четверг, 27 июня 2013 г.

МЕНИН СӨЗДӨРҮМ

Бисмилляхир Рохманир Рохийм!

Ыйман тууралу

«Ыйман келтиргендер жана жакшылыктарды жасагандар – бейиш тургундары, алар анда түбөлүк калышат»

 [Кураан, 2-сүрөө, «Бакара», 82]


·         Аллах зыян кылганды кечирген, жамандык  каалаганга жакшылык каалаган  жана үзүлгөн тууганчылыкты улаган  мусулмандын  даражасын көтөрөт.
·         Аллахты сүйгөн Анын жараткандарын да сүйөт.
·         Аллахты тапкан эмнени жоготту? Аллахты жоготкон эмнени тапты?
·         Бейиштин ачкысы –таухид, жеңиштин ачкычы-сабыр, намаздын ачкычы- даарат, молчулуктун ачкычы- чынчылдык, берекенин ачкычы – шүгүр, жооптун ачкычы-дуба, билимдин ачкычы- кунт коюу жана туура суроо берүү.
·         Тилиңди Аллахты зикр кылуудан токтомоюнча, периштелер бейиште сенин сарайыңды куруудан токтобойт.
·         Кедейликтин сулуулугу –сабырдуулук, байлыктын сулуулугу – шүгүрчүлүк.
·         Исламдан жогору сыймык жок, такыбалыктан жогору жакшылык жок, тообадан жогору коргонуч жок, ийгиликтен кооз кийим жок.
·         Күмөндөн акыйкат жоголбойт.
·         Эгер сенин эсиң бекем болуп, эстегениң арман болсо-демек сен эң бактысыз адамсың.

Билим тууралу

«Аллах силерден ыймандууларды жана билим берилгендерди ар кандай даражаларга көтөрөт»

[Кураан, 58-сүрөө, «Кайым айтышуу», 11]

·         Колуңдан келсе окумуштуу бол, келбесе –окуучу бол. Ал да келбесе –экөөн тең жакшы көр. Ал да болбосо-аларды жаман көрбө.
·         Аз билгендин баасы да аз.
·         Биринчи билим –унчукпоо, экинчиси –кунт, үчүнчүсү –жаттоо, төртүнчүсү- аткаруу жана бешинчиси-жайылтуу.
·         Билбегениңди сүйлөбө, билгениң тууралуу кепке калбайсың.
·         Адам билсе гана сулуу, бирок ал билгенин аткарбаса-эч качан билбейт.
·         Даанышман өзүнөн көптү билгенден үйрөнгөндөй эле, азды билгенден деле үйрөнө алат.
·         Билим –дарыя. Даанышмандык-деңиз. Окумуштуулар –деңиз жээгин жоортушат.  Даанышмандар  ал деңизге чүмкүп ойношот. Ал эми билгендер – куткаруучу кеме менен сүзүшөт.
·         Азды билип, билгени менен элди агарткысы келген, көптү билип, билимин кызгангандан артыгыраак.
·         Окумуштуу болуп төрөлбөйт жана билимди албай койуу-акмактык.
·         Акыл-белек, билим-эмгек сиңирүү.
·         Жакшылыктын ондон тогузу- унчукпоодо жана бирөө келесоолор менен талашпоодо.
·         Таланттар бойго жетип төрөлбөйт.
·         Душманыңдан үйрөнгүн.


Адеп тууралу

«... акыйкатта сен улуу адеп ээсисиң»

[Кураан, 68-сүрөө, «Калем сап», 4]


·         Адептүүлүк –кедейликтин кооздугу, шүгүрчүлүк –сыноонун кооздугу, жупунулук –сүйүүнүн кооздугу, чечендик –сөздүн кооздугу, такыбалык- ибадаттын кооздугу, жөнөкөйлүк –илимдүүлүктүн кооздугу
·         Көрө албастык – көрө албастын жүрөгүн өрттөп күл кылат
·         Адилеттүүлүк –эзилгендин бейиши, эзгендин тозогу
·         Эң чоң кемчилик- бирөөнүн кемчилигине кызыгуу
·         Жокту издебе -барды жоготосуң
·         Чындыктын бир, калптын миң жүзү бар
·         Адепсиздин баркы жок
·         Сырыңды шамалга айткан болсоң, анын теректерге жеткенине таарынба
·         Адамдын асылдыгы- тилинин бекемдигинде
·         Бирөөнү тыйып, өзү тыйылбаганга наалат
·         Каталык уят эмес, катаны тан албоо уят
·         Колу ачыктын кемчилиги - ысырапкорлук, билимдин кемчилиги-текеберлик, ойдун кемчилиги- кумар
·         Өзүн күчтүү көрсөтүү текебердик эмес. Текебердик алсызга адилетсиздик кылуу
·         Ким эки жүзү менен жашаса- ал жүзү жок өлөт
·         Ким ачуусун баса алса гана - алдуу
·         Алтын намысты кордогон жалтырак темир
·         Тамашадан кач, ал күнөөгө түртүп, жек көрүндү кылат
·         Тамаша урматтан четтетчү келесоолук
·         Коркок этиятмын дейт. Сараң үнөмчүлмүн дейт
·         Эң сонун жакшылык-балээге кабылганга жардам берүү
·         Сенин имаратың башкалардан бийик болуусу үчүн: сен кошуна имараттардын баарын бузасың же алардан бийик кылып саласың



Тагдыр тууралу

«Ыймандуу эркек менен ыймандуу аялдын пайгамбар чечкенден башкага ыйтыяры жок»

[Кураан, 33-сүрөө, «Көпчүлүк», 36]

·         Ар бир көз жаштан соң жылмайуу бар. Ар жылмайуудан соң көз жаш келет. Жашоодо да ушундай.
·         Шамал кемеге жакпаган жактан согот
·         Кабатырлык бейкапар тараптан келет
·         Башкаларга кантсең, сага ошентишет
·         Жамандыкты таштасаң, ал да сени таштайт
·         Адам ыраазылыгы –кол жеткис
·         Жакшылыкты жоготмоюнча баасын билбейсиң
·         Эң жакшы иш –жакшылыкты таратуу, эң жаман иш жамандыкты тоспоо. Ал жамандыктан да жаман
·         Кеме тарапка сүзгөндөр бар жана аны күтүп отура бергендер да бар


Кедейлик, байлык жана азга шүгүрчүлүк тууралу

«Эй, ыйман келтиргендер! Адилеттүүлүктө бекем тургула...кедей же бай болгонуна карабай -  Аллах экөөнө тең жакын»

[Кураан, 4-сүрөө, «Аялдар», 135]


·         Эң кедейлер- байлыгынан башка эч нерсеси жоктор
·         Адамдын баасы-жеткенинде
·         Эң сонун байлык- каниеттүүлүк, ал эми жакшы байлык- пайда апкелген мүлк
·         Акча адамды татыктуу кыла албайт, бирок татыктуу адам акча кыла алат. Эгер кааласа
·         Адам эч качан жашоого, байлыкка жана берекеге тойбойт
·         Баарын  каалаган - баарын жоготот
·         Байлык жакшы кызматчы, жаман кожоюн
·         Үмүтсүздөн өткөн кедей жок
·         Жакшы байлык  адал менен, жаман байлык күнөө менен табылат
·         Сараң –мураскорлорунун кароолчусу


Эстүүлүк тууралу

«...кепке келип жакшыны ээрчигендер. Алар – Аллах жетелегендер жана алар акыл ээлери»

[Кураан, 39-сүрөө, «Тайпалар», 18]


·         Кылым баасын аныктай алган гана акылдуу
·         Акылдуунун тили жүрөгүнүн артында болсо, келсоонун жүрөгү акылынын артында болот
·         Сени жерге ыргыткан атка караганда, көтөрүп жүргөн эшек жакшы
·         Билбесең – сура, адашсаң – кайт, өкүнсөң – жасаба
·         Ачуу – акыл отун өчүргөн шамал
·         Досуңа эч ким жокто насыйкат кылсаң –оңдогонуң, эл көзүнчө айтсаң - кордогонуң
·         Сураганга бергениң – сулуулугуң, бирок анын кажетин билип, суратпай бергениң андан да сулуулугуң
·         Мактасаң уялып, тилдесең унчукпагандар- адамдардын асылы
·         Акыл толгон сайын, сөз азая берет
·         Сөздүн төрөсү – кыскасы жана нускасы
·         Улуулук-унчукпоо
·         Адамдын сөзү- акылынын өзү
·         Акылсыз достон акылдуу душман абзел
·         Тарбия көбөйгөн сайын баасы жогорулай берет
·         Бир ташка эки жолу чалынуу уят
·         Өзүң менен сүйлөшкөнү акыл, өзгө менен сүйлөшкөнү жүрөк жетиштүү
·         Куралдуу акмакка ишенбе

Сонун сөздөр тууралу

«Жана Менин пенделериме жакшыны гана сүйлөөсүн айт; чындыгында шайтан араларына бүлгүн салат, чындыгында шайтан адамга – анык душман!»

[Кураан, 17-сүрөө, «Түнкү саякат», 53]


·         Жумшак сөз ачууну кайтарат».
·         Насыйкат кыска сөз менен жакшы. Анткени узун сөз унутулат».
·         Жакшылыкты онго бөлсө, анын тогузу унчукпоо, бирөө акмактардын чогулушунан кетип калуу
·         Адамдын жакшылыгы –сакталган тили менен аныкталат
·         Асыл сөздөр далилге муктаж эмес
·         Сөздүн ширеси - маанисинде
·         Жакшы сөз жүрөккө  тилди тилбей жакшы из калтырат
·         Акылдууга билгенин сүйлөй берүү жарашпайт. Бирок сүйлөп жатканын билүү зарыл
·         Эң жакшы белек- суранычтан мурда  берилгени


Достук тууралу

«Достор ал күнү бири-бирине душман, кудайдан корккондордон башкасы»

[Кураан, 43-сүрөө, «Кооздуктар», 67]


·         Кемтиксиз дос издеген – жалгыз өтөт
·         Ар бир гүл соолуйт, ар тамчы агып бүтөт. Достук калат
·         Досу жок, согушка куралсыз чыккан жоокердей
·         Дос үчүн курмандык кылуу кыйын эмес. Бирок курмандыкка ылайык дос табуу кыйын
·         Душмандын соккону денени гана жараласа, достун урганы жүрөктү канжалатат
·         Сага бирөөнүн сырын ачканга  ишенбе, ал сеникин да бирөөгө ачат
·         Сени бирөө сатса – анын катасы. Бирок, ал сени эки жолу сатса бул сенин катаң
·         Достордун эң начары сага керек учурда далысын салганы
·         Жек көргөн жүрөктөн сүйүү издеген - эшек


Үмүт тууралу

«...Аллахтын сооротуусунда үмүтсүз болбоңуздар. Чындыгында Аллахтын сооротуусунда ыймансыздар гана үмүтсүз болушат»

[Кураан, 12-сүрөө, «Юсуф», 87]

 
·         Үмүт болсо баары болот
·         Үмүтсүз адам –суусуз өсүмдүк сымал
·         Илимсиз умтулуу –нурсуз жарыктай
·         Үмүтсүз жашоо болбогондой эле жашоосуз үмүт болбойт
·         Келечек өтмүш менен билинет
·         Үмүтсүз жашоо караңгы, билимсиз үмүт сокур, аракетсиз пайда жок, Аллахка сүйүүсүз ар бир аракет жоготуу
·         Экөө терезени  карап турат: бирине жылдыздар, экинчисине ылай көрүнөт
·         Кулаган уят эмес, турбай коюу уят
·         Дарыялар тамчыдан башталат


Ийгилик тууралу

«Ооба, Аллахтын партиясы -бактылуулар»

[Кураан, 58-сүрөө, «Кайым айтышуу», 22]

·         Максатка умтулуу гана жеткирет
·         Өзүнө ишенүү –ийгиликке чыйыр
·         Ийгилик колду чөнтөккө салып көтөрүлчү шаты эмес
·         Ийгиликтин мөмөсү – бакыт
·         Жол менен баскан – жетет
·         Максатка түз жол тез жеткирет
·         Жашоодогу таштарга чалына бербей, аларды чогултуп ийгилик пайдубалын куюу керек
·         Ийгилик –жакшылык менен келет
·         Оор жол – туура жол
·         Ийликке жетүү үчүн көктүктү - дос, тажрыйбаны –кеңешчи, этияттыкты – ага, үмүттү –кароолчу кылып алуу керек
·         Ийгилик кокусунан болбойт
·         Ийгиликке караганда аны каалоо кымбатка турат
·         Ийгиликтин сөздүгүндө: эгер, бирок деген сөздөр жок экен
·         Адамды ыраазы кылуу –ийгиликтен тайуу
·         Ийгилик –даярдык менен учурдун жолугуушусу
·         Ар бир  ийгиликке качандыр мүмкүн эмес деген мөөр басылган


Жылмаюу тууралу

Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Бирадарыңа жылмайганың – садагаң» -деген.

[Тирмизий]

·         Жылмайбаган жүз –дараксыз бактай
·         Жылмайуу жүрөктүн эң күчтүүдарысы
·         Жүздөгү жылмайуу –жүрөккө кубаныч
·         Жылмайуу арзан, бирок мөмөсү кымбат
·         Жүрөккө эң жакын жолдун аты –жылмайуу
·         Жылмайуу – которууга муктаж болбогон жалгыз тил
·         Жылмайуусуз адам - жыпарсыз гүл
·         Көп күлгөн көп урматтан калат


Жан тууралу

«...ар бир жан жана аны орноткон, жана ага бузукулук менен коркунучту салган менен!  Аны тазалаган киреше алды, аны булгаган –чыгашага кабылды»

[Кураан, 91-сүрөө, «Күн», 7-10]

·         Эркиндигин убактылуу коопсуздукка алмашкан, эркиндигин да коопсуздугун да жоготот
·         Атагын соодага койгон дайым чыгашада
·         Сүйүүсүз жан күйгөн дарактай
·         Ар бир жандын баасы өнүгүүсү менен өлчөнөт
·         Бул жашоодо бактысыз жан Акыретте да бактысыз
·         Жаныңды аныкта. Ал ким менен?
·         Жандын баары бирдей. Анда эмнеге бири башкасына суктанат?


Ден-соолук тууралу

«...жана раббысына: «Мага балээ келди,а сен  ырайымдуулардын Ырайымдуусусуң»-деп кайрылган Аййубту...»

[Кураан, 21-сүрөө, «Пайгамбарлар», 83]


·         Дарылоого кеткен миң сомдон алдын алууга сарпталган бир сом артык
·         Адам жашоо, ден-соолук жана жыргалга тойбойт


Бакыт тууралу

«Бакытка жеткендер – бейиште түбөлүккө калгандар...»

[Кураан, 11-сүрөө, «Худ», 1087]


·         Бактылуу болом десең: жүрөгүңдү жек көрүүдөн, акылыңды кабатырлыктан тазала, көптү берип, азды күткөн жупуну жашоону танда жана аны сүйүү менен ырайымга толтур, башкаларга кам көр
·         Коомдун бактысы үй-бүлөөнүн бактысынан турат. Үй-бүлөөнүн бактысы анын ээсинин бактысынан көз каранды
·         Сараңдык менен бакыт чогуу отурбайт. Кантип таанышып калды дейм да
·         Бакыттын баасын эл билет
·         Жашоо гүлдөгөн бак же тикендүү талаа
·         Адамдар ортосунда махабат кооздуктун төрөсү




Мен билдим...

·         Кечээки  кеткенин, эртеңки али жоктугун жана азыркы гана канимет экенин мен эми билдим
·         Жасаганың менен эмес, жасай ала турганың менен бааланарың мен эми билдим
·         Сырыңды  билген досуң душманга айланган учур эң коркунучтуу экенин мен эми билдим
·         Кылганына күйгөнгө караганда, кыла элегине күйпөлөктөгөн оордугун мен эми билдим
·         Күтүлбөгөн арзыбас белек, күттүргөн баалу белектен артыгын мен эми билдим
·         Аракет кылбаган адашпасын жана адашпаган үйрөнбөсүн мен эми билдим
·         Жакшылык шүгүрдөн башталаарын мен эми билдим
·         Жеңилүү жеңишти үйрөтөөрүн мен эми билдим


·         Мугалимдер көп, устаздар аз болоорун мен эми билдим
·         Эң кооз сезим бүт дүнүйө каршы турса да туура кадам таштоодо экенин мен эми билдим
·         Адамдын эң күчтүү куралы анын сабыры жана убактысы экенин мен эми билдим
·         Каерде турганың эмес, каякка бараарың маанилүү экенин мен эми билдим
·         Ката жолдогу күлүк атка мингенден көрө, туура жолдогу кашаң эшекке миңген абзелдигин мен эми билдим
·         Насыйкатты көбү эле угаарын, бирок азы эле пайдаланаарын мен эми билдим
·         Адам асмандагы жылдызды самаганы туура, бирок буту жерделигин мен эми билдим