ТИЛ КЕСЕПЕТТЕРИ



Бисмилляхир  Рохманир  Рохийм!

                                                                     Кириш сөз


          Ассалоому алейкум, урматтуу мусулман бир тууганым! Бүт мактоолор адамды жаратып, ага жашоону үйрөтүп, ыйман ээлерине кеңешчи, дарыгер, жол башчы жана жарык нур кылып, күмөнсүз жана кынтыксыз Кураанды түшүргөн ааламдар Ээси, акырет кожосу Аллахка болсун! Ааламдарга рахмат үчүн келген, адамдан чыккан асыл пенде, чыныгы пайгамбар Мухаммад Мустафа с.а.в.га салам жана салаваттар болсун!
          Адамдын тили – аны   айланасы менен байланыштырган каражаты. Тилдин жардамында адам билим алып, оюн айтат, маалымат таратат. Тил кээде адамдын бактысы, кээде кайгысы. Тилдин   сөөгү жок, кайда бурса кете берет. Пайгамбар с.а.в.: «Момундун жүрөгү таза болмойунча ишеними бек болбойт.  Анын   жүрөгү таза болбойт тили тазармайынча», «Мусулмандын колунан жана тилинен жамандык келбейт» - дечү.
Тили жакшы адамдын жанына эл чогулат. Анткени, анын тилинде заары болбойт жана ал бирөөнүн көңүлүн оорутпайт. Тилди жумшактыкка, сылыктыкка үйрөтүп, жакшы абройго жетишсе болот. Пайгамбар с.а.в.: «Аллахка жана акыретке ишенгендер жакшыны гана сүйлөсүн же унчукпасын» дейт. Жакшы сөз уккан адам кадимкидей ээрип, ар сөзгө ынанат. Кыргыздын «Жакшы сөз жыланды да ийинен чыгарат» деген макалы да буга далил.
Кажетти аз эле сөз менен түшүндүрүү абзел. Айтылган сөздүн эч жамандыгы болбосо да, аны ашыкча кайталай берүүдөн жана ага керексиз кошумчалоодон качкан жакшы. Аз сүйлөп, көп уккан адептен. Пайгамбар Мухаммад с.а.в. сахабаларына: «Бүт кылган соопторуңарды түбүнөн оруп сала турган чалгыны көрсөтөйүнбү?»-дейт. «Ооба, албетте көрсөт, Аллахтын элчиси» -деп суранган сахабаларына пайгамбар с.а.в. тилин көрсөткөн экен.
Умар ибн Хаттаб: «Адам денесиндеги мүчөлөрүнөн, тазаланып турууга тилдин акысы көп» -дейт. Себеби тили жамандык - оору. «Сөз ооздон чыкканга чейин сенин кулуң. Ооздон чыккан соң сен анын кулусуң» деген кыргыздын кеби бар. Өзүңдөн чыккан жаман сөздүн кулу болуу оор кесепет жана ага кабылбоо үчүн «тилге да тизгин керек» демекчи, тилди оңдоо керек.  Аны үчүн тил жөнүндө билим алуу жана аны турмушка айкалыштыруу зарыл. Демек, төмөндөгү жупуну эмгекке, адам тилинен таба турган жамандыктарды кесепет катары карап, ар бирине өз алдынча токтоону туура көрдүм. Албетте, тилдин кесепеттери ушуну менен түгөнүп калган жок. Келечекте Аллах мүмкүндүк берсе балким бул эмгек толукталып, уланаар.

         

                                       Көп сөздүүлүк



          Адатта, «Чечендин тили чеп бузат, тантыктын тили кеп бузат»-демекчи, көп сүйлөгөндөр сөзүнүн пайда-зыянына  көңүл бурбайт жана тантык адам  өзүнө тиешеси болбогон ашыкча же керексиз  сөздөрдү көп сүйлөйт. Алар көбүнесе арак, тамеки, уурулук, пара, бузукулуктар, зулумдуктар, бирөөнү маскаралоо ж.б.  жөнүндө суктанып же мактанып көп сүйлөшөт. Адам баштаган сөзүнө жараша касиети белгилүү болот. Төмөндө адамдардын адаттагы кептеринен чакан мисалдар келтирели:
          Аялдар, кыздар жөнүндөгү сөздөр. Намысы тебеленип же келечегине доо кетпесин деп кыргызда кызга, аялга аяр мамиле кылынаар эле. Азыр эки эркектин башы бириксе сөзсүз аялдар жөнүндө кеп кылышып, анын келбети, кебетеси негизги темага айланып калат. Азыр көбүнесе кыздарына ата-энелер кантип кийинүүнү түшүндүрбөгөндүктөн, алар көчөгө заманбап демиш болуп,  жарты жылаңач чыгып алганы чын. Өзгөчө мына ушундай кыздар жөнүндө божомолдоп эле ушак кыла бергендер да көп. Аллах   Кураанда: «Аялдын зынакордукка (никесиз байланышка) барганын кеминде төрт адам көрмөйүнчө – аны айыптоого акысы жок. Күбөлөрү жок айып таккан адам - тозоку » - дейт. Анан дагы эркектер эргүүгө жакын эл келет, кайненелер, аялдар жөнүндө анекдот айтканды жакшы көрүшөт. Негизи, анекдот дегени – бирөөнү маскаралоо дегени. Болгондо да энени маскаралоо жок эле дегенде анын  дараметине доо кетирүү жана наадандык.  Ал эми аялдарды сындап, келбетине артынан тамшануу менен алар жөнүндө уятсыз ой-сөздөрдү айтуу – жаман сөз айтканга барабар жана аларды угуу да чоң күнөө.
          Арак, арам тамак жөнүндөгү сөздөр. Заманбап отуруштардагы дасторкондон үстөл сынайын дегени бар. Андай жерге чогулгандардын сөздөрү адатта, барды келди менен эле чектелип калбайт. Себеби андан соң кимдин канча иче алгандыгы, ким өткөн тойдо канча арак койгондугу, кимдин шабашкасы канча, ким канча пара алат, ким каерден эмне уурдаганы ж.б.  жөнүндө сөзсүз кеп болот. Аллах – арам - деп, тыйуу салганды   жайылтуу же мактоо, суктанып сөз кылуу – күнөө.
          Кумар жөнүндөгү сөздөр. Кумар деп бир адатка көнүп кетүү   өнөкөтүн айтат. Ал эми ислам шариатында тыйуу салынган нерсеге кумар болууну (мисалы, ичимдикке, тамекиге, баңгизатка, сойкулукка же оюнга ж.б.) сөзсүз арам деп эсептейт. Бузукулук   элдеги кадыр- баркты төмөндөтөт жана мунун  негизги себепчилери – алар жөнүндө маалымат таратуучулар. Демек, бузукулукка суктанып, мактап же тан алып сүйлөө -  ал күнөөлөрдү жактоо деп эсептелет.
          Зулумдук жөнүндөгү сөздөр. Аллах Таала, бирөөнүн акысын бирөөгө арам кылып, бирөөнүн укугун бузууга тыйуу салат жана бирөөнүн мүлкүнө укуксуз кол салуу - зулумдук деп эсептелет. Заалимдер өз убагында жазаланбаса кутуруп, башкалардын акысын жегенди адатка айландырат. Мындай кесепет текеберчиликтен чыгат, адамды жакшы касиеттеринен ажыратып, менменсинүү, тоотпостукка апкелет. Бул чекти бузгандарды мактап, аларга суктануу менен сөз кылуу – алар кылган күнөөлөрдү жактаганга барабар. Пайгамбар с.а.в. «… ар бир мусулманга башка мусулмандын өмүрү, мүлкү жана баркы кол тийгис» дейт. Демек, адамдар   аялдарга, ичкиликке, кумарга, залимдердин текеберчиликтерине суктанып, аларды жарыялап же тамашалап сүйлөп калышканы, жаман сөздөр менен алек болгондоруна жана  здөрүнүн түздөн түз күнөөгө кириптер болуп жаткандарына далил.
          Адатта, пайдасыз сөздөр бекерпоздор чогулган жыйындарда көп сүйлөнөт. Жакшы жана пайдалуу сөздөрдү сүйлөөгө мүмкүнчүлүк болбогон топтолуштан кеткен жакшы. Себеби андай жерде сөзгө аралашып кетүү коркунучу бар. Убакыттын кадырына жеткен адам өзүнө тиешеси болбогон маселелерге көңүл бурбайт жана ага убактысын кетирбейт. Пайгамбарыбыз  Мухаммад с.а.в.: «Чындыгында, Аллахка  жаккан сөздөрдү айткан адам, Анын ыраазылык чегин жана кыяматка чейин  анын   колдоосуна ээ болгондордун катарына жазылганын,  же  Аллахка  жакпаган сөздөрдү сүйлөп, кыяматка чейин Анын каарына калгандардын катарына жазылганын  элестете албайт» - деп эскертет.

         

                                              Ушак



          Ушак - адамдар ортосун бузуп, ынтымактын түркүктөрүнө доо кетирет. Ушак уятсыздыктан келип чыгат. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Бир тууганың жөнүндө ага жакпаган сөздөрдү айтуу -ушак»-деген. Демек, бирөөнүн жогунда ага жакпаган, аны капаланткан, анын физиологиялык өзгөчөлүктөрү, мүнөзү,  мамилеси, үй бүлөөсү ж.б. жөнүндө сөз кылуу – ушактоо же жамандоо деп айтылат. Кураанда   Аллах Таала: «… бири бириңерди жамандабагыла. Бирөөңөр өлгөн бир тууганыңардын этин   жейт белеңер?! Силер жийиркенесиңер го!» - дейт. Пайгамбарыбыз с.а.в. кайсыдыр мүрзөнүн жанынан өтүп бара жатып, ал жердеги эки кабрды көрсөтүп: «Бул экөөнүн бири заара ушатканда шымынын багелегине чачыратып заара ушатса, а бири адамдар арасында чагымчылык кылып, сөз ташуу менен алектенгендиги үчүн азап тартышып жатат» - деген.
Ибн Аббас: «Бирөөнүн кемчилигин айтаардан мурда өзүңдүн кемчилигиңди ойло» - дейт. Ага уйгаш кыргыздын: «Өзүнүн башындагы дөңгөчтү көрбөгөн бирөөнүн башындагы чөптү көрөт» - деген макалы адатта, ушакчылардын өздөрүнүн айыбы көп болооруна ишаарат кылат.
          Ушак эл ортосундагы бейпилдикти бузгандыктан, ушакчынын сөзүнөн качкан жакшы жана аны угуу да күнөө. Кээ бирлер өздөрү байкабаган абалда ушакчыга өнөктөш болуп калат. Анткени алар же сүйлөнүп жаткан сөздүн ушак экенин баамдабай, а кээде жөн эле  ушакчынын көңүлүн оорутпайын деп аны токтотпой уга бергендер. Мухаммад ибн Кааб: «Момундун эң пас сапаттары - көп сөздүүлүк, сыр сактай албагандык жана ар ким менен макул боло бергендик» -деген.
          Момундун   ушакчыга  кулак салуу - ушакка макул  болгону жана  анын  жайылуусуна жардам бергени. Ар дайым ушакчыны  токтотуу жана сөздү жакшы жакка буруу  зарыл. Эгер андай мүмкүнчүлүк жок болсо ал жерден кетип калган оң. Хасан аль-Басри: «Сага ушак ташыган сени да ушактайт» - дейт.  Бул сөздөн улам ушакчы менен достошуу   ары турсун, аны жек көрүү сунуш кылынат.
          Ошентип, айтылууга тыйуу салынган кемчиликтер - оозеки, жазма, белги же ишарат түрүндө аталып же жоктолгонуна  карабай ушак  деелет.

          Ушактын   себептери

          Ушактоого  көбүнесе  бирөөгө жамандык кылуу, бирөөдөн өч алуу, аны менен эсептешүү сезими, бирөөнүн үстүнөн өзүнүн артыкчылыгын белгилөө түрткү болот.  Учурунда   токтотпосо ал сезим чегинен ашып, жек көрүүгө чейин алпарат. Ою күнү-түн өч алуу менен алек болгон адамдын  мүнөзү  да көз көрүнөө өзгөрүп калат. Ушактоого  ичи күйдүлүк көп себеп болот. Ичи күйдүлүк менен ооруган адамга  бирөөнүн жетишкендигин, ийгилигин    көрүү өтө оор жана анын аброюн басаңдатып, жаманатты кылуу үчүн  аны жамандап баштайт. 
Ошондой эле кээде адамдар бирөөгө иши түшсө ага жагынуу үчүн да анын атаандашын же араздашкан адамынын  ушактоо менен жумушун бүтүргөнү көп кездешет.
          Сын тагуу ушактоонун дагы бир себеби. Сын тагуу деп  бирөөнүн абалын таңкыттап, анын начардыгын баса белгилөөнү айтат. Мисалы «байкушка жаман эле болгон экен», же «анын абалына мышык ыйлап калыптыр » ж.б. сыяктуу сөздөр эгер боорукердиктен айтылбаган болсо, сын тагуу деп эсептелет. Ал эми кээ бир оозуна алы жетпегендер ар кимди  сындап атып  ушакка кирип кеткенин байкабай да калышат. Мухаммад с.а.в.: «Жол боюнда отургандар жолдун акысын төлөп койсун»-дейт. Жолдун акысы деп ары бери өткөн адамдар жөнүндө кеп кылбоону айтат.
          Ушакталган адам да өзү жөнүндө уккан кепке дароо эле ишене бербөөсү зарыл. Ушакка  ишенип, бирөө жөнүндө жаман ойлоо, ага жооп кайтаруу, ушак аркылуу өч алуу  ж.б. жеткен   адепсиздик. Кураанда: «Оо, ыймандуулар! Эгер наадан ушак айтса  аны териштиргиле…»  («Бөлмөлөр», 6 ) деген аят бар. Ушак  уккан соң аны адилеттүүлүк менен  териштирип,  анан чечим кабыл алуу туура.  Бирөөнүн  кемчилигин көзү жокто ашкерелөө - чындык айтылганына карабай күнөө. Пайгамбар с.а.в.: «Кыямат күнү Аллах Таала диндеш бир тууганынын аброюн сактагандын жүзүнөн тозоктун жалынын алыстатат» -деген.



                                                              Чагымчылык


          Чагымчылык деп эки же бир нече тарапты кайраштыруу максатында бирин бирине жамандоону айтат.   Эки тарапты кайраган эң жаман мүнөздөрдөн. Себеби жөнөкөй ушакчы бир эле тарапка ушак ташыса, чагымчы эки тарапка улам биринин сөзүн улам бирине «кооздоп» жеткирип турат.
          Кээде адам араздашкан эки тарап менен да жакшы мамиледе болушу мүмкүн жана учур келгенде аларды жараштырууга умтулушу керек. Жараштыруу мүмкүн болбогон шартта аларга бири-бири жөнүндө чындыкты жана жарашууга түрткү боло турган маалыматтарды гана айтуу зарыл. Пайгамбар с.а.в.: «…Аллах ичиңерден эң жаман көргөнү сүйгөндөрдү ажыраштырып, күнөөсүздөргө азап апкелүүгө тырышкан чагымчылар»-деген.
Айтмакчы, бирөөнүн жабыр тартуусун алдын ала  токтотуу үчүн болгон эскертүү   чагымчылык  деп эсептелбейт.



                                         Жамандоо, жалаа, кур доомат


          Жамандоо адатта, тили жамандардан чыгат. Алар менен сүйлөшүү өтө кооптуу. Себеби, алардын оюна дал келбеген сөз жаңжалга жана анын аягы жамандоого алып келет. Демек,  бирөөнүн бетине ага жакпаган, адатта калп дооматтар, анын аброюн басаңдатуу үчүн айтылган сөздөр - жамандоо деп эсептелет. Меккеде пайгамбарыбыздын с.а.в. изинен кууп, ал заттын артынан ээрчип, ага чогулган элдин алдында аны жамандоочулар да болгон. Аллах Таала  Кураанда:  «…ушакчы  жана жамандоочуга кыйроо - тозок болсун!» («Жамандоочу», 1)-деп, жамандоочуларды өлүктүн этин жегендерге теңейт.
Айтмакчы, бирөөнүн алданып же укугу тебеленип калбасы үчүн зулумдун  үстүнөн бийликке  даттануу - жамандоого жатпайт. Себеби пайгамбар с.а.в.: «Карызын создуктуруу акыйкатсыздык»-деген.
          Бирөөгө жок кемчиликти таңуулоо менен анын аброюн басаңдатуу – жалаа жабуу деп аталат. Мисалы, пайгамбарыбыз с.а.в. тууралуу: «Мухаммад с.а.в. жинди, акын, ата менен баланы, эне менен кызды, эрди аялы менен ажыраштырчу, каахин ж.б. » маанидеги кур дооматтар, жалаалар жабылып келгени Ислам тарыхынан маалим. Мындай мисалдар азыркы деле доордо, күнүмдүк турмушта байма- бай кездешет. Мисалы, ислам динин таратуучулар, өзгөчө  дааватчылар тууралуу не деген гана сөздөрайтылбайт. Алар террористтер, адам өлтүргүчтөр, баңгилер, бала-бакырасын бакпай тентип кеткендер ж.б. ушул сыяктуу сөздөрдү ар жерден укса болот. А чынында кандай? Бул маселени териштирсе-такыр башкача экени маалым болот.демек, жалаа кандайдыр мүдөөнүн аркасында же жөн эле оозун кармай албай сүйлөп жатабы –бирдей күнөө.
          Кур доомат да адамды бир далай түйшүккө салат. Адатта кур доомат кээ бир адамдарга убактылуу пайда апкелүүсү мүмкүн, бирок адилеттүүлүгү ачылып, бул жашоодо деле жазалануусун эске албаганда да, акыретте мунун натыйжасы оор болот. Мисалы, бир кыз бир жигит менен таанышып, бир кезде жатаканага барышып, жарык өчкөн соң, кыз милицияга  - мени жигит зордуктады деген доо менен кайрылат.  Жигитти бар канча күн чуркатып, андан  бир   канча сом өндүрүп, анан кечирет. Албетте,  кыздын да баланын да никесиз байланышка барганы өзү чоң күнөө, бирок, мен бул жерде жалааны түшүндүрүү үчүн ушул ситуацияны мисал катары  келтирдим.



                                Керексиз, тиешесиз сөздөр


          Убакыт адамдын эң чоң байлыгы жана аны жөнү жок өткөрүү - ысырапкерлик. Буга  өзүнө тиешеси жок, керексиз сөздөр менен алектенүү, аларды таратуу, жайылтуу жана  угуу  кирет. Пайгамбар с.а.в.: «Пенденин мусулманчылыгын эң жакшысы өзүнө тиешеси жок нерселерге убактысын кетирбейт»-деген. Керексиз же өзүнө тиешеси жок сөздөргө бирөөлөрдүн жеке турмушу тууралуу сөздөр, аманат сырлары, бузукулуктар, арам жөнүндөгү сөздөр ж.б. кирет.
          Момун  зарылдыгы болбосо көргөнү  жөнүндө унчукпоосу эрежеге ылайык. Бирок  тиешеси болбогон сөздөрдөн  сактануу менен кайдыгерликти алмаштырбоо зарыл. Анткени, кайдыгердиктен улам коомдо жамандык  жайылат. Кайдыгердик өнүккөн коомдо акыйкат болбойт жана анын  зыяны ар бир атуулга  тийет. Күнөөлүү  иштерди токтотууда же башка момунга зыян келтирчү жагдайларда ыймандуу адамдын  кийлигишүүсү абзел.  Айтмакчы, уурулукка же зулумдукка күбө болгон  момун жабыркануучунун  пайдасына көрсөтмө берүүсү парз. Пайгамбар с.а.в.: «… ар бир мусулманга башка мусулмандын өмүрү, мүлкү жана баркы кол тийгис»-дейт.




                                              Талаш


          Талаш деп кимдир бирөөнүн айткан сөзүнүн мазмуну, максаты же формасындагы кемчиликтерине көрсөтүүнү  айтат. Пайгамбар Мухаммад с.а.в.: « Адамдар туура жолдорунан талаша берип адашышат»- деген. Кээде  адамдар убактысын көпчүлүгүн талашка кетиришет. Алардын талашынан жагдай деле өзгөрбөйт. Болгону алаксып туура жолдон алыстап кетүүлөрү мүмкүн. Билал ибн Саьд: « Өзүнүн талашка жөндөмдүүлүгү менен  мактанган адамды акыретте уттурду дей бер»-деген экен. Себеби көп талашкан адам сөзсүз адашууга кириптер болот.   Айтылган  сөздү жокко чыгаруу же ага каяша айтуудан качуу -талаштан баш тартуу. Ибн Абу Ляйля: « Мен досум менен талашпайм. Анткени, мен анын сөзүн жокко чыгарып, же жок эле дегенде кыжырдандып коюшум мүмкүн» -  дейт.
          Билим жөнүндө сөз  болгондо унчукпай уккан жакшы. Билбеген гана нерсени суроо адептен. Суроо берип жаткан адам суроосу менен сүйлөп жаткандын беделин түшүрүп же аны басмырлоодон этият болуусу зарыл. Талашта атаандашынан ашам деп жалган айткан туура эмес. Өзгөчө сүйлөп жаткандын кээ бир чектелген  жөндөмдүүлүгүн белгилеп,  өзүңдүн артыкчылыгыңды мактануу текеберчиликтен жана анын аягы сөзсүз таарыныч менен бүтөт.
          Демек талаштын баары күнөө менен бүтүшү мүмкүн. Мухаммад с.а.в.: «Калп сүйлөгөнүн, чындыкты айтса да талаша бергенин токтотмойунча момундун ишеничи толук болбойт» - дейт. Бирок, Аллах, пайгамбарлар, дин, мусулмандар тууралуу адилетсиз сөз айтылса, алардын аброюн коргоо үчүн жооп кайтаруу ар бир мусулманга милдет.




                                              Тартыш


          Айтыш менен талаштын арты – тартыш. Тартыш деп кандайдыр мүлккө же укукка жетишүү үчүн көгөрүүнү айтат.  Пайгамбар хадистеринин биринде: « Аллахтын мунасага келбегендерден жаман көргөнү жок» - дейт. « Мага ал нерсени кереги деле жок, болгону мен тигини жеңгим гана келди»-деп, кээ бирөөлөрдүн мактанганын угасың. Мындайлардын  талашкандары арзыбаган нерсе, ал эми максаты  тартышкан  тарапты жеңүү. Муну бизде “принципке туруп алды” дешет. Албетте,  бул тартыштарда  калп, жалган аралашкан, көңүл ооруткан сөздөр айтылса, адилетсиздик чечим чыгарылса,  тартышкандар күнөөгө батат.
          Билимсиздиктен чындыкка акылы  жетпесе да зулумдун тарабын талаша бергендер да жолугат. Коюлган маселени чечүүгө билими, духу жетпесе четте эле турган оң. Кээ бирөөлөр «тууганым, балам эле» - деп «кол ийрисине тартып», митайымдыкка сала  беришет. Бирөөнүн таламын талашуудан мурда адилеттүүлүк ким тарабында экенин билип, анан аралашуу зарыл.
 Эгер мусулманга тартыш өтө зарыл болуп калса - атаандаш тараптын көңүлүн оорутпай,  сөзүн  далилдеп, ашыкча сөздөн качканы дурус. Адам денесин каптап турган жек көрүүнү  жумшак сөз менен гана жууй алат. Маектешиңдин көңүлүн оорутпаган канча сөз болсо да ага Аллахтын  кыжыры келбейт.




                                         Мактоо


          Мактоо деп кимдир бирөөнүн өзгөчөлүгүн жакшы сапат катары белгилөө, даңгазалоону айтат. Бирок мактоонун түрлөрү жана чеги бар.

          Мактоонун түрлөрү:

          Иши түшкөн адам, муктаждыгын бүтүрүү үчүн кээде калп айтып же жагалданып макташы мүмкүн. Калп айткандын кесепети жаман. Кызмат  абалын жоготуудан чочулап мактаганды – кошоматтык дешет жана ага тыюу салынат. Себеби кошоматтык чындык абалды жашырууга апкелет да көбүнчө кызматтык кыянаттарга түрткү болот. Адамдын өмүрүнө же мүлкүнө коркунуч туулган учурда да мактап кирет. Эгер коркунучтан кутулуунун башка жолу жок болсо гана шариат коркунуч ээсин мактоого уруксат берет.

          Мактоонун чеги:

          Жакшылык кылган адамга  ыраазылык билдирүү адептүүлүк. Бирок мактоо менен ыраазылыкты чаташтырбаш керек.  Сыйга татыктуу адамдарды аброюн көтөрүү максатында  мактоого болот. Мисалы, ар дайым так жүргөн адамдын бул касиетин мактоо менен ага ыразылык билдирүү ашыкча эмес. Акылы толук кире элек тестиер балдарды мактоо менен  тарбияласа  болот. Бирок баланын  мактоого көнүп кетүүсүн көзөмөлдөө зарыл. Анткени, ар дайым эле мактоо уга берген бала сын угуп калса шагы сына турган  же териге берчү болот.
          Адамды даарытып же көптүрүп жиберүү коркунучу болсо мактоодон алыс болгон жакшы. Кыргызда «көтөргөндү мактагын» дейт. Чегинен ашкан мактоонун кесепети мактоочуга да макталганга да тийиши мүмкүн. Мактоонун  мактап жатканга жана макталуучуга тийгизген терс таасирин карап көрөлү:

          Мактап жатканга тийчү  кесепеттер:

-        кызыгып кетип мактоону чегинен  ашырган  адам, адатта калпты да кошо айта баштайт;
-        адатта той-тоорлордо майрам ээсин аша мактагандар жолугат. Булар бир чети элге өзүнүн сөзмөрдүгүн көрсөтүү болсо, бир чети той ээси менен мамилесин өзгөчөлөө. А чынында анын оюу башка болушу мүмкүн. Мындай мактоолор албетте  эки жүздүү адамдан гана чыгат;
-        кээде бирөөнү мактай бергенге көнүп калгандар жолугат. Алар көбүнчө макталчу обьект жөнүндө билбей же билүүгө мүмкүнчүлүгү жетпесе да үстүрттөн алынган маалыматтардын негизинде эле «шыпыра» беришет. Шариатта билбеген нерсени айтууга тыйуу салынат.

          Макталып жатканга тийчү кесепеттер:

- негизсиз, чегинен ашкан мактоолор адамды текеберликке, тоотпостукка жана өзүмчүлдүккө алып барат;
- мактоо уга берген адам жумуштан жалооруп калат;
          Демек, эки тарапты тең  жогорудагы кесепеттерге кириптер кылбаган  мактоо гана пайдалуу. Мактоого туруштук  берүү  көп күчтү талап кылат. Кээде адамды мактоо менен сынап көрүшөт. А. Крыловдун белгилүү тамсилинде эшек корозду мактаса, короз эшекти мактап экөөнүн мактанчаактыгы сынга алынган.
          Умар ибн Хаттаб  бирөөнү мактап жаткан адамга: «Сен аны менен сапарда болдуң беле?»-деп сураптыр. Анын «жок» деген жообун укканда: «Сен аны менен күндө эртең менен, кечинде жолугуп турчудай кошуна болуп жашадың беле?»-деп сурайт. «Жок» дейт тиги. Умар кайрадан: «Аны менен соода  кылдың беле?»-деп сурайт. Жооп «жок» деп берилет. Анда Умар: «Аллах менен ант ичем, сен ал адамды жакшы билбейсиң»-деген экен. Демек, бирөө жөнүндө айтуу үчүн аны менен  сапапарда чогуу болуу, кошуна же соода кылып көрүү негизги шарттардын бири.




                                                Маскара


          Маскара деп кимдир бирөөнүн кемчиликтерин ашкере кылуу менен аны элге шерменде кылууну айтат. Аллах Кураанда: «Ыймандуулар! Эч ким маскаралабасын...бири бирине жаман сөздөрдү айтпасын… бири бирин ылакаптары менен чакырбасын…»-дейт. Албетте маскаралоо адамды ызалантат. 

                   Маскаралоонун түрлөрү:

          Бирөөнүн  физиологиялык кемчилигин ашкерелөө. Мисалы, төкөрдүгүн, сокурдугун же дүлөйлүгүн ашкерелеп: «Алдагы төкөрдү карагыла, сен дүлөйсүң, тиги сокур болуп көрбөй жатат ж.б.»-деп күлүү жана башкаларды күлдүрүү. Адамдардагы физиологиялык кемчиликтер ансыз деле бактысыздык жана анын үстүнөн күлүү жеткен адепсиздик.   Пайгамбар с.а.в.: «Бирөөнүн бактысыздыгына ачык күлгөнгө да Аллах бактысыздык бериши мүмкүн»-дейт. Кыргызда «күлгөнгө күлө жетесиң» деген сөз бар.
          Бирөөнүн  психикалык же акыл эс кемчилигин келекелеп күлүү же соо адамдарды да аларга теңөө. Мисалы «Алдагы келесоо экен, тиги жинди болуп калыптыр, сен акмаксың, көк мээ ж.б.» деген сөздөрдү колдонуу да сөзсүз бирөөнүн беделин түшүрөт.
          Бирөөнүн  өтмүшүндөгү каталарына күлүү. Ага  жагымсыз болгон фактыларды жарыялоо аны адамды ызалантып, кыжырын келтирет.
          Бирөө  аманат кылган  сырын  кыянаттык менен ашкерелөө, анын сыры үстүндө келеке кылып күлүү жана башкаларды күлдүрүү. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «…бирөөнүн кемчилигин жашыргандын кемчиликтерин Аллах кыяматта жашырып койот…»- деген

          Маскаралоонун ыкмалары:

    Сөз менен. Мисалы, мазак сөздөр, пародиялар, анекдоттор ж.б.;
          Сөз ишараты менен. Мисалы, намек менен белгилеп, башкаларды анын үстүнөн күлдүрүү;
          Ыр менен. Мисалы, азил, тамсил, шарада ж.б.;
          Сүрөт менен. Мисалы, карикатура ж.б.
          Дене ишараты менен, Мисалы, бирөөнүн кемчилигин тууроо.
          Жогорудагы ыкмалар менен мазактоо адамды таарынтат. Аллах Кураанда: «Ишеничи бар аял, эркекти жөн жерден таарынткандар, калптын жана анык күнөөнүн жүгүн көтөрүп жүрүшөт»-дейт. («Элдер», 58)
          Маскаралоо  текеберчиликтен  жана башкалардан өзүн өйдө сезүүдөн башталат. Өзгөчө маскара бирөөнү жек көргөндө же тоотпосо байкалат. Аллах Кураанда: «…жер жүзүндө кекирейип жүрбө…»-дейт. Пайгамбар с.а.в.: «Жүрөгүндө бир чаңчалык текебердиги бар - бейишке кирбейт» жана «…текебердик адамдарды жек көрүү»- деген.
                   Ошондой эле маскаралоого кошулуп кетүү  жана маскаралоону токтотпоо да күнөө.




                                       Жалганчылык


          Аллах Таала Кураанда: «Адамдын айткан сөздөрүнүн бири да жанындагы  көз ирмебеген  сакчылары тарабынан жазылбай калбайт» - деген («Каф», 18). Бул аятта адамдын эки желкесинде анын аракеттерин, айткан сөздөрүн күзөтүп туруучу  эки периштеси жөнүндө айтылып жатат. Акыретте  алар жазган  амал китебинин негизинде  сот болот.           Пайгамбар с.а.в.: «Эч качан калп айтпагыла, калп ыймансыздыкка, ал өз кезегинде отко алып барат»- деген. Жалганчылык деп, жокту бар, же барды жок дегенди айтат.
          Ислам шариаты  жалган айтууга тыюу салат. Өзгөчө төмөндөгү жалган  эң оор кесепеттерге алып келет:
          Кураандагы  арамды адал, адалды арам деп    Аллах Таалага жалганчы болуу;
          Хадистерге өзү ойлоп тапкан сөздөрдү  кошуу же алардын маанилерин атайын бузуп, пайгамбарга с.а.в.га  жалганчы болуу.  Пайгамбарыбыз  с.а.в.: «Ким мага атайылап жалганчы болсо өзүнө оттон жай камдасын»-деген;
          Малынын жок сапатын айтып, (жакшы жагын мактап, жаманын жашырып) баасын көтөрүү менен соодада жалганчы болуу;
          Аманатка кыянаттык кылып, убадага турбай, бузукулук кылып сөздө жалганчы болуу;
          Көрбөгөн түшүн көрдүм деп түштө жалганчы болуу. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Жалганчынын эң пасы – көрбөгөн түшүн көрдүм деп айтат» - деген.
          Элди күлдүрүү үчүн же аларга мактануу үчүн жалган айтуу.  Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Элди күлдүрүү үчүн жалган айтканга азап болсун!»-деген;
Бирок,  ошондой эле Ислам шариаты араздашкандарды жараштыруу үчүн, өмүрүнө коркунуч туулуп, андан кутулуу үчүн, мисалы согушта,  пайгамбарыбыз с.а.в. : «Согуш бул - айлакерлик»-деген,  жана жубайлардын мамилесин жакшыртуу үчүн бири бирине “сүйөм” же андан башка жагымдуу сөздөрдү жалган болсо да айтууга уруксат берет.  




                       Аманат, сыр аманаты, кур убада


          Сырга бек адам аманатка да бек болот. Аманат деп ишеним менен бирөөгө тапшырылган жоопкерчилик. Мисалы, мугалимге сапаттуу сабак берүүнө мамлекет маяна төлөп аманат кылса, окуучуга жакшы билим алуу аманат. Себеби ата- энеси ага ишенип мектепке жөнөтөт. Дүкөнчүгө  соодадагы тактык, ал эми айдоочуга жол коопсуздугу  аманат. Анткени, соодагер кардар алып жаткан малдын сапатына кепилдик берсе, айдоочу унаасын туура айдап, жүргүнчүлөрдүн саламаттыгына жоопкер. Аллах Таала Кураанда : «Оо, ыймандуулар! Келишимиңерди сактагыла»-дейт.  Демек, келишимин сактабоо аманатка кыянат.
          Бирөө сөз айтып ал тетири караары  менен, анын   сөзү уккан адам үчүн - сыр, аманат. Бирөөнүн сырын ашкерелөө, сыр ээсин нааразы кылып, аны таарынтуу күнөө. Пайгамбарыбыз  с.а.в.: «Эки жүздүүнүн үч белгиси бар, сүйлөсө калп айтат,  бирөө сыр кылса аны сатат жана келишиминде турбай аны бузат»-дегени  бир хадисте айтылат.
          Адамдын тили убада бергенге уста бирок аткарганга келгенде моюн жар бербейт. Ошондуктан убада берээрден мурда анын аткарылуусун ойлоо зарыл. Бирок, убада берип аны аткарууга чолосу жетпей калгандардын жөнү башка. Мисалы, бирөө менен болжошкон жерге барууга кээде ар түрдүү себептер менен мүмкүнчүлүк болбой калат. Мындай учурда болжошкон адамга өзгөргөн жагдай тууралуу алдын ала билдирүү керек, же жолугушуу убактысын өзгөртүү зарыл. Ал эми жолугушкан соң кечирим сурап коюуу адептүүлүккө жатат. Жакшысы мындай кырдаалдан качкан жана  убада бергенде «Кудай кааласа » деп жүргөн оң.
Кур убада деп аткарбасын билип туруп берилген убаданы айтат. Азыр андайларды эл «кидала» деп да жүрүшөт. Алар көбүнесе элдин ишенимине кирип, алардын малы-мүлкүнө жеңил жетүү үчүн ар кейипти кие беришет. Бул жорук - кылмыш. Көп убада берип аткарып көнбөгөн адам  анткорго жакын болот.




                                           Анткордук


          Ант деп  бир максатка жетүү же бир маалыматты далилдөө үчүн берилген сөздү айтат.  Адатта ант Аллахтын аты менен гана берилип, андан башкалар аркылуу - балдары, ата-энеси, каны-жаны, ж.б. анттар эсепке кирбейт. Себеби, пайгамбар с.а.в.: «… антыңарды жалгыз Жараткандын аты менен гана бергиле»-деп буйурат. Ал эми антын себепсиз бузган - анткор. Ошондуктан адам ант берээрден мурда аны кармай аларын ойлонуусу зарыл. Анткорду эл катардан чыгарат жана бул адаттан качуу керек. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Мусулмандын мүлкүнө жалган ант менен ээ болгон адам кыяматта Аллахтын ага кыжыры келген  учуруна  дуушар болот»- деген.
тооба кылган соң кайрадан ошол күнөөнү кайталоону да ошондой эле анткор десе болот. Себеби тообанын кабыл болуусу үчүн кетирилген  күнөөнү сезүү, ага зеени кейүү жана аны экинчи кайталабоосу тууралуу Аллахтын атына  убада берүү же ант ичүү зарыл. Демек күнөөсүн кайра уланткан адам Аллахка берген антын бузган болот. Бир хадисте пайгамбарыбыз с.а.в.дын: «… ант берип аны аткарбаган… киши менен сүйлөшпөйт»-дегени айтылат.
Бирок, кээде ачуу үстүндө жамандыкка берилген антты кийин ачуусу тараган соң тообо кылып аны аткаруудан баш тартса жана анттын, касамдын айыбын төлөсө - бул анткордукка жатпайт.




                                       Сөгүнүү, каргоо


          Пайгамбарыбыз с.а.в.: « Момун  уятсыздык менен сөгүнбөйт»-деген. Сөгүнүү тарбиясыздык, пастык  жана уятсыздыктан келип чыгат. Уятсыздыкка - адам аброюуна доо кетирчү сөздөр же аракеттер кирет. Сөгүүнүүдө  адамдар адатта  авраттарды  белгилеген сөздөрдү колдонушат. Демек, сөгүнүү авратты колдонгону менен айырмаланат. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Сөгүнүү ыймандуунун  адаты эмес»-деген. Уятсыз сөздөр бирөөнү таарынтуу үчүн колдонулат жана тартипсиздер менен көп жүргөндөн адатка айланат. Пайгамбарыбыз с.а.в : «Уятсыздык тийген жерин булгайт. Уяттуулук тийген жерин кооздойт»-деген.
Ал ошондой эле:  «Өзүнүн ата- энесин сөгүү чоң күнөө»-дейт. Муну уккан сахабалары: «Өз ата энесин да сөккөндөр да болобу?»-деп таң калышат. «Ооба, сен бирөөнүн ата энесин сөксөң, ал сенин да ата – энеңди сөгөт» -дейт пайгамбарыбыз с.а.в.. Ошондой эле көзү өткөндөрдү  сөгүү же арбагын акаарат кылуу да күнөө. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Эч качан өлгөндөрдү акаарат кылбагыла, алар ансыз деле көрөөрүн көрүшүүдө»-деген.
          Адамдарды, жаныбарларды жана ар түрдүү жансыз нерселерди каргоо жаман адат.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Момун бирөөнүн айыбын ашкерелебейт жана аны каргабайт»-деген. Каргоо  менен момун кудайдан алыстап калышы мүмкүн. Каргоого динсиздер же кудайдан алыстагандар жана зулумдар  гана татыктуу болушу мүмкүн. Себеби пайгамбарыбыз с.а.в.: «Мазлум (укугу тебеленген) менен Аллахтын ортосунда ортомчу жок, жана анын батасы (каргышы ) сөзсүз кабыл болот»-деген. Бирок, бул адаттан  алысыраак болгон абзел. Ошондой эле бирөөгө жамандык каалоо каргоого жакын. Умар ибн Хаттаб өзүнүн чет элдеги халифтерине жиберген каттарында көбүнчө каргыштан коркууну эскертет эле. Дегеле бирөөнү каргап үйрөнүү жакшы адаттарга кирбейт. 




                                                 Тамаша


          Тамаша деп көңүл ачуу максатында бирөөлөр жөнүндө  күлкүлүү  сөздөрдү ойлоп табуу жана аларды таратууну айтат. Тамаша аракет жүзүндө да болот. Мисалы, бирөөнү тамашалап чочутуу, тамашалап тамагын жеп койуу ж.б.Чегинен ашкан тамашакөйлүк адептүүлүккө жатпайт. Умар ибн Хаттаб: «Тамашакөйгө тамаша карашат»-дейт. Тамашалай берген адамга анчейин деле олуттуу көңүл бурулбайт.
Саид ибн Аас өзүнүн уулуна: «Тартиптүү менен тамашалашпа, ал сени сыйлабай калат, тартипсиз менен тамашалашсаң ал сенин мойнуңа чыгат»-деп насыйкат айтат.
Тартиптүүлөр  жөнү жок тамашалашпайт жана ашыкча тамашакөйлүктү жактыра беришпейт. Ал эми тартипсиздер менен тамашалашкан адам  өзүнүн баркын кетирет жана ал сени тоотпой сени менен да тамашакөй болуп, учур келсе эл алдында уят кылып койот.
          Ар нерсенин уругу бар. Душмандыктын уругу тамаша.Тамашаны көтөрө алган да, чычалама да бар. Көтөрө алганы тартиптүү болсо унчукпай, сыр бербей басып кетет, тартипсизи  жооп кайтарып тамашалашкандын  абийирин төгүшү мүмкүн. Ал эми тамаша көтөрө албаган адам  таарынышы мүмкүн. Ал таарынычтын аягы албетте касташуу, душмандык менен бүтөт. Тамаша достордон айырат. Албетте тамашаны жактыра бербеген же аны көтөрө албаган же түшүнбөгөн достор сөзсүз  мамилелеш болуудан баш тартышат. Тамашакөйлүк  адамдын табигатында бар. Бирок анын чегин жана жолун билүү керек. Пайгамбарыбыз с.а.в.  «Мен тамашаласам да чындыкты айтам»-деген.
          Бир жолу бир кемпир пайгамбарыбыз с.а.в.га келип: «Эй кудайдын элчиси, бата кылчы мени Аллах бейишке киргизсин»-дейт. Ага пайгамбарыбыз  с.а.в.: «Бейишке кемпирлер кирбейт»-деп жооп берет. Анда кемпир ары карап ыйлап жиберет. Пайгамбарыбыз с.а.в. жылмайып: «Ооба, бейишке силер кемпир кейпинде эмес, солкулдаган сулуу селки кейпинде киресиңер»-деп,  Кураандан «Чындыгында биз аларды жаңыдан кыз кейпине келтирдик»-деген аятын окуп берет.
Бир келин  пайгамбарыбыз  с.а.в.га күйөөсү тууралуу айтып келет«Сенин күйөөң көзүндө агы бар киши беле?»-деп сурайт пайгамбарыбыз с.а.в.  Келин таң калып: «Жок, менин жолдошумдун көзү кара»-деп жооп берет. Анда пайгамбарыбыз  с.а.в.:  «Ар бир адамдын көзүндө каректи курчап турган агы болот»-деп күлдүргөн экен.
  Анас бир жолу кимдир бирөө пайгамбарга с.а.в.  төө сурап келгенин айтат. «Ага төөнүн баласын бергиле»-деп көрсөтмө берет  пайгамбарыбыз с.а.в. Тиги  «бото берип жатат» деп түшүндү окшкойт, «мага төө керек» деп кайра сурайт. Анда ага пайгамбарыбыз  с.а.в. ар бир төө өз кезегинде төөнүн баласы болгонун айтып тамашасын далилдейт.
Бир жолу бир жак көзү ооруп жаткан Сухайбдын курма жеп жатканын көргөн пайгамбарыбыз с.а.в.: «Көзүң ооруп жатса кантип курма жеп жатасың? »-деп сурайт. Сухайб: «Мен курманы соо көзүм менен чайнап жатам»-деп жооп берет. Анан  пайгамбарыбыз с.а.в.  экөө тең каткырып калышат.  Жогорудагы мисалдарда байкалгандай  пайгамбарыбыз  с.а.в.  бирөөлөрдү шылдыңдоо үчүн эмес,  аларды жубатып, көңүлүн көтөрүү үчүн тамашалаганы байкалат.




                                          Какшык, ыр


          Адам сүйлөгөн сөзүнө маани берүүсү зарыл. Кээде туура эмес айтылган  сөз, кесепетин тийгизиши мүмкүн. Мисалы: «Мен бул жакка сөзсүз барам» -деп ишенимдүү убада бергендерге күбө болосуң.  Адамдын ажалы Жараткандын колунда болгон соң,  ага өлүм сааты айттырбай  келип калса, ал  кантип барат?  Ошондуктан «кудай кааласа» деп сүйлөгөн оң  жана  ката сүйлөп калбоо үчүн ар дайым сөзгө байкоо жүргүзүү абзел.
          Аллах таала Кураанда каапырларга жана эки жүздүүлөрдү  арийне көп какшыктайт. Кыргыздын  оозеки чыгармачылыгын, фольклорун  албетте, какшыксыз элестетүү кыйын. Ал  какшыктар сөөккө жеткире айтылгандыктан уккан адамда өзүн таанып, ардуулары моюнуна алып оңолгондору бар. Ошентсе да айтылчу какшыктын орду жана шартын эске алуу зарыл. Кыргызда “сууну сиңген жерге төк” дегени  бар. Какшыкты келди- келбеди айта бергендин сөз көтөрө албаган менен урушмагы бар.
          Кыргыз ыр жандуу эл, анын үстүнө азыр бекерчинин баары ырчы болуп кеткендей. Ыр десе эле ырдай берүү табитсиздик. Кээде көбү билбеген акыбалды күнөөлөргө барышат. Антпесе, бирөөнүн аялына көз кысканы, аны менен түндө жолугушканы , же эки жашабай жатып, никесиз байланыш кумарын арзуу кылып  ырдоону эмне десе болот. “Колдорум артылып мойнуңа, кумарым канмайынча тек койбосом” деген ыр сабын реалдуу көз алдыңызга элестетсеңиз –порно көргөндөй эле болосуз. Муну да бир “эстрада жылдызы” ырдап жүрөт.
          Албетте, адамдын табигатында ыр менен жүрөктөр эргип, акылдар ибрат табат. Пайгамбарыбыз с.а.в. Аллахты мактап ырдаган шайырга чапанын жапканын укканбыз. Ошон үчүн кыргыз эл шайырларын “ак таңдай” (ак – Хак – акыйкат ) деп эркелетсе керек.




                                            Сөз аягы


          Момундун жашоодогу негизги максаты Аллахтын ыраазылыгын табуу жана аны адеп-ахлагысыз табуу мүмкүн эмес. Ал эми Ислам адебин өз кезегинде  сүйлөө маданиятысыз элестетип болбойт. Мусулмандын  акылын, илимин жана адебин сүйлөгөн сөзүнөн байкаса болот. Момун уккулуктуу сүйлөөгө жана тилин жакшы тарбиялоосу зарыл. Тыңшаган  адамга сөзү таасирдүү болуу үчүн мусулман көп сүйлөбөй, орду келгенде гана жана аз сүйлөгөнү оң. Акылдуу адам, ойлонгон нерсесин эле сүйлөй бербейт. Сүйлөй  турганын гана ойлонот. Адамга бул адепти бере турган Ислам дини жана анын булагы - Кураан. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Жүрөгүндө Кураандан бир нерсе болбогон адам, чалдыбар үй сыяктуу»-деген.
          Бирок, азыр батыш адебин тутунгандар «кантип эле адам жалгыз Кураандан тарбияланып калсын, дүйнөлүк мадаят деген бар...» дейиши мүмкүн. Дүйнөлүк маданият жана анын анабашы болгон азыркы батыш маданияты да өз кезегинде түрткүнү динден алганын  бираз эле изденишсе баамдашат.
Кеп келечек муундардын тарбиясын мусулмандар өз колдоруна алуу зарыл. Демек, азыртан өзүбүз тарбиялануубуз зарыл.

                                                                                                          Мыктыбек ажы Арстанбек

1 комментарий:

  1. Аллахым ниеттеринизди кабыл кылып, иш аракеттериниз максатына жетсин. Албетте соз ээсин табат.

    ОтветитьУдалить