чейин кишендегенбиз. Анан алар ийиле албай какайып  калышкан.

9. Биз эч нерсени көрө албагандай кылып,  алардын алдынан, артынан тосмолор менен ороп салдык!

10. Сен аларды эскерт –эскертпе  ыйман келтиришпейт.

11. Эй, Мухаммад! Сен эскертмеге ээрчиген жана Рахманды көрбөй коркконду гана эскерте аласың. Сен ага Аллахтын кечиримин жана улуу сыйлык кабарын сүйүнчүлө!

12.  Албетте Биз өлүктөрдү кайрадан тирилтебиз жана мурда жасап-калтыргандарын жазып коебуз, жана Биз ар бир нерсени Анык Китепте алдын ала эсептеп койгонбуз.

13.  Жана сен аларга каапыр шаардын элине бир кезде пайгамбарлар келгенин мисал кыл.

14.  Биз аларга элчилерден экөөсүн жибергенибизде, аларды жалганчыга  чыгарышты. Анан үчүнчүсү менен кубаттадык. Алар «Биз силерге жиберилген элчилербиз» дешти.

15. Каапырлар: «Силер биз сыяктуу эле адамсыңар. Рахман  силерге эч нерсе түшүргөн эмес! Силер жалган айтып жатасыңар!» - дешти.

16.  Элчилер: «Раббыбыз билет, биз чындап силерге жиберилген элчилербиз.

17. Биздин милдетибиз -силерге акыйкатты анык жеткирип коюу гана»- дешти.

18. Каапырлар: «Биз силерден жамандыкты сезип жатабыз. Эгер токтотпосоңор силерди ташбараңга алабыз жана жан ооруткан азапка дуушар кылабыз!» - дешти.

19. «Шектенүүңөр өзүңөрдө! Эскертүүнү – жамандык деп күмөн санайсыңарбы?! Жок! Силер чектен чыккан эл экенсиңер!» дешти элчилер.

20. Ошондо шаар четинен бир адам чуркап келип: «Эй, коом! Пайгамбарларды ээрчигиле!

21. Чакырыгына акы сурабагандарды ээрчигиле!  Алар  Туура Жол үстүндө» - деди.
22. «Эмне үчүн мен Жараткан Аллахка ибадат кылбайт экенмин?! Силер да Ага кайтарыласыңар!

23. Андан башкаларды кудай кылып  алайынбы?! Эгер мага Рахман бир зыян кааласа, алардын шапааты пайда бербейт жана алар мени куткара да алышпайт!

24. Эгер Аллахтан башканы кудай кылсам - анда мен анык адашууда каламын!

25. Мен силердин чыныгы Раббыңарга ыйман келтирдим, мени уккула!».

26-27. Ага: «Бейишке кир!» - деп буйурулганда -ал: «Кана эми, менин Раббым мени кечиргенин жана даражамды жогорулатканын коомум билсе!» -деди

Жыйырма үчүнчү бөлүм

28. Анын артынан Биз каапыр коомдун үстүнө асмандан аскерлерибизди түшүрбөдүк. Түшүрбөйт да болчубуз.

29. Бир гана кыйкырык болду! Анан.., баары кыйрады.

30. Кайран гана пенделер! Аларга Пайгамбар келген сайын шылдыңдай башташат.

31. Биз алардан мурда нечендеген каапыр муундарды кайрылгыс кылып кыйратканыбызды көрүшпөйбү!

32.  Акыйкатта, алар Кыяматта  Биздин алдыбызга чогултулат.

33.  Аларга өлүк жер – кудуретибизден  дагы бир белги. Биз аны жандандырдык  жана алар жечу  дан чыгардык.

34-35  Жана мөмөсүн жешсин деп  Биз ал жерде алардын колдору жасай албаган курма, жүзүм бактарды өстүрдүк жана анын боорунан булактарды чыгардык, шүгүр кылышпайбы, эми?!

36. Ал жерден, өздөрүнөн  жана алар билбеген  нерселерден жуптарды жараткан Аллах – Аруу, Таза!

37. Түн да аларга бир белги. Биз андан күндүздү сыйыраарыбыз менен, алар караңгыда калышат.

38. Күн да  - белгиленген чегинде гана айланат. Бул –Азиз жана Билүүчүнүн тагдыры.

39. Биз Айга да, курманын эски шиңгили сымал ийилип калганга чейин бир нече орундарды белгилеп  койгонбуз.

40.  Күн Айга жетиши мүмкүн эмес, түн дагы күндүздөн озуп кете албайт. Баары асманда сүзүп жүрүшөт.

41.   Аларга дагы бир белги: Биз Нух урпактары жүктөлгөн кемени топон суу бетине көтөрүп койгонубуз.

42. Дагы Биз аларга ал кеме сыяктуу унааларды жаратып бердик.

43.  Эгер кааласак Биз аларды чөктүрүп жиберебиз. Кийин аларга эч бир жардамчы болбойт жана алар куткарылбайт.

44.   Бирок, Биздин  ырайымыбыз менен гана белгилүү убакытка чейин куткарылуулары мүмкүн.

45.   Эгер аларга «Алдыңардагы жана артыңардагы азаптан корккула, ажеп эмес Аллахтын ырайымына жолуксаңар»- деп айтылса- кулак салышпайт.

46.  Аларга Раббыларынан белгилер келсе, андан да жүз бурушат.

47. Эгер аларга: «Аллах ырыскы кылып бергенден садака кылгыла» -деилсе, каапырлар момундарга: «Аллах Өзү аларды тойгузбаса   биз тойгузабызбы?! Силер анык адашып жатасыңар!»- дешет.

48. Дагы: «Эгер чынчыл болсоңор, айткылачы Кыямат качан келет?» - деп сурашат.

49. Аларга бейкапар, өз-ара жаңжалдашып турганда жандарын ала турган бир кыйкырыкты гана күтүү гана калды.

50.  Аларга өлүм келгенде осуят кылууга да үлгүрбөй калышат жана үй-бүлөөлөрүнө да кайтып бара алышпайт.

51. Жана Кыяматта Сур кернейи экинчи ирет тартылат. Кийин, капыстан алар Раббыларына сурак берүү үчүн мүрзөлөрүнөн суурулушат.

52.  Ошондо: «Оо, шорубуз кайнады! Бизди уйкудан ким тургузду?! Бул Рахмандын убадасы турбайбы! Пайгамбарлар чын айтышкан экен!»- дешет.

53.   Бир гана кыйкырык добушу болот. Анан заматта баары Биздин алдыбызда туруп калат.

54.  Ал күндө эч бир жан зулумдук көрбөйт  жана силер жасаган ишиңерге  ылайык жаза аласыңар.

55.  Ал Күнү Бейиш элдери кубаныч менен гана алек.

56.  Көлөкөдөгү сөрүлөрдө жубайлары менен жөлөнүп отурушат.

57.  Ал жерде  алар үчүн мөмөлөр, тилеген бардык нерселери бар.

58. Аларга Ырайымдуу Раббысынын  «Cаламы» айтылат.

59. Эй, күнөөкөрлөр! Бүгүн  бөлүнгүлө!

60. Эй, Адам баласы! Мен силерге: «Шайтанга кулдук урбагыла! Ал силерге анык душман!

61.  Мага гана ибадат кылгыла! Туура Жол – ушул!» деп буюрбадым беле?!

62.  Ал көп муундарды азгырган го! Акылыңарды иштетпейсиңерби?!

63.  Силерге убада кылынган тозок – ушул!

64. Каапыр болгонуңар үчүн бүгүн ага киргиле!»

65. Ал күнү алардын оозун мөөрлөйбүз. Кылмыштары  жөнүндө алардын колдору сүйлөйт, буттары күбөлүк берет.

66. Жана кааласак, көзүн тегиздеп койобуз. Анан Бейиш жолун издегенге шашылышат. Көрмөк кайда эми!

67.   Жана кааласак аларды турган жеринде катырып койобуз. Алдыга басканга да артка кайтканга да кудурети келбей калат.

68. Биз кимге узун өмүр берсек, анын денесин картайтабыз (белин бүкчүйтөбүз). Акылдарын иштетишпейби?!

69-70. Биз Мухаммадга ыр үйрөткөн жокпуз. Ага акындык жарашпайт. Анын окуганы тирүүлөрдү эскертип, каапырларга Сөз өкүмүн өткөрүү  үчүн түшүрүлгөн Эскертүү жана анык Кураан!

71.  Алар үчүн Өз Колубуз менен жараткандан  чарба айбандарын, карамагындагы  мүлктү жасап бергенибизди көрүшпөдүбү?

72.  Жана кээ бирөөлөрүн минүү үчүн, кээ бирлерин жеө   үчүн ал айбандарды аларга моюн сундурдук.

73.  Жана мында пайда жана ичимдиктер бар. Шүгүр кылышпайбы?!

74. Аллахтан башка нерселерди кудай кылып алышты. Алардан жардам болсо кана!

75. Кудайларына аскер   сыяктуу кулдук урушса да аларга жардам берүүгө кудурети жетпейт.

76. Сени алардын сөзү капалантпасын. Биз алардын жашыруун, ашкере иштерин билип турабыз.

77. Биз инсанды тамчы суудан жаратканыбызды билбейби, капыстан Бизге анык душман болуп чыга келди.

78.  Жана, өзүнүн жаралганын унутуп: «Чириген сөөктү ким  тирилте алмак?»-деп, Бизге каршы мисал келтирди!

79. Айткын:  «Аны биринчи ирет  жараткан Аллах кайра тирилтет. Ал ар бир макулукту кандай жаратууну жакшы билет.

80. Ал силерге  дарактан от чыгарган. Силер аны жагып жатасыңар.

81.  Асмандарды жана Жерди жарата алган Зат алардын окшошун экинчи ирет жаратууга кудуреттүү эмеспи? Жок! Кудуреттүү! Ал эң мыкты Жаратуучу жана эң Илимдүү.

82.  Эгер Ал бир нерсени кааласа,  «Бол!» дейт. Анан ал иш заматта жүзөгө ашат.
83. Бардык нерселердин өкүмү Өз колунда болгон Аллах Таза! Бардыгыңар Өзүнө кайтарыласыңар!


                               
                                                                           68

                                                                      «Калам»


Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен!

1.  Нун. Калемге  жана алар  жазганга  ант.

2. Сен Раббыңдын рахматы менен жинди эмессиң.

3. Чындыгында сенин сыйлыгың- түгөнгүс!

4.  Жана сен улуу ахлактуусуң.

5-6. Кимиңердин жинди экениңерди жакында көрөсүң, алар да көрүшөт.

7. Сенин Раббың, Өз жолунан адашкандарын да Туура Жол тапкандарын да  жакшы билет.

8Ошондуктан сени  жалганчыга чыгаргандарга моюн сунба!

9. Сен аларга макул болсоң, алар да сени менен келишүүнү каалашат.

10-11-12-13. Сен көрүнгөн анткорго, ушакчы, чагымчы, жакшылыкка сараң, чектен чыккан  күнөөкөр, таш боор  тексиздерге моюн суна бербегин!

14.  Ал бай жана перзенти көп болгону себептүү

15. Ага Биздин аяттарыбыз окулса: «Бул байыркылардын жомоктору»-дейт.

16.  Биз Кыяматта аны тумшугунан мөөрлөйбүз!

17. Чындыгында, Биз аларды бир кезде бак ээлери түшүмүн таңга жуук жыйнап алууга аттанышканда, сынагандай сынадык.

18. Алар ниеттеринде “Аллах кааласа” деген сөздү эске алышпады.

19. Алар уктап жатканда бакты Раббыңдын балээси каптады.

20. Таңга заар бак  кара күлгө айланды.

21-22.  Анан таң атып: «Түшүмүңөрдү жыйнай турган болсоңор эртерээк барбайсыңарбы» -деп  бири-бирин чакырышты.

23-24. Жолдо баратышып: «Бүгүн бакка бир да кедей кирип кетпесин» -деп шыбырашты.

25.  Алар: “Кембагалдарды түшүмсүз  калтыруу колубуздан келет”- деп баратышты.

26. Анан бакты көргөндө: «Биз адашып калдык окшойт»- дешти.

27Жок! Биз бактан айрылыптырбыз!”- дешти анан.

28. Ошондо адилеттүүрөөгү: «Мен силерге “Аллахты даңазалагыла”, “Аллах кааласа” деп айткыла дебедим беле?”-деди.

29.  «Раббыбыз  АрууТаза!  Биз өзүбүзгө зулум кылуучулардан болдук!» -дешти

30.  Анан бири-бирин айыптай башташты.

31. «Шорубуз курусун! Биз чындап, чектен чыгып кетиптирбиз!

32. Эми, Раббыбыз ал бактан жакшыраагын берээр бекен?! Биз Раббыбызга кайрылуучубуз го!» - дешти.

33. Азгырылганга жашоо  азабы ушундай! Ал эми, Акыреттин азабы мындан да оор, эгер билишсе!

34.  Чындыгында, такыбалар үчүн Раббысынын жыргал  бактары бар.

35. Кантип эле биз мусулмандарды күнөөкөрлөргө теңейли?!

36.  Кантесиңер?! Кандай өкүм чыгарып жатасыңар?!

37-38. Же силерде “Тандаганыңарга ээ болосуңар” – деген   Китеп барбы?!

39. Же, “Силер каалаганыңарды кыла бергиле”- деген,  Кыяматка чейинки  Биздин убадабызды алдыңар беле?

40.  Алардан сурачы, кимиси буга кепилдик берет?!

41.  Же алардын Аллахтан башка кудайлары барбы?! Чынчыл  болушса, ошол кудайларын алып келишсинчи!

42. Кыяматта Балтыр ачылып, алар саждага чакырылганда, сажда кыла албай калышат.

43. Көздөрү жер тиктеп, кемсинишет. Анткени, бул дүйнөдө дени соо маалда саждага чакырылышкан эле.

44. Мени бул Сөздү жалганга чыгаргандар менен калтыр! Биз аларга билдирбей, кызыктырып, кыйратабыз!

45. Мен аларга мөөнөт берем. Анткени, Менин амалкерлигим бекем!

46. Же сен алардан акы сурап, алар болсо төлөөдөн кыйналып жатышабы?

47. Же алар кайыпты билишеби, аны жазгыдай?

48. Раббыңдын өкүмү чыкканча сабыр кыл! Киттин курсагында кысылганынан Раббысына дуба кылган кишиге окшобо!

49.  Раббысынын жакшылыгы жетпегенде, ал жек көрүндү болуп, чөлдө кароосуз ташталмак.

50.  Бирок, Раббысы аны тандап, жакшылардан кылды.

51. Каапырлар Кураанды укканда сени көздөрү менен жеп ийчүдөй карап: «Ал жинди!» дешет.

52. Кураан болгону  ааламдарга Эскертме гана!


                            
                                                                         93

                                                                  «Зухаа»


Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен!

1.  Шашкеге ант!

2.  Коюу –түнгө ант!

3. Раббың сени таштаган жок жана сени жек көрбөдү.

4. Чындыгында  Акырет сен үчүн бул дүйнөдөн жакшыраак.

5. Анткени, Раббың сен ыраазы болчудай  сыйлайт.

6. Ал  сени жетим таап, башпаанек бербеди беле?

7. Жана сени адашканыңда таап, Туура Жолго салбадыбы?

8.  Жана сени кедей таап, андан соң байытты го.

9.  Эми, сен жетимге каарыңды төкпө.

10.  Жана сураганды кууба.

11.  Жана  Раббыңдин нээматтарын баянда.


94

                                                                          «Шарх»


Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен

1. Биз сенин көкүрөгүңдү ачпадыкпы?

2-3. Желкеңди  баскан күнөөлөрдөн тазаладык.

4. Жана Биз сенин атагыңды көтөрдүк.

5.  Чындыгында, кыйынчылыктан соң жеңилдик бар.

6.  Акыйкатта, кыйынчылыктан соң жеңилдик бар.

7. Эми, бошооруң менен аракеттен,

8.  Жана Раббыңа гана умтулгун!


96

                                                                           «Алак»


Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен!

1-2-3.  Жаратуучу,  инсанды уюган кандан жараткан Раббыңдын ысымы менен окугун! Жана  Раббың берешен!

4. Ал инсанга калем менен үйрөттү.

5. Инсанга билбегенин билдирди.

6-7.  Жок! Чындыгында, инсан байлык берсең- чектен ашат.

8.  Аныгында, кайтуу  Раббыңа гана.

9-10.  Намаз окуган кулга тоскоолдук кылганды көрдүңбү?

11. Кандай  деп ойлойсуң,  балким ал туура жолдодур,

12. Же элди такыбалыкка чакырып жаткандыр?

13 Кандай  деп ойлойсуң,  балким ал каапыр акыйкатты -жалган - деп, жүз үйрүп жүрбөсүн?

14.  Билбейби аны Аллах көрүп турганын?!

15. Жок! Эгер анысын токтотпосо, Биз анын төбө чачынан мыкчып сүйрөйбүз!

16. Калпычы жана күнөөкөр төбө чачынан!

17.  Мейли, ишенгендерин чогултсун!

18. Биз болсо тозок сакчыларын чакырабыз!

19.  Жок, сен ага  моюн сунба! (Раббыңа) сажда кыл жана Аллах Таалага жакын бол!


97

                                                                          «Кадыр»


Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын  ысымы менен!

1. Чынында, Биз Кураанды Кадыр Түнүндө  түшүрдүк.

2. Кадыр түн эмне экенин сен кайдан билмек элең?!

3. Кадыр түнү миң айдан да жакшы.

4. Анткени, бул түнү периштелер жана Рух Раббысынын уруксаты менен, ар түрдүү иштер менен жерге түшөт.

5.  Ал таңга чейин саламаттык түнү!


105

                                                                                «Пил»


Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен!

1.   Раббың пил ээлерин эмне кылганын байкабадыңбы?!

2.  Алардын   айлаларын текке кетирбедиби?

3.  Жана аларга каршы топ куштарды жиберди.

4. Алар  чопо- таштар    ыргытышып,

5. Аларды илме-тешик  жалбырактай кылып койду!


106

                                                                           «Курайш»


Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен!

1. Курайш  биримдиги үчүн!

2. Кышкы  жана жайкы сапардагы  алардын ынтымагы үчүн!

3-4.Аларды  каатчылыкта азыктандырган, коркунучтан аман сактаган ушул Үйдүн Раббысына гана ибадат кылышсын!


108

                                                                          «Каусар»


Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен!

1. Чынында Биз сага «Каусарды» бердик.

2.  Сен Раббың үчүн намаз оку жана курмандык чал!

3.  Албетте, сени жек көргөндүн  арты кыска!


110

                                                                             «Наср»


Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен!

1. Аллахтын жардамы жана жеңиши келсе

2.  жана адамдарды Аллахтын динине топ-тобу менен кирип жатканын көрсөң...

3.  Анда, Раббыңды мактап, аруула жана күнөөлөрүңдү кечирүүсүн сура! Чынында, Ал тообаларды кабыл кылуучу!


112

                                                                            «Ыклас»


Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен!

1.  Айт: Ал – Аллах жалгыз!

2.  Аллах – Беймуктаж

3.  Ал туубаган жана да туулбаган!

4.  Жана эч ким Ага тең эмес!


113

                                                                           «Фалак»


Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен!

1-2-3-4-5 « Өзү жараткандын зыянынан, жана каптап кирген караңгы түндүн жана түйүндөргө дем салчу сайкырчылардын жамандыгынан жана көрө албастын сугунан коргоо тилеп таңдын Раббысына жалынамын” - деп айт


114

                                                                              «Ан-Нас»


Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен!

1-2-3-4-5-6.  «Мен адамдардын көкүрөктөрүнө азгырык салуучу жин-шайтан жана адам-шайтандардын азгырыгынан коргоо тилеп инсандардын Раббысына, падышасына жана Кудайына жалынамын”- дегин



Комментариев нет:

Отправить комментарий