ЛЕКЦИЯЛАР



Бисмилляхир  Рохманир  Рохийм!

Ыклас



            Мусулмандын күнүмдүк турмушундагы ар бир аракети бир гана Аллахтын ыраазылыгы үчүн аткарылуусу зарыл. Антпесе мусулмандын кылган ибадаты бузулат. Бир караганда муну ашыкча далилдөөнүн кажети жоктой. Бирок, көбүнесе мусулмандын жашоосундагы татаалдыктар  дагы деле болсо ушул жакшы чечилбегенине  кабар берет. 
            Мусулмандын амалы канчалык масштабдуу жана кооз болбосун анын негизинде ыклас жатпаса ал иш Аллах алдында кабыл болбойт. Ошол эле учурда канчалык кичине жана жупуну амал болгонуна карабай анын түбүндө ыклас бекинип жатса ал Аллах кабыл кылчу амал болуп эсептелет. Кимдир  бирөө орозодо бир айылды чакырып, кой сойсун, дасторкон толо тамак берсин, келгендердин ар бирине дагы бирден кой жетелетсин –ал иш Аллахтын ыраазылыгын көздөбөсө – кабыл болбойт. Тетирисинче ошол отуруштан чыгып бараткан бирөө Аллахтын ыраазылыгы үчүн артындагы бирөөнүн кепичин түздөп койсо - анын амалы Аллахты ыраазы кылып, жанагы койлор сойгон кимседен кымбат бааланып калат. Анткени анын аракети – ыклас менен болду. Демек ыклас -  көзгө көрүнбөгөн, кулакка угулбаган, мурунга сезилбеген жүрөктүн амалы жана ал Аллах менен адамдын ортосундагы мамиле.
Исламда адамдын ыйманы -  тил, жүрөк жана амал менен далилденет. Т.а. адам тили менен «Лаа илааха илАллахх, Мухамадур расулуЛлах» десе, аны жүрөгү менен тааныса жана жашоосу Аллах буюрган шариат менен жүрсө гана  момун жана мусулман деп аталат.
Ыклас  жүрөктөгү ишенимге негизделет. Анткени адамдын тили менен: «Аллахдан башка сыйынарлык зат жок, Мухаммад Анын элчиси» деген күбөлүгүн көпчүлүк угат жана окуган намаздарын, берген зекет-садагаларын, ажылыгын жана башка ибадаттарын өзгөлөр көрүүсү мүмкүн. Бирок, анын жүрөгүндөгү  ыкласты  - Аллахка калыс ишенимди эч ким көрө да биле да албайт. Аны бир Аллах гана билет.
Демек, тили менен айтканына, кылган ибадатына карабай, момун менен мунафык - жүрөгүндөгү ыкластын бар же жоктугу менен   айырмаланат. Момун ар бир ишин Аллахтын гана ыраазылыгы үчүн кылат. Мунафыктын максаты ар башка. Себеби дин - калыстыкка тургузулат.
Исламда  кажети жок ит багууга тыйуу салынат жана ит тийген табакты жети жолу жуу буйрулат. Исламда ошондой эле зынакордук да чоң күнөө жана зынакорду ташбараң кылып өлтүрүү буйрулат. Бирок,  зынакор аял Аллахтын ыраазылыгы үчүн (чын ыкласы менен) чаңкап турган итке суу бергени үчүн Аллах анын күнөөсүн кечиргени бар. Жийиркеничтүү айбанга жийиркеничтүү ишти жасаган аял ыкласы менен суу бергени үчүн кечирилди.  Бирок бул - сойкулар көрүнгөн итке суу берсе күнөөсү кечирилет деген сөз эмес. Болгону   ыкластын Аллах алдындагы орду жана даражасы сүрөттөлдү.
            Исламда билим алуу милдет, ал тууралуу  Кураанда көптөгөн аяттар бар жана  Кураандын  алгачткы аяттары да «Оку!» деген сөз менен башталган. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Билим алуу бешиктен кабрга чейин»-деген жана анын билимге зор маани бергени  көптөгөн хадистерден маалым. Анын ичинде шарият илимдерин үйрөнүү өзгөчө орунда турат жана анүчүн ажыр сыйлыктар да өзгөчө. Бирок, ушул илимди үйрөнүүдө да ыклас табылбаса алган илими тетирисинче чоң азаптарды алып келет. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Аллахтын ыраазылыгынан башка максатты (дүйнө, бийлик, мансап табуу ж.б.) аркалап  акырет илимин алган - жаннаттын жытын да сезбейт[1]»-деген. Демек билим алуу да Аллахтын ыраазылыгын көздөсө гана ийгилик берет.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Аллах тозоктун отун үч адамдан баштап жагат. Алар шахид, илимпоз жана байлыгын Аллахтын ыраазылыгы үчүн иштеткендер»-дегенде сахабалары чочуп ыргып турушат. Пайгамбарыбыз с.а.в: «Биринчиси элге эр жүрөктүүлүгүн, экинчиси – илимдүүлүгүн, үчүнчүсү – колу ачыктыгын мактангысы келгендер[2]»-деди.
Биринчиси Аллах жолунда согушка чыгып шейит болгон. Шейиттин мертебеси бийик, аны жуубай көмүшөт, анткени периштелер өздөрү жууйт. Шейиттин сөөгү кыяматка чейин бузулбайт. Аллах анын сөөгүн Өзү сактоосун убада кылган.  Бирок, жогорудагы каарман эр жүрөктүүлүгүн мактангысы келгенинен аны   Аллах шейит кылбады.  Ал  жөнөкөй мушташта  же мелдеште эмес, Аллах милдеттендирген  согушка чыкканына карабай мактанып койгону  үчүн тозокко түштү.
Экинчиси, шариатты үйрөнгөн аалым. Аллах Кураанда: «Билгендер менен билбегендер теңби?[3]»-дейт. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Билимдүүнүн билимсизден жогорулугу - менин пас адамдардан жогорулугумдай[4]»- деп  билимдүүнүн мертебесин жогорулаткан. Бирок жогорудагы мисалда, адам жөнөкөй дүнүйө илимин  эмес, Аллахтын илимин үйрөнгөнүнө карабай, анын  максаты да мактануу, элдер билимдүү экен деп ойлосун дегени үчүн аны Аллах тозокко айдады.
Аллах байлыкты адамды сыноо үчүн берет. Аны сарптоо – Аллахтын күзөтүндө болот.
Исламда ичи күйдүлүккө тыйуу салынат. Бирок  байлыгын акырына чейин Аллахтын жолунда сарптаган адамга – суктанууга уруксат берилген. Жогорудагы хадисте келтирилген үчүнчү  адам байлыгын арамга же бузукулукка эмес, Аллахтын жолунда акырына чейин сарптаганына карабай, «Бүт байлыгын Аллахтын жолунда сарптап жатат»-деп мактасын деген максаты үчүн гана  Аллах аны тозокко айдап жатат. Демек, ыклас – алдыга коюлган максаттын тазаланусу менен аныкталат. Демек, адам  амалын эмнеге багыттаса ошонун кулу десе болот. Ушундан улам: «Бул дүнүйөнүн кулу болбойлу»-деп, кадимки жашоосун таштап койгондор да бар. Бул дүнүйө жашоосу адам үчүн берилген, болгондо дан аны татыктуу жашоо чоң сыноо. Андан кечүү тетирисинче Аллахтын каарын келтирет. Ошондуктан мусулман бул жашоосун эң көркөм мүнөздө жашоосу зарыл. Т.а. ал  амалын Аллахтын ыраазылыгы үчүн кылат жана  анын кажеттерин Аллах Өзү бүтүрөт. Мындайды - Аллах менен өзүнүн ортосун түзөткөн адам – мухлис – дейт. Мухлис Аллахы менен болгон мамилесин бирөөгө көрсөтүүдөн качат.  Мактануу   ыкластын  эң чоң душманы.
Исламда мактанууну – рия жана сумаа дешет. Рия– кыргызча «эл көрсүн», сумаа – «эл уксун». Экөө мактанычтын эки канаты. Кимдир  бирөө «эл көрсүнгө» мектеп салып, аны башкалар да уксун дегени  кадимки эле мактаныч.
Имам Газалиге бир замандашы келип: «Кырк күн ар бир амалын, аракетин Аллахга чын ыклас менен аткарган адамдын ар бир сүйлөгөнү хикмат болуп калат дегенди  угуп мен да кырк күн ушундай жашадым. Бирок эмнегедир тилиме хикмат даамы келген жок»- дептир. Анда имам: «Сен Аллах үчүн гана аракет жасооң  керек эле, а сен хикмат даамын татуу үчүн кылдың»- деп жооп берген экен. Демек ыклас ушунчалык ичке маселе жана аны да тарбиялоо зарыл.
Ыкласты өстүрүүнүн кээ бир усулдары бар. Мисалы, дээрлик эч ким көрбөгөндөй кылып, нафил жана түнкү   намаздардарды көп окуу. Калган ибадаттарын да бирөөгө билдирбөө. Садагаларды жашыруун берүү. Бирөөлөрдүн кажеттерин жашыруун бүтүрүү жана аларды сыр кармоо.  Аллахга жашыруун жалбарып ыйлоо, ата- энесине, өзүнө, өзгөлөргө дуба кылуу, ж.б. мына ушул сыяктуу усулдар менен ыкласты  пайда кылып,  тарбияласа болот.
Адамдар ортосундагы мамилелер да калыс болбосо  өтө татаалдашып, чиеленишип, кыйынчылыкка, түшкүндүккө батырып салат. Андан соң  ал мамилелерди оңдоо кыйынга турат. Адам  өмүрүнүн акырына чейин бир күнүн  бир эле адамды ыраазы кылууга канча жандалбастабасын, аягы баары бир таарыныч менен бүтөт. Падыша канчалык элине жаккысы келбесин, эли ага ыраазы болбошу мүмкүн. Ата – уулуна, эри – аялына, устазы - шакиртине, айтор адам адамга ыраазы болбойт эгер ортодо калыстык жок болсо. Умар ибн Хаттаб: «Ким өзүнүн зыянына болсо да калыс ниети менен иш кылса, Аллах аны менен адамдардын ортосундагы мамилени оңдоп койот»-дейт.  «Аллах өзү оңдоп койот»- дегени элди да, атаны да, эрди да, устазды да Аллах Өзү ынандырып койот дегени. Анткени ар бир жүрөк Аллахтын тактысына байланган.
Аллах мухлистерди сүйөт жана периштелерине карап: «Мен бул пендемди сүйдүм, силер да сүйгүлө жана элдердин да жүрөгүнө бул пендеме болгон махабат салгыла»-деп буюрат. Аллах мактанчакты жек көрөт жана периштелерине: «Мен муну жек көрдүм, силер да жек көргүлө жана элдин жүрөгүнө да жек көрүү салгыла»-дейт. Ошондон улам кээ бирлер канчалаган мектеп салды, жол курду аны эл унутуп да калган, ал эми жөн эле намазын окуп жүргөндү төбөсүнө көтөрүп алган. Демек адамдар менен мамилелесин оңдогусу келген пенде ар бир амалын  Аллахка гана калыс ниет менен аткаруусу зарыл.
Исламда ар бир амал шариатка каршы келбесе жана калыс Аллах үчүн гана болсо кабыл болоору айтылат. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Бейишке эч ким кылган амалы менен кире албайт. Себеби  ал ага кире ала турган өлчөмдө амал кыла албайт»- дегенде, сахабалары: «Эй, Аллахтын элчиси сиздин амалыңыз да жетпейби?»-деп сурашат. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Ооба, менин амалым да жетишсиз. Себеби, адам Аллахтан сыйлык үмүт кылганы үчүн эмес, Аллахтын буйругун аткарганы үчүн кирет»-деп жооп берген.
Кул аткарган жумушу үчүн кожоюнунан  эч нерсени сурабагандай эле, мусулман да Ээсине  эч нерсе талап кылбай ибадат кылат, Ал буюрганы үчүн гана аткара бергени менен Аллахын ыраазы кылат. Демек. ар бир амал ыкласка оролсо гана  Аллах кабыл кылат жана тетирисинче ал иш канчалык зор масштабдуу, машакаттуу же кооз болгонуна карабай ыкластан куру болсо Аллах назарында кабылдан эркин.
                                                                                                                                 2005 жыл

[1] Абу Дауд
[2] Муслим
[3] «Элдер», 9
[4] Ан-Навави





Бисмилляхир Рохманир Рохийм!               

Кураан


Аллах миллиардтаган планеталарды жаратып, анын ичинен  жер шарын өтө көркөм кылып кооздоду. Анда түрүнө сан жеткис өсүмдүктөрдү, жан-жаныбарларды, адамзатын жаратып,  мертебесин улуу кылды. Анын жашоосун кыяматка чейин жетектөө үчүн акыркы пайгамбарлыкка инсан жана жин  тарыхындагы  эң улуу адам – Мухаммад с.а.в.ды тандады жана аны шаарлардын султаны жана улуусу – Меккеден чыгарды. Аллах менен бул улуу пайгамбарды  улуу периште Жибрийл а.с. байланыштырып турду. Аллах улуу ортомчу аркылуу Өзүнүн китептеринин эң улусу Кураанды түшүрдү. Бул улуу китеп – улуу Рамазан айында түшө баштады.  Бул улуу китеп, эң улуу коом – ислам үммөтү үчүн түшүрүлдү.  Эмне үчүн?
Менимче, Аллах адамзатты  түбөлүк бакытка эң улуу коом – мусулман үммөтү баштоосун каалады.  Бул улуу даражага жетүү үчүн бул коом Кураанды   баардык маселелерди адилет чечүүчү жалгыз мыйзам катары түшүнүүсү зарыл эле. Аллах   Кураанда: «... Раббыңдын  ызны менен сен элдерди караңгылыктан жарыкка, Азиз, макталган Аллахтын жолуна алып чыгуу үчүн Биз түшүргөн китеп мына»[1]-дейт. Тилекке каршы  инсан бул түшүнүктөн узаган сайын анын бактысыздыгы жакындай берди.
Аалам Аллах белгилеген жалгыз мыйзамга моюн сунат жана ал бул мыйзамдан кыпындай  четтесе - урайт  жана жашоо токтойт.  Инсан турмушу да  Кураанга гана моюн сунса бактылуу, Кураандан сыртта калса – түбөлүк бактысыздыкка жол тартат.
Дин душмандары: «Аллах Кураанды жапайы арапдарды оңдоо үчүн түшүргөн жана ал максат ишке ашты»-деп Кураанды мактамыш болгону менен адамдардын баамын булгайт. Чындыгында, Аллах Кураанды  бүт адамзатын эскертүү үчүн түшүргөн жана аны  ээрчигендерге бакубат жашоо, бактылуу акырет убада кылды. Демек, Кураан заман-доорго, адамдардын улутуна, расасына, жашына же жынысына карабай ар бир эл ээрчий турган турмуш эрежеси. Аллах Кураанда: «Акыл ээлери Анын сөздөрү үстүндө ойлонуусу  жана эстеп калуусу үчүн сага түшкөн мубаарек китеп»[2]-дейт.

Кураан керемети
             
Инсаниятты  ишендирүү   оңой болуусу үчүн  Аллах пайгамбарларына   доорундагы эң өнүккөн багыттан мөжиза берип жөнөтөт эле. Анткени пайгамбарлар ал комдун алдыңкысы болуусу зарыл. Мисалы, Иса а.с. доорунда табыпчылык өтө өнүгүп,  табыптары «биз айыктыра албаган өлүм эле калды»- дешкен.   Өмүрү  табыпчылык менен алектенбеген Иса а.с.га Аллах табыпчылык кереметин берди жана ал өлгөн адамды сылап койсо тирилип кеткенин көргөн  көпчүлүк - Аллахтын гана керемети экенине ынанып, Иса а.с.дын  чыныгы пайгамбарлыгына ыйман келтиришкен. Бирок Иса а.с. өз тапшырмасын аткарып, асманга көтөрүлгөн соң  бул мөөжиза да аяктап, калган муундарга ал жөнүндө эскерүүлөр гана калды.Ошондой эле башка пайгамбарларга берилген мөөжизалар да алардын өмүрү бүтөөр менен аягына чыккан. Ал эми Мухаммад с.а.в.га берилген мөөжиза кыяматка чейин жетүүчү сапаты бар.
Аллах пайгамбарыбыз  с.а.в.га  Кураанды түшүргөн доордо араптар сөзмөрдүк жана чечендикте алдына адам салбайт эле. Согуш  майданында адамдар жашоо үчүн алпурушуп, өлүм  кыжаалатчылыгында турган катардагы жоокер жазган төрт сап ырды азыркы айтылуу акындар илхам чокусуна конуп да  жаза алышпайт. Ошол доордогу эң калак акындын акыйнек сөздөрү  азыркы тилчилер колдонгон сөздүктөрдөн табылбайт. Сөз чебердиги ушундай өнүккөн доордо, кат таныбаган Мухаммад с.а.в. - аяттары эң атактуу жана жетик акындарды да таң калтырган  Кураанды апкелгендиги  мөөзижа эмеспи?!
Пайгамбарыбыз с.а.в. 23 жыл бою Мекке мушриктери менен күрөштү жана ушул китептин аяттарын жарыялап турду. Кураанды  мушриктер – ыр – деди.   Аллах  Кураанда : «Эгер Биз пендебизге түшүргөн нерседе шек санасаңыз, ага окшогон кичине болсо да  бир сүрөнү алып кел…»[3]«…жиндер менен адамдар бир ушундай сүрөө апкелсинчи…»-деди. Алар бул эрөөлгө жооп берүүгө убактысы  жана мүмкүнчүлүгү да бар эле, бирок жооп бере алышпады, анткени бул аяттар Аллахтан гана келгендиктен ага алардын кудурети жетпеди. Ошондой эле Кураан түшкөндөн баштап 1400 жылдан ашуун убакыт өттү – адамзат нечендеген залкарларды көрдү – бирок алардын бирөөсү да Кураандын аяттарына окшогон бир да сапты жарата алыбады. Тетирисинче нысабы барлары Кураандын чыныгы мөөжизалыгын тан алса, акмактары ичи күйсө да, алакан жайып кеткени мажбур болушту. 
Пайгамбарыбыз с.а.в. дын кайнаса каны  кошулгус душманы Валид ибн Мугира Кураан аяттарын укканда: «Мен азыр Мухаммадтан бир сөздү уктум, Аллахга касам, бул инсан же жиндин сөзү эмес, ал сөздөрдөн бийик сөз жок. Эгер ыр болгондо мен билет элем. Силер Мухаммадты  жинди дейсиңер го, бирок бир жолу анын делбесин көрдүңөрбү? Аны палчы дейсиңер – бир жолу пал ачканын көрдүңөрбү? Аны акын дейсиңер – бир жолу ыр окуганын уккансыңарбы? Аны жалганчы дейсиңер – бир жолу калп айтканын уктуңар беле?»- деп сураганда, пайгамбарыбыз с.а.в.ды куугунтуктап, кемсинтип, аны кордогондор : «Аллахга касам, жок!»- деп жооп беришкен.
Курайш акындары өз ара ыр жазууда мелдешип турушат эле. Мелдештен жеңип чыккан эң жакшы  ырды, андан жакшы ыр жазылмайынча Каабанын дубалына илинип тура берчү. Бир күнү Али таң атаарда келип ошол жерге Кураандагы «Каусар» сүрөөсүн илип койгондо, андан күчтүү ырды эч ким жаза албагандыктан көп убакытка чейин илинип турган. Ошондо атагы алыска чыккан, ыр мелдештеринде ага бирөө даап чыга албаган, алдыга акын салбаган   Амр аль-Кайс деген акын «Каусардын» алдына: «Бул адамдын сөзү эмес»-деп жазганга аргасыз болду жана  ушуга да араң жарады.
Аллах Кураанда: «Айт, эгер адамдар жана жиндер тайпасы  ушул Кураанга окшогон китепти апкелүүгө бири-бирине жардамчы болушса да  ага окшошту апкеле алышпайт»[4]- дейт.

Кураанга тиешелүү кээ бир насыйкаттар

Кураандын Аллахтан түшкөнүнө шек жок жана буга Кураандын: «Бул китеп кудайдан корккондорго жетелөөчү экенине шек шубка жок»[5]-деген аяттары далил.
Адам Кураан аркылуу гана ыйманга бурулат жана пайгамбарыбыз с.а.в.ды  эрчүү менен акыйкатка жетет. Ошондуктан  Кураан өкүмдөрүн  ээчигендерди: «Илим берилген хак кишилер»- дешет.
Пайгамбарыбызс.а.в.: « Кураанды дайым окуп жүргөн момун  - цитруска окшойт – жыты жыпар, өзү даамдуу. Кураанды дайым окубаган момун – курмага окшойт – жыты жок бирок даамы ширин. Кураан окуп жүргөн эки жүздүү – райханга окшойт – жыты жыпар, өзү ачуу. Ал эми Кураан окубаган эки жүздүү – итшамекке окшойт – жыты да сасык өзү да ачуу»[6]-деген. Сахабалар Кураанды үйрөнүүгө өтө олуттуу карашкан. Алар Кураандын кээ бир сүрөөлөрүн үйрөтүүнү – кызга берилүүчү махр эсебине чейин жеткиришкен. Бул ошол доордогу аялдардын Кураанды үйрөнүүгө болгон ышкы дүйнө каражаттарынан артык турганынан жана Кураандын зыйнатынын  бааланганынан кабар берет.
            Усман ибн Аффан: «Пайгамбарыбыз с.а.в.ды: «Кураанды үйрөнгөн жана аны үйрөткөн сиздердин эң жакшыңыздар»[7]-дегенин айтат.
            Кураандан алыстоо – Аллахтан алыстоо. Аллахтан алыстоо акыйкаттан алыстоо, акыйкаттан алыстоо – караңгылык жана адашуу жана натыйжасы тозок. Анткени, караңгылыктагы жашоону напси жана шайтан башкарат. Ким Кураанды окубаса ал бактысыз, окуп маанилерин түшүнбөсө ал да бактысыз, ал эми аны окуп маанилерин түшүнгөнү менен ага амал кылбаса ал алардан бетер бактысыз. Кураанды колуна кармабай өлүп кеткендер жөнүндө сөз кылуунун кажети жок.
            Абдуллах ибн Амр: «Кураанды бекем карма, аны перзенттериңе үйрөт, Кураан акылдуу кишиге насыйкатчы» –дейт. Абдуллах ибн Умар: «Алдыда, ыймандан мурда Кураан берилген бир коомдор келет. Кураанды кырааттуурак окуганы менен анын буйруктарын аткарышпайт»-деген. Чындыгында бүгүнкү аалам Кураанды окуп, анын өкүмдөрүн четке каккан, аны жаттаганы менен амалсыз карыларга толуп кетти.
Инсан ыймандуу болгусу келсе хидаят жолун табууда Кураанды ээрчүүгө муктаж. Бул анын каалоосуна төп келсе ээрчип, каалабаса ээрчибей койо турган арзыбаган маселе эмес. Балким, Кураанды ээрчүү – ыйман, аны ээрчүүдөн баш тартуу – куфр маселеси.   Аллах Кураанды ээрчиген кишиге саадатты, баш тартканга бактысыздыкты  убада кылып, «Тообо» сүрөөсүндө: «Сиздерге Менден хидаят келип, Ким хидаятыма ээрчисе тайыбас. Ким эскертмемден жүз бурса, ага бактысыз турмуш» дейт. Жолдон адашуу дүйнө, ал эми бакты-саадат акырет маселеси. Жашоо  бул аяттын акыйкаттыгын айгинилейт. Кураан  турса,  адамдар өздөрү  түзгөн системада жашап кыйраган жана Кураан менен саадатта жашагандардын мисалдары тарых барактарында көп кезигет. Аллахтын жолун макул көрбөй, өздөрү түзгөн программалар көбүнесе натыйжага жетпей кагаз беттеринде гана калып кени канча? Ал  программалар иш ашса да аердеги  адамдын рухий дүйнөсү чирип барганы кандай кесепет. 
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Кураан сиздин зыяныңыз же пайдаңызга далил»[8]-деген. Кураан адал дегенди бүт адамзат арам десе да адал деп билүү жана ага ылайык жашаган адамга албетте Кураан пайдалуу далил. Ал эми  Кураан арам дегенди бийликтен сестенип, мансаптан коркуп, дүнүйө лаззаттарын артык көрүп, аларга  макул болгон адамдын жашоосу албетте Кураанга  тетири келет жана Кураан анын зыянына далил болот.
Кураанды көргүсү келбей, Аллахты  эскерүүдөн  баш тарткан адамга  Аллах бул дүйнөдөн сокур өтүп,  кыяматта да сокур  ойготот жана  «Кураандан баш тарткандардан силер да баш тарткыла»- деп пенделерине буйурат. Баш  тартуу - аларды ээрчибөө,  алардын акылы азыркы өзүнүн  жашоосун да  түшүндүрө албайт. Ушул да акылдуулукбу?
Пайгамбарыбыз с.а.в. үммөтүнө  Кураан жана сүннөттү бекем кармоону  мурас кылды. Аны  бекем кармоо – тумар кылып моюнга асып же дубалга сулуу сүрөттө жазып алуу эмес - аны турмушка киргизүү. Кураанды жакшы окуп, бирок аны колдонбогон кишини – пайгамбарыбыз с.а.в.дын аманатын аткарбаганга теңесе болот. Анын Кураанды жакшы окуп бере алганы аманаттан бошотпойт. Аллах бекеринен Мусанын коомун  Тооратты жакшы окуганы менен ага амал кылбагандыгынан: «Чоң китептер жүктөлгөн эшекке» окшотуп, пенделерге тамсил кылбагандыр. Бул тамсил Кураанды жаттаганы менен ага амал кылбаган мусулмандарга да тиешелүү. Эгер  ушул аяттар Кураанда келтирилбегенде: «Сен машакат менен Кураан жаттаган адамды эшекке  теңедиң»- деп, биринчи карылар  муну айткан адамды өлтүрүп салышмак. Эшек да чоң түйшүк менен ал китептерди көтөрүп жүрөт. Кураанды жаттоо да машакат, бирок ал машакаттын лаззаты аны колдонуу менен гана сезилет.
Кээ  бир доорлордо кээ бир элдерге дин душмандары Кураан жөнүндө билүүгө тыйуу салып, төрөлгөндөн  динди маскаралоо тарбиясын берип, момундар   бекинип ибадат кылган караңгылыкта кармашкан.  Колунда  күчтүү каралоочу каражаттары бар, кубаттуу  динсиз мамлекет менен ал кезде талашуу мүмкүн эмес эле. Колундагы   заманбап   маалыматтык жана башка технологиялар азыр деле  алар менен талашкан мусулмандарды танкага каршы кетмен сап көтөрүп чыкканга окшоштурат. Мындан  пайдаланып элге динди  жаман көрсөтүүдө эбегейсиз зор бузукулуктарды киргизилүүдө. Бирин-серин баш көтөргөн мусулмандарга ар кандай айыптар менен камап, куугунтуктап же жок дегенде  коомго жаман көрсөтөт. Анткени Кураандын аяттарын түшүнүп калган мусулман – дүйнөгө көзү ачылса алар үчүн өтө коркунучтуу жоого айланат.  Ошондуктан  алар бир эки аятты эптеп жаттап алган мусулмандан сестенишет. Анткени Кураанды түшүнүү - исламды таратуу, дүйнөнү ачуу. Аллах:  «Ким мен жөнөткөнгө ээрчисе аны эч нерсе кабатыр кыла албайт»- дейт.
Негизинен мусулмандардын Кураанды билбей калуусуна албетте мусулмандар өздөрү эле себептүү. Ислам  жамаатынын азыркы абалы  өз китебине кылган кыянаты,  пайгамбарыбыз с.а.в. калтырган эң кымбат мурасты барктай албаганы үчүн болсо керек.   Ислам душмандары: «Кураан улуу китеп, ага адам  акылы жетпейт, пайгамбарыбыз с.а.в.дын  хадистерин да түшүнүү оңой эмес»-деген пикирди ислам үммөтүнө сиңиришти да мусулмандардын колунан Кураанды алып текчеге койдуруп  койду.
Дин душмандары пайгамбарыбыз с.а.в.дын жумшактыгын каалап: «Сен биздин буттарыбызга сыйынсаң, биз сенин кудайыңа сыйынабыз же бир күн биздин динибиз боюнча, бир күн сенин диниң боюнча жашайлы» ж.б.  ар кандай сунуштар менен келжирешкенде, Аллах пайгамбарыбызына: «Алар сени диниңен чыгармайынча жөн калтырышпайт»- деп, дин маселесинде компромисс жоктугун эскертти жана пайгамбарыбыз с.а.в дининде катуу  тургандыктан алар жеңилди. 
Пайгамбарыбыз с.а.в. сахабаларына: «Шайтан силерден үмүтүн үзгөнү менен,   ибадатыңардагы   жеңил нерселерде өзүнө баш ийдирип алууга макул»- деп шайтан пенделерден али үмүтү толук үзүлбөгөнүн эскертти. Анткени, мусулман  Кураанды ээрчигенин токтотоор замат - аны  шайтан айлана баштайт. Арзыбаган  нерсе аркылуу шайтан ага бийлигин жүргүзүп, акыры дининен чыгарып тынат. Буга азыркы аял, эркек дебей кол алышып, чапакташып өбүшүү адаты мисал боло алат. Арзыбагандай көрүнгөнү менен эркек-аялдын никесиз өбүшүүсү бара-бара ортодогу уятты кетирет. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Уят менен ыйман эже-сиңди, бири кетсе экинчиси да кетет»-деген. Азыр коомдо уят кетти эле, аялдар шордуу болуп, эркектер шөмтүрөп калышты. Мындай кесепеттен Кураан, сүннөт менен жашаган коом гана саламат болот.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Кураанды окугула, аны менен тиричилик кылбагыла жана байлык көбөйтпөгүлө, андан четтебегиле, айткандарын четке какпагыла»[9]-деген. Сахабалардын үйлөрүнүн алдынан өтүп баратканда Кураанды  үйрөнүп, жаттоо менен алек болгондордун үнү  кудум аарынын уясындай ызылдап угулат эле. Азыр маанисиз музыка, эри-катындын ичип алып ыжылдашканын угулат. Мусулмандар миңдеген акчаларды кетирип, заңгыраган үйлөрдү салып, аларды кооздошот, бирок ичинде куту жок. Анткени, ал үйдө Кураан окулбайт. Абу Хурайра: « Кураан көп окулган үй өз ээсин батырат. Анда периштелер көп болуп, шайтандар качат жана ал үйдө жакшылык көп болот. Кураан окулбаган үй өз ээсин батырбайт. Ал үйдөн периштелер качып, шайтандар көбөйөт жана ал үйдө жакшылык болбойт»[10]еген.
            Пайгамбарыбыз с.а.в: «Курсагында Кураандан эч нерсе жок адам ураган үйгө окшош»[11]- деген. Акылы  жайында болгон жана адамдык сапаты өлө элек адам - Кураанды жүрөгү менен укса анын  өмүр бою динге, мусулмандарга каршы иштеп, кудай жок деген канчалаган атеисттик китептерди жазганына карабай  ички дүйнөсү калчылдап чыгат. Анткени Кураан - Аллахтын сөзү жана аны угуп жаткан адам качып кеткен эчки өз ээсинин үнүн уккандай  далдайып калат.
Бир  китепте төмөнкүдөй мисалды окуп калдым. Бир канча мусулман  кеме менен баратып,  кеменин палубасында бири имамдыкка өтүп, кутба жана кадимкидей эле жума намазын окушат. Намаз бүткөн соң имамдыкка өткөн мусулманга бир аял келип: «Мен сизден өтүнөм жанагы ырыңызды дагы кайталап койсоңуз»-деп өтүнөт. Имам: «Ал ыр эмес, Кураандын аяттары»- деп түшүндүрөт. Аял өзүнүн өтө байлыгын, бирок жүрөгү дайым кыжаалат болуп,  досторунун  кеңеши менен ар кандай доктур–психолог, жада калса Ватиканга чейин барганын жана эч кандай натыйжа  чыкпаганын жана азыр гана  бул аяттарды укканда жүрөгү апкаарып, руху эс алгандыгын айтат. Бул жөнүндө Аллах Кураанда: «Билгиле, жүрөктөр Аллахты эскерүү менен гана эс алат»[12]-дейт.
Абдуллах ибн Масуд: «Аллахтын арканын бекем кармагыла, ал – Кураан. Илим үйрөнгүңөр келсе, Кураанды пайдалангыла, себеби Кураанда абалкы-акыркынын илими бар. Кураанды дос тутуп,  ага амал кылып жашаган адамга бейишти сүйүнчүлөгүлө!»-деген.
Имран ибн Хусаин: « Биз караңгылык баткагында жашайт элек, Аллах Кураанды, пайгамбарыбыз с.а.в. сүннөттү жарыялады, буларга амал кылгыла, эгер экөөсүнөн жооп табылбаса бизге ээрчигиле. Аллахка ант, эгер ушинтсеңер  адашпайсыздар!»-деген.
Абу Хурайра: « Кураан беш жөнөлүштө – арам, адал, өкүм, мисалдар жана малым аяттар болуп түштү. Өкүмгө баш ий, адалга амал кылып, арамдан кач, мисалдардан ибрат алып калганына ыйман келтир»-деген.
Кураан байлыгы түгөнгүс казына. Андан алам дегендин кудуретине жараша Аллах ал казынаны ачып берет. Аллах  бизге да ал казынадан колдонууну, бардыгыбызга Кураанга махабат менен амал кылууну насип экылсын жана саадаттын Кураандан башка жолу жоктугун элибизге жеткирсин! Оомийн!


[1] «Ибрахим», 1
[2] «Сад». 29
[3] «Баккара», 23
[4] «Исра», 88
[5] «Баккара», 2
[6] Бухарий
[7] Бухарий
[8] Тирмизий
[9] Ахмад
[10] Доримий
[11] Тирмизий
[12] «Раад», 28






 Бисмилляхир – Рохманир - Рохийм!

Аллах жолундагы достук жана душмандык


Күнүмдүк турмуш ар түрдүү мамилерден турат жана ал адамдардын карым катнашындагы өзөк маселе. Адам айлана чөйрөгө ыйманына жараша мамиле түзөт. Ислам коомунун пайдубалы - момундардын өз ара мамилелеринин Аллахтын  буйругуна жана айгамбарыбыз с.а.в.дын сүннөтүнө ылайык  уюштурулат. Бирөөнү Аллах үчүн жаман-жакшы көрбөгөн адам ыйман жана ислам рахатынан лазаттана албай өтөт.
Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа  с.а.в. ислам жамаатын тургузуунун алгачкы этабында жана андан кийинки  этаптарда   Аллах үчүн сүйүү ислам акыйдасынын күчү менен Аллах үчүн жек көрүүдөн  бөлүндү. Натыйжада сахабалар ортосундагы мамиле пайгамбарыбыз с.а.в.  көрсөткөн  махабат деөгээлине жетти. Ал: «Силер ыймандуу болмоюнча бейишке кирбейсиңер, ыймандуу болбойсуңар бири-бириңерди сүймөйүнчө, бири-бириңерге махабат салам менен гана келет»- деди. Салам –момундар жолугуп жана коштошкондо   бири-бирине тынчтык, Аллахтын рахматын жана берекесин  тилеп,  дуба кылганы албетте ортодо  махабатты ойготот. Ал  эми бул махабат  акыйда негизинде  гана - жакшылыкка айланат.

Достук негиздери

Аллах: «Жер жүзүндөгү бүт мүлктү сарптасаң да достук таба албайсың»-дейт. Чындыгында адам колунда бар мүлкүн сарптаса да  каалаган адамы менен чыныгы достукка жете албайт. Дүнүйө маселелеринин үстүнө курулган достук ар кандай себептерден улам эртедир-кечтир үзүлөт. Колунда  бар бир кезде канча досу болуп, кедейлик келгенде же бийликтен түшкөндө эч ким   ага жолобой калганын күндө угабыз. Эгер материалдык негизде дос  арттыруу мүмкүн болгондо Советтер союзуна эч бир өлкө жетмек эмес. Алар өз элине жедирбей – Афганистан, Иран, Африка, Куба сымал мамлекеттерге канчалаган каражаттарды чачты. Советтердин нанын жебеген бир да Африка же Европа  эли калбаса керек. Советтер алдан тайды эле ал мамлекеттердин бир коммунистке пенсия берип койбоду.  
Ошондой эле советтер учурундагы мусулмандар Аллах жолунда бири-бирин жакшы көрүп катташкан,  кийин деле катташып,бири-бирине жардам берип жүрүштү. Аларды эч кандай саясий кырдаал, социалдык абал же жабылган чек-аралар токтото албады. Анткени, алардын ортосундагы махабат - Аллах тарабынан берилген жакшылык эле.
Аллах: «Аллахтын нематына көңүл бургула, душман элеңер, Аллах дос кылып койду»-дейт. Буга мисал Йасриптеги аус менен хазраж уруулары согушуп кырылганы калганда, пайгамбарыбыз с.а.в. апкелген диндин негизинде туугандашып, ортолорунда пайда болгон  бир туугандык махабат Аллахтын жакшылыгына айланды. Акыйда  негизинде достошкон элди эч ким ажырата албайт. Пайгамбарыбыз с.а.в.дын сахабаларын эч кайсы байлык достоштуруп  жана достуктан ажырата да алмак эмес.
Аллахтын ыраазылыгы үчүн болгон достор акыретте ата-эне, тууган-урук жардам бере албай калган учурда бири-бирине жардам бере алат. Аллах: «Бул дүйнөдө ажырагыс достор кыяматта бири-бирине душман болушат эгер алардын достугу Аллахтын атынан болбосо»-дейт. Ар кандай кызыкчылыктан улам түзүлгөн достук - бул жашоонун деле аягына чыгып жарытпайт.  Ал эми Аллахтын жолундагы достук акыретке чейин жетип, ал жерде да бири-бирине жардам берүү менен аяктайт. Аллахтын ыраазылыгы үчүн болгон достукта байлыкка, мертебеге, мансапка, күчкө, ж.б. көңүл бурулбайт. Ал достук болгону Аллахтын гана динине байланат. 

Достошуунун шарттары

Бул достуктун шарттары – теңдик, нафстан эркиндик, караңгылыктын  жоктугу. Теңдик –акыйдада, ибадатта, жазада, улуттук маселеде да тең болуу. Мисалы, акыйдадагы теңдик -  адамдардын  кожоюну бир жана Анын мыйзамдарына баш ийүү - баарына милдет,  баары Адамдын балдары жана ал топурактан жаралган деген түшүнүктү эки жак  тең билүү. Бадр согушунда Абу Убайда өзүнүн атасы каапырлардын катарында болгондуктан анын башын өзү апкелди. Пайгамбарыбыз с.а.в. токтотуп койбогондо Абу Бакр  улуу менен кылычташат эле. Пайгамбарыбыз с.а.в.дын туугандары  дөөлөттүү болгондуктан  фидя салыгын  көбүрөөк төлөшөт эле. Алар акыйда негизинде  өз туугандарын да аяган эмес. Анткени, момундарды караңгылар менен акыйда байлай албайт, алар анатомиялык тууган болгонуна карабай, Аллах ортого махабат бербегендигинен бири-бирине жек көрүү пайда болду.
Ибадаттагы теңдик – кедей, байлыгына карабай намаз, орозо, ажылык ж.б. бүт  ибадаттарда  тең болуу.
Жазадагы теңдик –   Аллахтын мыйзамын бузган кылмышкердин  ээлеген мансабы, мертебеси,  байлыгы же такыбалыгы куткара албайт.  Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Уурулук кылса кызымдын да  колун кесем»-деген.
Абу Зарр исламды абалкылардан болуп  кабыл алган. Белгилүү сахаба – Билал менен айтыша кетип, аны: «Кара катындын баласы»- деп ийет. Билал чындыгында кара түстүү – негр эле, Абу Заррдын сөзү сөгүнүү эмес эле. Бирок,  пайгамбарыбыз с.а.в.: «Мен апкелгенде ак аялдын баласы  кара аялдын улуунан артык эмес. Өлчөм туура эмес алынды»-деп, пайгамбарыбыз с.а.в. динде адамдар түсүнө, улутуна карап өзгөчөлөнбөсүн белгиледи. «Өлчөмдүн туура эмес алынганы» - пайгамбарыбыз с.а.в.дын өзүнөн айтылып жаткандыктан Абу Зарр дароо тообо келтирди, бетин жерге коюп: «Аллах менен ант ичем, Билал бетимди баспаса башымды көтөрбөйм»-деп касам ичти.

Негизги шарт

Ошентип, пайгамбарыбыз с.а.в. ыймандын кубаты  үчүн - Аллах жолундагы бурадарына болгон махабатты – ар кандай жакшылыкты өзүнө караганда бурадары үчүн ыраа көрүүнү шарт кылды. Кыямат – өтө оор жана ал күнү адамдар капилетке түшүп, нес абалда болушат. Аллах Таала ушул оопатта жети тайпага Өзүнүн саясында көлөкөсүн насип этет. Алардын   бири - Аллах жолундагы достор жана аларга Аллах эч кимге бербеген убаданы берди. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Кыямат күнү Арштын тегерегине ар кандай тайпалар үчүн курсилер коюлат жана андан орун алгандардын эч кыжаалатчылыгы - камы жок. Ал тайпалардын бири -  Аллах жолунда достошкондор» - деди.
Пайгамбарлардын көбү  адамга дүйнөнү дос  тутпоону насыйкат кылышкан. Бул насыйкатка кулак салбагандар адатта, адамдардын бийлигине, байлыгына же башка материалдык кызыкчылыктардан улам достошушат. Ал эми Аллах жолундагы достукту туу кармагандар – пайгамбарлардын жогорудагы  насыйкатына ээрчигендер.
Аллах кыямат күнү пендесинен: «Мен үчүн эмне амал кылдың?»-деп сураса,  адам – «Сени дос туткан менен достоштум жана Сенин душманың менен душман болдум»-деп жооп берсе,  Аллах пендесине карап: «Ал менин акым эле»-дейт. Ошондо Аллах аларга берген убадасына пайгамбарлар, шейиттер да суктанышат. Аллахты дос туткан менен достошуу жана Аллахтын душмандары менен жоолашууга  - Аллах жолунда достошуу,  Аллах жолунда чогуу отуруу жана Аллах жолунда бирин- бири зыярат кылуу да кирет.
Төмөнкү үч сезим - Аллахтын элчисин  ар кимден артык сүйүү, бурадарын Аллахтын жолунда жакшы көрүү жана  куфрду чын ыкластан  жек көрүү -  ыймандын ырахатын таткан адамдан гана табылат. Бул сезимдер табылбаган адам  - балдын шириндигин угуп бирок жебей өтүп кеткенге окшош болот.

Бурадардын акысы

Бурадардын умумий жана хусусий акысы бар. Умумий акысы – мусулман Аллах-Раббым, диним лам, китебим-Кураан десе – диндеш бир туугандары алдында салам айтуу, чакырса баруу, насыйкат сураса калыс масилет берүү, чүчкүрсө жооп берүү, ооруса зыярат кылуу, өлсө жаназасына туруу сымал  укуктары күчүнө кирет. Бир  шаарда  жаназасыз көмүлгөн мусулман  үчүн ошердеги бүт мусулмандар күнөөкөр болот.
Хусусий акысы – умумий акылардан бийигирээк. Т.а. өзүнө каалаганды Аллах жолунда  жакшы көргөн адамына  өзүнөн мурда ыраа көрүү. Сахабаларды Аллах Кураанда: «Өздөрү муктаж болуп туруп өзгөлөрдүн муктаждыгын ойлошот»–деген. Ухуд  согушунда суу ташыган  аялдар  жарадар болгондордун бирөөсүнө суу берет, ал  ары жактагы  бирөөнүн абалын көрүп, сууну  ага алып барууну  буйурат. Ага алып барса ал сахаба тили күрмөөгө келбей атса да жанында жаткан башка сахабага берүүнү  ишара менен көрсөтөт. Ага суу жеткенде – анын көзү өтүп кеткен болот.  Сууну кайра, андан мурдагы сахабага апкелсе ал да, кийин калгандары да каза болушкан экен. Сахабалардын жан алпурушуп, өлүм кургагы тамагын муунтуп жатса да бурадарларына ыраа көрүүсү - тарыхта достуктун үлгүсүн көрсөтүп кетти.
Пайгамбарыбыз с.а.в.дын доорунда бир киши Абу Хурайранын алдына келип: «Мен сиз менен Аллах жолунда достошкум келет»- деди. Абу Хурайра: «Мени  менен дос болсоңуз өзүңүздүн мал-мүлкүңүзгө болгон укугуң меникинен ашпай калат. Балким, ал мүлккө  менин укугум көбүрөөк болуп калат. Бурадардык чоң жоопкерчилик экенин билесизби?»- деп кайра өзүнөн сурады. Келген киши  даяр эмес экен. Кайтып  кетти.
Абу Сулайман Давроний: «Аллах жолундагы  досума бар оокатым алып барам, ага тамак жедирем. Анын тоюп жатканынан ырахат алам» –деген.
Хасан аль-Басрий: «Биздин үй-бүлөбүздөн Аллах жолундагы досторубуз артыгыраак. Бүлөөбүз  бизден дүйнөнү үмүт кылат.  Досторубуз  акыретте аскатуучулардан» деген.  Насип  кылган  Аллах жолундагы сүйүү -  мамилелердин эң асылы. 
Аллах жолунда малын сарптагандарга Аллах 700 мертебе көп кылып кайтарууну убада кылды. Мындан үмүткөр болгон Абдрахман ибн Аффан  - кербендеги малын Мадинадагы кедейлерге таратып жиберди. Айша үстүндө эски кийимине карабай 80 000 теңгени момундарга таратып салат. Анткени, алар ыйман лаззатын таткан. Ыйман лазатынан кийин аларга башка лазаттар маанисиз болуп, Аллах аларга  медет берди. Дүйнөнүн достугунан бошоо –  эки дүйнө бактылуулук даамынан.
Ошондой эле Аллах жолунда бирөөнү жек көрмөйүнчө да Аллах жолунда бирөөнү сүйүү сезими  ойгонбойт. Демек,  ыйман толук болбойт. Аллах жолунда жек көрүүчү сапаттар, салттар, жорук-жоболор, бузукулуктар жана алардын зыяндуулугун билип туруп тараткандар толтура жана мусулмандар  кайдыгерлигинен аларды жек көрүүдөн алыс. Кайдыгерлик  бара-бара мусулмандарды ды өздөрүнө тартып, сиңирип алды.
Азыр, Аллах жолундагы сүйүүнүн жана  жек көрүүнүн  дүйнөлүк негиздеги сезимдерден артыкчылыгын  баамдай албай, ал сезимдерди сахабалар даражасына  жеткире албагандыктан мусулман коому  кыйынчылыкта жашоодо.  Анткени, Ислам жамааты Аллах үчүн сүйгөн жамаат болмоюнча жунгли бойдон калып, күчтүүлөр  алсыздарды  жей берет.
Аллах жолундагы жоопкерчиликти сезүү менен достошкондор  гана коомдун ширеси болгон   ишеничтүү катмар болуп, коомду алдыга жетелей алат. Мусулмандын намазы, ажылыгы, орозосу ж.б. ибадаттары  – түшүнгөн адамга  - анын өзүн гана жамандыктан сактап калуу усулу. Бирок, бул усул бүт коомдун пайдасына иштемейинче анын чыныгы пазилети ачыла бербейт.





Бисмилляхир-Рохманир-Рохийм!

Жихат тууралуу


Жихад арапчадан сөзмө сөз умтулуу деп которулат. Ал эми ислам буга өзгөчө маани берип, Аллах жолундагы тырмышуу деп түшүндүрөт жана Кураанда ат атооч катары 4, ар кандай этиш формасында 29 аятта кездешет. Ошого карабай дүйнөлүк державалардын акыркы учурдагы ар кандай саясий долбоорлору көпчүлүк ислам “изилдөөчүлөрү”, “чыгыш таануучулары” аркылуу  бул түшүнүккө куралдуу согуш маанисин гана берип, жихаттын чыныгы табигаты ачылмак түгүл мусулман коомун репрессивдүү көзөмөлдө кармап туруу каражатына айланды. Мусулман  коому ислам өнүгүү ресурстарынын бакандай рычагынан кур калып, чыныгы диндин сүрөтүн гана карап отургандай. А чынында ар бир мусулман Ислам дининин бекемделүүсү жана аны коргоо үчүн Аллах жолунда  убактысын, мүлкүн жана күчүн сарптоого милдеттендирилген. Аллах Кураанда: “Ыймандуулар Аллахка жана Анын пайгамбарына ишенгендер, анан күмөн санабай Аллах жолунда өзүнүн мүлкүн жана жанын койгондор. Алар гана калыс ишенгендер”[1]-дейт.
Тилекке каршы бир катар демократиялык светтик мамлекеттерде жихат экстремизм катары каралат. Батыш ислам изидөөчүлөрүнүн бири Даниель Пайпс[2]: “Жихат  ислам динин жайылтууга гана эмес, көз карандысыз ислам бийлигинин таасир чөйрөсүн кеңейтүүгө жана мусулманчылыктын бүт дүнүйөгө үстөмдүк кылуусуна  багытталат”-дептир. Орус изилдөөчүсү И.Хохлов[3]: “Мурда жихат мусулман өлкөлөрүндө диктатордук режимге каршы колдонулса, азыр негизинен АКШга жана Израилге каршы коюлуп жатат”-дейт. Ал эми дагы бир изилдөөчү Боаз Ганор[4]: “Азыр мусулмандардын каапырларга глобалдык жихаты башталды”-дегенин окудум. Ошондой эле мусулман окумуштуулары да кээ бир хадистерге негиздеп жихатка эки маанини – кичи[5] жана чоң[6] деп  карашыптыр. Болгондо да чоң жихат албетте алдыңкы орунга коюлуптур. Андан тышкары да колдун, тилдин, илимдин жихаты деген түшүнүктөр арбын кездешчү болду. Аалымдардын кээ  бирлери  жихатты: “Динде зордук жок”- деген  аятка негиздеп, “коргонуу концепциясына” такап коюшкан. Алар да жихатты түшүндүрүүдө коркуп, реалдуулукка байланып калгандай туюлат.
Ал эми түздөн-түз куралдуу согуш буюрулган: “Сиздерге жагымсыз болсо да согушуу буйрулду. Балким силерге жакшылык болчу нерсе жакпай жаткандыр. Балким силерге кесепет болчу нерселер жагаар. Аллах Билүүчү, силер эмес”[7]-деген аяттар да качан, каерде, кимдер менен, эмнеге согушуу керектигин түшүндүргөн  ар кандай шарттар менен оролуп, жихат чиеленип калгандай сезилет.
Бир  сөз менен айтканда акыркы учурда жихат маселеси ушунчалык түшүндүрмөлөргө толуп кетти, бир караган адам аны түшүнүү турмак тетирисинче кандайдыр көмүскөгө жашырылып жатканын байкайт. А чынында жихат эмне? Биз да изилдеп, ой жүгүртүп көрөлү. Бирок оболу ислам дининин кээ бир өзгөчөлүктөрүнө токтолуп өтөлү.

Дин 

Аллах пайгамбарыбыз  с.а.в.га  алгач:  “Оку”[8]-деп буюрду. Андан соң: “Тур жана жеткир[9]-деп буюрду. Биринчи буйрук менен пайгамбарлык,  экинчиси менен элчилик жүктөлдү жана  пайгамбарыбыз с.а.в.га  караңгылыкты ойготуу, жарык келечекке жетелөө үчүн  буга чейинки доктриналардан айырмаланган ислам дини берилди.
Ислам дини арапдарга гана эмес, жалпы адамзатка даректелген жана  Аллах араптардын гана кудайы эмес, Анын бийлиги момундар менен гана чектелбейт. Аллах бүт ааламдардын Ээси, бүт адамзаттын ырыскы берүүчүсү жана тарбиячысы. Демек,  Ал зат берген дин негизинен бүт адамзатты Жаратуучусунун гана бийлигине табынууга, Андан гана коркуп, Ага гана кайрылууга, Ага гана кулдук кылууга чакырууга багытталган.
Караңгылык адамдардын пикирлерин жана ишенимдерин бийлеп,   материалдык ресурстар, авторитет  жана саясат менен бекемделип турат. Ошого карабай ислам дааваты   (таблиг) адамдардын маанайларын жана ишенимдерин өзгөртө алат жана аларды дүнүйө кордугунан куткарып, Жаратуучунун гана кулдугуна жеткирүүчү - адамдарды чыныгы эркиндикке чыгаруучу система. Болгондо да ислам дини  Аллахка ыйман келтиргендердин улутуна, расасына, мансабына карабай алардын Жаратуучуга гана кылган ибадатынын негизинде бириктире алуучу идеялогиялык, прикладдык система жана анын негизинде гана адамдардын чыныгы эркиндикке жеткени тарых барактарынан мисалдарга толо.
Мусулман үммөтүнүн аны курчап турган коомдор менен тыгыз укуктук байланышы анык принциптер менен тартиртелген. Мисалы, мусулмандар менен каапырлар бир мамлекетте, коом же кандайдыр мейкиндик жана убакыт категорияларында чогуу отурукташы мүмкүн. Бирок, ислам дааваты эч тоскоолдуксуз ар бир адамга жеткирилүүсү зарыл. Жер  шарынын ар бир жашоочусу Жаратуучунун акыркы дини тууралуу так жана анык маалымат алууга укуктуу жана бул укукту тебелөөгө эч кимдин укугу жок. Каапыр болсо болгондур, бирок, ал ислам  маалыматынын таралуусуна каршылык көрсөтүүгө укугу жок. Анткени, Аллахтын дини толук түшүндүрүлгөн  соң гана ар бир адам ибадат түрүн, дин же динсиздик, ислам же башка диндерди өз алдынча тандап алууга укуктуу болот.                     

  Ислам -  “эркиндикке” каршы эркиндик

  Жашоого, тарыхка же тажрыйбага негиздеп токулган мыйзам-эрежелер   бир топтун калган топ үстүндө бийлик жүргүүзүү үчүн гана колдонулат жана адамдардын маанайлары адатта эркиндикке байланышкан түшүнүктөр менен  чайкалат. А чынында мындай системада эркиндик бир катмарда гана, калганы алардын мыйзам актыларынан көз каранды. Бийлик  мыйзам чыгаруу прерогативасын  демократиялык мандаттар менен канчалык оробосун, анын актылары ошол гана топтун кызыкчылыгын тейлегенин карапайым элден жашыра албайт. Албетте, бул жагдайда адамдар Жаратуучусуна гана кулдук кылуу укугунан ажырап, өзүнө окшогон макулукка кул болот. Демократиялык, светтик саясий технология эмне гана дебесин, затында бул системаларда  адамды адам башкарат. Т.а. эркиндигин чектейт.  Исламда деле адамдар башкарат, айырмасы мыйзамдар Аллахтан алынат, ал эми светтик системада ал мыйзамдарды башкаруучу катмар өзү токуйт. Ал эми исламдын чыныгы миссиясы  адамды өзүнөн кудуреттүү заттын - Жаратуучусунун мыйзам карамагына өткөрүү менен анын табигатына жийиркеничтүү кордук-зомбулуктан бошотуп,  чыныгы эркиндикке жеткирүү.
Аллахтын бийлигин орнотуу дегени адамдардын Жаратуучусу берген табигый укугун реализациялоо, т.а. кайсыдыр шылуун топтор кооз сөздөр, баш оорутма философиялар, саяий технологиялар менен узурпациялап алган бийликти өз Ээсине тапшыруу дегенди билдирет. Аллах Кураанда: “Эй, ыйман келтиргендер! Исламды толук кабыл кылгыла жана шайтандын изи менен баспагыла. Чындыгында шайтан силерге анык душман”[10]-дейт.
Мына ошондо гана адам чыныгы эркиндигине жетет. Адамдардын  укугу мамлекет эмес Жаратуучусунун алдында тең болот жана мамлекет анын теңдигин жана адилеттигин  камсыздоочу институттар көптүгүнө айланат.

  Бул эркиндикке кантип жетет?

  Албетте, бийликке молдо же намаз окуган киши келсе эле, башкаруу Кудайдыкы болуп калбайт. Же бийлик  Кудайдын аты менен жүргүзүлсө эле ал эркиндикке чыкты деп эсептелбейт. Жаратуучунун бийлиги Анын мыйзамдары менен келет. Буга жетүүдө жалгыз эле адамдарды чакыруу же ынандыруу усулдары  жетишсиз. Катарда ар кырдаалга ылайык аракеттер да ордун табуусу зарыл. Анткени, адамдардын жашоосун бийлеп алган караңгылык падышасы өз тактысынан оңой менен баш тарта койбойт  жана албетте, ал ар түрдүү айла амалдардан баштап, зөөкүрдүк, зомбулук, зулумдуктарга чейин барат. Демек аны менен  жалаң диспут, маданий талаш талаасында  отура берүү мусулман үммөтүн жок эле дегенде алаксытат.  
Талаш  даават эмес, болгону анын бир гана усулу, ал эми чыныгы даават адамдардын маанайын колго алуу жана аны коомдук пикир деңгээлинде  багыттоо. Бирок, адамдардын жашоосу даават менен гана өзгөрүп калат деген да жаңылыштык. Анткени, даават оң натыйжа берүү үчүн адамды аңдып турган караңгылыктын “дааватынан” куткаруу, т.а. анын таасирин жоготуу үчүн булагын жабуу зарыл. Ошондой эле  дааваттын өзүнө да тоскоолдуктар пайда болуусу кадимки көрүнүш жана ал тоскоолдуктар дааватты Аллахтын динин адам акылын канааттандырып, жүрөгүн кадыржам кылуучу деңгээлде жеткирүүдөн алаксып, өз дарегине, көксөгөн максатына  жетпей калат.Тилекке каршы, караңгылылык жарнамасын жаап, өз жолунан каршылыктарды алууга дааваттын алы жетпейт. Анткени дааваттын табигаты жеткирүү гана. Буга  башка кыймыл зарыл. Ал да болсо жихат. Демек, жихатты туура түшүнүү муктаждыгы келип чыгат.
Даават тоскоолдуксуз шартта жүрсө гана дин  ар бир адамга түшүнүктүү жеткирилет.  Анан  гана адам өз эрки менен дин, ишеним тандоого укуктуу болот жана  ал кааласа момун, кааласа каапыр бойдон кала берет. Бир сөз менен айтканда, жихат – адамдардын дин эркиндигин  амалкөйлүк, карамүртөздүк менен атайын чектеген күчтөрдү  күч менен жеңүүчү материалдык каражат жана дин тандоого мүмүкүнчүлүк берүүчү кыймыл.
Чакырык  менен күч аракети кол кармашса гана караңгылык бийлигиндеги чийеленишкен жердешчилик, мекенчилдик, улутчулдук, ж.б. динден алыс принциптерге адекваттуу жооп берип,  каршы тура алат. Бул да болсо даават менен жихаттын күчү. Даават адамдарга пайда болгон ситуацияга Жаратуучу кандай мамиле кылууну буюрганын жеткирет. Ал эми жихат ошол чечимдерди башка күчтөрдөн коргойт жана анын  туура жеткирилүүсүн көзөмөлдөйт. Ал чечимдер адамдарга жеткен соң  гана алар аны кабылдоо же баш тартуу  укугуна ээ  болот жана андан ары гана алар Жаратуучусунун сотуна жооп берүүгө милдеттүү болушат. Кармашкан кол үзүлөөрү менен аракеттин  эффективдүүлүгү басаңдап, бара-бара дин жеткирүү руханий чакырыкка, ал эми  жихат күңүрт максаттарды аркалаган  стихиялык  кыймылга  айланып калат. Ошентип, даават адамдардын акыл жүгүртүүсүн жолго салса, жихат  дааватка  болгон тоскоолдукту жолдон алат.

Жихаддын  этаптары

  Жихат маселесин изилдеген   адам, пайгамбарлык башталгандан тартып, мусулмандарга көрсөтүлгөн ар кандай зомбулуктарга, каршылыктарга карабай  ислам жихатынын олуттуу тартип менен, бир канча этапта калыптанганын жана ички өзгөчөлүктөрүн  байкайт.
Пайгамбарыбыз с.а.в.дын  чакырыгынын алгачкы этабында, Меккеде  али исламдын чыныгы саясий, экономикалык, социалдык, илимий, таалим ж.б. табигаттары толук ачылып, мусулман үммөтүнүн өз ара жана башка коомдор менен мамилелеринин укуктук базасы калыптана элек болчу жана алгачкы ислам дааваты буга чейин караңгылыкта жашап келаткан коомго суу сепкендей болгону менен, кылымдар  бойу  Ибрагим пайгамбардын дининин калдыктарын  жамап жашаган эл, аягы кадимки жапайылыкка малынып калганын аңдый бербеди. Ошондуктан  Мекке бийлиги ислам чакырыгын алгач анчейин тоотпой,  дин  эркин эле жайыла баштаган. Мындан пайдаланып пайгамбарыбыз с.а.в.  ислам чакырыгын жеткирүү үчүн курмандыкка даяр, дилгир жана акылы зирек адамдардан турган топту түзүп, анын  өзүм билемдигин токтотуп, лидерге жана партиялык дисциплинага  баш ийе билген өзгөчө мүнөздө тарбиялаганы жетишти. Ал топ жарым аралда али эч ким уга элек жаңы жашоо тартибин айтып кирди жана бийлик солк этти. Ал чөлкөмдөгү аброю жана бийлиги үчүн кабатыр болуп мусулмандарга адам акылы көтөрө алгыс кордуктарды көрсөтө баштады жана ал системанын динге койгон  ар бир тоскоолдугуна өзү чалынып, кылтагына өзү илинип жатты.
Оор зулумдукка, кордука  карабай Аллах: “Сен “Колуңарды таркыла (согуша көрбөгүлө), намаз окугула  жана зекет төлөгүлө”-деп айтылгандарды көрбөдүңбү?”[11]-деп азапка чыдабаган мусулмандарга куралдуу каршылыкка тыйуу салды. Т.а. бул аят  мусулмандарга намаз окуп, кедейлерди колдоону гана буйурду. Анын ордуна ошол этапта  мазлумдарды колдоону сыймык деп билген, араптардын табигый болушчаактыгын колдонуу жетишээрлик болду.  Буга мусулмандардын Абу Талиптин коргонундагы үч жылдык  камоолу бузулганы, Абу Бакр да көчкөнү калганда Ибн ад-Дагна: “Бул арапдардын бетине көө”- деп, аны өз кепилдигине алганы сымал мисалдар көп. Жыйынтыгында  Мекке коомунун Умар ибн Хаттаб, Хамза сыяктуу мыктылары исламды кабылдап, келечекте анын алдыңкылары болду.
Жаңы күчтөн пайдаланып, мусулмандар куралдуу каршылыкка өтсө, кан төгүлүп, өтө текебер курайш уруусунда “канга кан” принциби ойгонмок же бирдиктүү борборлошкон бийлик күч колдонуп, жалпы граждандык согуш башталмак. Канткенде да   ансыз деле атаны баладан айырган бузукулук катары каралып жаткан ислам  али турбай атып куурамак. Ага кошумча, Ислам али сыртка тарай электигинен, Мекке тегерегиндегилер  бул жаңжалды бир уруу ичиндеги маселе деп, мусулмандарга болушмак да эмес жана  исламдын мааниси да такыр төмөндөмөк. Ошондуктан мындан сактанып, кагылышууну ырбатпоо жана ага шылтоо бербөө  үчүн пайгамбарыбыз с.а.в. сахабаларына бекинип намаз окууну буюруп, алар  менен болгон  жолугушууларын  да жашырды. Андан ары  мусулмандардын Йасрипке көчкөнүнө чейин куралдуу каршылыкка эч кандай уруксат да ага ишаарат да болгон жок.
Убакыт өтүп, Йасрип ислам борборуна айланды жана чөлкөмдө жаңы саясий тартип орноп, анын туусун пайгамбарыбыз с.а.в. кармап турду. Ошондо да Мадинада алгач куралдуу күрөш буюрулбады, анткени анын али муктаждыгы жок эле.
Биринчиден  - Мадинада жана  аны тегерегине отурукташкан жергиликтүү жөөттөр жана каапыр араптар менен түзүлгөн келишим даават үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр ачты.
Экинчиден   жогорудагы келишимдин негизинде согуш жарыялоо, аны токтотуу өкүмдарлыгы мусулмандар коомуна т.а. анын лидери пайгамбарыбыз с.а.в.га таандык болгондуктан  исламдын таралуусуна эч кандай борборлошкон каршы күч болгон эмес жана  адамдардын дин тандап алуу эркиндиги мусулмандардын кепилдигинде турган.
Үчүнчүдөн  арап жарым аралы мусулмандардын абалын өтө дыкат күзөтүп турган. Кырдаалдын  мусулмандардын пайдасына чечилүүсү зор мааниге ээ болгондуктан, пайгамбарыбыз с.а.в. бүт дараметин жаңы коомдун түптөлүүсүнө багыттап, башкага алаксыбады. Бир канча убакыт өтүп, жаңы коом өз ордун бекемдеп, тегереги менен орношуп алган соң гана куралдуу күчкө шарт түзүлө баштады.
Мадинага мусулмандар чар тараптан күн сайын агылып келүүсү, ансыз да тартыш менен жашаган шаар жашоосун оорлото баштады. Жаңы коомдун экономикалык абалын оңдоо үчүн пайгамбарыбыз с.а.в. алгач мухажирлер менен ансарларды бир туугандаштырды жана бул жөрөлгө мусулмандардын абалын дароо бекемдеди. Ошентсе да абалды такыр оңдоо үчүн тегеректеги соода мамилелерин колго алуу зарыл болду жана пайгамбарыбыз с.а.в. соода жолдорун бойлоп жашаган уруулар менен келишимдерди түзүп ал жолдорду мусулмандардын кармагына алды. Натыйжада буга чейин ал жолдор аркылуу Шам, Йемен, Персияга эркин каттаган соода кербендери мусулмандар менен эсептешүүгө туура келди. Өзгөчө бул абал Мекке экономикасына зор таасирин тийгизди. Кырдаалдан  пайдаланып Мадинага көчкөн мусулмандардын дээрлик баарынын Меккеликтер күч менен ээлеп алган мүлкүн кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү жана пайгамбарыбыз с.а.в. Меккелик кербендерди колго киритүү үчүн  тегерекке чалгын отряддарын жибере баштады. Алгачкы  экспедициялардын бири  Абдуллах ибн Жахштын чалгыны кандуу кагылышууга дуушар болуп, ал жөнүндө Куранда: “Алар сенден тыйуу салынган айлардагы согуш тууралуу сурашат. Айткын, бул мезгилде согушуу күнөө, бирок Аллахтын жолунан кайтарып, Ага ишенбестик жана харам мечитине жана анын тургундарын кууп чыгуу Аллах алдында андан да чоң күнөө. Азгыруу –өлтүрүүдөн жаман”[12]-деп айтылат жана мусулмандарга кээ бир шарттарда согушууга уруксат берилди. Андан ары  хижраттын 2- жылында Бадр согушу жүз берди.
Бул окуялардан улам ислам жихатынын – коргонуу муктаждыгынан келип чыкканын далилдеген “окумуштуулар” да бар. Алар өз мансаптары үчүн коркуп, бир чети батыштын “чыгыш изилдөөчүлөрүнө” туруштук бере албай калгандар.
Андан кийин гана: “Силерге каршы согушкандар менен Аллах жолунда согушкула, бирок чектен ашпагыла. Аллах чектен ашкандарды сүйбөйт”[13]-деген аят менен мусулмандарга куралдуу жихат буюрулду. Ал эми аягында “Ага мактоолор болсун, Ал Ага шерик болгондордон аруу. Алар ооздору менен Аллахтын жарыгын өчүргүлөрү келет, бирок Аллах мушриктердин жек көргөнүнө карабай Өз жарыгын аягына чыгаргандан башкага жол бербейт ”[14]-аяты менен мусулмандарга жихатты жайылтуу буйрулду. Бирок бир да сүрөөдө жихатты токтотуу же аны жокко чыгарган аяттар кездешпеди.
А чынында ислам жихаты Жаратуучунун динин ар бир адам баласына толуккандуу жеткирүү үчүн шарт түзгөн, өзгөчө стратегиялык кыймыл катары каралышы керек. Ыйык Куранда: "Аллах жолунда акыретти бул жашоонун эсебинен сатып алгандар согушсун! Алах жолунда согушкандарга жана каза болгондорго же жеңгендерге Биз улуу сыйлык беребиз. Эмнеге силер “О, Кудай! Бизди зулумдар башкарган  бул отуруктан чыгара көр, жана Өзүңдөн болгон коргоочу бер жана Өзүңдөн болгон жардамчы жибер”-деп жалбарган алсыз эркектер, аялдар жана балдар үчүн Аллах жолунда согушпайсыңар? Ыйман келтиргендер Аллах жолунда, ал эми ыймансыздар тагут жолунда согушат. Шайтандын достору менен согушкула; алардын айласы алсыз”[15].
“Ыйман келтирбегендерге –“Токтоно алышса буга чейинкилери кечирилет, кайтышса алгачкылардын мисалы эскирди. Жана  алар менен азгырык токтоп, бүткүл дин Аллахка карамайынча согушкун”-деп айткын. Эгер алар токтошсо... Аллах алардын кылып жаткандарын көрүүчү. Эгер качышса, Аллах силердин коргоочуңар экенин билгиле. Эң сонун коргоочу жана эң сонун жардамчы! ”[16].
Бул аяттардан жихаттын максаты -Аллахтын өкүмдарлыгын жана бийлигин  орнотуу, дүйнө иштерин Жаратуучунун осуяттарына ылайык уюштуруу, шайтандын күчүн, жашоо амалдарын түп тамыры менен кууратуу жана адамдардын өздөрүндөй макулуктар басынтканын токтотуу экени айкын көрүнүп турат.

Жихаттын ички себеби

 Жихаттын ички себеби исламдын табигатында турат. Акыйкат дини адамдарды жарыкка чакырууда жана чыгарууда а албетте тоскоолдуктар болот. Мейли ал адамдын жеке нафсы же мамлекеттик, коомдук каршылык болсун, айтор адамдар жашап көнгөн түшүнүктөрүнөн  жеңил баш тарта бербейт. Натыйжада каршылыктарга туруштук гана бербестен андан жеңүүчү болуп чыгуу –дааваттын жихаттын диндин ички  кыймылдаткычы экенин туура түшүнө алганынан көз каранды болот.
Ошентип, Аллахдын бийлигине жөнөкөй адамдардын үстүнө минип алган бийлик, мейли мамлекет, коом же жөн эле жеке инсандар түзүмдөрү аркылуу каршылык көрсөтүүсү табигый көрүнүш. Мынай шартта адамды эркиндикке чыгаруучу бирден- бир мыйзам Жаратуучунун гана дини экенине жалпы масса эркин акыл калчай ала тургандай түшүндүрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан ислам  көмөккө жихатты чакырат жана ал адамдардын Кудай, Анын дини жөнүндө кенен маалымат алып, аны эркин сиңирип, анан гана тандоосуна чейин каапыр колун тосуп туруучу кыймылга айланат.
Кайсыдыр  чөлкөмдө дин адам бийлигине каршы күрөшүн токтотсо, балким, ислам душмандары да динге каршы күрөшүн тототушаар. Бирок, бул ислам эмес. Анткени, ислам жихаты турганда караңгылык менен “тынчтыкта жашоо тууралуу” эч кандай келишим түзүлбөйт. Ислам дининин негизги максаты - адам баласын караңгылыктан куткаруу болгондуктан, караңгылык менен “тынчтыкта жашоо” – аны менен күрөшүүнү токтотуу, т.а. исламдын принциптерин сатуу дегенди билдирет.

Ислам жихатынын эки негизги концепциясы

Ислам Аллах тарабынан түшүрүлгөн дин болгондуктан, биринчи концепцияда  жихаты караңгылык  каршылыгына туруштук берүү кыймылы, ал эми экинчи концепция боюнча жихат ислам динин жайылтуудагы негизги жана сөзсүз керек болгон кыймыл  катары каралат.
Бир караганда эки концепция тең – жихат желегин көтөргөндүктөн айырмасы жоктой сезилет. Бирок, эки концепциянын ортосундагы терең жар байкалат.  Биринчи концепцияны улап отурган “окумуштуулар” биз жогоруда сөз кылган –жихатты коргоо концепциясына айландырып коюшту. Көрсө, тетирисинче ислам жихаты коргонуу үчүн эмес, экинчи концепция айтып тургандай караңгылык менен келишим түзмөк түгүл, аны жоюуда ага катуу чабуул коючу кыймыл катары каралат экен. Анткени, Аллах адамдардын жашоосун Өзү каалаган эреже менен уюштуруусун буйуруп, жашоосун мына ушундай гана уюштура алган адамдарга келечек жашоодо бейиш убада кылынып жатат. Демек, адамдар качан гана келечек тууралуу толуккандуу маалымат алмайынча, алардын жашоосу караңгылык туткунунда, маклукат бийлигинде тебеленип кала берет. Ошондуктан жихат буйрукка айланып олтурат.
Туурасын Аллах билет! 
24 апрель 2008 жыл, Бишкек ш.

[1] Кураан, «Аль-Хижр», 15
[2] «What is Jihad?» New York Post, 31.12. 2002-ж
[3] «Исламский терроризм- глобальный джихад Салафи»
[4] Ганор Б. «Угроза глобального джихада». Мат-лы 4-го Всемирного антитеррористичекого форума
[5] Аллах жолундагы газават-куралдуу согуш
[6] Нафс  менен
[7] Кураан, «Бакара», 216
[8] Кураан, «Алак», 1
[9] Кураан, «Мудассир», 3
[10] Кураан, «Бакара», 208
[11] Кураан, «Ниса», 77
[12] Кураан, «Бакара», 214
[13] Кураан, «Бакара», 190
[14] Кураан, «Тооба», 29
[15] Кураан, «Ниса», 76-78
[16] Кураан, «Анфал», 39-41






Бисмилляхир  Рохманир   Рохийм! 

Кураанды түшүнүү усулдары


Кураандын аяттары негизинен тафсирлөө менен түшүндүрүлөт. Тафсир–араб тилинен которгондо – бекитилген нерсени табуу дегенди билдирет. Кураанды окуп, тафсирин билбеген киши – караңгыда падышадан буйрук келип аны окууга чырагы жок адамга  окшош. Мужахид: «Аллахка Ал түшүргөндү билүүчүрөөгү сүйүктүүрөөк»- деген.
Имам Суютий: « Кураанды тафсир кылуу үчүн арап тилин, сарф-наху каадаларын, балагат, кыраат, дин жана укук усулдарын, хадис, аяттардын түшүү учуру жана себептерин, насых жана мансых сымал илимдерди билүү»-шарт дейт. Кураандын аяттары түшкөн учуру жана шарты – асбабу нузул, вахийдин түшүүсүнө күбө, балким себепчи болгон сахабалар же алардан бул жөнүндө түздөн-түз угуп үйрөнгөн табеиндердин   рабаяттары - аны тафсирлөөдөгү олуттуу  негиз. Аларды билүү Кураанды түшүнүүдө өтө зарыл.  Анткени, Кураандын түшүү себептерин билүүдө эң жогорку ишенич сахабаларга берилет. Кураанды тафсирлөө – Кураандын өзүнө, пайгамбарыбыз с.а.в. дын сүннөтүнө, сахаба-табеиндердин рабаяттарына жана турмушта окшоштугу бар көрүнүштөрдөн кыяс алууга   негизделет.
Андан сырткары уламалар: «Муфассирдин өтө адеп-ахлактуу жана такыба болуусун, кылып жаткан амалынын калыс Аллах үчүн гана  аткарып, андан шоорат жана мертебе көздөбөстүгүн» эскертишет.

Кураандын маанисин  Кураан жана хадистер менен чечмелөө

Инсан  Кураанды устатысыз үйрөнө баштаса  каталар дарбазасы ачылат. Абдуллахх ибн Аббас пайгамбарыбызыбыз с.а.в.дын: «Ким Кураан жөнүндө билбей бир нерсе айтса - жайын тозоктон даярдап алсын»[1] -дегенин айтат. Абу Бакр: «Эгер Кураан тууралуу билбеген нерсемди жеке пикириме жөлөнүп айтсам, мени кайсы жер көтөрүп, мага кайсы асман саябан болот?» – деген. Умар ибн Абд аль-Азиз: «Кураанды билбеген киши аны өзүнчө түшүндүрүүгө жана пайгамбарыбызыбыз с.а.в.дын сүннөтүн өзүнчө өзгөртүүгө акысы жок» – деген.
Демек, инсан Кураанды өзүнчө чечмелөөдө аны бурмалоосуз түшүндүрүп бере алчу мугалимге муктаж. Ал мугалимдин эң улуусу  - Кураандын өзү. Анын бир мөөжизасы  – бир аятты башка аяттары чечмелеп турат. Буга Кураандын: «…маанисин Аллах гана билет»[2], «Аллах  адамдарга  аяттарын ушундай баяндайт»[3], «Соң аны баян кылуу  да албетте, Биздин карамагыбызда»[4]- деген аяттары далил. Мисалы, Кураандын: «Билгин, чындыгында Аллахтын досторунда акыретте эч кооптук жок жана алар бегам болушат. Аллахтын достору – ыйман келтиргендер жана такыбалар»[5]- деген аятын билимсиз киши Аллахтын достору деп – кайыптан Аллах менен байланыш түзгөн адам - деп түшүнүүсү мүмкүн. Ал эми чындыгында Аллахтын достору кимдер экени кийинки аятта баяндалып жатат.
Ошондой эле Кураанды түшүнүүдөгү  кийинки авторитет пайгамбарыбызыбыз с.а.в.га таандык жана анын даражасына Аллах: «Ал өз оюу менен сүйлөбөйт. Анын сөздөрү болгону вахий»[6], «Адамдарга аларга түшүрүлгөн нерсени  баян кылып берүүңүз үчүн Сизге  Зикр түшүрдүк»[7]-деп кепилдик берет. Пайгамбарыбызыбыз с.а.в.: «Билгиле, мага китеп жана ошончо билим берилди»[8]-деген. Имам Шафий: «Сүннөт - Кураандын чечмеси»- деген. Демек, Кураанды чечмелөөдө Аллахтын сөзүнөн соңку даражалуу ишенич пайгамбарыбыз с.а.в.га таандык. Ал үммөтүнө Кураанды  үйрөтүп бүткөн соң гана о дүйнө кайтты. 

Кураан жайылтуудагы   сахабалардын орду

Сахабалар – пайгамбарыбызыбыз с.а.в.ды көргөн, ага ыйман келтирген, ал заттын күбөлүгү менен жашаган  муун. Алар   пайгамбарыбызыбыз  с.а.в.га түшүп турган  вахийлерге күбө болуп,  Кураанды тилаават кылууну, талкуулоону пайгамбарыбызыбыз с.а.в.дын  өзүнөн үйрөнүшкөндүктөн Кураанды  пайгамбарыбызыбыз с.а.в.дан кийинки эле билүүчүлөр – деп эсептелген жана Кураанды түшүндүрүүдө пайгамбарыбызыбыз с.а.в.дан соңку эле ишеничтүү орунда  сахабалардын сөздөрү турат. Анын үстүнө алардын  жашоосунда же өз ара мамилелеринде кандайдыр  кырдаал түзүлүп, анын диний өкүмүн баяндоо муктаждыгы пайда болсо, алар дароо пайгамбарыбызыбыз с.а.в.га  кайрылып,  кээ бир аяттар алардын кайрылуусуна  жооп иретинде  вахий болуп келчү.
 Көп илимий эмгектерде сахабалар Абу Бакр, Умар ибн Хаттаб, Усман ибн Аффан, Али ибн Абу Талиб, Зайд ибн Сабит, Талха, Саад, Хузайфа, Салим, Абу Хурайра, Абдуллахх ибн Саиб, Убада ибн Саммит, Абу Дарда, Абу Муса аль-Ашарий, Жабир ибн Абдуллахх, Абдуллахх ибн Зубайрлардын  Кураанды окуу чебердиги, түшүндүрүүдөгү билимдүүлүгү баяндалат. Кураандын түшүндүрмөлөрүнүн көбү Абдуллахх ибн  Масууд, Убай ибн Каабдарга таандык. Ал эми сахабалардын арасынан Кураандын  маанилерин, чечмелерин пайгамбарыбызыбыз с.а.в.дан  кийинки  эле жакшы билген  деп Абдуллахх ибн Аббас табылган. Пайгамбарыбызыбыз с.а.в. өзү да: «Кураанды тилаават кылууну төрт киши – Абдуллахх ибн Масууд, Убай ибн Кааб, Муаз ибн Жаббал, Салим мавло Абу Хузайфадан үйрөнүп алгыла»[9]- деген. Алардын ар бири өз алдынча токтолуп кетүүгө тактыктуу.
Абдуллах ибн Масуд – мухажир сабалардан. Меккеде мусулман болгон жана эки жолу хижрат кылып, Бадр, Ухуд жана башка согуштарга катышкан. Умар ибн Хаттабдын доорунда Куфа шаарында мусулмандар мүлкүнө казыначы, ал эми  Усман ибн Аффандын  бийлигинде ошол эле шаарга  валий, кийинчерээк халифке кеңешчи болуп Мадинага чакыртылган.
Абдуллахх ибн Масуд Кураанды окууну жана анын  тафсирин пайгамбарыбызыбыз с.а.в. өзүнөн үйрөнгөн жана кайсыл аяттын ким жөнүндө, эмне себептүү түшкөндүгүн толук билген. Пайгамбарыбызыбыз  с.а.в ал жөнүндө: «Кимди Кураан түшкөнүндөй окуу курсант кылса,  ибн Масуудтан  үйрөнсүн», «Абдуллахх ибн Масуутдун буттары кыямат күнү Аллахтын таразасында Ухуд тоосунан оор келет»[10], «Сиздерге Абдуллахх ибн Масууд эмнени айтса, ошону тастыктагыла»[11]-деген.
Абдуллахх ибн Масууд: «Мен пайгамбарыбызыбыз с.а.в.дан жетимиш сүрөөнү таалим алдым жана  эч ким бул сүрөөлөр жөнүндө мени менен талашпады»–деген.
Умар ибн Хаттаб: «Абдуллахх ибн Масууд алдымда болуусун кааласам да Куфа элин сыйлагандыктан аны аларга жөннөттүм.  Пайгамбарыбызыбыз с.а.в. дын жогорку мертебелүү сахабасына ээрчигиле! Абдуллахх ибн Масуудтун ичи толо илим жана ал кыямат күнүндө чоң олжолуу кишилерден»–деген.
Хузайфа: «Абдуллахх ибн Масууд үйүндө кандай билбейм, бирок үйүнөн чыгып кайра киргенге чейин пайгамбарыбызыбыз с.а.в.га кулку жана жүрүш-турушу эң окшош киши эле»– дейт.
Али ибн Абу Талиб Куфага келип: «Аллах Абдуллахх ибн Масуудту рахмат кылсын, бул шаарды илимге толтурду, ал Кураан жана сүннөттү билген, динде факих киши»–деди.
Абу Муса  ал-Ашарий: «Мен Йеменден келгенимде, Абдуллахх ибн Масуудту  пайгамбарыбызыбыз с.а.в.дын алдына көп кирип чыкканынан анын үй-бүлөө мүчөлөрүнөн деп ойлоптурмун» – деп эскерет. Ага суроо менен кайрылышса ал: «Араңыздарда мына бул илим деңизи турганда менден сурабай эле койгула» – деп Абдуллахх ибн Масудту көрсөтчү.
Амр ибн Оос: «Расулуллах с.а.в. эки кишини жакшы көрүп өттү, алардын бири – Абдуллахх ибн Масууд эле» – деген.
Абдуллахх ибн Масууд мушриктердин ичинде Кураанды алгач катуу үн чыгарып окуган сахабалардан. Пайгамбарыбызыбыз с.а.в. аны Муаз ибн Жаббал менен Аллах жолунда ага-ини кылып кучакташтырган. Абдуллахх ибн Масууд пайгамбарыбызыбыз с.а.в.дан көптөгөн хадистерди жеткирген. Алардын 85и   Буарийдин «Сахих топтомуна» кирген.  Абдуллахх ибн Масууд  32- хижрий жылында Мадинада жашы жетимиштен өткөндө  көз жумуп, жаназасын Усман ибн Аффан окуган. Сөөгү Бакии мүрзөсүнө коюлган.
Убай ибн Кааб – ансар сахабалардан. Мадинада жашаган жана сахабалар арасында Кураанды окууда, тафсир кылууда алдыңкылардан болуп, «карылар сайиди» деп таанылган. Ал Абдуллах ибн Аббас, Абу Хурайра, Абдуллах ибн Саиптердей улуу сахабаларга Кураан окууну үйрөткөн. Убай ибн Кааб пайгамбарыбызыбыз с.а.в.дын Мадинадагы алгачкы катчыларынан  болгон. Пайгамбарыбызыбыз с.а.в. Убай ибн Каабка: «Аллах мени сага – Лам якунил лазина кафарууну - окуп берүүнү буюрду» – дегенде, ал – Аллах менин атымды атадыбы? –деп кубанганынан ыйлап жибергенин Анас ибн Малик[12] айтат.
Пайгамбарыбызыбыз с.а.в. бир жолу  намаз окуп жатып бир аятты таштап кетет. Намаздан соң: «Кыраатымдан таштап кеткенимди ким билди?»-деп сурайт. Убай ибн Кааб пайгамбарыбызыбыз с.а.в.дын таштап кеткен жерин окуп бергенде, ал: «Эгер муну ким билсе да ал албетте Убай ибн Кааб болоорун  билген элем»[13]-дейт. Анас ибн Малик пайгамбарыбызыбыз с.а.в.дын: «Үммөтүмдүн арасында Аллахтын китебине салыштырмалуу кырааттуурагы Убай ибн Кааб»[14]-дегенин айтат. Убай ибн Кааб Абу Бакрдин кеңешчиси болгон. Умар ибн Хаттаб: «Арабыздагы эң кырааттуубуз Убай, ким  Кураанды үйрөнгүсү келсе Каабдан үйрөнсүн, ал мусулмандардын  сайиди» - деп, таравих намаздарында имамдыкка өткөргөн.
Убай ибн Кааб Кураанды пайгамбарыбызыбыз с.а.в.дын тирүү кезинде жаттаган. Ал 32- хижрий жылында каза болгон.
Муаз ибн Жаббал – ансарлардан. Ал Мусаб ибн Умайрдын дааватынан 18 жашында исламды кабыл алган сахабалардан.  Экинчи Акаба жылында пайгамбарыбыз с.а.в. менен учурашып, ага баят берген жана  жыйырма жашынан баштап  пайгамбарыбыз с.а.в менен чогуу Бадр, Ухуд жана башка  согуштарга  катышкан.  Ал сахабалар арасында илими, такыбалыгы, эрдиги  жана  кең пейилдиги менен таанылган. Мекке жеңишинен кийин адамдарга Кураан аркылуу адал жана арамды үйрөтүү үчүн пайгамбарыбыз с.а.в. аны Меккеге валий кылып дайындаган. Анткени ал ага чейин эле Мадинада Кураан окуудан устаздык кылып, укук маселелеринде фатва чыгарып жүргөн.
Муаз ибн Жаббал  хижраттын 10- жылында Йеменге Кураанды жана динди үйрөтүү үчүн валий жана казы болуп дайындалат. Пайгамбарыбыз с.а.в. аны менен коштошуп жатып: «Сиз мени бул жылдан кийин көрбөсөңүз керек, балким менин кабырым жана мечитимдин алдынан өтөөрсүз»[15]- дегенде бул жашоодо кайрадан пайгамбарыбыз с.а.в. менен көрүшпөстүгүн билип, көп ыйлаган экен. Ал Йеменге келээр замат Жанад шаарына токтоп пайгамбарыбыз с.а.в.дын көрсөтмөсүнө ылайык анын  мечитине окшоштуруп  мечит курду жана Кураан, дин Йеменге ушул мечиттен тарады. Муаз ибн Жаббал пайгамбарыбыз с.а.в.дын тирүүлүгүндө Кураанды толук жаттаган сахабалардан. Пайгамбарыбыз с.а.в. Муаз ибн Жаббал тууралуу: «Үммөтүмдүн ичинде адал жана арамды эң жакшы ажыратуучу Муаз ибн Жаббал», «Муаз ибн Жаббал өтө жакшы адам»[16]-деген.
Муаз ибн Жаббал Абу Бакирдин доорунда ага кеңешчилик кылган. Умар ибн Хаттаб: «Мадина элине пайдасы көбүрөөк тийерин билип аны Шамга жихатка жөнөтпөөсүн Абу Бакирден  өтүндүм, көнбөдү. Муаз кетип, Мадинада фатва бере алчу киши калбады. Ким укук илимин үйрөнгүсү келсе Муаз ибн Жаббалдын алдына барсын»- деген.
Кийинчерээк Умар халифтигинде бир ишке туура эмес фатва бергенде Муаз ибн Жаббал тууралап койгон. Буга Умар кубанып: «Аялдар Муаздай кишиден төрөп алганга алсыздык кылышты. Муаз болбогондо Умар өлөт эле»- дейт. Аны  Шамга маанилүү иштер боюнча биринчи муавин, Убайданын өлүмүнөн соң мусулман аскерлерини башчысы кылып дайындаган. Муаз ибн Жаббал пайгамбарыбыз с.а.в.дан  сегиз жылдан кийин, хижраттын 18-жылында, 38 жашында ооруп  көз жумган. Аны узатып жаткан сахабалар: « бизден илим үзүлүп калууда»- деп ыйлашкан.
Салим мавло Абу Хузайфа – мухажир сахабалардан. Мадинага пайгамбарыбыз с.а.в.дан мурда көчкөн жана алардын ичинде Умар ибн Хаттабка окшогон сахабалар болсо да имадыкка өткөн. Салим  мавло Абу Хузайфа Мадинадагы Куба мечитинин алгачкы имамы болгон. Пайгамбарыбыз с.а.в. Салимди ислам үммөтүндөгү эң аманаттуу киши деген жана  аны Абу Убайда менен Аллах жолунда бир тууган кылып кучакташтырган.  Салим Ямама согушунда мусулмандардын желегин коргойм деп шейит болгон.
 Айша : «Куптандан кийин пайгамбарыбыз с.а.в.дын алдына кечигип калдым. Ал: «Каерде элең?»-деп сурады. Мечите бир сахабаңыздын кыраатын уктум. Сахабаларыңыздан бири да мындай кыраатта окуганын уккан эмесмин- дедим. Пайгамбарыбыз с.а.в. мени менен чогуу туруп укту да, мага карап: «Бул Салим мавло Абу Хузайфа! Үммөтүм ичинен ага окшогон кишилерди чыгарган Аллахга мактоолор болсун!»-деди.

Тафсир

Тафсир илимин негиздеп, анын  бизге чейин  жетип келүүсүнө табеиндер зор салым кошкон. Табеиндер – пайгамбарыбыз с.а.в.дын сахабаларын көргөн, алардан таалим алган муун. Алардын арасында Абдуллах ибн Аббастын – Саид ибн Жубайр, Мужахид, Икрима, Ато ибн Абу Рабахтай шакирттери Меккеде, Абдуллах ибн Масуддун – Алкама, Масрук, Хасан Басрий, Катададай шакирттери Ирак жана Куфада, Убай ибн Каабдын – Зайд ибн Аслам, Абу аль-Алиядай шакирттери Мадинада ислам динин таратып турушкан.
Абдуллах ибн Аббас – мухажир сахабалардан. Анын энеси Умму Фазл  Хадичадан соңку эле исламды кабыл алган алгачкы мусулман аялдардан. Ал пайгамбарыбыз с.а.в.дын амекиси аль-Аббас Абд аль-Мутталибтин уулу,  хижраттан үч жыл мурда Меккеде төрөлгөн. Аны төрөлөөр замат пайгамбарыбыз с.а.в.га алып келишкенде пайгабарыбыз с.а.в. анын оозуна шилекейин салып, аны  бооруна кысып: «Аллах буга хикмат жана китеп маанисин билдиргин»[17]-деп дуба кылган.  Ошентип,  анын оозуна биринчи – пайгамбарыбыз с.а.в.дын мубарек шилекейи кирген.  Абдуллах ибн Аббас сахабалардин ичинде - билим деңизи, улут билимдүүсү, Кураан таржымалы – сыяктуу атактарды алган. Пайгамбарыбыз с.а.в. көз жумганда ал он үч жашта эле.  
     Умар ибн Хаттаб Абдуллах ибн Аббастын жаштыгына карабай кеңештерге чакырып : «Бул акылдуу жүрөк жана суралуучу тил ээси, мен Абдуллах ибн Аббасты жакшы көргөнүм үчүн доомат койбогула»- дечү. Абдуллах ибн Аббас Алинин дооруна Басрада валий болуп иштеген. 
Абдуллах ибн Масууд: «Абдуллах ибн Аббас Кураандын эң сонун таржымалы, эгер биздин жашыбызга жетсе, анын илимдүүлүгүнө бирибиз да тең келе албай калабыз»- деген.
Абдуллах ибн Умардан бирөө Кураан тууралуу сураганда: «Абдуллах ибн Аббастан сурагын, анткени ал тирүүлөр арасында пайгамбарыбыз с.а.в.га түшкөн нерсени эң жакшы билүүчүлөрдөн»- деген.
Ато ибн Абу Равах: «Абдуллах ибн Аббастан өткөн такыба, илимдүү кишини көрбөдүм. Кураан, хадис, фикх билгендер жана  ыр жазгандар анын зор илим  өрөөнүнөн камсыз болушат эле»- деген. Масрук: « Ибн Аббас бизге бир сүрөөнү окуп, аны күн бою тафсирлеп бере алаар эле» -деген.
     Абулла ибн Аббас Абдуллах ибн Масуддан 36 жыл көп жашап, 71 жашка чыккан. Өмүрүнүн аягында көздөн калып, хижраттын 68- жылында Тайиф шаарында көз жумган. Анын жаназасын Алинин уулу Мухаммад ал-Ханафийя окуган. Абдуллах ибн Аббастын  Кураанды тафсирлеген 1660 хадиси  Бухарий, Муслимдердин сахихтерине киргизилген.
Мужахид – табеиндерден, аты Мужахид ибн Жабир. Хижраттын 21- жылында, Умар ибн Хаттабдын доорунда төрөлгөн. Негизги устазы – Абдуллах ибн Аббас.  Мужахид: «Мен Кураандын ар бир аятына токтоп, анын тафсирин, кандай шартта түшкөнүн Абдуллах ибн Аббастан үч жолудан сурап  калгамын»- дейт. Имам Саврий: «Эгер тафсир жаатында Мужахидтен рабаят алынган болсо – жетишээрлик»- деген. Ошондуктан  Ибн Таймийя: «Тафсир илиминде имам Бухарий да, имам Шафий да Мужахидге сүйөнүшөт», «Тафсирди төрт киши - Мужахид, Саид ибн Жубайр, Икрима, Заххактан үйрөнгүлө»- деген.  Мужахид хижраттын 103 – жылында Меккеде сажда кылган абалында тжан берген.
Имам Табарий – аты Мухаммад ибн Жарир.  Хижраттын 224- жылында төрөлгөн. Тафсир  илиминен сырткары хадис, тарых, кыраат илимдеринде да жетишээрлик илимпоз катары таанылган.  Анын «Кураан негизиндеги жалпы түшүнүк» деген китеби сахих рабаяттардан түзүлүп, бизге чейин жетип келген чоң эмгектерден.  Имам Нававий: «Алигече бир да киши тафсир жаатындагы  рабаяттарды имам Табарийдей тариздеп жаза элек»- деген.
Мухаддис улама ибн Хузайма: «Аны  башынан аягына чейин окуп чыктым, жер жүзүндө тафсирди ибн Жарирден жакшыраак билген адамды жолуктурбадым»- деген экен. 
Ибн Таймийя: «Ибн Жарир Табарий тафсири – тафсирлер арасындагы эң ыйыгы»-деген. Имам Табарий хижраттын 310-  жылында Багдад шаарында көз жумган.
 Ибн Касир – аты Исмаил ибн Амр ибн Касир. Хижраттын 705- төрөлгөн. Хадис, укук, тафсир илиминин билимдары катары шоорат тапкан. «Улуу Кураандын тафсири» аттуу эмгегин көптөгөн муфассирлер колдонмо катары азыркы күнгө дейре  иштетип келет.  Ибн Касир хижраттын 774 – жылында көз жумган. Мына булар Кураанды үйрөнүшкөн, анын менен жашашкан жана дин үчүн малы, жанын аябагандыктан ислам үммөтүнүн алдыңкылары болуп эсептелишет. Ошондуктан дин иштеринде аларга ээрчип, алардан үлгү алышат.
    
Кураан  аяттары

Кураан аяттары  23 жыл бою алгач Меккеде анан Мадинада түшүрүлүп турду. Мекке жана Мадина аяттарын билүү Кураанды туура түшүнүүдө, талкуулоодо, андагы насых жана мансых аяттарын ажыратып, туура  өкүм чыгарууда   олуттуу орунду ээлейт. Ошондуктан сахабалар жана табеиндер Кураандын ар бир аятынын түшкөн ордун, жылдын кайсыл мезгилинде, убактысын жада калса күндүн кайсы бөлүгүндө түшкөндүгүнө чейин териштирген. Ошондуктан алардын эмгектери ислам чечимдерин чыгарууда өтө ишенимдүү даражага ээ.
Абдуллах ибн Масууд: «Жалгыз Аллахга касам, качан, каерде, кандай шартта түшкөнүн мен билбеген Кураандын эч бир аяты же сүрөөсү жок. Эгер Аллахтын китебин  менден жакшы билген бирөө чыкса төө менен жетээр жер болсо да албетте, ага үйрөнгөнү барам»[18]- деген. 
Ошентип Мекке жана Мадина аяттарын изилдеген  уламалардын көчүлүгү пайгамбарыбыз с.а.в.дын хижратынан мурда түшкөн  аяттарды Меккеден башка жерде түшсө да – Мекке аяттары, ал эми хижраттан соңку аяттарды кайсыл жерде түшкөнүнө карабай Мадина аяттары деп аташат. Алардын  изилдөөлөрү - пайгамбарыбыз с.а.в. менен бир доордо жашап, Кураан аяттарынын түшкөнүнө күбө болгон сахабалар же алардан түздөн-түз үйрөнгөн табеиндердин рабаяттарына гана  негизделген.
Мекке аяттарынын бары -  Жалгыз  Аллахты таанууга, Анын жалгыздыгын көрсөткөн белгилерин түшүндүрүүгө, Аны ааламдар Ээси деп  кароого, ширктен алыстоого, акыретке ишенүүгө багытталган. Андагы  мисалдар жана аллегориялар өткөн коомдордун аянычтуу абалдарынан ибрат  катары айтылат.  Мисалы, Кураандын 30-парасы 37 сүрөөдөн турат жана  алардын 34 Мекке аяттарына кирет.
Меккеден Мадинага көчүп келген  мусулман жамааты - мамлекет даражасындагы өкүмдарлыкка ээ болду. Бул алардын жеке касиеттерин, финансы абалын, өз ара мамилелерин жана турмуштун башка жааттары нда башкара ала турган ислам системасынын түзүлүүсүнө пайдубал курду.  Балким ошондуктан, Мадина аяттарынын мазмууну негизинен шариат мыйзамдары, милдеттер, мурас, үй-бүлөө өкүмдөрү, адал-арам илими, жихат, мунафыктардын кылыктары жана алардын колунан келчү жамандыктар, жөөт жана христиандардын кылмыштары, аларды ыйман келтирүүгө ылайыктай турган чакырыктардан турат.
Кураандын    82 сүрөөсү - Мекке, 20 сүрөөсү- Мадина жана 12 сүрөөсү- Мекке-Мадина сүрөлөрү болуп бөлүнгөн. Кураан  пайгамбарыбыз с.а.в.га  Меккеде 12 жыл, 5 ай, 13 күн, Мадинада 9 жыл, 9 ай, 9 күн бою түшүп турган.  Меккеде «Алак» сүрөөсү алгач жана «Баккара» сүрөөсү  акыркы болуп түшкөн. Ошондой  эле Мадинадага «Момундар» сүрөөсү алгачкы, ал эми «Тообо» сүрөөсү акыркы түшкөн деп эсептелет.

Кураандын бөлүнүп түшүшү жана андагы данышмандык

Кураандын түшүү тарыхын  үйрөнүүдө анын аяттарынын белгилүү бир окуяга багытталганына карабай,  танапис менен түшүрүлүп турганын байкаса болот. Кураан   Аллахтын өзгөчө китеби болгондуктан – өзгөчө абалда пайда болгон. Бул жөнүндө Аллах Кураанда: «Биз Кураанды мубарек кечеде пайда кылдык…»[19], «Биз Кураанды Кадыр кечесинде пайда кылдык»[20]- дейт. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Ибрахимге түшүрүлгөн сухуф Рамазан айынын биринчи кечесинде, Тоорот Рамазан айынан алты күн өткөндө, Инжил Рамазандан он үч күн өткөндө, Фуркан рамазандан жыйырма төрт күн өткөндө пайда болгон»[21]-деген.  Аллахтын «пайда кылдык» деген сөзү – Аллах Кадыр түндө Кураанды бирдениге дүйнө асманына түшүрүп, анын аяттарын андан ары Өзүнө гана  белгилүү убакытта жана белгилүү окуяларга төптөп түшүрүп турганын билдирет.
Кээ бир адамдар: «Эмнеге пайгамбарыбыз с.а.в.га Кураан Дауд а.с.га Забур, Муса а.с.га Тоорот же Иса а.с .га Инжил түшкөндөй бирдениге берилген эмес?»- деп сурашат. Кураанга ээрчүүдөн баш тарткан  Мекке мушриктери да ушуга окшогон суроолорду көп беришкен. Алар жөнүндө Аллах Кураанда: «Каапырлар -  ага Кураан бирдениге түшкөндө эле – дешет. Биз бу менен жүрөгүңдү бекемдөө үчүн ушундай жана аны дааналап окуп бердик»[22]- дейт. 
Айша: «Кураандын алгач «Муфассал» сүрөөсүнөн баштап,бейиш жана тозок жөнүндө эскерткен аяттар, соң адамдар исламга даяр болгондо гана адал-арам пайда болду. Эгер бирдениге аракка тыйуу салынганда алар аракты таштабайбыз  дешмек»[23]- деген.
Аллах Кураан көрсөтмөлөрүн адам жашоосу үчүн  түшүргөн. Пайгамбарыбыз с.а.в.дын  тегерегиндегилердин дээрлик көпчүлүгү сабатсыз болгонуна карабай  ортосунда бир окуя жүз берсе анын шарий өкүмүн түшүүсүн чыдамсыздык менен күтүшкөн жана түшкөн өкүмгө моюн сунушкан. Эгер  Кураан бирдениге түшкөндө алар аны өздөштүрө алмак эмес. Кала берсе Кураан бөлүнүп түшсө да, туруктуу түшүп турганы үчүн сахабалар аны  жаттоого, жүрөктөрүнө киргизүүгө жана ишке ашырууга жетише алган. Анын үстүнө мунафыктар пайгамбарыбыз с.а.в.ды маскаралашып,  токтоосуз азар беришип турган шартта Жибрийл а.с.дын тез-тез вахий апкелип туруусу  пайгамбарыбыз с.а.в. га жана анын тегерегиндегилерге чоң далдаа болуп, Аллахтын динин жеткирүүдө эрдик менен илгерилөөгө шарт түзгөн.

Кураандагы кээ бир илимий далилдер

Башка диндер тарыхына көз чапрылса илимге болгон мамилелс, айрыкча хритиан дининин ыйык инквизациясы – окумуштууларды кырып, өрттөгөнү - албетте таң калтырат. Ал эми ислам так илимдерди үйрөнүүнү – Аллахтын чексиз кудуретин ачуу деп билет. Көптөгөн так илимдерине мусулман окумуштуулары, изилдөөчүлөрү негиз салган. География, математика, медицина, химия сымал илимдердин негиздөөчүлөрү мусулмандар экендиги талашсыз жана ал илимдердин өнүгүүсүнө ислам эбегейсиз зор салым кошкону байкалат.
Кураанда жаратылыш, география, медицина ж.б. илимдерге байланышкан өтө көп анык илимий маалыматтар бар. Бул да болсо анын мөөжизаларынын  бири.  Мындан  он төрт кылым мурда, эч кандай илимий изилдөө базасыз эле, жада калса тамга тааныбаган бир араптын илимий  маалыматтарды  айтып жатканы Кураандын чындап Аллахтан түшкөндүгүнө далил.
Дарвиндин теориясы жыйырманчы кылымда адамдарга мажбур сиңдирилген доордо дин четке кагылып, так илимдердеги мусулмандардын ачылыштары, илимий изилдөөлөрдүн авторлугу уурдалып, калпычы окумуштуулар, коррупцияга малынган жалган жана псевдоилим пайда болду. А чынында жашоонун жана адамдын пайда болуусу,  генетикалык али чечилбеген маселелер,  жердин тоголоктугу,  дагы башка астрономиялык, гидрометриялык, алгебра-интегралдык, ж.б. илимий  түшүнүктөр  Кураанда  кеңири келтирилген. Кураандын  илимий кереметтери али толугу менен ачылып бүтө элек. Аларды түшүнүүдө дагеле адам акылынын  алсыздыгы, каражаттарынын жеткиликсидиздиги байкалат.
Кураандагы кээ бир укмуштар

Кураанда  - «күн» деген сөз ар кандай мааниде – 365 жолу, «ай» – деген сөз – 12 жолу, «иблис» - 11 жолу айтылат жана Аллахтан шайтандан паана суроо да -11 жолу буюрулган. «Жашоо» жана «өлүм» сөздөрү – 145 жолудан, «каапырлар» жана «тозок» сөздөрү – 154 жолудан, «намаз» жана  «ийгилик» сөздөрү  68 жолудан,  «зекет» жана «берекет» сөздөрү 32 жолудан,  «кыйынчылык» жана  «сабыр» сөздөрү 102 жолу, «кыянат» жана «ыпластык» сөздөрү 16 жолудан кайталанган.
Аллах Кураанда: «Кураанды түшүнүшпөйбү, акыр?! Эгер Аллахтан башканын үзүрүнөн болгондо, анда көп карама-каршылыктарды табышкан болушат эле»[24]-дейт.
Аллах Кураанда асмандын жети кабаттан турганын жети жолу айтат. Ал эми «айтты» жана «айт» сөздөрү – 332 жолу кайталанат. Кураандагы  мааниси чечмелене  элек ар түрдүү ариптер менен башталган сүрөөлөрдүн саны араб алфавитиндеги ариптердин санына – 29 га барабар. Ошондой эле Кураанда 19 саны жана ага байланган көп комбинациялар келет.  «Бисмилляхир  Рохманир  Рохийм!» – сөзү  19 арап  арибинен турат. «Ысм» сөзү Кураан боюнча 19 жолу кайталанат.  Алгач түшкөн «Алак» сүрөөсү Кураандын акырынан санаганда – 19 катарда турат ж.б.

Кураандагы кээ бир маалыматтар

Кураан 114 сүрөөдөн турат. Биринчиси – «Фатиха» - бет ачаар, акыркысы «ан-Нас» - адамдар сүрөөлөрү. Сүрөлөр негизинен төрткө бөлүнөт.
1. Узун жетилик -  буга Кураандагы эң узун жети сүрөө – «Баккара»,  «Али Имран», «Ниса»,  «Маида»,  «Анаам»,  «Аараф»,  «Анфал» - кирет; Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Ким Кураандан биринчи жетини үйрөнүпага амал кыла алса, ал такыба аалымдыр»[25]-деди.
2.  Жүздүктөр – жүз же андан көп аяттуу сүрөөлөр;
3.  Масаний – аяттары жүздөн кем сүрөөлөр;
4.  Муфассал – «Хужурат» сүрөөсүнөн баштап Кураандын аягына чейинки сүрөөлөр. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Мага Тоорот ордуна жеттилик, Забур ордуна жүздүктөр, Инжил ордуна масоний жана муфассал менен абзел кылындым»[26]-деген.
Кураан – 6219 аяттан, 77439 сөздөн , 340740 тамгадан турат. Ал  30 парага  бөлүнүп ар бири 10 барактан турат да Кураан жалпысына 300 баракка жазылган.  Кураанда 15 сажда аяттары бар.
Аллах Кураанда ар бир пайгамбарды - Муса, Ибрахим, Нух, Юсуф,  Лут, Иса, Адам, Харун, Исхак, Сулайман,  Якуб, Дауд, Исмаил, Шуайб, Салых, Худ, Закария, Яхья,  Мухаммад, Аюб, Юнус, Алясаь, Иляс, Идрис, Зул Кифл – деп  атаган
Кураанда периштелерден - Жибрийл, Микаил, Харут жана Марут, сахабалардан – Зайд ибн Хариса , өткөн салых кишитлерден – Имран, Узайр, Лукман, Туббаа, Зул-Карнайн, Талут, Марям,  каапырлардан – Карун, Хаман, Озар, Жалут, Абу Лахаб, уруулардан – Аад, Самуд, Мадьян, Яжуж жана Мажуж аттары жана 100 000, 50 000, 5000, 3000, 2000, 1000, 300,200, 100, 99,80, 70, 50, 40,30,20, 19, 12, 11, 10, 9,8,7,6,5,4,3,2,1, сандары аталган.
Кураанда мөмө-жемиш, тамак-аштан – жүзүм, анжир, зайтун, анар, курма, бал, эт, сүт, суу, халва, бадыраң, сарымсак, маш, пияз, айбандардан – сыйыр, төө, карышкыр, кой, торпок, эчки, эшек, ит, кит, пил, бака, доңуз, жылан,  куштардан – карга, үкүк, чымын чиркейлерден – чегиртке, кумурса, бит, чиркей, ж.б. аталган.
 Кураандагы беш сүрөө - Аллахга мактоо айтуу менен башталат. Алар: «Фатиха», «Аньам», «Кахф», «Сабаа», «Фатх»;
Он жети сүрөө – ант менен башталат. Алар: «Соффат», «Зарият», «Тур», «Нажм», «Кыямат», «Мурсалат», «Назият», «Буруж», «Тарик», «Фажр», «Балад», «Шамс», «Лайл», «Духа», «Тийн»,  «Адиат», «Аср»;
Он сүрөө – коркутуу менен башталат. Алар: «Ниса», «Маида», «Хажж», «Азхаб», «Хужурат», «Мумтахина», «Талак», «Тахрим», «Музаммил», «Муддассир»;
Жети сүрөө – шарт менен башталат. Алар: «Вакиа», «Мунафикун», «Таквир», «Инфитор», «Иншикак», «Залзала», «Наср»;

Кураандын аталыштары

Аллах Кураанды бир канча аттар менен атаган. Төмөндө алардын кээ бирлерине токтололу:
1. Кураан «Албетте ал-кураандыр!» Кээ бир окумуштуулар «Кураан» сөзүн араб тилиндеги – окуу – сөзүнөн  алынган дешет. Башкалары  андагы кыссалар, өкүмдөр, мисалдар бири-бирине байланып келгендиктен – байлоочу – сөзүнөн алынган дешет. Кураанда -  «Кураан» сөзү 68 жолу кайталанат.
2. Фуркан – айырма. «Пендесине Фурканды түшүргөн зат - берекелүүдүр». Адамдар арасында хак менен батылды, адал менен арамды, туура жол менен адашууну ажыратып берүүчү жалгыз өлчөм- Кураан болгондуктан аны  - ажыратуучу десе болот. Ошондуктан Кураан ак десе - ак, батыл – батыл болуп эсептелет. «Фуркан» сөзү Кураанда 7 жолу аталат.
3. Эскертме – «Биз өзүбүзгө бул эскертмени түшүрдүк». Аллахга ибадат кылуу жана Анын буйруктарына сөзсүз баш ийүү, Ал кайтаргандан кайтуу зарылдыгын эскертип тура алгандыгы үчүн Кураанды – эскертме десе болот. «Эскертме» сөзү Кураанда – 21 жолу кайталанат.
4. Китеп – «Бул китеп, анда шек жок». Кураан - Аллах тарабынан инсан табиятына ылайык өкүм жана көрсөтмөлөрдү толук камтыган эң улуу китеп. Кураанда «Китеп» сөзү - 176 жолу кайталанат. Андан башка да Кураан-  «Танзил», «Нур», «Хидаят» деп аталып, «ал- Арабий», «ал-Мубарак», «ал-Хаким», «ал- Карийм», «Нур», «Равшан», «Хидаят», «Рахмат», «Шыпаа», «Азиз», «Мөөжиза», «Башаарат берүүчү» ж.б. бир катар сапаттар менен сыпатталат.
            Окумуштуулар  «Баккара» сүрөөсүндөгү сүткордук жөнүндөгү 278 аят - Кураандын акыркы түшкөн аяты дешет. «Баккара»  сүрөөсү Кураандын эң узун сүрөөсү болуп, 24 барак же 286 аяттан турат.  «Баккара» сүрөөсүндөгү карыз жөнүндөгү – 282 аят Кураандагы эң узун аят. Кураандагы эң кыска сүрөө – «Каусар» сүрөөсү – үч аяттан турат.

Кураандын китеп болуп топтолуусу

Кураандан башка, адамдар мукаддас деп эсептеген ар кайсы китептин тарыхында түрдүү күмөн абалдары жолугат. Мисалы, жөөттөр Тооратын  же христиандар  Инжилин Аллах түшүргөндөй, өзгөртүүсүз сактай алышпады.
 Жер  жүзүндө бир да китептин Кураандыкындай  душмандары  көп болгон эмес. Алардын    жүздөгөн жылдар бою  мусулмандарга кыргын салганына, атайын бала чагынан  Кураанды бузуу үчүн окутулган миңдеген окумуштуулардын жандалбастаганына карабай анын бир да тамгасы жада калса үтүрү да өчкөн эмес жана кыяматка чейин ушундай абалда калаары шексиз. Себеби Аллах Кураанды: «Биз Өзүбүз Эскертмени  түшүрдүк жана Өзүбүз аны, албетте, сактоочубуз»[27] -деп, анын сакталуусун өз кепилдигине алды. Кураандын китеп катары негизинен үч этапта топтолгон.

Кураандын пайгамбарыбыз с.а.в.дын  доорунда жазылуусу.

Аллах Кураанды Жибрийл а.с.дын ортомчулугу менен жыйырма үч бою пайгамбарыбыз с.а.в.дын ар кандай – отурганда, жатканда, сүйлөп жатканда , минбарда, эл арасында, жалгыздыкта  ж.б. абалдарында түшүрүп турду. Пайгамбарыбыз   с.а.в.  вахий түшөөрү менен катчысы  Зайт ибн Сабитти  чакыртырып, ага жаздырчу. Ошондой эле Убай ибн Кааб, Муавия ибн Абу Суфян, Ханзала ибн ар-Рабиялар да   вахий жазып жүргөндөр катарында эскерилет. Ибн Кайим булардын катарына  Амр ибн аль Аасты, Абдуллах ибн Раваханы, Абдуллах ибн ал-Аркамды, Мугира ибн Шубааны, Сабит ибн Кайсты да кошкон. Андан тышкары Абу Бакр, Умар ибн Хаттаб, Усман ибн Аффан, Али ибн Абу Талиптер сыяктуу жазганды билген сахабалар да өздөрү үчүн курма дарагынын жыгачтарына, терилерге жазып алышкан. Пайгамбарыбыз с.а.в. ар жылы рамазан айында жыл бою түшүрүлгөн аят-сүрөөлөрдү Жибрийл а.с.га  кайталап берет эле.   Өмүрүнүн   акыркы жылы Жибрийл  а.с. Кураан тартиптөө үчүн эки жолу келип, сыноодон өткөрүп,  азыркы бизге жеткен таризде экөөлөп иреттешкен.
Аяттарды   пайгамбарыбыз с.а.в.дын доорунда кат тааныган ар ким өзүнө жазып алганы менен Кураан азыркыдай китеп катары топтолгон эмес. Кураандын аяттарынын түшүрүлгөн тартиби ар башка болгонуна карабай Аллахтын буйругуна ылайык сүрөөлөрдөн орун алган жана  пайгамбарыбыз с.а.в.дын көрсөтмөлөрүнө ылайык иреттелген.

Кураандын АбуБакрдин доорунда топтолуусу

Абу Бакир р.а. халиф болуп шайлангандан соң, 12-хижрий жылында калп пайгамбарыбыз Мусайлима деген пайда болуп, Абу Бакир ага каршы согуш жарыялайт. Бул согуш Салим ибн Маакилдей Кураанды жат билген жетимиштей сахабанын өлүмү менен аяктайт. Мундан кабатыр болгон Умар ибн Хаттаб р.а. халифке Кураандын тагдыры тууралуу кыжаалатчылыгын билдирип, аны китеп кылып  чогултууну кеңеш кылат. Аллах Умар ибн Хаттабдын кеңеши менен Абу Бакирди Кураанды топтоого буйурууга  илхам берет. Бул жөнүндө Зайд ибн Сабит р.а. – Абу Бакир мага адам жибериптир, барсам алдыда Умар ибн Хаттаб р.а. бар экен. Абу Бакир: «Умар мага келип, Ямама согушунда көп карылар шахит болушту жана Кураандын көпчүлүгү унутта калуусунан коркомун. Сиздин Кураанды чогултууга буйрук берүүңүз керек деп ойлоймун» деди. мен Умарга: «Пайгамбарыбыз с.а.в. кылбаган ишти мен кантип кылам? –десем, ал: «Аллахга касам, бул жакшы иш» деп мага айта бергендиктен бул иш мага макул туюлду да мен Умардын пикирине кошулдум. Эй, Зайд! Сен жаш жана акылдуу жигитсиң! Сенин ылайыктуулугуңа шегим жок. Сен пайгамбарыбыздан с.а.в. вахийлерди жазып жүргөн элең, Кураанга таянып аны чогултуп топто» деди. Аллахга касам, Кураанды чогулт дегенден көрө тоолордон бирөөсүн көчүр десе жеңилирээк тапшырма болоор эле. Мен – Пайгамбарыбыз с.а.в. кылбаган ишти кантип кыласыз? – дедим. Абу Бакир: «Аллахга касам, бул жакшы иш» дей берип акыры көндүрдү. Кураанды Расулуллахтын с.а.в. доорунда жазылган таштар, жыгачтар жана адамдардын жүрөктөрүнөн көчүрүп топтодум. Ал Абу Бакирди өлүмүнө чейин анын алдында, соң Умар ибн Хаттабдын алдында андан кийин Хафса энебиздин алдында калды – деп эскерет. (Бухарий) Кураандын Абу Бакирдин доорунда топтолгон этабы 12-хижрий жылдарына туура келип, Зайд ибн Сабит 21 жашта болгон экен.
Абу Бакир р.а.–  мечит дарбазасынын алдында отургула да ким Кураан аяттарын эки күбө менен алып келсе гана жазгыла деп буюрду жана Зайд ибн Сабит кайсыдыр сахабанын аяттарды  пайгамбарыбыздын өзүнөн укканына эки адам күбөлүк берсе гана жазып жатты.  Ошентип топтолгон Кураан - пайгамбарыбыздын с.а.в тирүүсүндө өз алдынча жазылып калган булактар жана сахабалардын жаттамындагы  - эки текшерүүдөн өткөн.  Иш аяктаган соң сахабалар Абу Бакирдин бул ишти күмөнсүз уюштурганына кайыл калышты. Али р.а. – Кураан жаатында Абу Бакир көп сооп алат. Андан Аллах ыраазы болсун, ал Кураанды топтогон биринчи киши –деди.Ошондуктан азырга дейре дин душмандарынын - Кураан да өзгөртүлгөн - деген ушактары негизсиз болуп, билимсиз араккечтердин диспутундагы акыйнекке окшойт.

Кураандын Усман ибн Аффандын доорундагы жазылып тартиптелгени.

Умар ибн Хаттабтын доорунда  Ислам мамлекети кеңейе баштады, сахабалардын көпчүлүгү  түрдүү өлкөлөргө Кураанды үйрөткөнү тарап кетишти. Дамаскта Убай ибн Каабдын, Куфада Абдуллах ибн Масудтун, Басрада Абу Муса ал-Ашарийдин кырааттары[28] тарады. Адамдарга  ошол кыраатар боюнча таалим берилип жатты жана кырааттардын  маанисинде бирдей сөздөр иштетилгенине  карабай кээ бир жерлеринде бири-биринен айырмаланып калат эле. Мусулмандардын саны көбөйүп, бара-бара кыраатта бөлүнүү пайда боло баштады. Умар аларды бир кыраат астына топтоону максат кылган эле, ага жетпей шейит кетти.
Анын өлүмүнөн соң халифа болуп дайындалган Усман ибн Аффан хижраттын 24- жылынын аягында Шам жана Ирактан чыккан мусулмандар  биргелешкен кошундарын Азербайжанды жана Арменияны ачуу   үчүн жөнөттү.  Убай ибн Каабдын  кырааты менен окуган Шамдыктар,  Абдуллах ибн Масудтун кыраатын үйрөнгөн Ирактык мусулмандар бир-бирине бейтаныш кыраатты угуп, ар кимиси өз кыраатын өйдө санап, ортодо атаандашын каапырга чыгарууга чейин барган бөлүнүү пайда болду.  Мындан кабардар болгон халиф сахабалар менен кеңешип, баарын бир кыраатка бириктирүүгө чечим чыгарды. Бул өтө маанилүү иште Кураанды жана араб тилин өтө терең билген, сахабалардын өзгөчө ишенимине татыктуу болгон  төрт кишиден турган жумушчу топ түзүлдү жана бул топ Кураанды топтоодо Абу Бакрдин доорунда топтолгон Кураанга таянып иш алып бармай болду.
Анас ибн Малик ал жөнүндө төмөнкүчө баяндайт: «Хузайфа ибн ал-Яман Шам жана Ирак аскерлери менен Азербайжан жана Арменияны  фатх кылып жүргөн. Адамдардын кыраатагы талаштары аны кыжаалат кылып, Усмандын алдына келип: «Эй, момундардын амири! Бул үммөттү жөөтөр жана христиандарга окшоп китептеринде бөлүнүү пайда болуусунан сактап кал»-деди. Усман Абу Бакрдын доорунда топтолуп, пайгамбарыбыз с.а.в.дын жесири Хафса бинти Умар ибн Хаттабта: «Бизге китебиңизди берип туруңуз, биз аны көчүрүп алып кайра беребиз»-деп адам жөнөттү. Хафса  китепти берди, Усман Зайд ибн Сабит баш болгон Абдрахман ибн ал-Хаарис, Абдуллах ибн Зубайр, Саит ибн ал-Аасты көчүрүүгө буйурду  жана алар аны көчүрүүгө киришти.  Көчүрүлүп бүткөн соң китеп Хафса энебизге кайтарылды. Соң ар бир тарапка Кураандын көчүрмөлөрү жөнөтүлдү»[29].
Көчүрүлгөн жаңы нускаларды сахабалар: «Аллахтын пайгамбарыбыз с.а.в.га түшүргөн Кураандын так өзү жана ага эч кандай өзгөртүү киргизилген эмес»-деп таанышты. Али Куфа шаарына келгенде бир киши ордунан туруп,  Усмандын Кураан кыраатын бир нуктага топтогонун айыптады эле Али: «Тилиңди тый! Усман жөнүндө жакшы сөздөрдү гана сүйлөгүлө! Ал бул ишти пайгамбарыбыз с.а.в.дын сахабалары менен кеңешип жасады . анын  ордунда мен да ушундай жолду кармаган болоор элем»- деди[30].
Ошентип бул иш хижраттын 25-жылы аягына чыкты жана Усман ибн Аффандын токтомуна ылайык ал беш нускага көчүрүлүп ар бирине аны үйрөтүү үчүн бирден кары - сахаба кошулуп дүйнөнүн ар тарабына жөнөтүлгөн. Атап айтканда – бир нускасы Амир ибн Кайс менен Басрага, Мугира ибн Шихаб менен Шамга, Абдуллах ибн Сайип менен бир нускасы Меккеге, Абу Абдрахман Саламий менен бир нускасы Куфа шаарларына жөнөтүлүп, бир нускасы Мадинага алып калынган. Бул шаарда кыраат боюнча сабак берүү үчүн  Зайд ибн Сабит дайындалган.  Кийинчерээк, Кураандын ошол нускалары  1530-жылы Венецияда, 1694-жылы Гамбургда жана 1787-жылы Санкт- Петербургда пайда болгон. Менимче крест жортулчулары тонолгон мусулман шаарларынан уурдап чыгышса керек.
Муавия ибн Абу Суфяндын  доорунда Абу аль-Асвад Дуалий Кураанга нукта таризин киргизген. Хажжаж ибн Абу Юсуф доорунда те, се, бе сымал ариптерди өз ара ажыратуу үчүн нукта коюлуп, Кураан 30 парага бөлүнгөн.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Кураандын китеп катары топтолуусундагы үч  баскычта тең башчылык кылган, анын биздин заманга бир да тамгасы өзгөрбөй жеткенине өтө зор салым кошкон улуу сахаба – Зайд ибн Сабиттин таржымалын кыскача карап өтүүнү туура таптым.
Зайд ибн Сабит – ансар сахабалардан. Пайгамбарыбыз с.а.в. мадинага хижрат кылып келгенде 11 жашта эле. Зайд ибн Сабит Кураанды пайгамбарыбыз с.а.в.дын тирүүлүгүндө жаттап бүткөн. Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Үммөтүм арасында мурас илимин жакшы билген – Зайд ибн Сабит»[31]-деген.  Ал алгач он беш жашында пайгамбарыбыз с.а.в. менен Хандак казатына катышкан.  Зайд ибн Сабит  пайгамбарыбыз с.а.в. менен бир чатырда турду.
Зайд ибн Сабит пайгамбарыбызс.а.в.дын  тапшырмасы боюнча рум, гыпты, хабаш, перс жана жөөт тилдерин үйрөнүп котормочулук кылган. Пайгамбарыбыз с.а.в. ошол доор падышаларына жолдогон каттарын да Зайд ибн Сабит жазып, жоопторун которгон. Ал пайгамбарыбыз с.а.в. Жибрийлге а.с. акыркы жолу Кураандан сыноо  тапшырып жатканда да алдында турган жана өзү да пайгамбарыбыз с.а.в.га акыркылардан болуп Кураан аяттарын текшертип, окуп өткөргөн  сахабалардан.  Ал Абу Бакр жана Умар ибн Хаттабдардын доорунда  кеңешчи, катчы жана  Мадинанын муфтийи болуп иштеген.  Умар сапарга кеткенде аны Мадинага амир кылып дайындачу. Ал эсеп-китепке өтө шыктуу эле. Башка шаардан келген мусулмандар  аны алып кетүүгө уруксат сурашканда: «Зайдтын орду бошоп калса аны толтура турган киши жок» - деп халифтер көнбөйт эле.
Аллах Зайд ибн Сабиттин наслине береке берип, 9 кыз, 18 уулдун атасы болду. Имам Бухарий жана имам Муслимдер андан 92 сахих хадисти рабаят кылышкан. Ал хижраттын 45-жылында  Мадинада 56 жашында көз жумуп, жаназасын Марван ибн ал-Хакам окуп, сөөгү Бакии мүрзөсүнө коюлган. Абдуллах ибн Аббас: «…эгер анын өмүрү кыска болгондо бизге мурас илими жетип келбейт эле»-деген. Зайд ибн Сабитке  Аллахтын ыраазылыгы болсун!

              

[1] Тирмизий
[2] «Али Имран», 7
[3] «Баккара», 187
[4]«Кыямат», 19
[5] «Юнус», 62-63
[6] «Нажм», 3-4
[7] «Нахл», 44
[8] Абу Дауд
[9] Тирмизий
[10] Имам Ахмад
[11] Тирмизий
[12] Муслим
[13] Ахмад
[14] Тирмизий
[15] Ахмад
[16] Тирмизий
[17] Ибн  Можжа
[18]  Бухарий
[19] «Духан», 3
[20] «Кадр»,1
[21] Ахмад
[22] «Фуркан», 32
[23] Бухарий
[24] «Ниса», 82
[25] Ахмад
[26] Ахмад
[27] «Хижр», 9
[28] Кураанды окуу ыкмасы
[29] Бухарий
[30] Абу Дауд
[31] Тирмизий




2 комментария:

  1. Саламатсызбы иштеринизге ийгилик каалоо менен бирге уй-булонузго тынчтык,аманчылык каалайм. Биздин коптогон максаттарыбыздын арасында сиз сыяктуу мекенчил инсан менен баарлашуу маектешуу да камтылган. Сиз менен кайсы жол менен байланышсак болот?

    ОтветитьУдалить
  2. Саламатсызбы иштеринизге ийгилик каалоо менен бирге уй-булонузго тынчтык,аманчылык каалайм. Биздин коптогон максаттарыбыздын арасында сиз сыяктуу мекенчил инсан менен баарлашуу маектешуу да камтылган. Сиз менен кайсы жол менен байланышсак болот?

    ОтветитьУдалить